И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУ – БИЛИМДИН ЖАНА ТАРБИЯНЫН ОЧОГУ
- 09.09.2025
- 0
Билим берүүнүн уясы болгон И.Арабаев атындагы университеттин 80 жылдык мааракесин утурлай
Оболу калем кармап, кагазга чиймелээрдин алдында залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын «биссимилдасындагы» мындай сѳздѳр эске түшүп туруп алды: «Жан бүткѳндүн баары үчүн дайыма бирдей болгон талашсыз бир чындык бар — мандайына жазылганды, тагдыр деген эмне экенин эч ким биле албайт. Кимге эмне буйруганын жашоо гана кѳрсѳтѳт, болбосо тагдырдын тагдырдыгы кайсы?.. Дүйнѳ жаралгандан тартып дайыма ушундай болгон. Тагдыр сыры баары жана ар бири үчүн кылымдан-кылымга, күндѳн-күнгѳ, ар бир саат жана ар бир мүнѳттѳ табышмак бойдон калууда…»

Ооба, биздин заманда дагы ошондой эле… Кимгедир бешенесине «алма быш, оозума түш” деген баары даяр тагдыр буюрса, дагы бирине түйшүгү түгѳнбѳгѳн, жарытып оозуна наар албаган кейиштүү, жетине албаган тагдыр жазат. Кээ бир үйдѳ «кой үстүнѳ торгой жумурткалаган» бейпил турмуш ѳкүм сүрүп жатса, айрымдарынын «тобосу» түгѳнүп, себепсиз чыр-чатак куруп, айтор, ыйманы алыстап бара жаткан адамдарды кезиктиресиң.
«Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер жерден таба албайсың» деген сѳз бар. Кептин баары мына ушул «байлык» деген терең маанидеги сѳздѳ тургансыйт. Кѳбүнесе адамдар байлык — бул мансап, бийлик, кемибей жашоо, күнүмдүк бизди алагды кылып турган, бирок жан дүйнѳбүзгѳ ѳтѳ деле зарылдыгы жок кымбат баалуу нерселерди эсептешет. А чыныгы жан дүйнѳ азыгы, байлыгы — акыл, ыйман, билим экендигин канча пайызы колдоор эле?.. Акыл — тозбогон тон, билим — түгѳнбѳгѳн кенч.
Албетте, айдабай аштык чыкпайт, үйрѳнбѳй билим жукпайт эмеспи. Андыктан бүгүнкү макаламды билим берүүнүн уясына айланган, 80 жылдык тарыхы бар И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети тууралуу азыноолак кеп кылгым келди.

Мен окуган билим ордосу 1945-жылы негизделип, Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) Кыргыз педагогикалык институту ачылып, Кыргызстанда мугалимдерди даярдоонун башаты болуп калды. Институттун негизги миссиясы — жаңыдан түзүлүп жаткан улуттук мектептерге кесипкѳй мугалимдерди даярдоо болгон. 1950-1960-жылдары институт кеңейип педагогикалык факультеттердин саны ѳсѳ баштайт. Кыргыз тили, тарых, математика, табигый илимдер боюнча адистиктер ачылат. Ушул жылдары алгач ирет кыргыз тилдүү, жогорку билимдүү мугалимдерди даярдоо иши кеңири жолго коюлган. 1970-1980-жылдары институт республикадагы педагогикалык билим берүүдѳ башкы борборлордун бири болуп калыптанат. Жаңы факультеттер ачылып, илимий изилдѳѳлѳргѳ кѳңүл бурулат. 1991-жылдары Кыргызстан эгемендүүлүккѳ ээ болгондон кийин билим берүүдѳ жаңы реформалар жүрүп, институттун статусу ѳзгѳрѳт. 1992-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп кайра түзүлѳт. 2005-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик институту Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деп аталып келет.

Бүгүнкү күндѳ И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети Кыргызстандагы эң ири кѳп профилдүү жогорку окуу жайларынын бири. 15тен ашуун факультет, институт жана колледждерди камтыйт. 20 миңге жакын студент билим алат. Педагогикалык гана эмес, социалдык-гуманитардык, техникалык жана маданий багыттагы кадрларды дагы даярдайт. 80 жыл ичинде он миңден ашуун адис даярдалып, кѳпчүлүгү мектептерде, жогорку окуу жайларда, мамлекеттик жана коомдук мекемелерде эмгектенүүдѳ.

Анда эмесе, кесиптик чөйрөгө ишенимдүү кадам таштоомдо өбөлгө болгон Педагогикалык колледж жөнүндө сөз кылгым келип турат.
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжи — бул билим берүү кызматтарынын кенири спектрин кѳрсѳтүүчү, кесиптик орто билим берүүчү мамлекеттик окуу жайы. Билим башаты башталгыч класс деп, дили таза, жүрѳгү ак наристелерге билим берүү бала кезимден берки кыялым эле.
Окуучу мезгилимде кыргыз элинин кѳрүнүктүү коомдук ишкерлери, акын-жазуучулары тууралуу гезит-журналдардан, китептерден кѳп окучумун. Алардын бири кыргыз элинин сабатын жоюуга зор салымын кошкон, алгачкы эл агартуучусу Ишеналы Арабаев жѳнүндѳ дагы маалыматым бар эле. Убакыт кѳзгѳ илинбей зымырап учуп, окуу жайын тандоого мезгил келип калды.
Элди караңгылыктан ойготуп, алгачкы «Алиппе» китебин жазган И.Арабаевдин ысымын алган бул окуу жайы кѳңүлүмѳ жакын туюлду. 2022-2023-окуу жылында билим алуу максатында аталган колледждин босогосун аттадым. Билим алып жаткан күндѳрү тандоодон жаңылбагандыгымды байкадым. Анткени «бийикке чыксан кѳзүң ачылат, билимдүүгѳ жолуксан кѳңүлүң ачылат» дегендей, колледжде ѳз кесибин сүйгѳн, жан дили менен билим берген, адамдык улуу сапатка ээ, адамгерчиликтин үлгүсүн кѳрсѳткѳн окутуучулар иштегенине күбѳ болдум. Атап кетсем, Сокурова Жыргал Карагуловна, Кенжекараева Чолпон Макмутовна, Калыкова Таалайгул Калыковна, Сабаева Гулумбубу эжейлерим ж.б.
Инсанды калыптандыруунун эң негизги фактору – бул билим экени талашсыз. Бирок мен бул колледжде окуп жатып, бир гана билим алуу эмес, адам болуп жетилүү үчүн тарбия, жакшы чөйрө, эмгек, руханий баалуулуктар жана өзүн-өзү өнүктүрүү абдан маанилүү экенин түшүндүм. Дүйнөгө болгон көз карашым кеңейип, жашоого болгон мамилем да өзгөрдү.
Педагогикалык колледждин билим берүү программалары заманбап окутуу технологияларына негизделген. Ошондой эле инклюзивдик билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн да камтып, студенттерди алган билимин практикалык турмушка колдонууга багыттайт. Бул жерде атамекендик жана дүйнөлүк педагогикалык тажрыйбага таянган, илим менен маданиятты айкалыштырган, алдыңкы демократиялык салттарды ишинде пайдалана билген окутуучулар эмгектенишет. Алардын катарында доценттер, магистранттар, аспиранттар жана чыгармачыл студенттер бар. Баары бир максатка – билимдүү, тарбиялуу жана келечекке багытталган инсандарды даярдоого умтулушат.
Ошондой эле колледж студенттердин жөндөмүн ачуу үчүн ар кандай маданий жана илимий иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп келет. Студенттик парламент, кайрымдуулук акциялары, ар кандай концерттер жана социалдык демилгелер жаштардын коомго кошкон салымын арттырып, аларды боорукердикке үндөйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди тартуулоо, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү – бул салтка айланган.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Педагогикалык колледжи билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, кесиптик адистерди даярдоо максатында ѳлкѳнүн башка орто кесиптик окуу жайлары менен тыгыз кызматташып келишет. Студенттер үчүн конок лекцияларды, илимий эл аралык практикалык конференцияларды, ар кандай багыттагы иш-чараларды, адистиги боюнча билим берүү мекемелерине экскурсияларды уюштуруп, таланттуу жаштарды алдыга сүрѳп келет.
Ошондой иш-чаралардын бири 2023-жылдын 26-апрелинде өткөрүлүп, жетекчим Чолпон Кенжекараеванын колдоосу менен «Кыргызстандын жаштары бүгүн жана эртен» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык форумга «Билимдүү жаштар – Кыргызстандын келечеги» аттуу макалам менен катышып, сертификатка ээ болдум.
Форумга Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү инсандары, сырттан келген коноктор жана студенттер катышты. Бул менин алгачкы эл аралык денгээлде өтүлгөн иш-чарам эле, мени мындан ары дагы талыкпай изденүүгѳ, ѳзүмдү таанууга жана алдыга карай ишенимдүү кадам таштоого шыктандырды.
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университет жана колледж тарабынан «Жылдын мыкты окутуучусу», «Жылдын мыкты куратору», «Жылдын мыкты практиканты» сыяктуу конкурстар уюштурулуп, байгелүү орундар коюлуп келет. Мындай аракеттер студенттердин алдыга умтулуусуна, татыктуу практикасын ѳтѳѳгѳ жана ѳз кесибинин мыкты адиси болуусуна түрткү болоору шексиз. Бул менин 2023-2024-окуу жылында «Жылдын мыкты практиканты» деген байгелүү орунду жеңип алгандыгым өзү айтып турат.
Педагогикалык колледж ачылган кезде студенттердин саны 100гѳ жетсе, азыркы мезгилде 2000ден ашык студенттер билим алууда. Бул окуу жайы студенттерди ар тараптуу даярдоого жана практикалык тажрыйбаны жакшыртууга багытталган. Ошондой эле студенттин билим алуу процессинде теория менен практиканын айкалышы ѳзгѳчѳ мааниге ээ. Жогорку окуу жайында алган билимдер адамдын келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнѳ түздѳн-түз таасир этет. Мен, аталган окуу жайынан сапаттуу билим, тарбия алдым. Теориялык жактан сабак ѳтүүнүн формалары, усулдары жана методикалары менен тааныштым. Мугалимдердин сүйлѳѳ манерасын, жүрүм-турумун, классты башкаруу ыкмаларын ѳздѳштүрдүм. Булардын баары мен үчүн билимдин теориялык базасын түздү.
Учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук №50 жалпы билим берүү мектебинде башталгы класстарга билим берип эмгектенип жатам. Практика мезгилинде алган билимдеримди иш жүзүндѳ колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Теорияда үйрѳнгѳн сабак ѳтүү методдорун практикада колдонуп, окуучулар менен иштешүүнүн жолун ѳздѳштүрдүм. Ошондой эле мугалимдин сүйлѳѳ маданияты менен жүрүм-турумун практикалык сабактар аркылуу машыгып, чыныгы педагогикалык ишмердүүлүктѳ колдонуп кѳрдүм.
Ушундан улам, теория менен практиканын айкалышы студенттин кесиптик жактан өсүшүнө өбөлгө болот. Теориялык билимдер практикалык иштер менен бекемделгенде гана натыйжалуу тажрыйба жаралат.
«Уядан эмнени кѳрсѳң, учканда ошону аласын» деген кептин таамай айтылганына ынанам. Анткени мен ѳз практикамда окуу жайдан алган жугумдуу билим, мугалимдердин кѳрсѳткѳн туура багыты менен орчундуу деле тоскоолдуктарга кабылбагандыгымды баса белгилегим келет. Ошону менен бирге мени татыктуу адис кылып даярдаган Педагогикалык колледждин мугалимдер жамаатына терең ыраазычылык билдиремин.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири экендигин, ал өзүнүн терең тарыхы, бай тажрыйбасы жана элине кызмат кылган улуу муундардын мурастарын улап, бүгүн да билим, илим жана маданият тармагында зор салым кошуп келе жаткандыгын айткым келди. И.Арабаев атындагы университеттин башкы максаты – заман талабына жооп берген, элине кызмат кылган, атамекенин сүйгөн жана келечекке ишенимдүү кадам таштай алган жарандарды тарбиялап чыгаруу. Ошондуктан, келечек ээлери, кесипти туура тандап, билим дүйнөсүндөгү жаңы баракты И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен ачууга мүмкүнчүлүк түзүңүздөр.
80 жылдык кутман мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул – тарыхый жана сыймыктуу дата. 80 жыл – бул муундан муунга өтүп келген илим-билимдин, тарбиянын жана тажрыйбанын даңктуу жолу. Ишеналы Арабаев атындагы университет өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири катары саналып, бүгүнкү күндө да билим берүү, илим, маданият тармагында өзүнүн татыктуу ордун сактап келатат.

Бермет БАЛТАБАЕВА, №50 жалпы билим
берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими,
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык
колледжинин бүтүрүүчүсү, Бишкек шаары
Комментарийлер