УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫН УЙКУДАН ОЙГОТУУ КЕРЕК

  • 26.09.2022
  • 0

Учурда Улуттук илимдер академиясын ЖОЖдор менен интеграциялоо демилгеси көтөрүлүп жатат. Арийне азыр бизде аталган маселени колдогондор да, караманча каршы болгондор да жок эмес.

Интеграция идеясына каршы болгондор көбүнесе борборлоштурулган илимдин совет доорундагы  жетишкендиктерине таянышууда. Чындыгында эле союз тушундагы илимдин ар кайсы тармактардагы иликтөөлөрү бараандуу болгонун тана албайбыз.

Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков өткөн кылымдын 30-жылдарынан башталган илимий изилдөө иштери Улуттук илимдер академиясынын совет коомундагы баа жеткис ордун аныктап, Советтер Союзу маалында чындыгында көптөгөн көрүнүктүү иштер жасалганын, борборлоштурулган илимий иликтөөлөр  мамлекеттин экономикасына олуттуу салым кошконун, ошол эле учурда, Союз тарагандан кийинки академиянын илимий жаңылыктар багытындагы пассивдүүлүгү ачык-айкын байкалганын айтат.

— Албетте, аракеттер арбын, илимпоздор мамлекеттин бергенинче иштеди. Скопус базасында илимде жана инновацияда мамлекеттердин ичинен 124-орундабыз,​ фирмалар менен кошо эсептелгенде, 166-орундабыз. Илим, инновация, технология жактан артта калдык. Буга жалгыз гана академия күнөөлүү деп айтуудан министрлик албетте алыс турат. Ошентсе да, Улуттук илимдер академиясында, деги эле мамлекеттин илим жаатында, кечиктирилгис реформа керек. Ушул өңүттө жакында мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө илимдин салымын көбөйтүү деген таризде жарлыктын долбоору даярдалып, мамлекеттик органдарга берилди, — дейт министрликтин илим бөлүмүнүн башчысы.

Жылдызбек Жакшылыковдун пикиринде коомдо бул теманы бурмалаган учурлар байкалып, «Академия жоюлат экен», «Бүгүнкүгө чейинки байлыкты жок кылып жатышат» деген сыяктуу пикирлер социалдык тармактарда жазылып, өзгөчө илимий чөйрөдөгүлөр тынсызданып жатышат.

— Бирок дагы бир жолу баса белгилеп кетчү нерсе, министрлик эч кандай илимдеги тарыхый баалуулуктарды жок кылбайт, академияны жойбойт. Болгону академиянын кээ бир институттарын натыйжалуу иштеши үчүн профилдик жогорку окуу жайларына өткөрүп берүүнү көздөйт. Академиктер, профессорлор ансыз да жогорку окуу жайлары менен иштешип келет. Эгер бул жарлык чыгып калса, менеджмент гана өзгөрөт деп ишенебиз. Бардык илимий табылгалар, баалуулуктар, институттар сакталат. Тескерисинче дагы да колдоого ээ болуп, өсүп-өнүгөт. Ушул аракетти жана ниетти көргүсү келбегендер бар. Бирок министрликтин позициясы так, жарлыктын долбоору толуктоо үчүн бизде иштелип жатат, — деп айтат Жылдызбек Жакшылыков.

Министрликтин Контролдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Билбаева  илим академиялык илим, ЖОЖдордун илими жана тармактык илим болуп  үч форматта өнүгөт деп эсептейт.

-Үчөөнүн тең өнүгүүсүндө кемчиликтер болуп жатат. Кыргызстанда жылына орточо 30 докторлук, 200 кандидаттык диссертация жазылат экен. Ушу тапта 5 миңден ашуун илим кандидаты, 2 миңге жакын илим доктору бар деп жатабыз. Тилекке каршы, жөн эле диссертация жазылып,ал жарыкка чыгып, ошо тейден калып кетип атат. Ал эми илим деген элге, экономикага иштеши керек, — дейт министрликтин адиси.

Гүлзада Билбаева Кыргызстан  акыркы жыйырма жылдан бери рынок экономикасында жашап жатканына карабастан, илимди уюштуруу олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болбогонун, анан калса, СССР убагындагы менен салыштыра турган болсок, мамлекет илимди өнүктүрүүгө жетиштүү каражат бөлө албаган үчүн, илимдин эл чарбасына кошкон салымы минималдуу болуп жатканын белгилейт.

— «Илим» беренеси боюнча бюджеттик каражаттардын негизги үлүшү, тагыраагы, алардын үчтөн экиси жыл сайын Улуттук илимдер академиясынын ишин камсыз кылууга бөлүнөт, — дейт ал.

Гүлзада Билбаеванын ою боюнча  Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясы учурда өз  башынан кечирип жаткан кризис  прикладдык илимий-техникалык маселелерди чечүү үчүн ар кандай профилдеги илимий мекемелерди каржылоонун бирдиктүү принциптерин колдонуу, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн татаалдыгы, илимди жана жогорку окуу жайларын белгилүү бир жол боюнча башкаруу —  академиялык илимдин экономиканын реалдуу секторуна кошкон салымынын жетишсиздигинин натыйжасында улуттук илимий-техникалык комплекстин натыйжалуу өнүгүшүнө бөгөт коюу факторлору менен шартталган.

—  Кыргызстанда илимдин бул багыттарында  бирдиктүү координация жок, бул координациялоону кыйындатат. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, илимпоздор жалаң изилдөөчүлөр жана окутуучулар деп бөлүнбөйт. Эреже катары, алардын экөө тең илим менен да, окутуучулук менен да алектенишет, илимий-изилдөө институттарынын кеңири тармагы болуп эсептелген  университеттерге караштуу бирдиктүү илимий-билим берүү борборлорунда иштешет, — деп айтат Г. Билбаева.

Министрлик адисинин ишениминде  университеттин илимин каржылоонун жаңы элементи катары бүгүнкү күндө чакан, бирок эң жөндөмдүү жамааттарды жана айрым окумуштууларды колдоо үчүн негиз катары каралып жаткан гранттар системасын көрсөтүүгө болот. Анткени илим изилдөөдөгү бул жаңы ыкма изилдөө темаларын тандоодо өз алдынчалыкка жол ачып, фундаменталдык көйгөйлөрдүн чечимдерин андан ары издөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, дагы бир олуттуу фактор – илим тармагындагы  бирдиктүү саясаттын жоктугу.

-Билим берүү, илим тармагында саясатты жүргүзүүчү орган Билим берүү министрлиги болушу керек, баардыгы ага баш-ийип,  координация ушул жерден башталыш керек, -деди Г. Билбаева.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер