ИНТЕЛЛЕКТУАЛ БАЛДАР – МАМЛЕКЕТТИН КЕЛЕЧЕГИ
- 07.08.2024
- 0
Өткөн жылы беш предмет боюнча эл аралык олимпиадага катышкан окуучулар 4 алтын, 8 күмүш, 43 коло медалга ээ болсо, 2024-жылдын алты айында эле 9 алтын, 38 күмүш, 57 коло медаль жеңип келишти. Алдыда 1-8-сентябрда Грецияда информатика предметинен төрт окуучудан сырткары Робототехника боюнча дагы күч сынашат. Алар дагы жемиштүү келишет деген үмүттөбүз. Бул статистикага жалпы эл аралык сынакка катышкандардын саны алынды.
Билимдүүгө дүйнө жарык
Ушул тапта элдин назарынын баары Парижде өтүп жаткан жайкы спорттук олимпиадага бурулуп, болгондо да негедир алтын медалды күтүп жаткан чакта билим олимпин багындырган биздин акылдуу, таланттуу, зирек окуучулар биринин артынан бири алтын, күмүш жана коло медалдарды олимпиаданын кутучасына толтуруп коюшту. Дагы төрт окуучу информатика предмети боюнча 1-8-сентябрда Грецияда өтчү эл аралык сынакка катышууга даярдык көрүп жатат.
Билим берүү жана илим министрлиги жыл сайын мектеп окуучулары үчүн республикалык, улуттук олимпиадаларды өткөрүп келет. Республикалык олимпиада 12 предметтен, ал эми улуттук олимпиада беш предметтен сынак жүргүзөт. Бул олимпиадалардын жыйынтыгынын негизинде мектеп окуучулары эл аралык олимпиадага жолдомо алат. Так ушул эл аралык сынакты Билим берүү жана илим министрлиги каржылайт. Ал эми калган эл аралык олимпиадага катышып жаткандарды министрлик каржылабаганы менен дайыма аларды эсепке алаарын Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева баса белгиледи. Анын берген маалыматына таянсак, окуучулар математика, информатика, физика, химия, биология предметтеринен ар түрдүү эл аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп келишти. Атап айтсак, 2024-жылдын алты айында эле 9 алтын, 38 күмүш, 57 коло медаль алуу менен Кыргызстандын даңкын чыгарып, желегин бийик желбиретип келишкенин кантип айтпай коебуз?!
Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрү катышкан эл аралык олимпиадага жалпысынан 23 окуучу катышууга жолдомо алса, учурда 19 окуучу катышып, 1 алтын, 3 күмүш, 2 коло, 3 ардак грамота жана бир ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты. Алдыда эми информатика предметинен да татыктуу орундарды окуучуларыбыз багындырып келет деген үмүт чоң. Аларга ийгилик каалайлы!
Кыргызстандын тарыхында математика боюнча биринчи алтын
Кыргыз Республикасынын математика боюнча курама командасы Улуу Британияда өткөн 65-Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээледи. Билим берүү жана илим министрлиги каржылап, жөнөткөн таланттуу окуучулар бир алтын, үч күмүш жана эки ардак грамотага татыктуу болушту. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирген.
Кыргызстандын тарыхында акыл олимпиадасынын катышуучулары триумф менен келишти.
Менмен деген өлкөлөрдүн колунан болгондо да математикадан алтын медалды жулуп кетүү – өлкө үчүн баа жеткис окуя болду. Кыргызстанды сыймыкка бөлөгөн Назар Кыргызбаев тээ 2-классынан баштап эле математикага кызыгуусу арткан окуучу. Ал 6-класста геометрия боюнча Иранда өткөн сынакка катышып, күмүш медалды жеңип алган. Анын айтымында, келечекте алтын медаль алам деген изги ою ишке ашып, кубанып турган чагы.
Эске сала кетсек, бир алтын, үч күмүш жана эки ардактуу грамотага татыктуу болушкан таланттууулар: борбор калаабыздагы Б.Якир атындагы Автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Назар Кыргызбаев 29 балл алып, алтын медалга татыктуу болсо, “Газпром — Кыргызстан” мектебинин окуучусу Ян Бобрус 24 балл менен күмүш медалга, Элдар Искендеров 23 балл алып, күмүш медалга жана “Сапат” ББМнын окуучусу Искен Кенжебаев 22 балл менен күмүш медалдын ээлери болушту. Ал эми Нурсултан Эшперов 13 балл, Султан Мусаходжаев 11 балл менен ардак грамотаны камсыз кылышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан 1993-жылдан бери (32 жолу) дүйнөлүк математика боюнча олимпиадада катышып, жалпысынан 1 алтын, 4 күмүш, 12 коло медаль жана 57 ардак грамотасын алып келатат. Спортчулардан кем эмес Кыргызстандын желегин желбиретип, даңкын чыгарып келаткан окуучулар быйыл улуттук олимпиаданын лагеринде даярданышты.
Быйылкы 2024-жылкы олимпиадада Улуу Британияда өткөн олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингин карап көрсөк, билим берүү системасына биз тамшанган Финляндия 36, Казакстан 43, Малайзия 44, Эстония 47, Швейцария 50, Индия 51, Өзбекстан 61, Сауд Арабиясы 63-орунду ээледи.
Ал эми физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада (54th International Physics Olympiad) жана химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада (56th International Chemistry Olympiad) жөндөмдүү окуучулар кур жалак келген жок. Алсак, физика боюнча Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев ардак грамота алган. Ошондой эле химия боюнча UWIS эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болсо, Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамотага татыктуу болду. Биология боюнча “IBO 2024” Чүй облусунун Жайыл баатыр атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Арсений Виноградов ардак баракча менен сыйланды. Ал эми программалоо боюнча кыздардын Европа олимпиадасында Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева коло медаль, Е.Б.Якир атындагы №61 АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды.
Бул олимпиада 21-июлдан 27-июлга чейин өтүп, 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу катышкан (European Girls’ Olympiad in Informatics).
Сыйлык – сыймык
Сыйлык жалкы болгону менен, сыймык жалпы эмеспи. Тарых жараткан таланттуу окуучуларды министр өзү барып, аэропорттон тосуп алды. Догдуркүл Кендирбаева өжөрлүк менен оор жолдорду басып өтүп, жеңишке жеткен окуучуларга жана алардын мугалимдерине, ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, математикадан ийгилик жараткандарга министрликтин ыраазычылык катын жана ар бирине ноутбук тапшырды. Мындан сырткары, команданын башкы машыктыруучулары Мамат Ишматов жана Эльбрус Тажибаевге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, жеңүүчүлөрдүн мугалимдерине Ардак грамота тапшырды. Кийин физика, химия жана биология боюнча жеңип келген окуучуларды дагы министр кабыл алып, балдарды эл аралык деңгээлдеги жеңиштери үчүн чын жүрөктөн куттуктап, планшет, акылдуу саат жана министрликтин ыраазычылык каттары менен сыйлады. Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева окуучуларды олимпиадага даярдаган эмгеги үчүн машыктыруучуларга ыраазычылык каттарын тапшырды. Мындан сырткары ал Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен биология боюнча улуттук команданын башкы машыктыруучунун жардамчылары Даян Мэлисов менен Бактынур Ажыбаевди, математика предмети боюнча машыктыруучу, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин мугалими Азамат Аскаровду, Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектеп-лицейинин математика мугалими Тимур Мамбетовду сыйлады.
Баса, машыктыруучулардын көпчүлүгү “Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү жана эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү. Билим саяпкерлери тууралуу өзүнчө кеп кылабыз.
Робототехника
Сентябрь айында кыргызстандык окуучулар First Global Challenge сынагына катышуу үчүн Грецияга барышат. Бул боюнча Робототехниканы өнүктүрүү клубунун жетекчиси Салтанат Мамбетисаева окуучулары менен бирге министр Догдуркүл Кендирбаева менен жолукканда билдирди.
First Global Challenge долбоору 2017-жылдан бери 180ден ашык өлкөдө иш алып барат. Окуучулар бул долбоорго 2018-жылдан бери катышып келатат.
Жетекчинин айтымында, бул долбоорду Дин Камин деген америкалык жаран негиздеп, ар өлкөдөн инженерияга, STEMге кызыккан балдардын башын бириктирип, ар жылы ар башка өлкөдө өткөрүп турат. Кыргызстандык окуучулар биринчи жолу чакырууну 2018-жылы алып, катышкан болчу. Бирок тажрыйба жоктугунан, кыргызстандык окуучулар сынакта акыркы орунга илинген. Кийинки жылдары тажрыйба топтоп алып, Дубайда өткөн сынакта алдыңкы орундарга жылган болчу. 2022-жылы Швейцарияда өткөн сынакта 192 өлкөнүн ичинен 48-орунга илинсе, былтыр Сингапурдан 28-орунда болуп, жарым финалга үч орун жетпей калган. Бирок ошончо өлкөнүн ичинен мындай жыйынтык мыкты көрсөткүч экенин жетекчи баса белгиледи.
Мугалимдин айтымында, сынак өткөрүлө турган жай ар жылы алмашып турат, бул окуучу балдарга жер көргөнгө да жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Быйылкы сынак Грецияда 26-29-сентябрда өтөт. Ага Кыргызстандан беш окуучу жана эки ментор барууга даярдык көрүлүп жатат.
— Биз окуучуларды үч ай гана даярдайбыз. Сынак башталар маалда, жазында соцтармак аркылуу кулактандыруу берип, балдарды тандап алабыз. 14-18 жашка чейинки бардык каалоочулар анкета толтуруп, алардын шык-жөндөмүнө жараша окутабыз. Окутуу интенсивдүү өтөт, жумасына алты күн бою алар менен бирге болуп, даярданабыз. Баарын бекер окутабыз, – деди Салтанат Мамбетисаева.
Каалоочулардын арасында аймактардан келгендер да жок эмес. Мисалы, былтыркы сынакка Баткенден келген окуучу да катышкан. Быйыл болсо шаардагы №5 А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинен Апышов Рахат, №38 гимназиядан Урказыева Медина, №69 гимназиядан Урматов Амир, United World International school менчик мектебинен Станкулов Илим жана «Light Academy» менчик мектебинин окуучусу Самакова Адеми барып, өздөрү жасаган роботтун прототибин көрсөтүшөт.
Баса, Малайзияда өткөн Эл аралык шенмо менталдык арифметика олимпиадасында “Креатив-Таалим” ББКнын 2-классынын окуучулары Абдыкадыров Амир күмүш медаль тагынса, Шерипбеков Эмир коло медаль менен сыйланган.
Башка өлкөлөрдө дегеле мамлекеттик жана менчик мектептер деп бөлбөйт экен. Тескерисинче, бардыгы биригип, сапаттуу билим берүүнүн үстүндө эмгектенишет. Бизде дагы ушул тажрыйба негедир жетишпей келгенсийт. Же болбосо өз каражаты менен эл аралык олимпиадаларга катышкан жеке менчик мектептердин жеңиши дагы өлкөгө сыймык, кадыр-барк алып келүүдө. Кандай болгон күнү дагы билим берүүдөгү бардык аракеттер мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө зор салымын кошуп келет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер