Идеология улуттук нарктан башталат
- 14.01.2025
- 0
Академик К.Юдахиндин орусча-кыргызча сөздүгүндө: “Идеология – тиги же бул таптын кызыкчылыгын көздөгөн саясий, укуктук, диний, адабий, философиялык ж.б. көз караштардын жыйындысы б.а. өлкөнүн улуттун келечегин, тагдырын, багытын аныктаган түшүнүктөрдүн топтому” — деп жазылса, Кыргыз совет энциклопедиясында (Фрунзе-1997-ж.): “Идеология – коомдук мамилелерди бекемдөөгө же өзгөртүүгө багытталган иш-аракеттердин максаты чагылдырылган көз караштардын жана идеялардын системасы” деп көрсөтүлгөн.
Миңдеген жылдардан бери өзүнүн саны эмес, сапаты менен өзүн сактап келген улутубузду ааламдашуу деген “ажыдаардан” сактап, өз алдынча өнүгүп-өсүп кете ала турган улуттук үрп-адат, каада-салттарыбыз, наркыбыз өзөгүн түзгөн улуу идеяны же идеялардын топтомун эгемендүүлүктүн жылдарында элибизге сунуш кылындыбы? Жок, деп кесе эле айтканыбыз туура болот.
Кыргыз тилинин Мамлекеттик тилге айланганына 35 жылдын жүзү болду. Жыл сайын Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган күндү майрам катары белгилемиш болуп, өзүбүздү өзүбүз алдап келе жатабыз. Аталган мыйзам Жогорку кеңеш тарабынан кабыл алынганда аны аткарууга 10 жыл белгиленип, 2000-жылдан баштап өлкөнүн жашоосу мамлекеттик тилде жүрүүгө тийиш эле. Тилекке каршы, канчалаган жарлыктардын, токтомдордун чыкканына, кооз сөздөрдүн айтылганына карабастан аларды аткаруунун так механизмдери аныкталбагандыктан, алар сунуш иретиндеги усулдук колдонмо катары кала берүүдө. Президентибиз С.Жапаров мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кээ бир министрликтер тарабынан 30 жыл ичинде 20 пайыздын айланасында аткарылганын мисал келтирген жайы бар. Ушундай темп менен кетсе мындай министрликтердин аталган мыйзамды толук аткаруусу үчүн дагы 120 жыл керек болот экен. Анча убакытта кыргыз тили аны менен кошо кыргыз улутунун сакталып калышына ким кепилдик бере алат? Эт, картошка, пияз, ж.б. күнүмдүк муктаждыкты канааттандыруучу азык-түлүк өсүмдүктөрүн өндүрүү планын аткарбагандыгы үчүн союз учурунда да, азыр да түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик кызматчыларга административтик жазалар берилип, ээлеген кызматынан бошотулуп келе жатат. Бирок улуттун келечегин, тагдырын аныктоочу мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды аткарбагандыгы үчүн кандайдыр бир министрди, губернаторду, акимди, кызматынан бошотуп же сөгүш жарыяланганын көрө элекпиз. Аткаруу жоопкерчилиги жоктугунан ал мыйзам аткарылбай жатканына 35 жыл болду. Идеология маселесин жөнгө салып туруучу “мамлекеттик катчы” кызматынын кайрадан киргизилиши, ал кызматка турмуштук тажрыйбасы бай, билими терең, өзгөчө салт жана наркка байланышкан ойлорду кынаптап таасирдүү айта билген замандашыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун коюлушу эң туура жасалган иш деп эсептейм. Тилекке каршы, “мамлекеттик катчы” институту толук калыптанбаган, институт катары калууда. Анткени бийликтин облустук, район-шаардык, аймактык бөлүмдөрүндө атайы идеология иши менен алектенген өкүлдөрү жок, “социалдык” деп аталган бөлүмдөрдүн кызматкерлери түрдүү маалыматтарды топтоо, даталуу күндөргө карата күнүмдүк иш-чараларды өткөрүү менен алектенишет. Советтик доордогу коммунизмди куруу идеясынын айланасында республика, облус, район-шаарлардын, колхоз, совхоздордун деңгээлинде ырааттуу түрдө жүргүзүлгөн идеологиялык иштердин негизинде коммунисттик доор 70 жылдан ашуун өмүр сүрдү. Тагдырдын белеги катары келген эгемендүүлүк жылдарында “коммунизмди куруу” сыяктуу багытыбыз жок, түрдүү өлкөлөрдү туурап өнүккүбүз келди, бирок анте алганыбыз жок. Эгемендүүлүктүн жылдарындагы эң башкы жоготуубуз – улуттук идеологиябыздын жоктугу жана аны иштеп чыга албагандыгыбыз болду. Президентибиздин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү, “2021-2026-жылдары КРдин Кыргыз жараны деп өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы” жөнүндөгү, “Улуттук нарк” жөнүндөгү жарлыктары улуттук идеологияны иштеп чыгууга карата даярдык көрүү чаралары сыяктуу болуп калды. Азыркы учурда президентибиздин жарлыгы менен мамлекеттик катчы башында турган коомубуздун бардык катмарларынын өкүлдөрү катышкан мамлекеттик комиссия улуттук идеологияны иштеп чыгууну кызуу жүргүзүүдө. Өлкөбүздүн жаркын келечегинин кепилдиги боло турган бул документ кабыл алынса, анын аткарылышы кагаз бетинде жакшы каалоолордун, тилектердин тизмеси катары калбасы үчүн бийлик бутактарынын бардык тепкичтеринде идеология маселелери менен гана иштей турган жооптуу кызматкерлердин штаттарын түзүү зарыл. Мамлекеттик органдарды, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу иштери жүргүзүлүүгө тийиш, бирок улуттун келечегинин кепилдиги болгон улуттук идеология үчүн акча каражатын аябоо зарыл деп эсептейм. Ошондой болгон учурда гана башында мамлекеттик катчы турган бул институт өз милдеттерин аткара алат. Азыркы учурда мамлекеттик катчы жоокерлери жок командирдей сезилет. Советтик доордо кандайдыр бир маанилүү маселе боюнча партиянын борбордук комитети тарабынан чечим кабыл алынса, ал чечим союздук республикаларга, андан ары облустарга, район-шаарларга, колхоз-совхоздорго, тоолордогу малчыларга чейин жетип, партиянын саясатын түшүндүрүү иштери жүргүзүлөр эле. Ушул иштердин баарын түрдүү деңгээлдеги бийлик бутактарындагы идеологиялык бөлүмдөрдүн кызматкерлери жүзөгө ашырышчу. Ал доордогу жакшы тажрыйбаларды пайдалануу зарыл. Учурда жогоруда аталган өзгөчө маанилүү президенттин жарлыктарын эл арасында түшүндүргөн, таркаткан гезит, журналдар жетишсиз, ошондуктан элдин көпчүлүгү андай жарлыктардын бар экенин да билишпейт, абалды анализдеген адам аз. Адилеттүүлүк үчүн бул багытта УТРКнын алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгын белгилөөгө болот, бирок телевизорду да элдин көпчүлүгү көрүшпөйт.
Китеп окулбай калды, адамдарды китеп окууга кантип тартабыз деген маселе жалпы көйгөйгө айланды. Телефон коомду өзүнө көз каранды кылды. Бул көз карандылыкты басаңдатуу үчүн түрдүү ойлор, сунуштар айтылууда, бирок “мода жөнүндө сөз узарган сайын мода кыскарып барууда” дегендей бул маселеде да чечкиндүү практикалык кадамдар жасала элек, негизинен телеберүүлөргө чыгып кейип-кепчүүдөн ары бара элекпиз. Китеп окугула, руханий байлыктардын баары ошол жерде деген курулай чакырыктардан улам китеп дүкөнүнө барып китеп сатып алган же китепканага шашып барып китеп окуп калган жараныбыз боло элек. Мамлекет тарабынан эт, сүт, жумуртка ж.б. материалдык байлыктарды өндүрүү боюнча пландар берилет, алардын аткарылышы көзөмөлдөнөт жана кандай аткарылганына жараша сыйлыктар берилип же жаза чаралары көрүлөт. Эмне үчүн улуттун келечегин аныктоочу дөөлөттөрүбүз, руханий байлыктарыбыз катылган китеп окуу маселесине үстүртөн мамиле жасайбыз? Чексиз сандагы ресторандар, кафелер салынып, ашказанды толтуруу маселеси ашыгы менен аткарылууда. Ал эми айылдарда китепканалар, үйдө китептер жок, “башказандарыбыз” рухий азыгы жок бош калууда. Эмне кылуу керек?
Биринчиден, Президенттин, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, облустук, райондук, шаардык мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын аппарат кызматкерлерине ай сайын сөзсүз окула турган китептердин минималдык саны көрсөтүлгөн план белгиленип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынуусу зарыл. Жок дегенде окулган китептердин аттары аталган маалыматты бөлүм башчыларына тапшырып турушсун. Ошондой болгон учурда гана китеп окуу салтка айлана баштайт.
Экинчинден, Билим берүү жана илим министрлиги жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир класстын окуучулары сөзсүз окуй турган көркөм адабий, тарыхый китептердин тизмесин бекитип, алардын аткарылышын талап кылуу зарыл. Окулган китептердин кандай өздөштүрүлгөнүн билүү максатында тесттерди өткөрүп туруу керек. Балдары окуган китептерди ата-энелердин да окуусу керек экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү туура болот. Шаарларда, райондун борборлорунда, айыл өкмөттөрүндө китепканаларды уюштуруп, аларды китептер менен толуктоо учурдун өзгөчө талабы.
Үчүнчүдөн, мамлекетти сыйлоо үчүн мамлекеттүүлүктүн белгилерин сыйлоо керек. Гимндин тексти көптөгөн катаал сыноолордон өтүп, Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Ал жөн гана ыр эмес, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн туюндурган улуттун улуу ыры-символу. Ошондуктан анын текстин да, музыкасын да билүү өлкөнүн ар бир жаранынын ыйык милдети болууга тийиш. Дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү үчүн өлкөнүн туусу көтөрүлүп, гимни ырдалганда спортчулардын көзүнөн кубанычтын, сыймыктануунун жашы куюлуп, ырдап турушканын көрүп жүрөбүз. Бизде өлкөнүн Президенти катышкан республикалык деңгээлдеги салтанаттуу иш-чараларда жазылып коюлган гимн ойнолуп, жыйындын катышуучуларынын 90 пайыздан ашыгы ооздоруна суу ууртап алгансып, гимндин ырдалып бүтүшүн жалдырап күтүп турушат, атүгүл алигиче сол колун көкүрөгүнө алып тургандар да көрүнүп калат. Мамлекеттүүлүктүн белгиси болгон гимнге карата болгон мамиле ушундай. Мамлекеттүүлүктүн символун сыйлабаган жарандар мамлекеттин өзүн сыйлайбы? Гимндин маанилүүлүгүн эл арасында түшүндүргөн, анын текстин, музыкасын үйрөткөн, ырдаткан мамлекеттик уюм да, жеке адам да жок. Жамааттар арасында гимнди ырдоо боюнча сынактар да өтүлбөйт. Ушулардан улам:
Биринчиден, Президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, жергиликтүү бийлик органдарынын аппараттарында ар аптанын дүйшөмбү күндөрү өткөрүлүүчү аппараттык жыйындарын, бардык окуу жайларында биринчи сабактарын гимнди жандуу ырдоо менен баштоону салтка айлантуу зарыл.
Экинчиден, Мамлекеттик гимн кабыл алынган 1992-жылдын 18-декабрына карата бардык деңгээлде жамааттарда жандуу ырдоо боюнча сынактарды өткөрүп, алардын жеңүүчүлөрүнө материалдык, моралдык колдоо көрсөтүү зарыл, ошондой болгон учурда гана гимнге болгон коомчулуктун мамилеси өзгөрүп, аны сыйлоо сезимдери калыптана баштайт. Дайыма 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашаган көп улуттуу өлкөбүз деп айтып келебиз. Ошол улуттар мамлекеттик тилде сүйлөөсү, Мамлекеттик гимнди ырдоосу үчүн мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн ырааттуу иш жок. Талап жана зарылдык болмоюнча мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын аткарылбаган жылдарын эсептеп, аны майрамдамыш болуп, жазылып коюлган гимндин ырдалып бүтүшүн жалдырап күтүп жүрө берет көрүнөбүз. Оогандардын, “Суу жөнүндө сүйлөй бергенден тегирмен жүрбөйт” деген макалы бар. Мамлекеттик тил, Мамлекеттик гимн, китеп окууга тартуу жөнүндөгү түрдүү деңгээлде тынымсыз жүргүзүлгөн талкуулар ошол суусу келбей калган тегирмен ташты курчап отуруп алып, кейип-кепчип түрдүү арман айтып отурган адамдардын тобу сыяктуу элес калтырат. Ошол топтун ичинен бир азаматы кетменди далысына салып, суунун башатына барып, тегирменге бара турган арыкка сууну бурса, тегирмен жүрүп, суу жөнүндөгү талкуу токтомок. Курандын маани-маңызын, пайгамбарыбыздын хадистерин элге тереңирээк түшүндүрүү максатында мусулмандар атайын топторду түзүп, эл аралап, атүгүл чет өлкөлөргө чейин даватка чыгышат. Эмне үчүн мамлекеттин келечегин аныктай турган жогоруда айтылган президенттин өзгөчө маанилүү жарлыктарын элге түшүндүрүү үчүн окумуштуулардан, саясатчылардан, мамлекеттик кызматчылардан, чыгармачыл адамдардын өкүлдөрүнөн атайы топторду түзүп, эл аралатып чыгарышпайт. Мындай иштерди уюштура турган идеологиялык кызматкерлер кайда? Суу келбеген тегирмен ташты айлана отуруп алып, кейип-кепчип түрдүү сөздөрдү айтып олтура бербей, алышка барып тегирменге келе турган арыкка сууну буруу убактысы келди.
Токомбай Турганбаев, КРдин билим берүүсүнө
эмгек сиңирген кызматкер,
Сузак району
Комментарийлер