КҮН ЧЫГЫШ ӨЛКӨСҮНҮН БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ ФЕНОМЕНИ
- 08.07.2026
- 0
Билим берүү тутумун модернизациялоо жана эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү — бүгүнкү күндүн негизги талабы. Үстүбүздөгү жылдын май айында КР Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавадинов баш болгон делегация IKIGAIDO 株式会社 компаниясынын чакыруусу менен Японияга агартуучулук иш сапары менен барып кайтты. Бул сапар жөн гана таанышуу эмес, жергиликтүү билим берүү тутумуна жаңы дем берүүчү кадам катары мүнөздөлөт. Эрмек Бахавадинов менен маектешкенибизде бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

Багыт берүүчү мугалим жана өз алдынча окуучу
— Эрмек Ибрагимович, адегенде бул агартуучулук иш сапардын башкы максаты жана расмий жолугушуулардын алкагы тууралуу айтып берсеңиз?
— Биздин иш сапарыбыз Япония мамлекети менен Жети-Өгүз районунун билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты түзүү, билим берүү тармагындагы тажрыйбаларды алмашууну өнүктүрүү максатын камтыды. Сапардын алкагында Кодайра шаарынын мэри жана ушул эле шаардын билим берүү департаментинин башчысынын катышуусунда муниципалдык мектепте расмий жолугушуу өткөрүлдү. Анда билим берүү тармагында жергиликтүү администрациянын ролу кандай экени менен жакындан тааныштык.
Биз окуу жылы аяктай электе, май айында баргандыктан, муниципалдык мектептин 3-классынын окуучуларынын сабагына түздөн-түз катышууга мүмкүнчүлүк алдык. Мектептин жалпы имараты, окуучулардын тамактануусу жана класстарды, залдарды тазалоо иштерине өз көзүбүз менен күбө болдук. Башкаларга майда сезилиши мүмкүн, бирок мен так ошол абдан маанилүү кээ бир учурларды кенен баяндап бергим келет. Анткени мындай ыкмаларды өзүбүздүн мектептерге жайылтсак, абдан сонун жыйынтыктарды бермек.
— Сиздер ал жактагы жеке менчик жана муниципалдык мектептерди да кыдырдыңыздар. Мугалимдин ролу боюнча бизден кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыздар?
— Экөөндө тең эле мугалим башкаруучу эмес, багыт берүүчүлүк (фасилитатордук) ролду аткарышарын байкадык. Маселен, Malvern College Tokyo мектебине экскурсия учурунда мектептин презентациясын көрдүк. Анда эл аралык билим берүү чөйрөсү, окуу программалары, Япониянын эл аралык билим берүү практикасындагы окуучуларды колдоо системасы боюнча маалыматтарды алдык. Ошону менен бирге мектептин алдындагы бала бакчанын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Ошондой эле ISI Japanese Language School мектебинде япон тилин окутуунун максаттары, этаптары, усулдары жана чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу шарттарын үйрөндүк.

Бирок бизди муниципалдык мектептин өзгөчөлүктөрү аябай суктандырды. Айрыкча окуучулардын өз алдынчалуулугу жакты. Мугалим багыт гана берип отурат, ал эми окуучулар классты өздөрү башкарып, сабак өтө беришет. Балдар биргелешип иштөөгө, бири-бирине жардам берүүгө көнүптүр. Мугалим болсо четте калбай, окуучулардын сөз байлыгынын өсүшүнө жардамчы катары байкоо жүргүзүп турат.
— Жапон окуучулары мектептерди өздөрү жууп-тазалап турушары тууралуу көп айтылат. Бул процесске кандай күбө болдуңуздар?
— Ооба, бул реалдуулук экен. Ар бир бала жекече парталарда отурат жана ар биринин жанында тазалоо иштерине пайдалана турган чүпүрөктөрү илинип турат. Окуучулар даараткана, залдарды, класстарды өздөрү эле тазалашат. Аларга техникалык кызматкерлердин кереги жок.
Бизге окуучулардын тамактануу учурундагы өзгөчө шарты да абдан жакшы таасир калтырды. Мисалы, мугалим окуучулар үчүн даярдалган тамакты алып келип берет, ал эми дежур болгон үч окуучу тамактарды салып берип таратат. Окуучулар сабак окуган партасында эле олтуруп тамактанышат да, өздөрү эле жыйнап коюшат. Окуучулар эки-үчтөн баштык көтөрүп жүрүшөт: биринде окуу куралдары болсо, экинчисинде тазалап жыйноого керектелүүчү буюмдар. Ал эми класстарда ашыкча эч нерсе жок, окуучулардын гана эмгектери илинип турат. Олимпиадага каалоочулар гана катыша берет, анын жыйынтыктары мектептин рейтингине же ишмердүүлүгүнө таасир этпейт дешти.
— Жапон элинин улуттук каада-салты, жүрүм-турум маданияты бала бакчадан башталат эмеспи. Бул багытта эмнелерди белгилейсиз?
— Жапон эли өзүнүн улуттук каада-салттарын бекем туткан, дүйнөгө үлгү болгон эл. Айрыкча окуучулардын кичи пейилдиги, маданияты кезекке турган учурунда ачык көрүнөт. Коомдук жайларда үнүн бийик чыгарбай, акырын сүйлөшүп, улуу-кичүү дебей жол эрежелерин так сактагандыгы, коомдук жайлардын тазалыгына өзгөчө көңүл бургандыгы суктандырбай койбойт.
Malvern College Tokyo мектебинде китепканаларда китеп окууга абдан көп көңүл бурулат. Окуучулардын бардыгы ар түрлүү ийримдерге катышат, ал үчүн бардык шарттар бар. Бала бакчасында балдар уктоо үчүн жыйнап коюучу атайын лежактар пайдаланылат. Балдарга тартипти кичинекей кезинен үйрөтүшөт. Биз бул визиттин алкагында эки элдин достугун бекемдөөгө, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Жети-Өгүз районунун жаштары үчүн келечекте Японияда билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзүлөрүнө ишенебиз.

Коопсуздук, инновация жана мейкиндикти үнөмдөө
Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмек Бахавадинов демилгелеген иш сапардын курамына айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн, кесиптик бирлик комитетинин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрү, ошондой эле мектеп жана бала бакча директорлору кирген. Делегация өкүлдөрү Япониядагы мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде колдонулган санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл системасын, жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын жана балдар үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү маселелерине байкоо жүргүзүштү.
Сапардын катышуучулары өз аймактарында кайсы тажрыйбаларды тез арада колдонууга болору тууралуу төмөнкүдөй пикирлерин ортого салышты.

Жарандык коргонуу жана коопсуздук маданияты
Бактияр Ургазиев, Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы:
“Биз бир катар мектептерде, бала бакчаларда жана колледжде болуп, өкмөттүн билим берүү тармагына берген колдоосу абдан маанилүү экендигин көрдүк. Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар боюнча жарандык коргонуу системасынын тажрыйбасы менен тааныштык. Япониядагы жарандык коргонуу “Өзүңдү өзүң корго, үй-бүлөңдү корго, жамаатты корго” деген принципке негизделген. Өзгөчө кырдаал болгондо 5-10 секунд ичинде бардык телефонго, ТВ, радио, көчөдөгү динамиктерге эскертүү кетет. Машина токтоочу жайлар (парковкалар), мектептердин спорт залы өзгөчө учурда баш калкалоочу жайга айланат. Офистерде, мекемелерде столдун астына жашынуу, эвакуация маршруттары автоматтык түрдө аткарылат. Жарандык коргонуу — бул жөн гана документ эмес, ар бир адамдын коопсуздугу үчүн даярдык. Япониянын тажрыйбасынан алып, кырсыкка даярдыкты кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө адатка айландыруубуз зарыл”.

Бала бакчалардагы орун жетишсиздигин чечүүнүн жапондук усулу
Замира Гайфулина, Жети-Өгүз айылындагы “Бөбөктай БайЭл” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси:
“Кайтып келгенде ал жактан алган маалыматтарды кесиптештерим менен кызуу талкууладык. Мага өзгөчө кызыктуу болгону — балдарды мектепке чейинки билим менен камсыздоо, бала бакча имараттарынын жетишсиздигин жоюу жолдору болду. Эң өкүнүчтүүсү, бизде имараттын жетишсиздигинин натыйжасында балдар кезек күтүү менен пайдалуу убактыларын өткөрүп жиберип жатышат. Мына ошол маселени жоюу үчүн келечекте ишке берилүүчү жаңы бала бакчаларда ортопедиялык (жыйналма) керебетчелерди колдонсок жакшы болчудай. Анткени аларды жыйнап койгондо орундар кенен болот. Бул ыкма кезекте турган балдардын бала бакчаларга көбүрөөк тартылуусуна шарт түзүп, мектепке чейинки билим менен камсыздайт”.
Бала бакчалардагы заманбап дизайн жана коопсуздук
Урмат Докоев, Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы:
“Бул иш сапарда жапон элинин тазалыгы, сабырдуулугу абдан жогорку деңгээлде экенин байкадым. Келечекте ишке киргизиле турган бала бакчаларыбызга замандын талабына ылайыктуу жаңыланууларды киргизгим келет. Мисалы, балдарды ар тараптан өнүктүрүү максатында кызыктуу бурчтарды, ойноочу аянтчаларды уюштуруп, аларды заманбап стилде жасалгалоону максат кылып жатам. Бизде да бала бакчаларды ортопедиялык керебетчелер менен камсыздап, балдардын окуу куралдарына колу эркин жеткидей ыңгайлуу, коопсуз шкафтарды койсок, балдарга аябай жеңил болот экен. Японияда баары балдарга ылайыктуу жана коопсуз жасалган. Биз дагы балдарыбыздын татыктуу билим алуусу үчүн ушундай шарттарды түзүшүбүз керек”.

Маалымат үчүн:
IKIGAIDO 株式会社 — Япониянын Токио шаарында жайгашкан компания. Ал Японияда IT багытындагы билим берүү долбоорлору, ошондой эле чет өлкөлүк окуучулар жана студенттер үчүн Күн Чыгыш өлкөсүндө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган эл аралык билим берүү программалары менен алектенет. Компания эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө жана тажрыйба алмашууга өзгөчө кызыкдар.
Жети-Өгүз делегациясынын бул визити эки элдин ортосундагы достукту гана бекемдебестен, Япониянын мектепке чейинки жана жалпы билим берүү системасындагы алдыңкы, оң тажрыйбаларын биздин аймактарга адаптациялоого чоң жол ачат. Ошондой эле, келечекте Жети-Өгүз районунун жаштары үчүн Япониядан сапаттуу билим жана заманбап кесип алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө бекем өбөлгө түзөт деп ишенимдүү айта алабыз.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер