КӨП ТИЛ БИЛГЕН – КӨРӨГӨЧ!

  • 11.02.2025
  • 0

КӨП ТИЛ БИЛГЕН – КӨРӨГӨЧ!

Азыркы аңкилдек аткан ааламдашуу заманына карата залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кезинде: «Биз дүйнөнү өзгөртөбүз – дүйнө бизди өзгөртөт» деп таасын-так аныктама бергени эсиңизде чыгар. Анысы кандай, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагын окутуунун улуттук моделине трансформациялоого багытталган «Алтын Казык» мамлекеттик программасында бүткүл өлкө жарандарын, анын ичинде ата-энелер менен мугалимдер жамаатын, алтургай мектеп босогосун жаңыдан аттаган балакайларыбызга чейин тынчсыздандырган бир катар арты туюк, алды күдүк суроолорго таасын-так жооп берилген. Анда балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленген. Мына ошого бир мисал…

КР Президентинин илим-билимдүү, өлкө жана жамы кыргыз элинин жүгүн көтөрүүгө жарамдуу келечек муундун өкүлдөрүн даярдоого багытталган «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу доктринасында да, Министрлер Кабинетинин «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын өзөгүн дагы окуу жүрүмү менен таалим-тарбия ишин эриш-аркак жүргүзүү милдети түзөт.

Андан тышкары, кыргыз жарандарынын иденттүүлүгү, мамлекеттик тилди сөзсүз билүү жана колдонуу, ырасмий тилди өздөштүрүү жана колдоно билүү, дагы башка кошумча чет тилдерди өздөштүрүү артыкчылыгы, салттуу бүлө баалуулуктарын таануу, үй-бүлө мүчөлөрү менен окутуучулар жамаатынын өз ара тыгыз байланышын ыраатка келтирүү чаралары да камтылган.

Окумуштуулардын айтымында, кеминде бир нече тилди билип, тили буудай куурган балдар жаңы материалдарды кабылдоо жаатында өз курбалдаштарына караганда кыйла сергек келишет, сабакты жатык өздөштүрөт. Маселен, алар бир эле мезгилде көп тапшырмаларды аткарууга жана жаңы нерселерди тез кабыл алууга жөндөмдүү. Майами университетинин илимпоздорунун мындай изилдөө жыйынтыгы жакында «Journal of Experimental Child Psychology (JESR)» журналында жарыяланды.

Иликтөө жүрүшүнө 7-12 жаштагы 112 бала катышкан. Окумуштуулар алардын ар биринин когнитивдүү жөндөмдүүлүгүн баалоо жүрүмүндө эки-үч тилдүү балдар бир гана тилде сүйлөгөн курбалдаштарына караганда, өздөрүнүн ой жүгүртүү жүрүмүн жакшыраак уюштуруу аркылуу түмөн түйүн түйшүктүү тапшырмаларды ырааттуу аткарууга жөндөмдүү деген жыйынтыкка келишти.

Окумуштуулар мындай артыкчылык аутизм илдетине чалдыккан (ASD) балдар үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилейт. Адатта, мындай дартка чалдыккан балдар бир эле учурда бир нече тапшырмаларды пландаштырууда, топтоодо жана аткарууда кыйла кыйынчылыктарга дуушар болот. Ал эми изилдөөгө катышкан эки-үч тилдүү ASD менен ооруган балдардын арасында бул көндүмдөрдүн олуттуу жакшыруусу байкалган.

Эки жана андан көп тилди өздөштүрө билген балдар бир тилдүү курбалдаштарына караганда, башка адамдардын ички сезим-туюмдарын, башкалардан айырмалуу көз караштарын жакшыраак түшүнөт. Мындай артыкчылык касиет алардын социалдык чөйрөгө ыкчам аралашып, көпчүлүк арасына тезирээк ыңгайлашып кетүүсүнө өбөлгө түзөрү бышык.

Баса, окумуштуулардын «Psychology of Violence» журналында жарыяланган изилдөөлөр жыйынтыгында, америкалыктар үй жаныбарларына караганда, өз балдарына тап келет имиш. Тагыраак айтканда, жандуу макулуктарга караганда өз баласын чаап жиберүүнү артык көрөт. Албетте, мунун өзү тарбияга жат нерсе.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн ата-энелер баланы башка чаралар тийиштүү жардам бербегенде же дагы башка кайсы бир жагдайларда анын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурда өпкөсүн үзө чабуу жазасын алгылыктуу ыкма катары эсептешет экен. Бул жерде ата-энелердин балдарды ур-токмокко алуу жаатындагы пендечилик далалаты башка үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй жаныбарларына анчалык деле тиешелүү эмес экенин да айта кеткенибиз жөн болор.

Эксперттер АКШнын ар кайсы аймактарынан келген 8 жашка чейинки балдардын ата-энелер арасында балдарын жазалоо боюнча ишеним жаатында иликтөө жүргүзүшкөн. Сурамжылоого катышкан ата-энелердин 30 пайызы балдарын уруп-сабоо туура деп эсептешет. Алардын 17 пайызы балдарга караганда үй жаныбарын урууну алгылыктуу аракет катары эсептесе, 1 пайызы балдар менен жаныбарларга караганда өз жубайын сабоону артык көрөт.

Андан тышкары, ата-энелерден «флип» деген тергөө сөзүн аныктоону өтүнүшкөн экен. Катышуучулардын 90 пайызы бул сөздүн аныктамасына макул болгон, аны менен кошо ичинде «strike» деген да сөз бар. Көп ата-эне какыс-кукус кылууну сабоого караганда, анча оор эмес жаза катары баалайт.

Ошого карабастан, ата-энелердин дээрлик үчтөн бир бөлүгү мындай сурамжылоо аларды «флип-флопторду» балдарга колдонуунун жол берилиши боюнча өз көз караштарын кайра карап чыгууга мажбур кылганын билдирген.

«Мындай жыйынтыктар ата-энелерди системалуу окутуунун жана балдардын үй-бүлөлүк зомбулуксуз жашоосун камсыз кылууга жардам берүү саясатынын зарылдыгын көрсөтүп турат», — деп эсептейт изилдөөчүлөр.

Ал эми бул маселе бизде кандай болду экен?.. Азырынча дымбыр-дым!..

Кемел Белек, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер