ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

  • 06.04.2026
  • 0

ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

«Мектептер – 2030» билим берүүнү изилдөөгө жана өркүндөтүүгө багытталган глобалдык он жылдык демилге катары Кыргызстанда бир катар инновациялык чечимдерди ийгиликтүү ишке ашырып жана жайылтууда. Ошондой чечимдердин бири — Бишкек шаарындагы №69 Токтогул Сатылганов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде ишке ашырылган «Сергек жашоо – изилдөөчүнүн көзү менен» аттуу долбоор. Аталган долбоордун алкагында мектептин окуучулары сергек жашоо мүнөзүнө туура келбей турган зыяндуу кошулмаларга бай азык-заттарды колдонбоону, ошондой эле ден соолукка терс таасирин тийгизе турган зыяндуу адаттардан арылууну мектеп ичинде жана коомчулук арасында жайылтышууда.

Окуучулардын академиялык көндүмдөрүн жогорулатуу

«Сергек жашоо – изилдөөчүнүн көзү менен» инновациялык чечими ден соолукка зыяндуу азык-заттар жана адаттардын кесепеттери тууралуу илимий-маалыматтык тексттер менен иштөө, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, эскперттер менен жолугушуп маек куруу аркылуу окуучулардын окуп түшүнүү, сынчыл ой жүгүртүү, анализдөө жана өзү үчүн жыйынтык чыгаруу жана презентациялар аркылуу эл алдында сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзө турган долбоор.

ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

№69 Токтогул Сатылганов атындагы орто мектеп Бишкек шаарынын борборунда жайгашып, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Ага карабастан, окуучулардын сабактан тышкаркы баарлашуу тили орус тили болуп калыптанып калган. Окуучулардын өз эне тилинде баарлашуусун өнүктүрүү, кыргыз тилиндеги тексттерди окуп-түшүнүп, маалыматтарды өздөштүрүп, эл алдында кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүү багытында мектепте эмгектенген ар бир педагог салттуу окутуу ыкмалары менен бирге заманбап инновациялык ыкмаларды, лабораториялык жабдуулар жана маалыматтык-компьютердик технологияларды пайдаланып, теория  менен практиканы айкалыштырып иш алып барышууда.

ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

Аныкталган көйгөй

Баштапкы диагностиканын жыйынтыгы окуучулардын окуп-түшүнүү жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу көндүмдөрү жетишсиз экенин көрсөттү. Тактап айтканда, 4-класстардын окуп-түшүнүү сабаттуулугу 56%, 9-класстардын көрсөткүчү 62%, ал эми жоопкерчиликти ала билүү деңгээли 78,5% болду.

ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

 

 

Дизайн команданын байкоолоруна ылайык, мектеп шаар борборунда жайгашкандыктан окуучулардын күнүмдүк баарлашуу тили негизинен орус тили болуп, кыргыз тилиндеги илимий-маалыматтык тексттерди окуп-түшүнүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Бул өзгөчө ЖРТ сыяктуу чечүүчү тесттерде байкалат.

Мындан тышкары, ата-энелер жана мугалимдер менен жүргүзүлгөн сурамжылоолор окуучулардын окууга болгон кызыгуусунун төмөндөшүн, уюлдук телефонго көз карандылыктын күчөшүн, туура тамактанууну жана жеке убакытты уюштурууда кыйынчылыктар бар экенин көрсөттү. Бул факторлор окуучулардын ден соолугуна жана өз жашоосуна болгон жоопкерчилигинин төмөндөшүнө алып келип жаткандыгын билдирет.

Изилдөөдөн жоопкерчиликке

«Сергек жашоо – изилдөөчүнүн көзү менен» инновациясы окуучуларды пассивдүү угарман болуудан чыгарып, аларды изилдөөчү, талдоочу жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуучу субъект катары калыптандырууга багытталган. Инновациянын негизги мазмуну — ден соолук темасын предметтер аралык интеграция аркылуу (STEM) изилдөө, илимий-маалыматтык тексттер менен иштөө жана алынган билимди күнүмдүк жашоодо колдонууга үйрөтүү болгон.

Инновациянын жүрүшүндө окуучулар ден соолукка байланышкан чыныгы көйгөйлөрдү аныктап, аларды илимий негизде изилдеп, жыйынтыктарын коомчулукка жеткирүү менен функционалдык сабаттуулукту, сынчыл ой жүгүртүүнү жана жоопкерчиликти ала билүү көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Чечимди аткаруу учурунда окуучулар ден соолукка байланышкан (гепатит, тамак-аштан уулануу, өпкө рагы, зыяндуу адаттардын кесепеттери ж.б.) маалыматтык жана илимий тексттерди окуп, негизги ойду аныктоо, себеп-натыйжаларды талдоо, маалыматты салыштыруу жана жыйынтык чыгаруу иштерин жүргүзүштү. Алынган маалыматтарды өз турмушу менен байланыштырып, ден соолукка болгон көз караштарын кайра карап чыгышты.
Кичи топтордо иштеп:

  • жуулган жана жуулбаган жемиштердеги бактериялардын өсүшүн лабораториялык шартта изилдешти;
  • микроскоп аркылуу бактериялардын түзүлүшүн байкашты;
  • зыяндуу азык-заттардын курамын жана алардын адам организминин органдарына тийгизген таасирин илимий далилдердин негизинде талдашты.

Бул иштер окуучулардын байкоо жүргүзүү, гипотеза коюу жана далилге таянган жыйынтык чыгаруу, аргументтерди келтирүү жөндөмдөрүн өнүктүрдү.

Предмет аралык байланыштар

Математика сабагында окуучулар изилдөөнүн жыйынтыктарын пайыз, диаграмма, таблица аркылуу көрсөткөндү үйрөнүштү; Биология жана химия сабактарында организмдеги процесстерди жана заттардын курамын изилдешти; Адабият сабагында сергек жашоо темасында эссе, чакырык тексттерин жана маалыматтык материалдарды даярдашты.

Сабактардын мындай интеграциясы окуучуларга билимдин чыныгы турмуштагы маанисин түшүнүүгө шарт түздү.

Мындан сырткары окуучулар медицина кызматкерлери, нутрициологдор менен жолугушуп, зыяндуу адаттардын жана туура эмес тамактануунун кесепеттери тууралуу суроо-жооп форматында талкууларды жүргүзүштү. Соттук-медициналык экспертиза борборуна жана тамак-аш өндүрүүчү жайларга экскурсиялар аркылуу теориялык билимдерин практикалык байкоо менен бекемдешти.

Ар бир топ жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын презентациялап, классташтарынын суроолоруна жооп берип, өз көз карашын аргументтештирип коргой алды. Бул иш-аракеттер окуучулардын сүйлөө маданиятын, логикалык ой жүгүртүүсүн жана ишенимдүүлүгүн арттырды. Аягында, окуучулар сергек жашоого үндөгөн видеороликтерди, социалдык чакырыктарды, маалыматтык баракчаларды
даярдап, аларды социалдык тармактар аркылуу мектеп ичинде жана коомчулукта жайылтышты. Натыйжада окуучулар өздөрүн коомго пайдалуу идеялардын демилгечиси катары сезип, жарандык активдүүлүгү жогорулады.

«Сергек жашоо – изилдөөчүнүн көзү менен» инновациясы окуучуларга теориялык билимди гана эмес, өз ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууну, маалыматты талдоону жана туура чечим кабыл алууну үйрөттү. Окуучулар изилдөөчү ролунда болуп, алган билимдерин турмушта колдонууга жетишишти. Инновация окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатып, сергек жашоонун баалуулугун аң-сезимдүү кабыл алууга өбөлгө түздү.

Иштөө багыттары:

Интеграцияланган STEM сабактар: сабактар маалыматтык тексттерди талдоо, биологиялык жана химиялык тажрыйбалар, математикалык жана физикалык  эсептөөлөрдү жүргүзүп көйгөйгө ар тараптан мамиле кылуу менен коштолуп жатты.

Долбоордук изилдөө иштери: окуучулар топтордо иштеп, өз алдынча изилдөө жүргүзүшүп, жыйынтыктарын презентация кылып жатышты

Лабораториялык иштер: Биология жана химия мугалимдеринин, мектептин медицина кызматкеринин жардамы менен лабораториялык шартта бактерияларга чөйрө түзүп өстүрүү, алардын өсүүсүно байкоо жүргүзүү, жыйынтыкты эл алдында тастыктап айтып берүү иштери уюштурулду.

Экскурсиялар жана адистер менен жолугушуулар: Сабактарга медицина кызматкерлерин эксперт катары чакырып баарлашууларды уюштуруу, соттук-медицина борборуна, азыктарды өндурүүчү заводдорго экскурсияларды уюштуруу иштери окуучулардын билимдеринин бекемделишине, оз ден соолуктары үчүн жоопкерчилик алуусуна оң таасирин тийгизди.

Натыйжалар

Долбоордун жыйынтыгында:

  • 4-класстардын окуп-түшүнүү сабаттуулугу 11,8%га,
  • 9-класстардын маалыматтык жана илимий тексттерди окуп-түшүнүүсү 16,1%га жогорулады;
  • окуучулардын изилдөөгө болгон кызыгуусу артты;
  • ден соолукка болгон жоопкерчиликтүү мамиле калыптанды;
  • зыяндуу адаттардан баш тартууга жана сергек жашоону жайылтууга активдүү катышуу байкалды.
  • ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  
  • ИННОВАЦИЯ: «СЕРГЕК ЖАШОО – ИЗИЛДӨӨЧҮНҮН КӨЗҮ МЕНЕН»  

«Сергек жашоо – изилдөөчүнүн көзү менен» инновациялык чечими «Алтын Казык» мамлекеттик программасына, предметтик стандарттарга жана STEM билим берүүнү өнүктүрүүгө шайкеш келгендиктен бул долбоорду башка мектептерде да ишке ашырууга болот. Ал сабактарда, класстан тышкаркы иш-чараларда же STEM кружокторунун алкагында уюштурулат. Сергек жашоону жайылтуу мектеп парламентинин жылдык планына киргизилсе, туруктуу иш алып баруу мүмкүнчулүгү түзүлөт.

Жайнагүл АБЫКАЕВА, дизайн команданын лидери, физика мугалими

 

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер -2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер