ИЙГИЛИКТИ ЫНТЫМАКТУУ ЖАМААТ ЖАРАТАТ

  • 14.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин пандемия шартында окуу ишин уюштуруу боюнча мектептерге көрсөткөн туура багыты, кеп-кеңеши өзүнүн оң натыйжасын берип жатат. Бул багытта биздин мектеп жамааты да бир топ аракеттерди көрдү.
Биздин мектеп демекчи, Жалал-Абад областынын Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жайгашкан Т.Уметалиев атындагы №35 жалпы орто билим берүүчү мектеби, андагы ынтымактуу жамаат жараткан азыноолак ийгиликтер тууралуу кеп кылып, ой бөлүшкүм келди.

ИЙГИЛИКТИ ЫНТЫМАКТУУ ЖАМААТ ЖАРАТАТ

«50 жылдык тарыхы бар мектебим, жарык болсун келечегиң, эртеңиң!»

Мектебибиз 1969-жылы пайдаланууга берилип, андан бери жарым кылым, тактап айтканда 50 жылдын жүзү болду. Бул маараке “50 жылдык тарыхы бар мектебим, жарык болсун келечегиң, эртеңиң” деген аталышта мектептин бүтүрүүчүлөрүн, бизде иштеп, учурда эс алууда жүргөн, башка жерлерде иштеп жатышкан кесиптештерибизди, мурда мектепти жетектеп кеткен жетекчилерди жана ата-энелерди чакыруу менен татыктуу белгиленди. Биз мурунку бүтүрүүчүлөрдүн, эмгек жамаатынын сүрөттөрүнөн, венеткалардан буклеттерди түзүп, дубал гезиттерди чыгардык. Келген коноктор мектептин тарыхы, 50 жыл аралыгында жаратылган ийгиликтер, мыкты педагогдор жөнүндө кеп кылышып, көзү өтүп кеткен мугалимдерди эскеришти. Конокторго мугалимдер жана окуучулар тарабынан мектеп тарыхын чагылдырган көрүнүштөр даярдалып, концерттик программа тартууланды.

Жакшы жабдылган кабинет жакшы иштерге өбөлгө

Үстүбүздөгү жылы мектепте жабдуу иштери колго алынды. Окуучуларга эстетикалык тарбия берүү, мамлекетибиздин, эли-жерибиздин тарыхын, мыкты инсандардын өмүр жолун үйрөнүү, мектеп тарыхы менен таанышуу аркылуу атуулдукка тарбиялоо, окуунун, эмгектин алдыңкыларын даңазалоо, ата-энелерге маалыматтык жардамдарды уюштуруу максатында мектептин фоеси заман талабына ылайык жабдылды. Бул ишке 20 жылдыкка келген мурунку бүтүрүүчүлөр демөөрчүлүк кылышты.

Ошондой эле башталгыч класстар кабинети да жабдылып, окуучулардын терең билим алуусуна жакшы өбөлгө болууда. Башталгыч класстар мугалими Урустемова Якут эжейдин окуу бөлмөсүн жабдууга мугалимдин окуучусу, учурда ишкер айым Ташбаева Элмира демөөрчүлүк кылды. Ал эми башталгыч орус класстары кабинетин Сарыбаева Айгүл жабдып, ага ата-энелер өз салымдарын кошушту. Ошондой эле мамлекеттик жана официалдуу тил, Ч.Айтматов залдары да уюштурулуп, тарбиялык иш-чараларды өтүүдө да пайдаланылууда. Учурда
“Манас таануу” залы, экология залы, физика, башталгыч класстар кабинеттерин жабдуу иштери бүтүү алдында турат.

ИЙГИЛИКТИ ЫНТЫМАКТУУ ЖАМААТ ЖАРАТАТ

Усулдук иштерди туура уюштуруу-учур талабы

Мугалимдердин усулдук чеберчилигин арттыруу, мыкты тажрыйбаларды жайылтуу багытында да бир топ иштер жолго коюлуп келет. Бизде 9 усулдук бирикме бар. Усулдук бирикмелерде алгач бир айлык иш-чара планы түзүлүп, аткарылуучу иштер белгиленет. Ачык сааттар, класстан тышкаркы предметтик иш-чаралар өткөрүлүп турат. Аткарылган иштер боюнча маалыматтар, фото-баяндар маалымат тактасына илинип, иштелмелер, план-сценарийлер, жасалган көрсөтмө куралдар көргөзмө сыяктуу чыгарылат. Жыл аягында усулдук кеңеште усулдук бирикмелердин бир айлыктарынын жыйынтыгы чыгарылып, мыктылары аныкталат.

Мындан сырткары бир жылда төрт ирет Усулдук күн белгиленип, бул күнү эң бир мыкты делген ачык сабактар өтүлөт. Анда колдонулган усулдар, техникалык каражаттардын колдонулушу, алардын эффективдүүлүгү талдоого алынат. Мындан сырткары учурдагы мыкты усулдар, аларды пайдаланууну ыкмалары жөнүндө пикир алышуулар жүргүзүлүп, тажрыйбалар алмашылат. Бул сабактар тажрыйбасы мол насаатчылар тарабынан даярдалып, жаш, усулдук жардамга муктаж мугалимдер үчүн жардам иретинде уюштурулат. Өткөн окуу жылында 11 мугалимдин иш тажрыйбасы “Кут билим”, Кут билим сабак”, “Дил”, “Мугалимдер дүйнөсү” гезиттери аркылуу областтык, республикалык деңгээлде жайылтылды. Бир топ мугалимдер, атап айтсак, А.Боронова, Э.Айылчиева, Э.Базаралы уулу, Э.Кенжебаева, Г.Жанышова, А.Сарыбаева, Каныбек кызы Махабат онлайн сабактарын соцтармактар аркылуу жайылтып жатышты. Мугалимдер санариптик технологияларды өздөштүрүү, аларды күнүмдүк сабактарда пайдалана билүү, сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын дагы да өздөштүрүү максатында онлайн курстарга катышып, сертификаттарга ээ болушту.

Мектепте “Насаатчы жана жаш адис” бурчу уюштурулуп, ал жерге насаатчы менен жаш адистин иш планы, байланыш дептерлери, насаатчылык боюнча жоболор, насаатчы менен жаш адистин ортосундагы анкета алуу барагы жана башкалар коюлган. Жыл аягында насаатчы менен жаш адистин ишинин жыйынтыгы чыгарылып, талдоого алынат.

ИЙГИЛИКТИ ЫНТЫМАКТУУ ЖАМААТ ЖАРАТАТ

Сынактар жана сыйлангандар

Биздин мектептин мугалимдери жана окуучулары ар кандай райондук, областтык, республикалык кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып келишүүдө. Быйылкы жылы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ар кандай кароо-сынактар онлайн түрүндө өттү. “Жылдын онлайн мугалими – 2020” кароо-сынагына мектептен эки мугалим катышып, чет тили мугалими
Айылчиева Элмира райондо 2-орунду, орус тили жана адабияты мугалим Боронова Айжамал 3-орунду ээлешти. “Жылдын мыкты онлайн класс жетекчиси – 2020” кароо-сынагында Жанышова Гүлмира активдүү катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Ал эми “Санарип мугалим” республикалык сынагына кыргыз тили жана адабияты мугалим Атаканов Узен катышып, Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун Ардак грамотасын алууга жетишти.

Мектептин кесип бирлиги уюму “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылынын алкагында уюштурулуган “Жылдын мыкты профсоюзу-2020” кароо-сынагынын райондук турунда 1-орунду камсыз кылып, областтык сынакка катышуу алдында турушат. Бул багытта кесип бирлигинин төрайымы Сейдилова Нуржандын иши мактоого арзырлык.

Окуучулар арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиаданын областтык туруна мектептен эки окуучу катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишти. Алар — англис тилинен Мырзараимова Самира, география предметинен Жороева Шахноза.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата өткөрүлгөн “Аталардын эрдиктерин даңктайбыз” аттуу республикалык сынакка окуучуларыбыз активдүү катышып, райондук турдан 1-орунду ээлешти. Ал эми 4-«д» классынын окуучусу Абдыкарова
Аяна “Көркөм окуу” номинациясы боюнча Дипломант наамына ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Диплому менен сыйланды.

Балдарды колдоо жылына карата таланттуу балдар арасында “Балалык бизге жылмаят” сынагы уюштурулуп, анда 3-«в» классынын окуучусу Токсонбаев Нурмухаммед биринчи орунга татыктуу болду. Ал жаш экендигине карабай пластилинден ар түрдүү буюмдарды, жаныбарларды мыкты жасагандыгы менен башкалардан өзгөчөлөндү. Бул окуучудан келечекте мыкты айкелчи чыгарына күмөн жок.

Жогорудагыдай ийгиликтерди жаратууда мектеп жамаатынын «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган» ынтымактуулугу негиз болууда. Ынтымактуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзүп жаткан биздин ардагер мугалимдерибиз Асылбекова Шайыр, Калпаева
Гүлай, Райымкулова Токтокан, Олоева Батма, Урустемова Якут, Субанкулова Бактыкан, Мавлянова Кубрахон, Мамырова Күлсара, Калчороева Жамила, Исматуллаева Карамат, Абдужалилова Дилорам, Медетова Балбүбү, Жунусбаева Ырысбү, Калматова Сайракан,Эрназарова Насипкан, Толубаева Зирек эжейлердин салымы өтө чоң. Анткени бул устаттар жаштарга акыл-насаатын айтып, туура жолду көрсөтүп, турмуштук тажрыйбасын бөлүшүп келүүдө. Ошондой эле мектепте келечегинен көптү үмүттөндүргөн мыкты жаштар да арбын. Биздин жамааттын алдында аткарылуучу көптөгөн иштер турат. Буюрса, алар да ишке ашып, мыкты ийгиликтер жарала берет деп ишенебиз.

Узен Атаканов,
Т.Уметалиев атындагы №35 жалпы орто билим берүүчү мектептин директору,
Аксы району

 

Бөлүшүү

Комментарийлер