КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАРДЫН КӨЙГӨЙҮ

  • 11.11.2026

Бишкек шаарындагы көрүүсү начар жана көрбөгөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында учурда республика боюнча 240 бала билим алат. 1939-жылы курулган бул имарат эскирип, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, былтыр аны шаардын сыртына, т.а. Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылына көчүрүү демилгеси көтөрүлгөн. Арийне, бул демилгени колдогондор жана аны натуура көргөндөр бар болгондуктан, бул маселенин башы алигүнчө ачык турат.  

“Балдарыбыз социализацияга көнбөй калабы деп кооптонобуз”

КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАРДЫН КӨЙГӨЙҮ

Бишкек шаарынын тургуну Мирбек Исраиловдун кызы Жибек учурда 8-класстын окуучусу. Көзүнөн жабыркаган кызын догдурлар инвалиддик топко чегергенден бери ушул мектепте окуйт.

— Ата-эне катары айтаарым, бул мектепке эч кандай нааразычылыгыбыз жок. Былтыртан баштап бул мектепти шаардан сырткары көчүрөт экен деген сөздөрдөн улам ата-энелердин ичинен атайын топ түзүлүп бир нече жолу чогулуш өткөрүштү. Анда биз да мектеп ушул жерде эле калса жакшы болмок деген пикирибизди айтканбыз. Себеби локациясы жакшы, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу. Биз кызыбызга карап атайын шаарга көчүп келгенбиз. Бул жерде окуусун окуйт, окуудан кийин тил үйрөнүү, бий үйрөнүү ийримдерине алып барабыз. Эгерде шаардан сырткары көчүп кетишсе, аны менен ким кошо жүрөт деп тынчсызданып жатабыз. Бир чети сыртта болуп, социализацияга көнбөй, элге кошулганы кыйын болуп калат деп кооптонобуз.

Мындай балдар ансыз деле айлана-чөйрөсүнөн тартынып, өздөрүн башкалардан кем сезишет. Кызым өзү да башка жакка көчкүсү келбей жатат. Кызым чоңое баштагандан бери өзүнө ылайыктуу кесип издей баштады. Юрист болгусу келет. Ал жакта кантип окуй алат, ушул жагын дагы иликтешибиз керек, — дейт.

10-класста окуган Алибектин апасы Мээрим Абдурахманова да ушундай эле пикирин билдирди. Ал да балдарыбыз барып-келгенден кыйналып калышат деп кабатырланат.

— Менин балам 10 жылдан бери ушул мектепте окуйт. Беш балабыз бар, биз ушул балам үчүн үйүбүздү сатып, ушул жерге жакын көчүп келгенбиз. Ал да мектептен кийин ийримдерге барат, өзү барып-келип көнүп калды, ал жактагы балдар бири-бирин жакшы таанып калышты. Эгерде бул жактан көчүрүп кетсе, кандай болору белгисиз, — дейт тынчсызданып.

“Биздин көйгөйдү чечүү үчүн Курултайга да барам”

Үч баланын энеси 44 жаштагы Каухар Тобокел кызынын кесиби юрист. Ал өзү да ушул мектептин бүтүрүүчүсү. Жеке демилгеси менен ата-энелердин тобун түзүп, мектептеги кырдаалды кызуу талкуулап турушат. Каухар Президент С.Жапаровдун коомчулук менен жолугушуу учурунда мектептин маселесин көтөрүп чыккан.

— Мен билген маалымат боюнча бул мектеп 1954-жылы салынган. Бир кабаттуу мектепте ал кезде жети гана окуучу болгон. Ал эми азыркы эки кабаттуу имарат 1964-жылы салынган, ошондон кийин гана окуучулар көбөйө баштаган. Бул мектепте шаардын сырт жагына көчүрүү маселеси былтыртадан бери көтөрүлүп жатат. Ошондон бери чуркап жүрөбүз, арыздардын баары менин атымдан кетип жатат. Ата-энелердин баары каршы. Себеби бул мектепте бир гана көзүнөн эмес, башка жагынан да жабыркагандар. Мисалы, көзү көрбөйт, ага кошумча аутист, көзүнө кошулуп психикалык өнүгүүнүн кечеңдеши (ЗПР) ж.б. диагноз менен балдарыбыз бар. Айрыкча пандемиядан кийин оорукчан балдар көбөйгөнүн баарыңар эле байкап жатсаңар керек. Жылда эки эле класс болсо, быйыл үч класс болду, ар биринде 12-13 баладан окуйт. Бул окуу жагынан, ал эми ден соолугу жагынан да көйгөйлөр көп. Эртең мененки саат алтыдан кечки саат сегизге чейин көздөрүнө дары тамыза турган балдар болот. Мунун баарына биердеги бир медсестра, бир окулист жетишпейт. Мен өзүм союз учурунда окуп калдым. Ал кезде шарттары жакшы болчу. Ар бир балага ийне сайып, дары берип турушчу. Өздөрүндө педиатр, стоматолог, гинеколог бар эле. Быйылтан баштап педиатр жаңы келди, бирок башка адистер жок. Гинеколог сөзсүз керек. Жаңы жерге көчүп баргандан кийин балдарды автобус менен ташыйт деп убада берип жатышат. Ал да чоң маселе. Ысыкта-суукта балдардын абалы кандай болот? Автобус эрте келет, кеч келет, келбей да калышы мүмкүн. 100дөй баланы жашаган жеринен алып кетүүгө кудурети жетеби? Мына ушул суроолор бизди кыйнап жатат. Мен өткөндө Президентибизге ушул маселе боюнча айттым, бирок убакыттын тардыгынан суроомдун аягына чыга албай калдым. Мен муну менен токтоп калбайм, алдыда боло турган Курултайга да барам, Президенттин жеке кабыл алуусуна да барам, — дейт Каухар Тобокел кызы.

 

“Болочок мектептин макети бизди ынандырды”

Бул мектептин тагдыры жеке эле ата-энелерди эмес, мугалимдерди жана бийлик башындагыларды да кайдигер калтырган жок. КР Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мектепке келгенде имараттын учурдагы абалы менен кеңири таанышып, ата-энелер, мугалимдер корпусунун ой-пикирлерин угуп кеткен. Мектептин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Фаризат Мамбетованын айтымында, А.Касымалиев баштаган топ менен келген Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев болочок мектептин макети менен тааныштырган.

— Ал макетте биз эки жыл мурда Москвага барып көргөн атайын мектептеги бардык шарттар камтылыптыр. Ошол эле ийримдер, спорттук секциялар, баары бири-бирине коридор аркылуу өтөт. Бул жерде азыр биз жатаканага баруу үчүн короого чыгып, анан башка имаратка барабыз, ашканага баруу үчүн да ошондой. Тилекке каршы, ден соолугунун, тактап айтканда, көрүүсү начар балдардын саны акыркы мезгилде аябай көбөйүп баратканы бул жакка келип жаткан балдардан улам байкалууда. Баарын батырууга мүмкүн эмес болууда. Бир бөлмөдө ашыкча балдарды жаткырып жатканыбыз үчүн санитардык эпидемиология адистеринен эскертүүлөрдү алып жаткабыз, бирок айла жок, кабыл албай кое албайбыз.

Бизге сунуштап жаткан жаңы мектептин долбоору бизди ынандырды. Биринчиден, шаардан сырткары таза абада жайгашканы жакты. Жанында реабилитациялык борбор бар экен, биздин балдарды кезек-кезеги менен ошол жакка дарылоого, профилактикага алып барсак болорун айтышты. Биздин ата-энелер биринчи кезекте балдарынын ден соолугуна тынчсызданып жатышканын жакшы түшүнөбүз. Эгерде ошол макеттегидей шарттар түзүлсө, эч кандай көйгөй жаралбайт деп ойлойм, — дейт Фаризат айым.

Аталган мектепте 36 мугалим иштейт, андан тышкары 21 тарбиячы бар. Балдардын окуусу аяктаганда, аларды тарбиячылар кабыл алышат. Мугалимдердин ичинен алты мугалим ушул мектепти аяктаган, алар да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

“Мектеп сыймыктанган белгилүү инсандар”

КӨРҮҮСҮ НАЧАР БАЛДАРДЫН КӨЙГӨЙҮ

Бекжан Бейшенбаев мектеп интернаттын бай тарыхы, учурдагы абалы жөнүндө айтып берди. Ал ушул жылдын август айында конкурстук негизде директор болуп шайланган.

— Мектеп 1939-жылдан бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө 239 бала бар, алардын ичинде 135 бала жатып билим алат, үйүндө 11 бала окуйт, ал эми калгандары келип-кетип окуйт.

Бизде көрүүсү начарлар жалпак шрифт менен, көзү такыр көрбөгөндөр брайль боюнча окушат, андан тышкары өтө татаал болгон коррекциялык класстар бар.

Бул жерден кыргыз элине таанымал инсандар билим алган. Мисалы, Дастан Бекешов, Толкунбек Исаков, Калык Мамбетакунов ж.б. Бүгүнкү күндө “Ты супер” конкурсуна катышып жаткан кызыбыз Насыйкат Баймырзаева да мектебибизди эле эмес, Кыргызстанды да дүйнөгө таанытып жатат.

12 жылдык билим берүүгө өткөндөн бери биз да окуу китептерин этап-этап менен алып жатабыз. Өткөн жумада Агартуу министрлигинин алдында китептер менен толук камсыздоо боюнча атайын мектептердин директорлорунан турган комиссия түзүлдү. Мен да мүчө болдум. Эгерде мурда китепканачылар гана жооптуу болсо, мындан ары директорлор дагы ошол процесске активдүү катышат. Атайын тайпа ачып, анда кимге кандай китеп канча даана керек болсо, ошол тайпага жазып турабыз. Окуу иштери боюнча директордун орун басарына тизме түзүү боюнча атайын тапшырма берилди, ал тизме даяр болгондо, Агартуу министрлигине жөнөтөбүз.

Өзүм да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын биримин. Андыктан, кабатырланып жаткан ата-энелердин абалын жакшы түшүнүп турам. Эгерде мамлекет тарабынан кайсы бир чечим кабыл алынса, андан коркпошубуз керек. Эне-аталардын кооптонуусу эмнеде? Менимче, автобус уюштуруп беребиз деген убадасын аткарбай койсо эмне болот деп чоочулап жатышат. Мен директор катары айтаарым, эски деген эски экен, көйгөлөрү көп, имараты эски мектептин көйгөйлөрү менен алектенип жүрүп чарчадым. Суу түтүктөрү жарылып жылуулукту өз убагында бере албай жаттык. ЖЭБге барып жалдыраган күндөрүбүз болот, айлам кеткенде өз акчама түтүк сатып алдым.

Эгерде ушул жерге эле башка имарат кура турган болсок, анын чыгымы эки-үч эсе өсүп кетет деп жатышат, бул бир жагы, экинчиден, мунун курулушу канчага созулары белгисиз, ал учурда балдар каякка барат? Жаңы имаратыбыз жайгаша турган жерди деле бекер тандабаптыр. Ал жакта Агартуу Министрлигинин жери бар, ошол жерге мыкты шарттар менен куруп берели деген сунушка ата-энелердин бир тобу ынанбай турушат. Себеби көнгөн комфорт зонадан чыккылары келбей жатышса керек. Ким билет, балким ал жакты көргөндөн кийин, тескерисинче аябай жактырып калышы да мүмкүн. Бул жактын дагы бир көйгөйү — машиналар оңой кирип-чыга албаган туңгуюк жолдо жайгашканы, чоң автобустар такыр каттабайт. Менин жеке оюмда каршы болуп жаткан ата-энелер окугандардын үчтөн бирин түзгөн шаардыктар болууда. Ал эми аймактардан келген ата-энелерге айырмасы деле жок. Эгерде берилген убадалар аткарылса, көчкөндүн эмнеси жаман?! Жетекчи катары улам бир эшикти каккылап, көйгөйлөрүбүздү чечип бер деп жардам сурагандан деле тажайт экенсиң, — деген оюн билдирди.

Россияда канча мектеп-интернат бар

Кыргызстанда көрүүсү начар жана көрбөгөн азиз балдар үчун эки мектеп бар: бирөө жогорудагы биз сөз кылган мектеп жана Ош шаарындагы мектеп-интернат. Биз алыс барбай эле РФда канча мектеп бар экенине кызыктык. Россияда көрүүсү начар жана көрбөгөн балдар үчүн 70тен ашык атайын мектеп жана мектеп-интернат иштейт. Мындай мектеп дээрлик ар бир федерацияда бар. Эң ири жана белгилүү борборлору Москвада жайгашкан: №1 атайын мектеп-интернаты (көрбөгөндөр үчүн), №2 жана №5 мектеп-интернаттары (көрүүсү начар балдар үчүн). Санкт-Петербургда К.К. Грот атындагы №1 атайын мектеп-интернаты Россиядагы эң эски жана ири тарыхый мектептердин бири болуп эсептелет. Ал эми Армавирде көрбөгөн жана көрүүсү начар балдар үчүн Россиядагы жалгыз специализировандуу атайын музыкалык мектеп-интернат жайгашкан.

Атайын (коррекциялык) мектеп-интернаттардан сырткары, акыркы жылдары Россия боюнча жалпы билим берүүчү мектептердин алдында атайын ресурстук класстар активдүү ачылууда. Мындай класстарда көрүүсү начар балдар атайын тифлопедагогдордун жардамы менен кадимки курдаштары менен бирге билим ала алышат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү