“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” АЛДЫҢКЫЛАРДЫН КАТАРЫНДА

  • 29.06.2021
  • 0

Р.Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фонду үстүбүздөгү жылдын 23-январынан   тарта “SECOM” билим берүү борборунда STEM-предметтерине басым жасоо менен  “Илимдеги кыздар”  долбоорунун катышуучуларын Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган эле. Жыйынтыгында ЖРТда кыздар 196дан 217 упайга чейин алышты. Алардын айрымдары менен окурмандарды тааныштыралы.

 

Алдыңкылар

№2 Новопокровка мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Айдай Болотбекова  мектепти ийгиликтүү аяктады. Ал «Илимдеги кыздар» долбоору жөнүндө укканда, ага катышууну чечип, И.Раззаков атындагы КТУга сыноо тестти тапшырган.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” АЛДЫҢКЫЛАРДЫН КАТАРЫНДА

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” АЛДЫҢКЫЛАРДЫН КАТАРЫНДА

— Бул долбоорго технологияга, так илимдерге, инженерияга жана математикага кызыккан кыздар катышты. «Илимдеги кыздар» долбоору бизге «Секом» билим берүү борборунда үч ай ЖРТга акысыз даярдануу мүмкүнчүлүгүн берди. Бизди топторго бөлүп, даярдоону январь айынын аягында башташты. Жумасына эки жолу: ишемби жана жекшемби күндөрү “Секомдо” саат 9:00дөн 14:00го чейин  даярданып жаттык. “Секомдун” билим берүү системасы мага абдан жакты. Эжейлер, агайлар баарын жеткиликтүү тилде түшүндүрүп жатышты. Ал жактан айына бир жолу сыноо тестти тапшырып турдук. Менин берген жыйынтыгым ар кандай болуп жатты. Биринчи тестирлөөдө — 180, кийинкисинде — 163 жана 188 болду. «Илимдеги кыздар» долбооруна катышып жатып абдан көптөгөн кызыктуу нерселерди билдим, жаңы досторду таптым.  Келечектеги кесибим катары  IT программалоону тандап алдым. Анткени, бул келечектин кесиби деп эсептеймин. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 196 балл алып, мектептеги эң жогорку балл алган окуучу болдум. Ал эми кошумча сабактардан: англис тилинен — 96, математикадан — 98 баллга ээ болдум. «Илимдеги кыздар» долбооруна катышканыма абдан кубанычтамын, — дейт бүтүрүүчү.

Ал эми 196 балл алган Бишкек шаарындагы №15 орто мектептин бүтүрүүчүсү Сизикова Вероника ириде бул жетишкендик үчүн “Р.Отунбаева демилгеси” эл аралык коомдук фондуна ыраазычылыгын билдирди.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” АЛДЫҢКЫЛАРДЫН КАТАРЫНДА

— Фонддун “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында ЖРТга акысыз даярдандык, мектепте жетишпей калган, ала алалбай калган билимдерди ушул жерде толуктадык деп ойлойм. Январь айынан баштап апрелге чейин бекер окудук. STEM деген жаңы түшүнүк аркылуу менин көз карашым өзгөрдү. Буга чейин маркетолог кесибин тандап алган болсом, фонддо окугандан кийин илим жолун тандап, программист болууну чечтим. Аялдар дагы илим бийиктигин багындыра алаарын түшүндүк. Эмгек менен билим – өлкөнүн бактылуу келечеги!

“Илимдеги кыздар” долбоорунун дагы бир катышуучусу, Ош шаарындагы К.Алтыбаев атындагы №14 мектептин 11 “А” классынын бүтүрүүчүсү Полина Ким ЖРТдан 217 балл алганга жетишкен.

“ИЛИМДЕГИ КЫЗДАР” АЛДЫҢКЫЛАРДЫН КАТАРЫНДА

— “Секомдо” үч жолу сыноо тестти тапшырдык. Биринчисинде мен – 176, экинчисинде – 168 жана акыркысында 187 балл алганга жетиштим. ЖРТга даярдык “Секом” билим берүү борборунун программасынын алкагында жүрдү. Мугалимдер керектүү китептерди таратып берип, сабактары дагы абдан кызыктуу экен. Ар бир жумада эле тест тапшырып жаттык, түшүнбөгөн жерди кайра кайталап түшүндүрүп турушту. Үйгө тапшырманы көп беришти, билбей калган же ката кетирген жерлерди мугалимдер менен талдап, каталарыбызды оңдоп турдук. Орус тилинен жумасына үч саат жана математикадан дагы үч саат окуп жаттык, — дейт Полина Ким.

Полинанын айтымында ЖРТ ачык-айкын өттү. Ошол эле кезде бүтүрүүчү мектеп мугалимдеринин жана ата-энесинин эмгегисиз, колдоосусуз бул ийгиликке жетишмек эмес.

— Назгуль Исраиловна, Гулиза Борбоевна, Зухра Аскарбековнага ырахмат! ЖРТда биологиядан – 120, математикадан – 116 жана англис тилинен – 125 балл алганга жетиштим, — дейт кубанычы койнуна батпаган Полина.

Кыздардын көз карашын өзгөрткөн долбоор

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында  өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүлүп жатат.

Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда.

— «Илимдеги кыздар» программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 000 кызды тренингдерге катышууга тартуу максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча командада мыкты, тажрыйбалуу адистер тартылган. Андыктан алдыга коюлган максатка жетебиз деп ишенем.  “Илимдеги кыздар” долбоорундагы кыздардын маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында дараметин бекемдөө үчүн иш жүргүзүлүп жатат. Долбоордун негизги максаты — кыздарды STEM багытына кызыктыруу, тартуу. STEM (Science, technology, engineering, and mathematics) — бул илим, технология, инженерия, математика деп чечмеленгендиктен, долбоордун негизги багыты болуп кыз-келиндердин так илимдерге болгон кызыгуусун күчөтүү болуп саналат, — дейт фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева.

Долбоордун максатын ишке ашырууда “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан бүгүнкү күндө так илимде кыздардын орду, саны боюнча анализ жүргүзүү, менторлук иш-чара, кыздарды ЖРТга даярдоо менен так илим багыты боюнча окуу жайларга өтүүдө багыт берүү жана билим берүү стандарттарын анализдөө менен атайын колдонмо, программаларды даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп келет.

— Долбоор алкагында 14-18 жаштагы 500 окуучу кыз жамааттарындагы жаш кыздарга үлгү боло ала турган жана миңдеген кыздарды өзгөрүүгө шыктандыруучу болууга даярдоого жардам көрсөтүлөт. Азырынча долбоорго Бишкек шаарынын жана Чүй, Ош облусундагы пилоттук мектептерден кыздар тандалып алынган. Кыздардын техникалык илимдерде ийгилик жаратып, карьерасын өстүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча иш жүргүздүк. Окутууларга калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздар да катышты, — дейт Д.Кендирбаева.

Долбоордун насаатчылык программасы

Насаатчылык программасынын максаты — кыздарды STEM-билим берүүгө жана патриоттук тарбиялоого тартууга багытталган билим берүүнүн натыйжалуу системасын түзүү.

— «Илимдеги кыздар» долбоорун ишке ашыруунун (2021-2022-жылдар) алкагында 200 насаатчы жана Бишкек шаарынын, Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорунун, Ош шаарынын жана Ош облусунун Кара-Суу районунун пилоттук мектептеринен 2600 окуучу кызы тандалып алынган. Ментордук курстар үч этап менен уюштурулуп, мында беш ай бою насаатчылар өздөрүнүн шакирттерин коштоп жүрүштү. 2021-жылдын мартынан тартып ментордук курстардын биринчи этабы ишке тартылган бизнес-ассоциациялардын 100 ментору жана STEM-кесиптериндеги айымдар менен башталган. Ар бир насаатчыга Бишкек шаарынын, Ош жана Чүй облустарынын мектептеринин STEM адистиги боюнча ЖОЖдорго тапшырууну пландаштырып жаткан 7-10-класстарынын кыздарынын тобу бекитилген, — дейт “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун директорунун орун басары Роза Кайыкова.

STEM билим берүү жагындагы насаатчылык – бул табигый-техникалык багыттагы тармактарда кыздарды (шакирттерди, башкача айтканда, ментини) өнүктүрүүнүн өбөлгөсү. Насаатчылык курстарынан өткөн кыздар STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнүүгө тийиш.

— «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын долбоорунун алкагында натыйжалуу насаатчылык билимдерин жана жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн «Ментор үчүн колдонмо» иштелип чыккан, ал эми алынган билимдерди кыздар ийгиликтүү пайдаланышы үчүн «Шакирттин күндөлүгү» иштелип чыккан. Баардык иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча, бери болгондо насаатчылык курсунан өткөн үч миң кыз STEM’ди тандоонун артыкчылыгын аңдап-түшүнөт жана STEM’де өз мансабын же билимин улантат деп пландаштырылып жатат, — деди Р.Кайыкова.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер