ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СЕКИРИК: МЕКТЕПТЕРДЕГИ ШАХМАТ РЕФОРМАСЫ ӨЛКӨ КЕЛЕЧЕГИН КАНДАЙЧА ӨЗГӨРТӨТ?
- 06.07.2026
- 0
Президент Садыр Жапаровдун мектептерде шахматты өнүктүрүү боюнча тарыхый Жарлыгы жана аны ишке ашыруу максатында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган чечимдер коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Президенттин Жарлыгына ылайык, өлкөдө 2026–2030-жылдарга арналган Комплекстүү улуттук программа иштелип чыгып, алгачкы этапта 500 мектепке шахмат ийримдери киргизилет жана Улуттук шахмат академиясы түзүлөт. Бул реформа өлкөнүн билим берүү системасына кандай жаңы дем берет? Бул тууралуу өмүрүн агартууга жана шахматка арнаган инсан, Дүйнө чемпиону жана тажрыйбалуу педагог Тиленбаев Чолпонбек Дүйшөнбаевич менен маектештик.

— Сиз өмүрүңүздү билим берүүгө жана шахматка арнап келе жаткан инсансыз. Президенттин шахматты өнүктүрүү боюнча жаңы Жарлыгын жана өкмөттө ушул багытта башталган кечиктирилгис аракеттерди кесипкөй педагог жана Дүйнө чемпиону катары кандай кабыл алдыңыз? Сиздин оюңузча, бул кадам улуттук билим берүү системасына кандай жаңы дем берет?
— Акыркы жылдары мектептер менен бала бакчалардын кескин түрдө көп курулуп жатышы — өкмөттүн билим берүүгө болгон мамилеси өзгөргөнүнүн ачык далили. Мындай темптеги курулуштар мурда болгон эмес. Президентибиз Садыр Жапаровдун 12 жылдык мектеп түзүмүнө өтүү тууралуу биринчи саясий чечиминен кийин, шахматты мектептерге киргизүү боюнча экинчи Жарлыгы чыкты. Бул — абдан чоң саясий эрк. Бул кадам өкмөттүн билим берүүгө арткан үмүтү жана жоопкерчилиги деп билем.
Шахматты киргизүү — абдан туура чечим. Ал 12 жылдык билим берүү реформасынын алкагында жүрүп жаткандыктан, максатка толук шайкеш келет. Сабактарды окуу планына киргизүү, шахмат ийримдерин башка предметтер менен айкалыштырып өтүү билим берүү тутумун сөзсүз сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.
Бул жерде негизги максат — оюндун өзүн эле үйрөтүү эмес, баланын инсандык жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө шарт түзүү. Биз муну педагогикадагы төрт маанилүү максат аркылуу түшүндүрсөк болот:
- Билим берүүчүлүк: Окуучу шахматтын эрежелерин, оюндун башталышы (дебют), ортосу (миттельшпиль) жана аягындагы (эндшпиль) ыкмаларды өздөштүрөт.
- Өнүктүрүүчүлүк: Логикалык ой жүгүртүүсү артат, кырдаалды серептеп, туура чечим кабыл алууну жана багыт тандаганды үйрөнөт.
- Тарбиялоочулук: Баланын күрөшкерлик мүнөзү, тырышчаактыгы калыптанат. Эрежелерди сактоого, өздүк көзөмөлгө, убакытты баалоого машыгат. Командалык мелдештерде жолдоштук жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сезимдери ойгонот.
- Компетенттүүлүк: Ар кандай татаал кырдаалдарда эң оптималдуу чечимдерди иштеп чыгуу жөндөмү калыптанат.
Биз билим, билгичтик жана көндүмдөрдөн компетенттүүлүккө басым жасап жаткан учурда шахматтын ролу баалуу. Шахмат ойногон бала сынчыл ой жүгүртүүгө машыгат. Ал каршылашынын жүрүшүн көрүп: «Эмне үчүн мындай кылды?» — деп суроо берет, өзүнүн варианттарын талдап, «Кайсы кадам максаттуу?» — деп эң туурасын тандайт. Бул — стратегиялык, рационалдуу жана мейкиндикте ой жүгүртүүнү өнүктүрөт. Шахмат жаңы предмет эмес, ал — баланын академиялык мүмкүнчүлүктөрүн ачуучу курал. Шахмат ойногон бала башка предметтерди алда канча жеңил өздөштүрөт.
— Министрлер Кабинетинин акыркы жыйынында өлкөдө Улуттук шахмат академиясын түзүү жана бул оюнду мектеп билимине терең интеграциялоо маселеси көтөрүлдү. Бул демилгелер биздин мектептердеги билим берүүнүн сапатына, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө кандай таасир этет деп ойлойсуз?
— Улуттук шахмат академиясын түзүүнүн эки негизги максаты бар деп ойлойм.
Биринчиден, ал таланттуу балдарды тандап алып, аларды азиялык жана дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу кылып тарбиялоочу борбор болот. Расмий республикалык мелдештерде мыкты жыйынтык көрсөткөн балдар бул академияга кабыл алынат. Аларга сабак берүү үчүн өлкөбүздүн эң мыкты адистери жана чет элдик гроссмейстерлер чакырылат. Бул биздин курама команда үчүн кошумча билим берүүчү базага айланат.
Экинчиден, академия мектептерге шахматты киргизүүнүн уюштуруучулук жана методикалык борбору — негизги штабы болот. Алгач 500 мектепте башталса, кийин бул көрсөткүч өсөт. Сабактарды расписаниеге киргизүү, координациялоо иштери ушул борбор аркылуу жүрөт.
Бул кадам билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт. Дагы бир жолу кайталайм, бул баланын материалды түшүнүүсүн, пландоо жөндөмүн арттырып, мектеп программасын жеңил өздөштүрүүгө көмөктөшөт.
— Министрлер Кабинети ушул жылдын 1-августуна чейин 2026–2030-жылдарга арналган Комплекстүү улуттук программаны иштеп чыгууну тапшырды. Сиз өзүңүздүн көп жылдык педагогикалык жана спорттук тажрыйбаңызга таянып, бул программага кандай конкреттүү сунуштарды же өзгөчө багыттарды киргизүүнү сунуштайт элеңиз?
— Учурда Кыргыз шахмат союзу тарабынан программанын долбоору даярдалып жатат. Анда турнирлерди өткөрүү, балдарды өстүрүү боюнча жакшы багыттар бар. Бирок мамлекеттик деңгээлдеги программада көбүнчө көлөкөдө калып калган үч маанилүү маселеге көңүл бургум келет:
- Окуу-методикалык комплекс жана кыргыз тилиндеги адабият
Мектептер үчүн окуу программасы, планы, китептери жана кошумча куралдары камтылган бирдиктүү комплекс керек. Эң башкы көйгөй — Кыргызстанда мамлекеттик тилде шахмат адабияты дээрлик жокко эсе. Болгону эки-үч эле китеп бар. Орус тилинде адабият жетиштүү, аны Москвадан деле алдырса болот. Ал эми кыргыз тилинде сапаттуу шахмат китептерин чыгарууну мамлекет өз көзөмөлүнө алышы зарыл.
- Шахматты үй-бүлөлүк баалуулукка айлантуу
Шахматты коомдо баалуулук катары кабыл алдыруу үй-бүлөдөн башталат. Биздин Шахмат борбору 10 жылдан ашык убакыттан бери республикалык деңгээлде үй-бүлөлүк турнирлерди өткөрүп келет. Мисалы, «Эки муун» (ата-эне жана бала) же «Үч муун» (чоң ата/таята, ата-эне жана небере) деген мелдештер бар. Бул мелдештерге Спорт агенттиги тарабынан расмий статус берилип, район, облус жана республика деңгээлинде системалуу өткөрүлүшү керек. Ошондо гана шахмат ар бир үй-бүлөгө сиңет.
- Эмгек жамааттары арасындагы мелдештер
Мамлекеттик же жеке менчик уюмдардын ичинде да шахматты өнүктүрүү зарыл. Медиктердин, мугалимдердин спартакиадаларында шахмат бар, бирок бул аздык кылат. Эмгек жамааттары арасындагы өзүнчө мелдештерди көбөйтүү коомдун интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө жардам берет.

— Өлкө башчысынын демилгеси менен мектептерде шахмат клубдарын ачуу пландалууда. Бул процессте кадр маселеси эң башкы орунда турат. Мектептерде сабак бере турган шахмат мугалимдерин, машыктыруучуларды кыска убакыттын ичинде даярдоонун кандай натыйжалуу жолдорун көрүп турасыз? Билим берүү министрлиги бул багытта биринчи кезекте эмнеге көңүл бурушу керек?
— Азыркы тапта Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин спорт бөлүмүндө жана Дене тарбия академиясында шахматчыларды даярдаган топтор бар. Бирок, тилекке каршы, ал жактан ири тренер болуп, аты чыккан адистер азырынча саналуу гана. Бул эки окуу жайында тренерлерди даярдоону күчөтүү керек, бюджеттик квоталарды бөлүп, колдоо көрсөтүү зарыл.
Экинчи жана эң ыкчам жолу — Билим берүү академиясынын алдындагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстары. Биздин мектептерде шахматты 1-2-разряддын деңгээлинде жакшы ойногон мугалимдер толтура. Министрлик тезинен жер-жерлерден ошолордун тизмесин такташы керек.
Сентябрга чейин убакыт аз калды. Ошондуктан, августтун башында республикалык деңгээлде 20-25 кишиден турган 2 топту (жалпы 40-50 адамды) атайын курстан өткөрүү зарыл. Булар шахматты да, педагогиканы да билген даяр адистер болушу шарт. Андан соң, алар жер-жерлерге барып, райондук, облустук деңгээлде башка мугалимдерди окутуп, 15-сентябрга чейин 500 мектепти камтый тургандай кадрларды даярдап чыкса болот.
Педагогикалык билими жок шахматчыны түз эле мектепке мугалим кылуу кыйын. Анткени алар шахматка спорт катары карашат, ал эми мектепте дидактиканын ыкмалары, принциптери керек. Бирок, ийримдерди өтүү үчүн педагогикалык билими жок болсо да, шахматты жакшы түшүнгөн адамдарды тартса жеңилирээк болот.
— Дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, коңшу Казакстанда «Шахмат мектепке» программасы жүздөгөн мектептерди камтыды, ал эми Армения, Индия, Испания жана Россия сыяктуу өлкөлөрдө бул оюн мектеп программасына расмий киргизилген. Сиздин пикириңизде, чет өлкөлөрдүн ичинен кайсы мамлекеттин тажрыйбасы жана модели Кыргызстандын билим берүү системасына, өзгөчө биздин менталитетке жана азыркы шартка көбүрөөк ылайык келет?
— Тарыхка кайрылсак, XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында Дания менен Аргентинанын Башкы штабдарында офицерлер үчүн шахмат сабагы киргизилген экен. Бирок алардын методикасы тууралуу маалымат аз.
Суроодо аталган өлкөлөрдүн ичинен биздин билим берүү системабызга Орусия менен Казакстандын модели көбүрөөк төп келет. Анткени биздин билим берүү пайдубалыбыз бирдиктүү советтик системадан калган, окшоштуктар абдан көп. Ошондуктан коңшулардын тажрыйбасын изилдеп, өзүбүзгө ылайыкташтырып алганыбыз оң.
— Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мектепке шахмат сабагын киргизген аймактарда окуучулардын так илимдерге болгон жетишкендиктери кескин жогорулаган. Бизде да ушундай натыйжага жетүү үчүн программаны кайсы класстардан баштап киргизген туура болот?
— Учурда бизде 3–5-класстарга киргизүү сунушталып жатат. Менин жеке пикиримде, экинчи класстан төртүнчү класска чейин киргизүү алда канча натыйжалуу. Биринчи класста бала мектепке, чөйрөгө көнүү (адаптация) процессинен өтөт, ага мугалимдин көңүл буруусу көбүрөөк керек. Ал эми орто класстардан баштоо кеч болуп калат. Андыктан 2- же 3-класстан баштаган туура.
Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) мурдагы президенти Кирсан Илюмжинов Калмыкияны башкарып турган убакта бардык мектептерге шахматты киргизген. Кийин ал өзү белгилегендей, шахмат окутулган мектептердин бүтүрүүчүлөрү Ломоносов атындагы ММУ сыяктуу эң престиждүү жогорку окуу жайларына, өзгөчө математика, физика сыяктуу так илимдер багытына массалык түрдө кире башташкан. Шахмат баланы алдыңкы окуучу эле эмес, алдыңкы студент болууга да даярдайт.
— Сиз жакында эле Грецияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта дагы бир ирет өлкө намысын коргоп, жогорку чеберчилигиңизди көрсөтүп кайттыңыз. Сиз тарбиялап жаткан жаш акылмандардын арасынан жакынкы жылдарда дүйнөлүк аренаны багындыра турган гроссмейстерлердин чыгышына бул Жарлык канчалык өбөлгө түзөт?
— Бул Жарлык жакынкы жылдары өлкөбүздөн эл аралык гроссмейстерлердин чыгышына толук өбөлгө түзөт, буга терең ишенем. Мыкты спортчу чыгыш үчүн күчтүү машыктыруучу керек. Жарлыктын алкагында ички адистерди мобилизациялоо, чет элдик машыктыруучуларды чакыруу жана эң башкысы — мыкты тренерлер үчүн Президенттин атайын сыйлыгынын уюштурулушу чоң стимул болот.
Мындан сырткары, мелдештердин көбөйүшү, «Жылдын мыкты шахматчысы» наамынын берилиши жаштарыбызга кошумча күч берет. Азыр бизде өз алдынча өсүп келаткан жаштарыбыз бар. Кудай буюрса, ушул башталган аракеттердин натыйжасында 2026–2027-жылдардын ичинде Кыргызстандан алгачкы эл аралык гроссмейстерлер сөзсүз чыгат.
— Шахматты өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки Улуттук программасы ийгиликтүү ишке ашса, 4-5 жылдан кийинки кыргыз мектептеринин окуучусун кандай элестетесиз? Сиздин башкы тилегиңиз кандай?
— Жаңы миң жылдыктын башында эле биздин балдар дүйнөнүн 38 өлкөсүндөгү алдыңкы жогорку окуу жайларында билим ала башташкан. Бул биздин мугалимдердин эмгеги жана кыргыз балдарынын табигый талантынын далили болчу. Азыр ал көрсөткүч андан да өстү.
Мурда чет өлкөлүк престиждүү окуу жайларга өтүүгө өтө сейрек кездешүүчү таланттардын же колунда бар ата-энелердин гана мүмкүнчүлүгү жетсе, шахматтын мектепке кириши менен бул процесс массалык мүнөзгө ээ болот. Биздин окуучулардын физика, математика, информатика, химия, биология боюнча эл аралык предметтик олимпиадалардагы жетишкендиктери кескин көбөйөт.
Эң негизгиси, азыркы бүтүрүүчү менен мындан 5-10 жыл кийинки бүтүрүүчүнүн ортосунда чоң айырма болот. Кийинки муундун интеллектуалдык, аналитикалык деңгээли алда канча жогору, чечим кабыл алуудан коркпогон, стратегиялык ой жүгүрткөн коом болот. Менин башкы тилегим — кыргыз баласынын акылы дүйнөнү багындырсын.
— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер