IMPACT СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН МУГАЛИМДЕР

  • 17.01.2024
  • 0

Акыркы алты жылдан бери Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен математика, физика жана информатиканын олимпиадалык резервинин мугалимдери жана машыктыруучулары үчүн VI Эл аралык ачык чыгармачыл IMPACT олимпиадасы өткөрүлүп келет. Бул олимпиада 2024-жылдын 8-13-январь күндөрү кесипкөй көндүмдөрүн көрсөтө ала турган таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди жана машыктыруучуларды аныктоого, аларды колдоого багытталган конкурста кыргызстандык мугалимдер бир алтын, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болушту. Биз бул жолку саныбызда «Сапат» билим берүү мекемеси менен «Газпром Кыргызстан» мектебинен баргандар окуучулар менен мугалимдердин  ийгиликтерин бердик. 

IMPACT СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН МУГАЛИМДЕР

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин 2024-жылдын башындагы жетишкендиктери

Кыргызстандык окуучулар каникул учурунда  математика, физика жана информатика боюнча өткөрүлгөн XX Эл аралык Жаутыков олимпиадасында төрт күмүш медаль, 13 коло медаль жеңип алышты. Анын ичинен эки күмүш жана сегиз коло медаль “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучуларынын жетишкендиктери болуп саналат.

Олимпиада 8-январдан 13-январга чейин Алматы шаарында өтүп, ага 16 өлкөдөн 700дөн ашуун окуучу катышты. Эл аралык олимпиадага Кыргызстандын атынан алты команда жана үч окуучу жекече катышты. Кыргызстандык жеңүүчүлөрдүн ичинде “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринин окуучулары дагы сап башында турат. Алсак, информатика предмети боюнча медаль алган окуучулардын атын атай кетсек: Лебиев Абдулазиз, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль; Айдарбеков Алихан, Мурат Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль; Садирбеков Санжар, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 10-класс – коло медаль; Абдирасулов Абдуллахан, Ош “Сема” лицейи, 8-класс – коло медаль;  Алманов Кутбол, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – коло медаль; Джамалов Тенгиз, Хусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс – коло медаль жана Майрамбеков Байтөрө, “Манас-Ата” Талас лицейи, 11-класс – коло медаль. Ал эми физика предмети боюнча медаль алган окуучулар: Турдукеев Атай, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль;  Бектур Баратали, Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль жана Эмильбеков Айтегин, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 9-классколо медаль.

Таланттуу окуучулардын сынагы

Атактуу окумуштуу-математик, академик Орымбек Жаутыковдун атын алып жүргөн эл аралык олимпиада жыл сайын таланттуу окуучулардын муунун калыптандырып келе жатат. Эл аралык Жаутыков олимпиадасы математика, физика, информатика сыяктуу фундаменталдык илимдер боюнча катышуучулардын татыктуу билим деңгээлин көрсөтүп, эл аралык аренада өз желегин желбиретүүгө мүмкүнчүлүк берип келет. Олимпиадага катышкан ар бир өлкөнүн командасынын курамы үч математик, эки физик, эки информатик жана эки менеджерден турат. Катышуучулар азыраак болгон командаларга же бир өлкөнүн ар кайсы мектептеринен келген командаларга катышууга уруксат берилет. Быйыл окуучулар жекече дагы катыша алышты.

Эл аралык олимпиаданын калыстар тобунун курамына жети өлкөнүн өкүлдөрү кирген: Казакстан, Россия, Армения, Беларусь, Түштүк Корея, Кытай жана АКШ. Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Аскар Жумадилдаев калыстар тобунун төрагалыгын аткарды. Олимпиаданын жыйынтыгында 344 медаль тапшырылды.

Өрнөктүү мугалимдер

Жогоруда белгиленгендей, VI Эл аралык ачык чыгармачыл IMPACT олимпиадасына катышкан мугалимдердин арасынан медалга ээ болгон мугалимдерди атап кетсек, алар:   Худайберди Гурдов — Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин физика мугалими, алтын медаль; Талант Арыстанов — информатика мугалимдеринин кафедра башчысы, “Сапатта” 11 жылдан бери эмгектенип келет, күмүш медаль;  Азат Исмаилов — физика мугалимдеринин кафедра башчысы, “Сапатта” 14 жылдан бери иш алып барат, коло медаль;  Доктурбек Кудашов — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин физика мугалими, “Сапатта” жети жылдан бери иштейт, коло медаль.

Маалыматка таянсак, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси Жаутыков эл аралык олимпиадасы түптөлгөндөн бери дээрлик бардык олимпиадаларына катышып келет жана бүгүнкү күнгө карата окуучулар төрт алтын, 13 күмүш, 60 коло медалга татыктуу болушту.

Окуучулардын талыкпаган аракети, мугалимдердин үзүрлүү эмгеги ушул сыяктуу конкурс менен олимпиадарда аныкталат. Кыргызстандын желегин желбиреткен жаш уландарыбызга кең келечек, алардын мугалимдерине кажыбас кайрат каалап кетмекчибиз.

 “ОЛИМПИАДАГА КАТЫШКАН МУГАЛИМДЕР ОКУУЧУЛАРГА ҮЛГҮ”

Мамат ИШМАТОВ, “Газпром Кыргызстан” мектебинин машыктыруучусу,  эки жолу алтын, төрт жолу күмүш медалдардын ээси:

IMPACT СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН МУГАЛИМДЕР

— Алтынчы IMPACT олимпиадасына 11 өлкөдөн 410 мугалим катышты. Анын ичинен математика сабагы боюнча 212 мугалим жана 26 машыктыруучу бар. 70 упайдан 66 упай топтоп, күмүш медаль алдым, бул жакшы көрсөткүч. Алгач 2018-жылы машыктыруучулар арасындагы олимпиадага катышкам. Андан бери эки алтын, төрт күмүш медаль алдым. Эки жыл бою Казакстанда өткөн мугалимдер арасындагы олимпиадада калыстар тобунун мүчөсү болдум. Бул дагы мага тажрыйба топтоого чоң мүмкүнчүлүк болду. Быйыл дагы катыштым.

— Бул олимпиада тренерлер/мугалимдер үчүн эмнеге керек?

IMPACT СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН МУГАЛИМДЕР

— Кесиптешим айтат: “Жаман генерал согушка өзү барбайт” деп. Мындай олимпиадаларга байма-бай катышуу менен биз окуучуларга үлгү боло алабыз. Кээ бир мугалимдер үчүн мындай сынак өзүнүн деңгээлин өркүндөтүү үчүн пайдалуу. Мисалы, мен үчүн машыктыруучуларга уюштурулган олимпиада өтө кызык. Мага татаал маселелерди  олимпиадалык маанайда чыгарган жагат. Олимпиаданын көрсөткүчү  жакшы болбосо деле, катышуучулар үчүн анчейин деле маанилүү эмес. Эң башкысы, мен үчүн — бул мотивация. Бул сынак бир эле машыктыруучулар эмес, коомчулук үчүн деле кызык. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы Кыргызстандан барган көп мугалимдер, машыктыруучулар сынакка катышты. Себеби көбүнчөсү онлайн катышканга мүмкүнчүлүк алышты. Мугалим менен тренердин категориясында айырма көп. Тренерлердин олимпиадасы мектептеги олимпиаданын суроолоруна жакыныраак. Машыктыруучулардын сынагына акыркы жылдары дүйнөлүк олимпиадага катышып, жеңип алгандар дагы катыша баштады. Алар деле азыр абдан күчтүү. Мисалы, коло медаль үчүн бул жылы тренерлердин сынагында жети суроо берилсе, беш суроодон көбүрөөк чыгарышы керек болду. Быйыл мен эң көп убакытты биринчи суроого кетирдим. Калган алты суроону чыгарып бүткөндөн кийин жетинчи суроону чыгарганга шанс бар эле. Убакыт аз болду мен үчүн. Жылдан жылга сынактын деңгээли жакшы болуп жатат. Мугалимдердин лигасы боюнча айтсам, аларга берилген суроолорунун денгээли башка, мектептин темасына жакын. Мугалим мектеп темасын жакшы билет, андыктан ар кандай ыкмаларды колдонушу мүмкүн. Мугалимдер  берилген жети суроонун эки-үчүн  аткарса деле жакшы жыйынтык деп эсептелет. Айрымдар мугалимдердин категориясына катышып, өзүн текшерип көргөндөн кийин машыктыруучулар менен катыша берет. Бул абдан туура. Белгилей кетчү нерсе, Казакстанда сынакка катышуу өтө маанилүү. Себеби олимпиададан алган медалдар  алардын айлыгына таасир этет, т.а. эмгек акысына дагы 100% кошумча берилет. Мисалы, менин сегиз окуучум медаль алды, бирок биздин эмгек акыбызга эч кандай таасир этпеди. Олимпиадага катышкандан бери кыргызстандыктар  99 медаль топтоптурбуз. Акыркы беш жылды эле алсак 52 медаль келиптир. Билим берүү жана илим министрлиги өз кезегинде олимпиадага байланыштуу көп маселелерди чечип берди. Бирок азыркы учурда негедир көңүл бурулбагандай сезилет. Менимче, биз менен иштешкен адиске министрлик бардык мүмкүнчүлүктү берип, бизге көңүл бурдурушу абзел. Ал адис жетекчиликке көз каранды болбошу керек.

IMPACT СЫНАГЫНДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТКЕН МУГАЛИМДЕР

Олимпиаданын жүрүшүндө конференциялар өткөрүлүп, алар көптөгөн кызыктуу нерселерди үйрөтө алат. Көптөгөн адамдар мындай олимпиадаларды биздин өлкөдө өткөрүүнү каалашат. Бирок, эгер мугалимдер үчүн сынак өткөрсө, анда аны жөн гана шоу үчүн эмес, башынан эле сапаттуу өткөрүү керек. Мисалы, Казакстанда мугалимдер арасында биринчи олимпиадаларды уюштуруу үчүн Бүткүл россиялык олимпиаданын калыстар тобунун белдүү мүчөлөрү чакырылган, алар тапшырмаларды өздөрү түзгөн, тапшырмалардын сакталышын өтө кылдаттык менен көзөмөлдөнгөн ж.б. Ачыктык жана адилеттүүлүк болмоюнча, ийгиликтүү олимпиаданы уюштуруу мүмкүн эмес.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер