ИДЕЯДАН РЫНОККО ЧЕЙИН: КМТУНУН ИННОВАЦИЯЛЫК ЭКОСИСТЕМАСЫ
- 28.08.2026
- 0
Студенттик идеянын лабораториядагы алгачкы долбоордон рынокто суроо-талапка ээ болгон даяр продуктка айланышы жогорку окуу жайдагы инновациялык чөйрөнүн канчалык деңгээлде иштеп жатканын көрсөтөт. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ишке ашып жаткан «Dron-KIT» стартапы буга айкын мисал боло алат. Студенттик команда дрондорду иштеп чыгып гана тим болбостон, аларды сериялык чогултууну да жолго койгон. Бүгүнкү күндө бул учкучсуз учуучу аппараттар коммерциялаштырылып, фермерлерге жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жеткирилүүдө. Студенттер техниканы сатуудан тышкары, программалоо жана тейлөө кызматтарынан да киреше табышат. 
Бул мисал КМТУдагы инновациянын бир гана идея же сынак менен чектелбей, студенттин билим алуусунан баштап прототип түзүүгө, аны өндүрүшкө киргизүүгө жана рынокко чыгарууга чейинки толук циклди камтыган системага айланып жатканын көрсөтөт. Университеттин инновациялык экосистемасы кагаз жүзүндөгү пландар эмес, практикалык натыйжа берүүгө багытталган иштеп жаткан механизм катары калыптанууда. 
ИННОВАЦИЯ ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН ИНФРАСТРУКТУРА
Инновациялык экосистеманын негизги ресурсу — материалдык-техникалык база. Акыркы беш жылда КМТУда 28 жаңы окуу-илимий лаборатория жана борбор ачылган. Алар студенттерге теориялык билимди практикалык иш менен айкалыштырууга шарт түзөт.
«Бул багытта Кытай менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «Лубань» жана «Мо-Цзы» чеберканалары өзгөчө мааниге ээ. «Лубань» чеберканасын ишке ашыруу мөөнөтү 2033-жылга чейин белгиленип, жол курулушу, гидротехника, энергетика жана машина куруу тармактары үчүн адистерди даярдоого багытталган. Долбоорлордун алкагында электроэнергетика, гидравлика, геодезия жана өнөр жай автоматикасы боюнча 15 жаңы лаборатория түзүлгөн», — дейт университеттин илимий иштери боюнча проректору Римма Элеманова. 
Мындан тышкары, KOICAнын колдоосу менен түзүлгөн FabLab Bishkek санариптик өндүрүш лабораториясы студенттердин идеяларын прототипке айландырууга мүмкүнчүлүк берет. Долбоордун жалпы бюджети 3 млн АКШ долларын түзөт. Бул жерде студенттер санариптик өндүрүш жана лабораторияларды башкаруу боюнча билим алып, өз идеяларынын алгачкы үлгүлөрүн иштеп чыгышат.
КМТУда Шэньси кесиптик-техникалык колледжи жана Xi’an Tianyi Intelligent Control Education Technology компаниясы менен өнөктөштүктө «Учкучсуз учуучу аппараттар» окуу борбору да ачылган. Борбор геодезия, транспорт, геоинформатика жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу тармактарда дрондорду эксплуатациялоо боюнча адистерди даярдоого багытталган.
Университеттин илимий потенциалын беш илимий изилдөө институту жана эки илимий борбор толуктайт. Алардын катарында Энергетика жана байланыш илимий изилдөө институту, Сейсмотуруктуу курулуш илимий изилдөө институту, Кыргыз минералдык чийки зат институту, Химиялык-технологиялык илимий изилдөө институту, Физикалык-техникалык көйгөйлөр илимий изилдөө институту, профессор Ш.А. Мамбетов атындагы «Геоквантум» илимий-техникалык борбору жана «Конас» илимий-инженердик борбору бар.
Практикалык даярдык үчүн «Геоквантум» борборунда штольня калыбына келтирилип, жабдылган. Анда тоо-кен иши, геология жана геодезия багытындагы студенттер практикалык сабактарды өтүшөт.
2023-жылы университетте кубаттуулугу 80 кВт болгон күн электр станциясы ишке киргизилген. Азыркы учурда Кыргызстандын аймактарынан адистер семинар-тренингден өтүп жатышат. 
ИДЕЯНЫ КОММЕРЦИЯЛАШТЫРУУГА ЧЕЙИНКИ КОЛДОО
Инновациялык системанын натыйжалуулугун анын рынокко чыккан иштеп чыгуулары менен баалоого болот. «Dron-KIT» стартабынан тышкары, КМТУнун Технопаркы да бул процессте маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күндө анын ири долбоорлорунун бири – президенттик «Алтын Казык» долбоорунун алкагында мугалимдер үчүн ноутбуктарды чогултуу иши. Учурда мектептерге 54 миң ноутбук берилсе, дагы 30 миңи чогултуу баскычында турат. Бул университеттин мамлекеттик масштабдагы ири заказдарды аткара ала турган өндүрүштүк потенциалын көрсөтөт.
Инновацияларды каржылоо да бир нече багытта жүргүзүлөт. Биринчиден, университет мамлекеттик жана эл аралык гранттарга катышат. Мисалы, Horizon — 2020 программасынын алкагындагы Hydro4U долбоору чакан ГЭСтер үчүн 50 438 евро каржылоо алган. Erasmus+, USAID, PECA GIZ жана Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен бир катар долбоорлор ишке ашырылууда.
Экинчиден, студенттер хакатондор аркылуу каржылык колдоого ээ болушат. Акыркы жылдары КМТУнун командалары «Стартап-нация» IT-хакатонунда 700 миң сом, Race to Rethink Plastic эл аралык сынагында 850 миң сом, «Кыргызстан үчүн 100 идея» сынагында 100 миң сом, Эко-хакатондо 85 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыктарды утуп алышкан.
Үчүнчү багыт – университеттин ички колдоосу. КМТУда жыл сайын «KSTU Start-up» сынагы өткөрүлүп, мыкты долбоорлор инфраструктуралык жана акселерациялык колдоого, ошондой эле прототиптерди иштеп чыгууда ички каржылоого ээ болушат. 
СТУДЕНТ – ИННОВАЦИЯЛЫК СИСТЕМАНЫН НЕГИЗГИ КАТЫШУУЧУСУ
Бул системанын негизги пайда алуучулары – студенттер жана жаш окумуштуулар. Технопарктагы инкубация жана акселерация программаларынан жыл сайын 20дан ашуун инновациялык студенттик долбоор өтөт. Окуу процессине да инновациялык багыттагы жаңы дисциплиналар киргизилип, алардын арасында «Жасалма интеллектке киришүү», «Робототехника», «Жасалма интеллект системаларынын кибертуруктуулугу», «Учкучсуз учуучу аппараттарды башкаруу» сыяктуу сабактар бар.
Студенттердин ишкерлигинин дагы бир маанилүү көрсөткүчү – КМТУнун Enactus командасынын ийгиликтери. Команда «Expo Youth Startups – 2026» улуттук этабында жеңишке жетип, Кыргызстанды Enactus Дүйнөлүк Кубогунда Бразилиянын Сан-Паулу шаарында таанытуу укугуна ээ болду. Ал эми «TapTyk» социалдык долбоору Түштүк Кореяда өткөн Seoul Smart City Prize сынагында «Human CentriCity» номинациясында жеңишке жетип, 15 өлкөнүн командаларын артта калтырды.
Команданын Hult Prize багытындагы ийгиликтери да КМТУдагы студенттик инновациялардын эл аралык деңгээлге чыгып жатканын көрсөтөт. «Bagyt» инновациялык долбоору Hult Prize Digital Incubator программасынын жыйынтыгында дүйнөдөгү 90 мыкты стартаптын катарына кирген. Буга чейин команда Hult Prize Kyrgyzstan – 2026 улуттук сынагында жеңип, Кыргызстанды эл аралык этапта таанытуу укугуна ээ болгон. «Eco Pakhta» долбоору болсо сынактын жарымфиналисти болгон.
«Биздин студенттер менен жаш окумуштуулардын илимий иштеп чыгуулары да практикалык мааниге ээ. Студент Эдил уулу Бекжан жана магистрант Темиркулов Марсэль КМШ мамлекеттериндеги илимий мекемелердин билим берүү борборлорунда аспиранттар жана жаш окумуштуулар үчүн стажировкаларды уюштурууга багытталган веб-платформаны иштеп чыгышкан. Ошондой эле КМТУда Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында алгачкы университеттик ИИ-ассистент — BRAIN KSTU ишке киргизилди. Ал университеттин расмий сайтына интеграцияланып, талапкерлерге, студенттерге жана колдонуучуларга кабыл алуу, билим берүү программалары, даярдоо багыттары жана окуу процесси тууралуу маалыматты тез алууга жардам берди», — дейт
Римма Элеманова. 
УНИВЕРСИТЕТ МЕНЕН БИЗНЕСТИН ЖАКЫНДАШУУСУ
КМТУдагы инновациялык экосистеманын маанилүү өзгөчөлүгү – университет менен экономиканын реалдуу секторунун ортосундагы байланыштын бекемделиши. Бүгүн илимий иштеп чыгуулар өндүрүшкө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Буга «Бадырак ванилдүү» продуктусу мисал. Н.Конкубаеванын ойлоп табуусу боюнча КР 1469 патентинин негизинде өндүрүү технологиясы «Макый-Дан» ЖЧКсында өнөр жайлык апробациядан өтүп, учурда продукция массалык түрдө чыгарылууда.
Ошондой эле КМТУ менен «Алайку Органикс» ЖЧКсынын ортосунда «Мумалак» модификацияланган сүт суусундугун жана «Дархан» каймак сырын ойлоп табууга жана өндүрүү технологиясына өзгөчө укукту өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөн.
Демек, КМТУдагы инновациялык экосистеманын негизги өзгөчөлүгү – идеяны жаратуу менен гана чектелбестен, аны лабораторияда сыноого, прототип түзүүгө, гранттык жана ички каржылоого, бизнес менен кызматташууга жана акырында рынокко чыгарууга шарт түзгөнүндө.
Чолпон Кийизбаева,
«Кут Билим»
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды).
Комментарийлер