Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

  • 14.08.2026
  • 0

Дүйнөдө мектептин милдети өзгөрүп жатат. Бүгүн балага маалыматты жаттатуу жетишсиз – аны өз алдынча ойлонууга, технология менен иштөөгө, көйгөйдү чечүүгө жана өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлашууга үйрөтүү маанилүү. Кыргызстанда балдарды бул заманбап көндүмдөргө көнүктүрүүнүн жакшы мисалдары инновациялык мектептерде болуп жатат.

«Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында мектеп 12 жылдык моделге көчүп, окуунун мазмуну гана эмес, уюштуруунун, окутуунун жана башкаруунун жаңы ыкмалары да кирүүдө. Ушул багытта өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектеп катары тандалып алынган. Алар жөн гана жаңы технологиялар колдонулган мектеп болбостон, алдыңкы тажрыйбаларды топтоп, башка мектептерге тарата турган ресурстук жана усулдук борборлор катары иш алып барууда.

Инновациялык мектептердин айланасында 220 жалпы билим берүүчү мектепти камтыган кластерлер түзүлгөн. Демек, өзгөрүү бир нече мектеп менен чектелбейт. Анын максаты – ийгиликтүү тажрыйбаны бир мектептен экинчисине өткөрүп, бара-бара бүтүндөй билим берүү системасына жайылтуу.

Бул ыкма бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө болуп жаткан билим берүүдөгү өзгөрүүлөрдүн логикасына шайкеш келет. Анткени азыр мектептин ийгилиги окуучунун канча маалымат жаттаганы менен гана эмес, билгенин турмушта колдоно алышы, маселени чечүүсү, жаңы идея жаратышы, технология менен иштөөсү жана командада кызматташа билиши менен өлчөнөт.

Бир мектептен – бүтүндөй тармакка

Инновациялык мектептердин негизги милдеттеринин бири – кластердеги мектептерге усулдук жана башкаруучулук колдоо көрсөтүү. Ошентип, инновация өзүнчө бир мектептин жетишкендиги болуп калбастан, жалпы тармактын өнүгүшүнө кызмат кылат.

Бул үчүн материалдык база да жаңыланууда. 220 кластердик мектеп STEM сабактарын уюштурууга керектүү лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар менен камсыздалган. Аларга 5 500 комплект лабораториялык жабдуу, 220 интерактивдүү панель жана 220 ноутбук жеткирилген.

Мындай жабдуулар окуучуга физика, химия, биология сыяктуу предметтерди жөн гана китептен окуп тим болбостон, эксперимент түрүндө түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Механика, электр жана магнетизм, оптика, толкун процесстери, суюктуктардын касиеттери, химиялык реакциялар жана биологиялык объектилерди изилдөө үчүн практикалык шарт түзүлүүдө.

Ал эми инновациялык мектептердин өздөрүндө лабораториялык жабдууларды жаңылоо, эмеректер менен камсыздоо, видеокөзөмөл системаларын орнотуу жана «Кванториум» билим берүү мейкиндиктерин түзүү каралган. Учурда 23 инновациялык мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп, STEM кабинеттеринен тартып китепкана, спорт зал жана эмгек кабинеттерине чейин жаңыланууда.

Бирок инновацияны имарат же техника гана жаратпайт. Анын негизги күчү – мугалимде жана мектепти башкарган командада.

Ошондуктан инновациялык мектептерде стратегиялык башкаруу, жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруу жана мектептер аралык кызматташтык боюнча да системалуу иштер жүргүзүлүүдө. 300гө жакын мектеп жетекчиси, методист жана билим берүү тармагынын адиси трансформациялык лидерлик жана инновацияларды башкаруу боюнча модулдук окуудан өткөн.

Өзгөрүү күнүмдүк сабактан башталат

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектеп – өлкөдөгү 53 инновациялык мектептин бири. Бул жерде жаңыча билим берүү ыкмалары окуу процессинин күнүмдүк бөлүгүнө айланып бара жатат. Мектеп окуучунун жөндөмүн, кызыгуусун жана жеке өзгөчөлүгүн эске алууга басым жасайт. Сабактарда долбоордук иштер, практикалык тапшырмалар жана санариптик ресурстар кеңири колдонулат.

Мындай мамиле окуучуну даяр жоопту күтүп отурган угуучудан өз алдынча изденген, суроо берген жана чечим издеген активдүү катышуучуга айлантат.

Мектептин окуучуларынын жетишкендиктери да бул мээнеттүү иштин кашкайган далили. Облустук олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп, республикалык этаптарга чейин жетишкен окуучулар бар. Быйыл мектептин бүтүрүүчүсү Абылаева Айдай ЖРТдан 239 упай топтоп, эң жогорку натыйжа көрсөткөн окуучу катары улуттук тизменин сап башына чыгып, мектепке төртүнчү «Алтын сертификатты» алып келди.

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

STEM: формуладан – реалдуу чечимге

STEM – илим, технология, инженерия жана математиканы бириктирген багыт – дүйнөлүк билим берүүдө келечектеги кесиптерге даярдоонун маанилүү куралдарынын бири болуп калды. Кыргызстандын к мектептеринде да бул багытка өзгөчө көңүл бурулууда.

STEM сабагында окуучу даяр маалыматты гана кабыл албайт. Ал идея сунуштайт, модель жасайт, эксперимент жүргүзөт, маалыматтарды талдайт, ката кетирет, кайра аракет кылат жана жыйынтык чыгарат.

Мисалы, окуучулар инженердик жана технологиялык долбоорлорду иштеп чыгып, өздөрүнүн эмгектерин мектеп ичиндеги көргөзмөлөрдө коргошот. Мындай иштер логикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты, командада иштөөнү жана лидерлик сапаттарды өнүктүрөт.

Дал ушул көндүмдөр бүгүн дүйнөлүк эмгек рыногунда барган сайын маанилүү болуп жатат. Технология тез өзгөргөн шартта мектеп окуучуга белгилүү бир кесиптин даяр алгоритмин гана эмес, жаңыны үйрөнө билүү жөндөмүн бериши керек.

«Инновациялык мектептин негизги артыкчылыктарынын бири – билим берүүнү теория менен практиканы айкалыштыруу аркылуу уюштуруу. Окуучулар алган билимдерин ар кандай долбоорлордо, эксперименттерде жана практикалык иштерде колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул алардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, келечектеги кесиптик багытын аң-сезимдүү тандоого жардам берет»,-дейт бул алдыңкы мектептин директору Асанова Дамира.

Профилдик окутуу: балага өз жолун табууга багыт берүү

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

12 жылдык билим берүү системасына өтүү менен мектептерде профилдик окутууну өнүктүрүүгө да басым жасалууда. Анын максаты – окуучунун кызыгуусун жана жөндөмүн эске алып, келечектеги кесибин аң-сезимдүү тандоосуна жардам берүү.

Кочкордогу мектеп бул багытта райондогу кесиптик лицей менен кызматташып, окуучуларды ар кандай кесиптер менен тааныштырып, практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу жана кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүүдө. Бул – мектептин ролуна болгон мамиленин өзгөрүп жатканын көрсөтөт.

Мектеп эми «сабак өтүп, баа койгон» гана мекеме эмес. Ал баланын өз жөндөмүн таанып, келечектеги багытын аныктоосуна жардам берген чөйрөгө айланышы керек.

Мугалимдер да бул өзгөрүүгө ылайык иш алып барып, компетенттүүлүккө негизделген окутууну, долбоордук усулдарды жана санариптик технологияларды колдонуп жатышат. Окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын, коммуникациялык жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалууда.

Баткендеги тажрыйба: мектептеги ийрим – келечек кесиптин башаты

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

Баткен облустук жалпы билим берүү жатак-мектеби да 53 инновациялык мектептин катарында. Бул жерде окуучулардын сабактан тышкаркы убактысын пайдалуу өткөрүү менен бирге алардын кызыгуусун жана талантын өнүктүргөн бир нече ийрим иштейт.

Алардын арасында «Илим, техника», «Шахмат», «Жаш долбоорчу» жана «Маалыматтык сабаттуулук» ийримдери бар.

Бул ийримдердин өзгөчөлүгү – бала жөн гана бош убактысын өткөрбөйт. Ал өзүнүн кызыгуусун сынап көрөт, бир нерсе жасап көрөт, ката кетирет, кайра үйрөнөт. Кээде дал ушул жөнөкөй тажрыйба келечектеги кесиптин алгачкы кадамы болушу мүмкүн.

«Илим жана техника» ийриминде окуучулар робототехника жана конструкциялоо менен алектенишет. Алар Lego жана Arduino платформалары аркылуу роботторду кураштырып, сенсорлор жана программалоо менен иштөөнү үйрөнүшөт. 3D-принтер аркылуу моделдерди жасашат, электр чынжырларын түзүшөт, күн жана шамал энергиясы сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын изилдешет.

Мындай иш баланы инженер болууга милдеттендирбейт. Бирок ага «мен муну жасай алам» деген ишеним берет. Билим берүүнүн эң чоң күчү да ушунда.

Долбоор жасаган бала – коомду өзгөртүүгө үйрөнөт

«Жаш долбоорчу» жана «Шахмат» ийримдеринде окуучулар логикалык, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшөт. Алар көйгөйдү аныктап, чечүү жолдорун издеп, гипотеза түзүп, команда менен иштөөгө үйрөнүшөт.

Эң маанилүүсү – долбоорлор реалдуу турмуш менен байланышкан. Окуучулар мектептеги жана коомдогу айрым маселелерди чечүүгө багытталган чакан долбоорлорду ишке ашырышкан. Алардын арасында жоголгон буюмдар үчүн кутуча уюштуруу, парник түзүү, мектептин айланасын тазалоо сыяктуу иштер бар.

Бул жерде балага дагы бир маанилүү сабак берилет: «Менин идеям өзгөрүү жарата алат».

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

Санарип сабаттуулук – жаңы доордун базалык көндүмү

Баткендеги мектепте «Маалыматтык сабаттуулук» ийрими да иштейт. Анда окуучулар компьютердик сабаттуулугун жогорулатып, интернетти коопсуз пайдаланууну, программалар менен иштөөнү үйрөнүшөт жана IT тармагына кызыгуусун арттырышат.

Окуучулар HTML тили аркылуу веб-сайт түзүүнүн негиздерин өздөштүрүп, BSD Education платформасы аркылуу программалоо жана технологиялык долбоорлор менен иштешет. Платформа веб-сайттарды, оюндарды жана мобилдик тиркемелерди түзүүгө, STEM долбоорлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү дүйнөдө санариптик сабаттуулук кошумча артыкчылык эмес, күнүмдүк жашоонун жана кесиптик ийгиликтин негизги шарттарынын бирине айланып баратат. Ошондуктан мектептин милдети – баланы технологияны жөн гана колдонууга эмес, аны түшүнүүгө, коопсуз пайдаланууга жана жаңы нерсе жаратууга үйрөтүү.

«Биздин окуучулардын илимий долбоорлордо, интеллектуалдык сынактарда, робототехника боюнча мелдештерде жана Жалпы республикалык тестирлөөдө жетишкен жогорку көрсөткүчтөрү дал ушул системалуу иштин натыйжасы болуп саналат»,-дейт жатак мектептин директору Айгүл Алдашева.

«Быйылкы окуу жылында эки бүтүрүүчүбүз ЖРТдан алтын сертификатка ээ болду. Айтсак, Акматова Сезимай 239 упай, Муратова Айзирек 230 упайга ээ болуп, республика боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бирин көрсөтө алышты. Бул биз үчүн чоң сыймык».

Инновациялык мектептер: алдыңкы тажрыйба жана алтын сертификат

Бирок инновациялык мектептин ийгилигин бир нече медаль же сертификат менен гана өлчөөгө болбойт.

Анын чыныгы натыйжасы – өз алдынча ойлонгон, суроо бере алган, технология менен иштеген, командада кызматташкан жана өз келечегин тандоого даяр окуучу.

Келечектин мектеби бүгүн курулууда

12 жылдык билим берүүнүн маанилүү багыттарынын бири – окуучуну келечектеги кесипке эрте багыттап, анын жөндөмүн мектеп курагынан тартып өнүктүрүү. Ошондуктан STEM, IT, долбоордук окутуу жана чыгармачылык ийримдердин ролу мындан ары дагы өсө берет. Кыргызстан үчүн инновациялык мектептердин мааниси ушунда.

Бул мектептер жаңы жабдуулар коюлган имараттар гана эмес. Алар – жаңы идеялар сыналган, мугалимдер жаңы ыкмаларды өздөштүргөн, окуучулар өз мүмкүнчүлүгүн ачкан жана ийгиликтүү тажрыйба башка мектептерге тараган билим берүү лабораториялары.

Дүйнө өзгөрүп жатат. Жасалма интеллект, автоматташтыруу, санариптик технологиялар жана жаңы кесиптер эмгек рыногун тез өзгөртүүдө. Мындай шартта мектептин башкы милдети – баланы бүгүнкү кесиптерге гана эмес, эртең пайда боло турган мүмкүнчүлүктөргө да даярдоо.

Демек, заманбап мектеп окуучуга даяр жооптордун жыйындысын эмес, өз алдынча жооп таба турган куралдарды бериши керек.

Кыргызстандагы инновациялык мектептердин жаңычыл тажрыйбасы дал ушул багытты көздөйт: теорияны практика менен айкалыштыруу, STEM жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү, чыгармачылыкка жол ачуу, кесипке багыт берүү жана баланы өзгөрүп жаткан дүйнөгө даярдоо.

Билим берүүнүн келечеги – жаңы имаратта гана эмес, жаңыча ойлонгон мугалимде, изденген окуучуда жана өзгөрүүгө даяр мектепте.

  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды

Кубат Чекиров, «Кут Билим», Кыргызстан журналисттер союзунун лауреаты

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер