Инновациялык мектеп: өзгөрүүдө ата-эненин үнү маанилүү
- 02.10.2026
- 0
Кыргызстанда 53 мектеп инновациялык мектеп катары тандалып, билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды жана алдыңкы тажрыйбаларды сынап көрүп, жайылтуучу аянтча катары иш алып барууда. Бул мектептерде жаңыланган мамлекеттик билим берүү стандарттары, жаңы окуу-методикалык ыкмалар жана башка жаңычыл чечимдер апробацияланып, алардын жыйынтыгы башка мектептерде колдонууга сунушталат. 
Инновациялык мектептердин дагы бир маанилүү милдети – өз тажрыйбасын аймактагы кластердик мектептер менен бөлүшүү. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, биргелешкен окутуулар жана практикалык иштер аркылуу жаңы ыкмаларды кеңири жайылтууга шарт түзүлөт. Демек, инновациялык мектеп – бул өзүнүн гана өнүгүүсү эмес, аймактагы башка мектептерге да тажрыйба тарата турган борбор. 
Мындай өзгөрүүлөрдүн баары окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Ошондуктан ата-энелердин да инновациялык мектептин жаңы макамы эмнени билдирерин, мектепте кандай иштер жүргүзүлүп жатканын жана бул өзгөрүүлөр балдары үчүн эмнени берерин билип турушу маанилүү. 
Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарындагы И. Раззаков атындагы №7 жалпы билим берүү мекемеси – инновациялык мектептердин бири. Мектеп директору Гүлсүнай Мадмусаеванын айтымында, окуу жайдагы өзгөрүүлөрдү ата-энелерге түшүндүрүп, өз убагында маалымат жеткирүү абдан маанилүү:
«Инновациялык мектептин негизги өзгөчөлүгү – өзгөрүүнү мугалим гана эмес, бүтүндөй мектеп жамааты жана ата-эне коомчулугу менен биргеликте ишке ашырууда. Ата-эненин колдоосу, демилгеси жана жоопкерчиликтүү позициясы окуучунун билим сапатын жогорулатууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана мектептин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», — дейт мектеп директору. 
Айрыкча быйылкы окуу жылында киргизилген профилге чейинки окутуу тууралуу ата-энелерге кеңири маалымат берүү маанилүү:
«Окуучунун кызыгуусун жана жөндөмүн эске алуу менен келечектеги багытын тандоого даярдаган бул мүмкүнчүлүк тууралуу ата-эне билсе, баласына туура кеңеш берип, колдоо көрсөтө алат. Ошондой эле мектептеги ийримдер, факультативдер, чыгармачылык, спорттук жана башка кошумча билим берүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу керек». 
Гүлсүнай эжейдин айтымында, мектеп менен ата-эненин байланышы жыйындар, жеке жолугушуулар, биргелешкен иш-чаралар жана онлайн байланыш аркылуу жүргүзүлөт. Бул байланыштын максаты – маалымат берүү менен гана чектелбестен, ата-энелердин суроолорун угуу, сунуштарын эске алуу жана окуучуларга байланышкан маселелерди биргеликте чечүү.
Мектепте ата-энелер менен иштөөдө Ата-энелер комитети менен катар өзүнчө Аталар кеңеши жана Энелер кеңеши да иш алып барат.
«Аталар кеңеши — аталарды мектептин жашоосуна жакындаткан жакшы мүмкүнчүлүк. Бала атасынын анын окуусуна, кызыгуусуна жана ийгилигине көңүл буруп жатканын сезгенде, бул анын өзүнө болгон ишенимине да таасир берет. Ошол эле учурда аталар мектеп менен биргеликте балдарды тарбиялоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана келечектеги багытын тандоодо колдоо көрсөтө алышат.
Ал эми энелер кеңеши аркылуу энелердин ортосунда тажрыйба алмашууга, бала тарбиясы, үй-бүлөдөгү мамиле жана баланын өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 
Жалпысынан ата-эне мектептеги өзгөрүүлөрдөн кабардар болуп, өз оюн ачык айтып, мектеп менен биргеликте иш алып барса, бул баланын билим алуусуна да оң таасирин берет», – дейт мектеп директору.
Инновациялык мектеп – бул жаңы технологиялар же окутуу ыкмалары гана эмес, мектептин бардык тараптары биргеликте өнүгүүчү чөйрө. Бул процессте ата-эне да жөн гана маалымат алуучу эмес, баланын өнүгүүсүнө шарт түзүүгө салым кошкон өнөктөш. Мектеп менен үй-бүлөнүн өз ара ишенимге негизделген кызматташтыгы окуучунун жаңы мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануусуна жана өзүнүн жөндөмүн ачууга жардам берет.
Айгүл Жунушалиева