ИЛИМГЕ АРНАЛГАН АЙЖАРКЫН ТАГДЫР

  • 27.01.2022
  • 0

Илим… Аял… “Илим – ийне менен кудук казгандай”… “Аял – үйдүн куту, очок ээси”… Билген кишиге илим кол жеткис бийик, өнүгүүнүн булагы да, Аял кол жеткис ыйык, жашоонун башаты эмеспи. Үйдүн куту, очок ээсинин ийне менен кудук казуусу, кол жеткис бийиктикке, өнүгүүнүн булагына кол жеткис ыйык, жашоонун башаты жетип турса… Бул нерсе чанда жолуга турган, өтө сейрек кездеше турган феноменалдуу көрүнүш эмеспи. Ал эми биздин Гүлбара Орозова – дал мына ушундай сейрек учуроочу, феноменалдуу көрүнүштүн ээси. Ийне менен кудук казган үйдүн куту, очок ээси Гүлбара Орозова. Албетте, маңдай жарган мындай натыйжа, ыкыбалдуу мындай тагдыр жөндөн жөн эле жарала койгон, жеңил-желпи эле колго тие койгон жок.

Ананчы… Ата-бабабыз жердеп келген куттуу жер Жерге-Талдын аталышы да бир кулакка жагымдуу, өтө көп нерсени (Өзгөндүн атактуу жайлоосун, аны даңазалаган улуу ырчы Рысбай Абдыкадыровду) эске салган Кара-Шоро деп аталган айылында жарык дүйнөгө келип, орто мектепти бүткөн соң борбор калаабыз Фрунзеге билим издеп, илим (ооба, илим!!!) издеп келген. Албетте, айылдагы эң кадырлуу, эң бир барк-абройлуу адамдын аймончок эрке кызы, көздөгөнүн аткарып көнгөн көк жал мүнөз кызы ушинтип өз жолун өзү табууга, өз тагдырын өзү жасоого аракет кылбай койбойт эле. Көздөгөнүн аткарып көнгөн көк жалдыгы Гүлбара
Жалаловнаны өмүр бою сынап да келет, бир середен экинчи сереге чыгарып да келет…

Бул мүнөздүн биринчи көрүнүшү катары мындан жырым кылымдай мурда, кыз балдарды айылдан анча алыс чыгарбаган чөйрөдө, жогоруда айтылгандай, билим издеп, илим издеп алыскы-алыскы Фрунзеге аттанышы. Албетте, окуу эңсеп Жерге-Талдан өзү менен топ кыз кошо келген. Бирок бир аз убакыт окуган соң алардын баары, бири калбай кайра Жерге-Талга кайтып кете беришкен. Кошо басар курбалдаштары жок, келип кабар алып турар шаарда туугандары жок чоочун шаарда, чоочун чөйрөдө өзү жалгыз калды. Азыр биз үчүн айтканга жеңил, ал эми айылынан алты кадам алыс чыкпаган, анан да кадырман атанын эрке кызы үчүн мындай абалда калуу жана андан башты бийик көтөрүп чыгуу намыскөйлүктү, көкжалдыкты талап кылат эле…

Намысты бийик туткан Гүлбара Жалаловна Жерге-Талга, кадырман атасына, кутман айылына педагогикалык кесиптин ээси болгонун тастыктаган ЖОЖдун дипломун алып барды. Тагдыр буйруп, нике кайып насип кылып жаш эжекей Жерге-Талга ирегелеш Чоң-Алайга келин болду. Болгондо да он балалуу баатыр энеге, үйдөгү, Кара-Шородогу, атасынан кем калбаган боорукер кайнатага улуу келин болду. Күндүзү мектепте бир класс, жумуштан келсе үйдө “бир класс”. Бирок бул бакыт эле, бул таалай болчу… Ал эми өмүрлүк жолдошу болсо үйлөнүп, жаш колуктусуна эки классты бирдей тапшырып коюп, алыскы Ленинграддагы (Санкт-Петербургдагы) окуусун бүткөнү кетти. Албетте, канчалык баары жакшы болгону менен бул жылдар Гүлбара Жалаловнанын көк жалдыгын сыноочу учурдун дагы бири болду…

ИЛИМГЕ АРНАЛГАН АЙЖАРКЫН ТАГДЫР

Нева боюндагы легендарлуу шаардан окуусун ийгиликтүү бүтүп келген жолдошу Абдыганы Халилов жаш адис катары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (ал учурда өлкөбүздөгү жападан жалгыз университеттин) журналистика кафедрасына ишке орношту… Кайрадан баш калаа, кайрадан жаңы чөйрө, кайрадан өмүрдүн жаңы нугу, кайрадан жашоонун жаңы барагы. Өткөн кылымдын 70-80-жылдары жаш үй-бүлөлөрүнүн башына түшкөн, тагдырдын энчиси сыяктанган турмуш, тагыраак айтканда, ар кайсы кожоюндун үйүндөгү квартиранттык жашоо. Жубайы экөө баарына чыдашты, баарын көтөрүштү, аймончок кыздарды, мураскер уулду табышты. Жубайы экөө бирине бири өбөк болду, бирине бири жөлөк болду…

Айылдагы балдардын ардактуу эжейи баш калаадагы Борбордук архивге кызматка орношту. Мындагы сегиз жыл Гүлбара Жалаловнага өтө көп нерсени берди. Ар бир баракты кастарлоону, ар бир маалыматтын кадырына жетүүнү, ар бир материалды аздек тутууну үйрөттү. Албетте, бул чоң олжо эле, бул табылгыс сонун тажрыйба болчу. Гүлбара Жалаловна бул мүмкүнчүлүктү эң сонун пайдаланды. Кругозору кеңейди, дүйнө таанымы өстү, эл тарыхын дагы да ичкериден өздөштүрдү.

1990-жылы республикабыздын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институту кенже илимий кызматкерликке конкурс жарыялап калды. Көп нерсеге көзү жетип калган адис, көздөгөнүн аткарып көнгөн көкжалдыгы конкурска катышууга түрттү. Натыйжада, кыргыз илиминин алтын ордосу болгон Илимдер академиясынын кенже илимий кызматкери болуп калды. Кайрадан жаңы чөйрө, кайрадан өмүрдүн жаңы барагы, кайрадан жашоонун жаңы нугу…

Мына отуз бир жылдан бери ушул куттуу жердин даамын татып, ушул куттуу жерге өмүрүн арнап, эмгегин сиңирип (ооба, эмгегин сиңирип!!!) келе жатат. Алгач филологиялык багыттагы экинчи адистикке ээ болгон соң, илимий тема алып, 2000-жылы “Түрк элдеринин поэмаларынын кыргыздарга таралышы жана айтылыш өзгөчөлүгү” деген темада кандидаттык диссертациясын коргоду. Бул чоң сыймык эле, айрыкча тээ балалыгы калган Жерге-Тал үчүн өзгөчө чоң аброй болчу. Анткени Гүлбара Жалаловна Жерге-Талдын кыздарынын арасынан чыккан эң биринчи илимдин кандидаты болду.

Илимдер академиясындагы отуз бир жылдык өмүрүндө окумуштуу катардагы кенже илимий кызматкерден баштап Колжазмалар фондусунун башчысы (1992), окумуштуу катчы (1996), фольклор жана акындар поэзиясы бөлүмүнүн улук илимий кызматкери (2001), бөлүм башчысы (2013), жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеп келе жатат. Сөздүн чыныгы маанисинде Тил жана адабият институтунун ысыгына күйүп, суугуна тоңгон илимпоз окумуштуусуна айланды. Гүлбара Жалаловнанын көздөгөнүн аткарып көнгөн көк жалдыгы ушундай ийгиликтерге жеткирди. Албетте, булар өмүрдөгү кызматтык гана баракчалар болду. Ал эми илимдеги жетишкендиктер, илимдеги ийгиликтер жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек.

2000-жылы кандидаттык диссертациясын коргогон окумуштуу 2003-жылы “Кыргыз балдар фольклорунун жанрдык составы жана поэтикасы” деген монографиясын, 2009-жылы “Адабий портреттер жана проблемалар” деген илимий макалалар жыйнагын, 2013-жылы “Кулмырза менен Аксаткындын изи менен Кубат бийдин тарыхына карай”, 2015-жылы “Кыргыз өлөңдөрү” деген изилдөөлөрүн, 2015-жылы “Кыргыз элдик поэмаларынын табияты” (Жанр. Сюжет. Историзм) аттуу монографиясын, 2020-жылы “Жылдар, ойлор, изилдөөлөр”, 2021-жылы “Фольклордук жанрлардын өзгөчөлүктөрү” илимий эмгектеринин жыйнактарын чыгарган.

Ал эми 2017-жылы академик А.Акматалиевдин илимий жетекчилиги менен “Кыргыз элдик поэмаларынын историзми жана жанрдык жаңылануу (Жанр. Сюжет. Историзм)” деген темада докторлук диссертациясын коргоду.

Гүлбара Жалаловна мындан сырткары Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун аброюн көтөргөн чоң-чоң илимий долбоорлордун белдүү катышуучуларынын бири болуп келет. Айталы, академиянын зобололуу окумуштуулары тарабынан даярдалып, жети томдон турган “Кыргыз адабиятынын тарыхы” деген фундаменталдуу илимий эмгектин авторлорунун бири катары Кыргыз Республикасынын илим жана техника багытындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду (2004)…

Өмүрлүк жолдошу Абдыганы Халилов ошол Ленинграддан келген 1980-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде иштеп келет. Ал киши да жөнөкөй окутуучулуктан “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамына чейинки жолду басып өттү. Далай жыл кафедра башчысы, факультеттин деканы болуп иштеп, кыргыз журналисттеринин бүтүндөй бир армиясын даярдап чыгарган асыл баа устатка айланды.

Жогоруда айтылгандардын баары Гүлбара Жалаловнанын өмүрү даңктуу жана сыймыктуу өмүр экендигин эң сонун далилдеп турат. Бир кезде Жерге-Талдын керемет айылдарынын бири Кара-Шородон билим, илим издеп келген, атасынын көк жал мүнөз эрке кызы бүгүнкү күнү бай түп дарактай болуп дүркүрөп бой керип, дүпүйгөн карааны алыстан көрүнүп, көргөн көздү сүйүнтүп турган учуру. Жараткан ушунусун кут кылсын, ылайым, демекчибиз.

Садык АЛАХАН

 

Бөлүшүү

Комментарийлер