КАДАМЖАЙДЫН ҮЛГҮЛҮҮ ОКУУЧУСУ
- 24.01.2025
- 0
Мугалим үчүн ар бир окуучусу жаңы ачылган китептей. Чынында мугалимди ошол жаңы китептин автору десек да жарашат, себеби мугалим окуучусунун аппак барактай таза, аруу дүйнөсүн ачып, “а” тамгасын үйрөтүп, билим-тарбия үрөнүн себет эмеспи. Ар бир окуучусунун ийгиликтерине кубанып, кетирген кемчиликтерине убайым жеген мугалим жүздөгөн окуучусун билим уясында тарбиялайт, ошолордун жашоосу менен жашайт. Алардын билим алуудан тышкары табият тартуулаган талантын да булактын көзүн ачкандай ачып, таптап узатат.
Мен өзүм окуткан окуучуларымдын өзүнө жараша жөндөмдүүлүгү, таланты, шыгы, кызыгуулары бар экенин байкап, ар биринин ийгилигине кубанам, кубаттайм. Албетте, мектепте алдыңкы орунда окуу турат. Окуу материалын оңой өздөштүргөн, билим алууга абдан дилгирленген окуучуларым Юлдашева Манижа, Абдуллажанов Достон, Равшанова Жасмина ар жылы олимпиадаларда мыкты жетишкендиктери менен бизди кубантып келет. Ал эми “Манас таануу” интеллектуалдык таймашына катышкан окуучуларыбыз Исмаилова Шохсанам, Абдуллажанов Фаррух, Хасанжанова Дилфуза, Рахмонова Ойпошшохон, Рахмонова Хушноза, Нусратуллаев Жасур үч жылдан бери республикалык баскычта байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө. Көркөм өнөр боюнча сүрөт чебери, сүрөт искусствосуна кызыккан окуучум Солижонова Мастурахон республикалык баскычта байгелүү үчүнчү орунду ээледи. Спорт боюнча: Хасанов Далер, Бурхондинов Фаррух, Бурхондинова Жасмина, Юлдашева Маржона, Мамадусмонова Мижгона, Собирова Гуллола, Рахматуллаева Хаетхон сыяктуу окуучуларым спорттун баскетбол түрү боюнча райондук, облустук мелдеште үчүнчү орунду ээлеп, бир топ ийгиликтерди багындырышты.
Окуучуларымдын ичинен көп кырдуу таланты менен түрдүү багытта өзүн көрсөтө алган Муталипова Райхонаны белгилеп кетким келет. Анын таланты, жетишкен ийгиликтери жөнүндө башкалар да угуп-билип, үлгү алса деген изги тилегим бар. Ошол жетишкендиктери окуучумдун кийинки жашоо жолдорунда дем-күч берип, мындан да бийиктерге умтулуусун арттыра берсин.
Райхонанын терең акылы, маданияты, жагымдуу мүнөзү, чырайлуу өңү, адептүү жүрүм-туруму менен бирге табият тартуулаган тубаса таланты бар.
Бул – сыйкырдуулук, керемет Райхонанын музыка ыргагы менен бийлеген жагымдуу бийлеринде камтылган. Ал бийлегенде көрүүчүлөрдү таң калтырып, көңүлдөгү капачылыкты, кайгыны жазып, жалпыга жагымдуу маанай тартуулайт. Окуучум көптөгөн кароо-сынактарга, фестивалдарга катышып, коомдо, сахнада өзүн алып жүрүү маданиятын мыкты өздөштүргөнү байкалат.
Кесиптешим, орус тили жана адабияты мугалими М.Ахмеджанованын айтымында, Райхона орус тилин да мыкты өздөштүргөн. Ал дублёр катары да сабактарды эч бир кыйынчылыксыз өтөт. Орус тилинде жазма иштерди чыгармачылык менен жазган кол жазмасынын сулуулугун, кандай тапшырмалар болбосун, дилгирлик менен аткарганына мугалимдердин баары ыраазы.
Мектептин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы М.Хасанхужаева Райхона Муталипова башкаларга үлгү боло турган окуучу экенин ырастады.
– Мени таң калтырганы – Райхонанын чынчылдыгы. Ал өзүнүн эмгеги жана талыкпастыгы менен көп ийгиликке жетишип келатат. Элибизде “Билим алуу ийне менен кудук казгандай” деп бекеринен айтылбаса керек. Күнү-түнү колунан китеп түшүрбөй окуган окуучумду көрүп изденгендерге ийгилик жылмаярына ынанып ичимден аябай кубанам, сыймыктанам. Райхона мектеп балдарына үлгү боло турган окуучу. Дал ушундай талыкпаган мээнети аркылуу жакшы жетишкендиктерге жетишкен Райхона мектептин эле мыкты окуучусу эле эмес, Кадамжай районунун “Үлгүлүү окуучусу” деген наамына татыктуу болду, — дейт мектеп директору.
Директор айым таасын белгилегендей, Райхонанын көркөм окуу чеберчилиги, дикциясы, интонациясы, тандаган ырларынын мазмундуулугу, Мекенге болгон сүйүүсү, патриоттуулук сезими Райхонанын жетишкен ийгиликтеринен айкын көрүнүп турат.
Райхона Муталипова алгач дилбаяндарды, көркөм тексттерди жазып жүрүп, чыгармачылыкка баш-оту менен кирип кеткенин белгиледи.
– Мен мектебимди, талыкпай билим берип келаткан агай-эжелеримди, досторумду, класс кааналарды, баарын жакшы көрөм. Менин алгачкы ийгиликтерим дилбаяндарды, тексттерди жазуудан башталды. Мындан тышкары, поэзияны көркөм окуганда образдарга толугу менен сүңгүп кеткендей сезимде болом. Ошондуктанбы, көркөм окуу сынактарында дагы биринчи орундарды алгам. Андан тышкары, камерага сүйлөгөндү, интервью бергенди, бийлегенди жакшы көрөм. Гуманитардык предметтерге, айрыкча кыргыз, орус жана англис тилдерине өзгөчө кызыгам, — дейт Райхона.
– Мен 5-класстан баштап Райхона Муталиповага сабак берип келе жатам, — дейт кыргыз тили жана адабияты мугалими Н. Мадаминова. — Сабактарда ар дайым активдүү катышкан окуучу катары кыргыз тилине шыгы өзгөчө экени дароо эле билинген. Ар бир сабак Райхонага ары кызыктуу, ары өзгөчө сезилип, күн сайын тил билүү дарамети күчөп, сөз байлыгы көбөйө берди. Тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткаруу менен бирге кошумча маалыматтарды таап келчү. Азыр интернет заманы болгондуктан, өз алдынча иштөө ар бир акылдуу окуучунун күнүмдүк тапшырмасына айланган. Менин ар бир сабагым, ачык сабактарым, адабий кечелер, класстан тышкаркы иш-чаралар, тегерек стол, форум-семинарлар, салтанаттуу линейкалар Муталипова Райхонанын катышуусу менен өзгөчө түс алат. Анын актрисалык, бийчилик, ырчылык, алып баруучулук, көркөм окуу таланты, дилбаян жазуусу, интеллектуалдык оюндарга катышуусу, уюштуруучулук жөндөмүнө баарыбыз суктанып, таң калып, ыраазы болобуз. Мектептин ар кандай иштерине Райхонадай активдүү окуучулар көбөйүп жан дили менен иштей берсе, берилген тапшырмалар өз убагында, жогорку деңгээлде өтүшү шексиз, — дейт ал.
Ал эми Райхонанын апасы Мадина Махсудова ар бир ата-эне үчүн баласынын ийгилиги эң чоң бакыт экенин белгиледи.
– Ата-эне үчүн эң чоң бакыт – бул балдарынын кубанычы, жакшылыгы жана ийгилиги. Алар үчүн мындан өткөн кубаныч жок. Мен өзүм мугалим болгон үчүн да окуучулардын ийгилигине өзгөчө маани берем. Аларга көмөктөшүп, ар кандай маселеде кеп-кеңешимди айтып, колдон келген жардамымды аябайм. Кызым Райхонанын дагы көп ийгиликтерге жетишине дайыма өзүм шарт түзүп, көмөктөшүп келем. 2020-жылы Кадамжай райондук “Билим ордо” балдардын билим берүү чыгармачылык борборуна бий ийриминин жетекчиси болуп келгенден тартып өспүрүмдөрдүн бий өнөргө кызыгуусуна өзгөчө маани берип, бийге шыктуу кыздарды ийримге тарта баштадым. Алардын арасында кызым Райхон да бар эле. Бул иште айрыкча «Билим ордо» балдардын билим берүү чыгармачыл борборунун директору А.Кожонованын жардамы, колдоосу чоң болду. Райхона ушул жерде түрдүү сынактарга катышып, байгелүү орундарды ээледи. Республикалык баскычтагы сынактарда өзүнүн көп кырдуу таланттарын көрсөтө алды. Үч жолу республикалык деңгээлге чыкты. Адам баласын жаркын келечекке талыкпас эмгек гана жетелейт. Ата-энесин бактылуу кылууну каалаган ар бир перзент өздөрү өрнөктүү өмүр сүрсүн. Ар дайым айланадагылардан “Тарбиялап өстүргөн ата-энеңе рахмат” деген ак батасын алсын, — дейт Райхонанын апасы.
Мен окуучум жөнүндө мына ушундай жылуу пикирлерди угуп сүйүндүм. Айрыкча анын улуу мурасыбыз болгон “Манас” эпосун жан дили менен окуп “Манас таануу” интеллектуалдык таймашында топ башчы болгону, ал жетектеген тобу зоналдык, райондук, облустук турлардан өтүп, республикада байгелүү үчүнчү орунду ээлегени мени зор сыймыкка бөлөдү. Окуучумдун аракетинин мындан ары да акыбети кайтып, ар кандай кыйынчылыктарга карабай алдына койгон максаттарына жетүүгө умтула берсин дегим келет.
Шакиртим, келечегиң кең болсун! Сени алдыда жаркыраган келечек күтүп турат. Өнөрүң өркүндөп, талантың ташкындай берсин!
Хурматхон АХМАДАЛИЕВА,
Кадамжай районундагы С.Айни атындагы орто мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими
Комментарийлер