Педагог кадрларды даярдоонун флагманына 80 жыл

  • 07.10.2025
  • 0

Педагог кадрларды даярдоонун флагманына 80 жыл

Өз мезгилинде кыргыз кыздарын илимий билим алууга тартуу, агартуу ишин өнүктүрүү, педагог кадрларды даярдоо жана жаш муундарга билим берүү зарылчылыгынан улам негизделген билим берүү мекемеси, алгачкы этапта жети жылдык билими бар кыргыз кыздарынан педагогдорду даярдаган педучилище катары ишмердүүлүгүн баштаган. Убакыттын өтүшү менен бул окуу жай өлкөнүн улуттук максаттары жана милдеттери менен шайкеш келген жогорку билим берүү системасынын өнүгүү талаптарына жооп берип, илимий-технологиялык прогресстин заманбап багыттарына ылайык өнүгүп, жогорку билим берүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун арттыруу аркылуу бүгүнкү күндө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети даражасына чейин өсүп, өлкөдөгү эң ири билим берүүчү жана илимий борборлордун бирине айланды.

Университет өзүнүн 80 жылдык тарыхында жогорку квалификациялуу жана компетенттүү адистерди даярдоо аркылуу улуттук билим берүү системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон. Ал педагог кадрларды даярдоонун флагманы катары таанылып, билим берүү тармагында илимий жана практикалык негиздерди бекемдөөдө негизги орунду ээлеп келет.

Бул жетишкендиктерди окуу жайдын ар кыл мезгилдеги көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрү айгинелеп турат. Алардын катарында Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими А. Койчуманов, Кыргыз Республикасынын эл мугалими С. Абдрахманова, СССРдин эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, профессор К. Сартбаева, Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери, профессор Р. Айтматова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Г. Молдоева жана Кыргызстандын биринчи айымы А. Жапарова сыяктуу кыргыздын сыймыктуу кыздары бар.

Окуу жайынын негизделиш мезгилинде Жолдошева Акима Оторбаевна тарыхый татаал шарттарда жетекчилик кызматка келип, кыргыз кыз-келиндерин педагогикалык билим алууга тартуу, билим берүү мекемесин уюштуруу жана өнүктүрүү иштеринде өзгөчө эмгек сиңирген. Бул алгачкы жетекчиликтен кийин окуу жайдын тарыхында жалпы 12 ректор эмгектенип, ар бири университеттин илимий-педагогикалык потенциалынын өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасынын чыңдалышына жана билим берүүнүн сапатынын жогорулашына өзгөчө салым кошушкан. Алардын ичинен Ж. Мусаева, К. Токтомамбетова, Н. Х. Абдуазизова, Ж. С. Татыбекова, Р. А. Ачылова өңдүү залкар илимпоз айымдардын университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдары өзгөчө сыймык менен эскерилет. Алардын илимий ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы жаңычыл идеялары жана жетекчилик сапаттары окуу жайдын өнүгүү багыттарын аныктоодо маанилүү роль ойногон.

Ошондой эле И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхында илим менен билим берүү процессин жаңылоо, инновацияларды киргизүү жана академиялык жетишкендиктерге жетүүдө өзгөчө салым кошкон З. К. Курманов, А. А. Бөрүбаев, А. А. Бекбалаев, А. А. Асанканов, А. А. Бекбоев жана А. Т. Абдрахманов сыяктуу ардактуу ректорлордун эмгеги өзгөчө баага татыйт. Алар ар бири өз доорунун талабына жараша окуу жайдын стратегиялык өнүгүү багыттарын аныктап, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо процессин жаңы деңгээлге чыгарууга жетишкен.

Ар бир ректор өз мезгилинде университеттин материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, профессордук-окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчүн жогорулатууга, илимий-педагогикалык процесстин натыйжалуулугун арттырууга жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого чоң үлүш кошкон. Алардын ишмердүүлүгү университеттин тарых барактарында татыктуу орунду ээлеп, кийинки муундар үчүн үлгү жана баалуу мурас катары сакталып келет.

Куттуу окуу жайдан билим алган бүтүрүүчүлөр бүгүнкү күндө республиканын ар кыл тармактарында эмгектенип, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп, мекенге татыктуу кызмат өтөп келишет. Азыркы учурда университеттин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу – эмгек рыногунун жана дүйнөлүк билим берүү тенденцияларынын талаптарына ылайык адистерди даярдоодо, илимди жана инновацияларды кесиптик даярдоо процессине интеграциялоодо көрүнүп турат.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети профессордук-окутуучулар курамынын квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, билим берүү жана илимий иштердин сапатын арттыруу багытында тынымсыз иш жүргүзүүдө. Бул аракеттер улуттук жана эл аралык алдыңкы жогорку окуу жайлар менен тыгыз кызматташуу аркылуу өркүндөтүлүп, заманбап билим берүү мейкиндигинде ата мекендик жогорку билим берүүнүн флагманы катары университеттин аброюн чыңдоого өбөлгө түзүүдө.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети эл аралык кызматташуу тармагында алгылыктуу иш жүргүзүп, Россия, Кытай, Япония, Корея Республикасы, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен өз ара өнөктөштүк мамилелерди жолго койгон. Бул кызматташтык алкагында заманбап билим берүү технологиялары кеңири жайылтылып, тажрыйба алмашуу жана академиялык мобилдүүлүк программалары ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мындай иш-чаралар билим берүү процессин жаңылоого гана өбөлгө түзбөстөн, профессордук-окутуучулар курамынын, жаш окумуштуулардын жана студенттердин ортосундагы достук, ишеним жана кесиптик байланыштарды чыңдоого, ошондой эле биргелешкен илимий-педагогикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды калыптандырууга кызмат кылууда. Ушундай үзүрлүү эмгектердин натыйжасында 2022-жылы университет Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жогорулатууга, илим менен билим берүүнүн интеграциясын өркүндөтүүгө жана өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордени менен сыйланган.

Университеттин 80 жылдык тарыхый тажрыйбасы, жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы, жаш окумуштуулар менен студенттердин интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалы, ошондой эле заманбап илимий-усулдук база жана жаңыланган материалдык-техникалык инфраструктура окуу жайдын улуттук жана эл аралык рейтингдердин алдыңкы катарынан орун алышына ишенимдүү негиз түзөт.

Азыркы учурда университетте 19 курамдык бөлүм, 13 институт, 5 факультет жана 1 педагогикалык колледж, ошондой эле 12 курамдар алдындагы колледж иш алып барып, жалпы 20 000ге жакын студент билим алууда. Университет бүгүнкү күндүн жана келечектин суроо-талаптарына ылайык жаңы адистиктерди ачып, жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар тарабынан инновациялык окутуу ыкмаларынын негизинде билим берүү ишин жүргүзүүдө. Адистерди даярдоо сапатын жогорулатуу максатында илимий лабораториялар, атайын окуу-методикалык кабинеттер түзүлүп, алар заманбап технологиялар жана санариптик жабдуулар менен камсыздалган. Мунун баары университеттин илимий-агартуу ишмердүүлүгүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого жана ата мекендик жогорку билим берүү системасындагы лидердик позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзүүдө.

Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүү багытында ири иштер жүргүзүлүүдө. Окуу имараттары жана китепканалар заманбап талаптарга ылайык капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда жаңы окуу имаратынын пайдубалы түптөлүп, курулуш иштери башталган, бул өз кезегинде университеттин материалдык-техникалык базасын андан ары чыңдоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат. Китепканалардын фондусу илимий-популярдуу, окуу жана көркөм адабияттардын жаңы басылмалары менен системалуу түрдө толукталууда. Ошондой эле моделдик китепкана ишке киргизилип, анда окурмандарды тейлөөнүн заманбап технологиялары жана автоматташтырылган системалар орнотулду. Бул жаңылануу студенттердин жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөө иштерин жүргүзүүдө, билим алуу процессинде жана маалымат издөөдө натыйжалуулукту жогорулатууга өбөлгө түзүүдө. Китепкана ишмердүүлүгүнүн бул жаңы форматы республикадагы жогорку окуу жайлары үчүн үлгү болчу инновациялык кадам катары бааланат. Ал профессордук-окутуучулар курамынын жана студенттердин ишин оптималдаштырып, убакыт ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзүүдө. Көрүлүп жаткан бул аракеттер университеттеги билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу, жогорку билим берүүнүн эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү жана дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү, кесипкөй жана интеллектуалдык потенциалы жогору адистерди даярдоого багытталган.

Ушул мааракелик күндөрдө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жаткан бүтүрүүчүлөр тарабынан ыраазычылык билдирүүлөр жана куттуктоолор тынымсыз келүүдө. Университеттин чыгармачыл жана прогрессивдүү бүтүрүүчүлөрүнүн катарында Б. Орозов, Т. Абылкасымова, Ч. Орозобекова, А. Жумагул кызы, А. Алагөзов сыяктуу креативдүү адистер бар. Алар өз кесиптик ишмердүүлүгү аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, университеттин аброюн даңазалап келишет.

Мен дагы университеттин бүтүрүүчүсү катары бул окуу жайды сыймыктануу менен белгилеп кетким келет. Кыргыз мамлекеттик университети мага кесиптик даярдык гана эмес, өз алдынча ой жүгүртүү, системалуу талдоо жүргүзүү жана натыйжалуу коммуникация жүргүзүү көндүмдөрүн калыптандырды. Ошондой эле университет ар бир студенттин инсандык жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өздөштүрүүсүнө өбөлгө түздү.

Урматтуу кесиптештер, Кыргызстандын илим жана билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жаратмандыкка жана жаңычылдыкка багытталган үзүрлүү ишмердүүлүгүңүздөр үчүн терең ыраазычылык билдирем. Билим берүү – улуттук өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү экенин эске алуу менен, алдыдагы илимий-педагогикалык ишиңиздерде ийгиликтерди, жаратмандык демилгелерди жана жаңы илимий ачылыштарды каалайм.

Айгүл Абдраева, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер