ИЛИМГЕ АРНАЛГАН ӨМҮР
- 02.10.2025
- 0
Илимге жан оту менен берилген адамга танапис жок экен. Кыргызстандагы семиотика илиминин негиздөөчүсү, Кыргызстан эл аралык университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Зина Караевна КАРАЕВА өзүнүн жарым кылымдан ашуун педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 33 жылын бир окуу жайда талыкпай иштеди. Дагы деле чарчоону билбей эмгек өтөп жатат.

Мен телефон чалган күнү Зина Караевна өмүрлүк жолдошу Калыбек ава экөө Кытайдын Сиань шаарынан жаңы эле келишкен экен. Жол азабына карабай устатыбыз жарык маанайда алгачкы таасирлери менен бөлүшө кетти.
— Конференция абдан жемиштүү болду. Кытайлык окумуштуулар семетейчи Сейдана апанын «Семетей» эпосуна, Бубайша Арстанбекованын
«Курманжан датка» поэмасына жана менин К.Иманалиев менен биргеликте
жазылган дипломаттар жана юристтер үчүн англис тилин үйрөнүү китебиме кызыгуу артып жатышат. Ошолорду кытай тилине которсок дешүүдө. Жакында Бишкекте өтүүчү эл аралык симпозиумга Кытайдан эки илимпоздун келүүсү күтүлүүдө, — дейт Зина Караевна.
Угушубузда илимпоздун 75 жылдыгына карата Кыргызстан эл аралык университети 10-11-октябрда уюштуруп жаткан зор илимий форумга чет жерден бир топ окумуштуулардын офлайн, онлайн катышуусу күтүлүп жатыптыр.
Башкаларды билбейм мага британиялык илимпоз окутуучу Викки Давистин алдыдагы эл аралык симпозиумга жолдогон билдирүүсү жакты.
«Илимий форумга менин кайрылуумду берүүнү туура көргөнүңүздөр үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем! Үстүбүздөгү жылдын башында илимий ишмердүүлүгүнүн туу чокусунда турган Зина Караева жана анын котормолору менен Англияга келген тушта таанышып, зор рахат алдым. Англис адабиятын мыкты билгени анын көптөгөн шакирттерине котормо өнөрүнө киришүүгө, бул жооптуу иште аздыр-көптүр ийгиликтерди жаратуусуна дем берип жатканын баса белгилегим келет» — дептир Викки айым.
Зина Караевнанын тээ 80-жылдардагы Ош пединститунун чет тилдер факультетинде билим алган мурунку студенти катары англиялык илимпоз айымдын сөздөрү калетсиз чындык экенин айткым келет. Анткени эжей Ош педагогикалык институтунда эмгектенген 17 жылында, андан кийинки Кыргызстан эл аралык университетиндеги 33 жылдык эмгек жолунда миңдеген жаштарга татыктуу
билим берип, илим-билимде гана эмес жашоодо да ата-энедей багыт берген улуу
устат боло алды.
Зина Караевнанын илимдеги жүздөгөн шакирттеринин арасында өзүнүн илимий табылгалары менен көпчүлүктүн көзүнө илинген илимпоз окутуучулар ондоп саналат.
— Зина Караевна мага билим берип гана тим болбостон, котормочулук ишке тартып, борбордо иштеп жүргөндө жашап турганга үйүн берип, акыл-кеңешин айтып, такай колдоп турду. Эжейдин мага кылган жакшылыгы бул адамгерчиликтин бийик үлгүсү деп ойлойм, – дейт илимпоздун сыймыктуу шакирти, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов.
Илимдеги эң зор ачылыштар башкалар көңүл бурбаган майда нерседен башталат эмеспи, анын сыңарындай, биздин бүгүнкү каармандын илимдеги котормо жанрына сүңгүп кириши айтып отурса өтө кызык.
— Токсонунчу жылдары бизге баарын башынан баштоого туура келди. Жаш эгемен мамлекетибиздеги саясий зор иш-чараларды англис тилине которуп берүүгө котормочулар керек болуп жатты. Бири англис тилин билгени менен кыргыз тилин билбейт, башкасы орус тилинен аксайт, ошентип бизге эки тилди бирдей билген котормочуларды издеп табуу кыйын болду. Эптеп таптык. Үйрөттүк. Кийин синхрондук котормо менен чектелбей, көркөм тексттерди англис тилине которууга кызыга баштадым, – деп эскерет котормо илиминдеги алгачкы кадамдарын Зина Караевна.
«Илим ийне менен кудук казгандай» деп бекеринен айтылбаса керек. Зина Караевна ушул котормо өнөрүнүн артынан түшүп, Ала-Тоодой ийгиликтерди жараттты. Улуу «Манас» эпосунан баштап, кенже эпосторго
чейин англис тилине которууга жетишти. Ушул теманын тегерегинде докторлук
диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргызстан эл аралык университетинин алдында котормочулук мектепти түптөдү. Университетте семиотика илимин ар тараптан изилдеген жаш окумуштуулардын зор армиясы өсүп чыкты. Илимпоздун жетекчилиги астында далайы кандидаттык, айрымдары докторлук диссертациясын жактап жатышат.
Мынча болду семиотика илиминин өзгөчөлүгүнө токтоло кетели.
Семиотика деген эмне?
Семиотика – табияттагы жана адам коомундагы маалыматты сактоо, иштетүү жана берүү каражаты катары белгилерди жана белги системаларын изилдөөчү илим.
Семиотиканын илим үчүн мааниси чоң. Бул анын гносеология менен болгон мамилесинде эң ачык көрүнүп турат.
Тил илиминен айырмаланып, семиотика тилдик эмес белги системаларын да изилдейт. Семиотика шилтеме, белгилөө, окшоштук, аналогия,таллегория, метонимия, метафора, символизм, белгилөө жөнүндөгү изилдөөлөрдү камтыйт. Семиотиканын келип чыгышы жана өнүгүшү 19-кылымдын аягында пайда болгон гуманитариядагы жана философиядагы долбоор болуп саналат. Ар бир белги системасын илимий изилдөөгө алууга болот. Бул семиотиканын предмети — ар кандай белги системаларынын үлгүлөрүн чыгаруучу илим. Семиотика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири швейцариялык лингвист Фердинанд де Соссюр (1857-1913) “семиотика” деген терминдин ордуна «семиологияны» киргизген.
Дагы бир америкалык окумуштуу С.Пирс прагматизм жөнүндө кеңири түшүнүк берсе, анын шакирти С.Моррис «икона», «индекс», «символ» түшүнүктөрүн иштеп чыккан. Алар семиосизди ошол семиотикалык белгилердин турмушта колдонулушун белгилешкен. Кийин Прагадагы жана Копенгагендеги лингвистикалык ийримдер дагы семиотиканы андан ары өнүктүргөнгө салым кошкон. Семиотика илиминде орустардын Москва-Тарту семиотика мектебинин да ролу чоң.
Сөзүмдүн акырында, илимде өзү түптөгөн семиотика мектеби менен биргеликте зор ачылыштарды жаратып, ийгиликтүү иштеп жаткан маараке ээсине, биздин сүйүктүү эжейибизге, саяпкерибизге, устатыбызга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм! Илим жолуңуздагы жеңиштериңиз улана берсин, Зина Караевна!
P.S. Илимий симпозиумга карата маараке ээсинин «Жаз» аттуу этюд котормосун жарыялап коюну туура таптык.
Алимжан АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», мурунку студенти, республикалык Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын (2017) жана Президенттик «Мейкин» сыйлыгынын лауреаты (2024)
Автору
Симона Пуарей Буре
Которгон
Караева Зина

ЖАЗ
(Этюд)
Оюңда деги эле экинчи бирөөнү же бир нерсени кайрадан сүйбөөчүдөй көрүнөсүң, баягыдай жүрөгүңдө элеп-желеп кылып, «зырп» дедире булкуп алган кумарлануу, эңсөө болбочудай.
Күндөрдүн биринде кандайдыр бир сыйкырдуу сезим курчап алат.
Анан ошол сезимдин кемесине термелесиң. Болгондо да терең уйкудан ойгонгондой болуп, бүт денеңе кан тарап, куудурап калың тарткан териңди сырдуу сезимиңдин толкуну, ток менен ургандай болуп, назик жана таза, көз ирмемге балкыткан жаңы сезим сени багындырып алат.
Дал ушундай окуя менде мындан бир нече жума мурун болду.
Таң заардан чымчыктардын чурулдап сайраганынан улам ойгонуп
кеттим. Терезе ачык болгондуктан кандайдыр бир жагымдуу жыпар жыт, эч нерсеге ээ жаа бербеген сыдырым жел үйгө кирип келди. Биринин артынан бири улам жаңырып келген бул жыт өзүнчө кайрадан буркурап, жер жыттанып, айланаңды теребелге
бөлөйт. Мен асмандагы чайыттай ачык күнгө карадым, күндүн нурлары билинбей эрип, шоолалары тараган сезим денедеги канымды удургутту. Бир көз ирмемге балкып эрип, жок болуп кеткендей болдум.
Мен кайрадан сүйүү толкунундамын.
Күнгө чагылышып, анда-санда жаркылдаган бөксө тоолордуькарайм, андагы кооз тоо кыркаларынан ар бир жүлгөсүн, андагы болуп жаткан өзгөрүүлөрдү изилдеп жаттым. Жашыл жууркан жамынган талааны, ачык сары, пушту гүлдөрдүн жерге жайнап калганын көрүп, кайра-кайра карап жаттым. Мындай күнүмдүк жан жыргаткан сырдуу табышмактан жетишээрлик ырахат ала албадым.
Дал ошол маалда өзгөчө бир форсиянын жыты мени мас кылып, сөз менен айта алгыс бакытка бөлөдү, жапжашыл чөп жегим келди.
О сүйүү, сүйүү!
Бакчадагы жемиш дарактар аппак жана пушту көйнөктөрүнькийишип арасындагы майда тилинген бир таман жолдордун жээгиндеги дарактартары-бери жайкала термелишет. Мажүрүм тал жаш кыздын көңүлүндөй назик колдорун
булгалап, ал тургай эски дуб дагы өзүнүн тең салмактуулугун жоготуп терең сезимдерге берилип, тырмагынын учуна чейин кызарып кетти.
Ушундай жандуу сулуулукка ким чыдап тура алат? Муундагы каның удургуп турса, ким иштей алат?
Бирде оттой ысып чыгып, бирде таштай муздап, эмне кылаарымды билбейм. Мунун баары белгилүү дечи. Мындай сыйкырдуу сезимди ичиме батырып чыдап отура албайм.
Дал ушундай ыйык сезим менен, ыйык жерлерди сакташ үчүн талаанын арасына, түнт токойдун ичине кирип жоголуп кетким келет. Коркунучтуу нерселердин баарын адамзаттын жолунан алып таштап, гүл кучактап жерди өпкүлөп жатканды самадым.
Дал ушундай назик, күчтүү, алсыз сезимди эмне кылуу керек, сендеги кан жүрөгүңдү булкуп, удургуп кайнасачы, мындай катуу сокконьканыңдын бир бүркүмү эски сезимдериндин баарын жүрөгүңдүн түпкүрүнөн сууруп чыксачы, жер бир силкингендей сени да титиретип, шамалдын салкын желине бетинди аймалаттыра өптүрүп алып жөнөсөчү?…
Ошол мезгилде дарактардын койнуна оролуп кирип кетүүнү самадым.
Ыймандай ысык сырымды айтканым үчүн кечир! Буга күндүн ысык илебин, шамалдын азгыра шыбыраганын, жер болуп катайын деп калган жалбырактардын шуулдаганын күнөөлө. Мындай кумарлануу, мындай ырахат, мындай эргүү ар кимде болоор!
Мындайда ким чыдай алат. Жаз келген сайын жүрөгүмдү сыйкырдуу сезимдерге бийлетип жиберем. Аргам жок. Жер эне кучагын жайып тоссо, аны кучактап барып жыгылайын дейм. Кечир мени!
Мени кечир!…
Комментарийлер