ИШТЕРМАН ИЛИМПОЗ, ЖАРЫК ЖҮЗДҮҮ АЙЫМ

  • 29.01.2021
  • 0

Көрүнүктүү педагог жана окумуштуу, Эл аралык Кувейт университетинин журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору Койчуманова Нургүл бүгүн 50 жашка толду.

ИШТЕРМАН ИЛИМПОЗ, ЖАРЫК  ЖҮЗДҮҮ АЙЫМ

Көп нерсени бешенеге жазылганы деп коё беребиз, бирок артыңдан из калтырып татыктуу жашап өтүү ар кимдин өзүнүн табият ыроологон шык-дараметине, үйдөн алган таалим-тарбиясына, интеллектуалдык билим көргөңгөсүнө жараша болору калетсиз.

Нургүл Мааметовна бул жагынан жашоодо жолдуу, аракети жемиштүү болду, өзүндөй окумуштуунун үй-бүлөсүндө чоңоюп өстү, тарбиясын алды. Өзү да көп окуду, көгөрүп иштеди, тынбай өнүгүүнүн үстүндө жүрдү. Беттеген максатынан, тандаган жолунан тайган жок.

Өзү Ош шаарында төрөлдү, бирок балалыгы, окуучулук күндөрү Фрунзе шаарында өттү. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетине тапшырды. Аны 1993-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийин, болду мага ушул эле жетет деп токтоп калбастан, ошол эле жылы Кыргыз билим берүү институтунун кайра даярдоо факультетине тапшырып, кыргыз тили мугалими квалификациясын алды. Кыргыз улуттук университетинин дүйнөлүк адабият кафедрасынын аспирантурасына тапшырып, аны 1996-жылы аяктады.

1997-жылы«Мар Байжиевдин мүнөз түзүү өзгөчөлүгү» деген темада филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазган диссертациясын Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик улуттук университетинде ийгиликтүү жактап алды. Ал эми докторлук диссертациясын көп узартпай, 43 жашында жактады. Кыргыз кыздарынын арасында Нургүл сыяктуу жаш кезинде илимдин доктору болгондор саналуу гана.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын орус тили кафедрасында ага окутуучулуктан баштаган 25 жылдык эмгек жолу шыдыр болду. 1998-жылдан тартып жыйырма жылга чукул кыргыз орус тил, тилдер, кыргыз жана орус тилдер кафедраларында жетекчи болуп эмгектенди. 2006-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз улуттук университетинин расмий орус тил кафедрасынын кафедра башчысы, Экономика жана финансы институтунун тилдер кафедрасынын башчысы болуп да эмгектенди.

2016-жылдын тартып, азыркы убакытка чейин айкалыштыруу менен Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин философия жана коомдук-гуманитардык илимдер кафедрасында профессордун милдетин аткаруучу. Экономика жана финансы институтунун окуу иштери боюнча проректору болуп да татыктуу иштеди. 2018-жылдан бери Эл аралык Кувейт университетинин журналистика жана коом менен байланыш кафедрасынын башчысы.

Билим кудугун ийне менен казуудан талыкпаган Нургүл Мааметовна 2017-жылы Кыргыз улуттук университетинин адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультетин аяктап, психолог квалификациясын да алганга жетишти.

Албетте, мындай күжүрмөн айымдын эмгеги элге билинбей, бааланбай калууга мүмкүн эмес эле. Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз улуттук университетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Финансы министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. «Билим берүүнүн мыктысы», Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.

ИШТЕРМАН ИЛИМПОЗ, ЖАРЫК  ЖҮЗДҮҮ АЙЫМ

“Аккан арыктан суу агат” демекчи, Нургүл эжейдин атасы дагы илимпоз болгонун жогоруда айтып кеттик. Кыргызстандын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Маамет Койчуманов көп жыл бою Улуттук университетте үзүрлүү иштеген белгилүү методист-изилдөөчү, педагог-практик, республикада физика илиминин методикасы боюнча изилдөөнү уюштуруучулардын бири болгон, ондон ашуун окуу-методикалык эмгектерди даярдап, жарыкка чыгарган.

Учурунда ата-энесин жакындан тааныган белгилүү илимпоз, жазуучу Бейшебай Усубалиев азыр Нургүл менен бир кафедрада иштейт.

– Нургүлдүн ата-энеси менен эки-үч ирээт чогуу болгом. Апасы да, атасы да жакшы кишилер болчу. Апасы шайдоот жүргөн киши эле. Эми минтип кызы менен кесиптеш болуп калдым. Атасы дагы дайыма жаркылдап турчу. Нургүл дагы ошондой шайыр адам, баардык нерсени ачык айтат. Өз ишин мыкты билет. Көп нерсени алдын ала көрө билген жакшы сапаты да бар, — дейт Бейшебай Усубалиев.

Нургүл Мааметовнанын кесиптештери дагы анын ушул сапатын жактырышат жана ишке болгон илбериңки мамилеси үчүн сыйлашат.

– Нургүл ишке болгон жоопкерчиликтүү, кесиптештерине жасаган ийкемдүү мамилеси менен дайыма өзгөчөлөнүп турат. Качан келбейли, иш ордунда жаркылдап күлүп отурганы, кандай маселе болбосун машакат кылбай, ошол замат шарт чечүүгө аракет кылганы өзүнчө бир артыкчылык деп ойлойм. Интеллектуалдык, кесиптик деңгээли жогору, окумуштуулук потенциалы чоң инсан менен иштеп жатканыма абдан кубанычтамын, — дейт кесиптеши, “Кут Билим” гезитинин башкы редактору Кубатбек Чекиров.

Кесиптеши КР Эл артисти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Жаманбаева маараке ээсине өзүнчө каалоо-тилектерин жолдоду:

«Билим берүүнүн өсүп-өнүгүшү үчүн өтөгөн ак кызматын ийгилик коштоп, калк кадырлоосуна татыктуу болуп, көздөгөн асыл максаттарынын ишке аша беришине чын жүрөктөн тилектешмин. Нургүлгө жана жакындарына бекем ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик каалайм. Буюрса, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик болсун».

Маараке ээсине арналган жылуу сөзүбүздү салтанаттуу ыр саптары менен аяктагыбыз келди.

“Тойлонсун элүү жашыңыз,

Тоо болсун торко башыңыз.

Кубанып куттук айтабыз,

Ардактуу асылзатыбыз.

Томкоруп кенин илимдин,

Токсондун, жүздүн

белин ашыңыз”

Чолпон Кийизбаева,
“Кут Билим

 

Бөлүшүү

Комментарийлер