ГУМАНДУУ ПЕДАГОГИКАНЫН КЕЧЭЭКИСИ ЖАНА БҮГҮНКҮСҮ

  • 27.01.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими О.Сайдилкановдун педагогикалык ишмердигине арналган «Заманбап мектеп модели: гумандуу, улуттук жана демократиялык баалуулуктар» аттуу илимий-практикалык конференцияда Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВдун жасаган баяндамасына көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Каршылаш эки көз караш

Гумандуу педагогика деген эмне? Гумандуу педагогика – бул окуучуну сыйлоо, эркин ой жүгүртүүсүнө шарт түзүү. Мугалим окуучуну жакшы көрөт, сыйлайт, балага инсан катары мамиле жасайт, пикирин жана тандоосун урматтайт. Окуучу коркуп-үркпөстөн билим алат.

Гумандуу педагогика авторитардык педагогиканы четке кагат. Окуу процесси кызыктуу болуп, окуучулар чыгармачылыкка үйрөнөт. Ошол эле учурда балдар үчүн тапшырмалар кызыктуу болот. Бул идеяларды, мисалы, Шалва Амонашвилинин бул китептеринен окусаңыздар болот: «Размышления о гуманной педагогике». «Здравствуйте, дети! Пособие для учителя».

Авторитардык мугалим: «Мен баарын билемин, балдар, силер мени уккула!», — деп жемелеп окутат. Илгерки кыргыздар балдарын окутуш үчүн молдого алып барганда, “сөөгү меники, эти сеники” деген, б.а. ар кандай жазалоого уруксат берген. Бирок гумандуу педагогикада баланы жазалаганга жол берилбейт.

ГУМАНДУУ ПЕДАГОГИКАНЫН КЕЧЭЭКИСИ ЖАНА БҮГҮНКҮСҮ

«Мен мугалим болгум келет» конкурсунун жеңүүчүсү Ак-Талаа районундагы Б.Календеров атындагы мектептин окуучусу Рахат кызы Салтанат устаттар менен

Авторитардык педагогика билим мугалимдин мээсинде (башында) гана болот, ошол билимди баланын мээсине салып коюш керек деген көз карашка негизделет. Демек, окуучу пассивдүү кабыл алуучу гана болот.

Бирок кийинчерээк Джон Дьюи, Мария Монтессори жана башка алдыңкы педагогдор баланы инсан катары кабыл алып, анын тажрыйбасын, билимин эске алып окуталы деп чыгышат. Конструктивизм деген теория түптөлөт.

Дагы бир жакшы идеяга токтолуп кетели. Бул Хелен Паркхурсттун (Helen Parkhurst) идеясы. Ал 1908-жылы АКШда окуучунун жөндөмдүүлүгүнө ылайыкташтырган Дальтон лабораториясын (Dalton Plan) иштеп чыккан. Дальтон пландын негизги принциптери мындай:

1) эркиндик: жеке адамдын кызыкчылыгынан баштап, өз алдынчалыкка жана чыгармачылыкка тарбиялоо; 2) кызматташуу, б.а. окуучулардын кызматташуу аркылуу социалдык көндүмдөрдү өздөштүрүп, билим алуусу.

Демократиянын данеги

Дальтон план Советтер Союзунда да чоң кызыгууну жаратып, лабораториялык-бригадалык усул катары 1920-жылдары абдан кеңири колдонула баштаган. Бул усул менен окуучулардын таанып-билүү активдүүлүгүн, демилгелүүлүгүн жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү көздөшкөн (Петухова, 2010).

Бригадалык усулда класстык материалдарды турмуш менен байланыштырып, үйрөнүү пландарын кылдаттык менен ойлонуштуруп, изилдөө ыкмасын колдонушкан (Кудрявцев, 1990; Гусева, 2010). Окуучулар өз алдынча лабораториялык иштерди аткарууда берилген материалды, кадимки кабинеттеги сабактарга караганда жакшыраак өздөштүрүшкөн.

Окуу процессинде, мугалим сабактын темасын айтып, өз алдынча иштөө планын жана адабият булактарынын тизмесин окуучуларга берет. Окуучулар чакан топторго (бригадаларга) бөлүнөт да, бригадир берилген тема боюнча материалды өз алдынча үйрөнүүгө жетекчилик кылат. Окуучулар өнөр жай объектилерине экскурсия, окуган материалды талкуулап, ар кандай булактарды жана адабияттарды талдап лабораториялык тапшырмаларды аткарат. Мугалим анда-санда кеңеш берип, текшерип турат. Бир теманы изилдеп чыккандан кийин бригадалар аткарылган иш жөнүндө отчёт берет.

Бирок бригадалык усулдун кандай кемчиликтери болгон? Мугалимден эмес, бири-биринен үйрөнгөндүктөн, кээ бир окуучулардын билими тайыз болуп калган. Айрыкча жетишүүсү начар окуучулар артта кала берген. Мыкты окуган бала ишти жалгыз аткарса деле анын бригадасындагы бардык окуучулар жакшы баа алган. Окуунун натыйжалуулугуна лабораториялык жабдуулардын жетишсиздиги да терс таасир тийгизген.

Авторитаризмдин кысымына калганда

Ошентип, советтик педагогдор 1930-жылдары бригадалык усулду эффект бербеди деп колдонуудан чыгарып салышкан. Бирок бул усулдун четке кагылышына негизги себеп билим берүүнүн авторитардык жана догмалуу принциптерин алып келген сталиндик доор болду. Баарын жогорудан авторитардык-командалык режим чече турган заман келгенде изденүүнү жана эркин ой жүгүртүүнү өстүрүүчү бригадалык усул «жарабай калган». Окуучулар «бирден бир туура идеяны» карманган коомдун мүчөсү болуп, ошого жараша окуу багыттары кабыл алынган.

Окуучуларды эркин ой жүгүрткөнгө үйрөтпөстөн, бийликке кынтыксыз баш ийүүгө даярдаган системаны сындагандар көп чыккан. Алардын бири – австриялык педагог Иван Иллич. Ал 1970-жылы «Мектепсиз коом» (Deschooling society) аттуу белгилүү китебин жазган. Анын пикири боюнча, технологиянын өнүгүшү адамдардын өзүн-өзү камсыздоосуна, эркиндигине жана кадыр-баркына шек келтирет. Мектеп нукура билим берүү милдетин аткарбай иерархияны улантып, бийликке баш ийүү максатын биринчи орунга коюп калат. Ошондуктан эрксиз, ээрчиме инсан кылып тарбиялоочу мектептин пайдасы жок деп жазган. Милдеттүү массалык формалдуу билим берүүчү мектептин кереги жок, аларды жоюп салалы деген. Анын ордуна формалдуу эмес жана ыктыярдуу берилүүчү окутуунун моделин кабыл алууну сунуш кылган.

Бразилиялык педагог Паоло Фрейре 20-кылымдын аягындагы эң таасирдүү билим берүү ойчулдарынын бири болгон. Ал: «Мугалим, албетте, сүрөтчү, бирок сүрөтчү болуп ал профилди жасай алат, окуучуларды калыптабайт. Мугалимдин иши – окуучулардын өзү болуп өнүгүшүнө шарт түзүү», – деп айткан. Фрейренин эң белгилүү эмгеги – «Эзилгендердин педагогикасы» (Pedagogy of the Oppressed) 1970-жылы чыккан. Ал китепте Banking Concept of Education деген түшүнүк менен пассивдүү окуучулардын мээсин алдын ала даярдалган билимди (информацияны) депозит жасоо менен салыштырган. Бул модель боюнча окуучулар маалыматты сактоочу каталогу катары кабыл алынат жана алардын акылы актай такта болуп сырттан маалыматты пассивдүү түрдө кабыл алат, ал эми мугалим баарын «билет” жана маалыматты окуучуга өткөрүп берет.

Жаңы доордо

Гуманисттик же демократ мугалим окуучуларды сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүп, чыгармачыл дареметин өстүрөт. Окуучуларды урматтап, алар менен өнөктөш мамиледе болот.

Советтер Союзуна кайра келсек, 1980-жылдардын ортосунан баштап кайра куруу доору билим берүү системасына оң таасир этти. Шалва Амонашвили, Евгений Ильин, Виктор Шаталов жана башка педагогдор советтик билим берүү системасын өзгөртөбүз деп радикалдуу идеяларын сунуш кылышты. Авторитардык жана догматикалык принциптерин жок кылып, “кызматташуу педагогикасын” жактаган педагогдор реформа жасады. Окуу процессин индивидуалдаштыруу, чыгармачылыкка басым жасоо, окуу программаларын ийкемдүү кылуу, өзүн-өзү башкаруу, коомду «демократиялаштыруу» боюнча алгылыктуу иштер аткарылды.

Мына ошол учурда Кыргызстандагы таланттуу педагог адистер да билим берүүгө кайдигер карабастан, өзөктүү принциптерди өздөштүрө баштаган. Гумандуу педагогиканын идеясын биздин республикада Орозали Сайдилканов агай алгачкылардан болуп аны жергиликтүү шартка ыңгайлаштырып, улуттук баалуулуктар жана демократия принциптерин кошо жүзөгө ашырды. Орозали агай “руху улуттук, дүйнөлүк маданияттын мөл булагына сугарылган, Мекенин, элин, ата-энесин урматтаган, эркин көз караштагы окуучуларды адамгерчилик менен окутуу тарбиялоо” максатында автордук гимназия мектебин ачкан.

Гумандуу педагогиканын өнүгүшүнө кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн? Биринчиден, 1970-жылдардан баштап дүйнөлүк экономикалык кризис болгон. Бул мунайзат кризиси батыш Европага чоң таасир эткен. Мурдагы эркин билим берүүнүн ордун баарын контролдогон, стандартташтырган система ээледи. Менчиктештирүү жүрүп, реформа артынан реформа болуп турду. Стандартташтырылган окуу программасы жана стандарттык экзамен, тесттер киргизилди.

Булардын баары Өкмөткө отчёт берүү үчүн талап кылынчу. Мектептердин рейтинги чыгарылып, атаандашуу өтө күчөдү. «Эмне үчүн элден топтолгон салык пайда келтирбей, билим берүү начар болуп жатат?» – деп, коомчулуктун талабы, көзөмөлү катуу болуп калды. Албетте, рейтингге жараша, ата-энелер мектептерди тандай башташат. Ошентип, колунда бар адамдар жакшы мектеп тандап, бай, кедей болуп бөлүнө баштады. Кесепети, мугалимдер мурдагыдай чыгармачылык менен иштебестен, экзамен, тесттерде эптеп жыйынтык көргөзөйүн деп иштеп калышат.

Мугалимдин жумушу өтө бир кылка, тажатма боло баштады. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзүндө ушундай көрүнүш басымдуулук кылууда. Мугалимге жогортон бирөө буйрук берип, тескеп турса, ал көбүнчө утурумдук нускамалардын аткаруучусу гана болуп, өзүнө өзү ишенбей, өзүнүн чеберчилигин өркүндөтө албай
калды.

Мугалимдин түйшүгү оорлоду

Мектептин түйшүгүн мугалим бүт бойдон өзүнө жүктөп алат. «Канчалык жумуш, түйшүк көп болсо, мугалимдер ошончолук өздөрүн күнөөлүү сезет да, ошончо чоң сумка көтөрөт», — дейт Энди Харгревиз. Күндө мектепке көтөрүп барган сумкаңыздар 15-20 кг болушу мүмкүн. Себеби толгон-токой кагаздарды мектепке таштабастан үйгө ала келесиздер.

Үйдө балдарыбыз бар, кошуналар, айылдан туугандар келет, аларга чай бериш керек. Аларга көңүл бурбасаңыз: «Ай, сен эмне болуп калгансың, кыргыздын каада-салтын унутуп калгансыңбы?», — дейт. Ошентип, сумканы ачайын десеңиздер, саат он бир болуп калат. Анан бир-эки кагазды эле карап, кайра салып коёсуздар. Бүтүрүш керек деген иштерибизди мектепке таштабастан, үйгө алып барабыз. Эмнеге үйгө? Себеби ошол сумкадагы менин түйшүгүм мектепте калбасын, эч болбосо жанымда жүрсө, өзүмдү азыраак күнөөлүү сеземин дейт экенбиз.

Бирок жумуштун көп болушуна мугалимдер өздөрү да күнөөлүү. Себеби кесипкөй мугалим көп иштеши керек деген түшүнүк бар экен. Бул илгерки Стаханов кыймылына окшош. Бизден жогору жак эмнени суранса, дайыма аткара берет экенбиз. Муну жаса десе деле, аны жаса десе деле аткара беребиз. Баарын жасабасак, жакшы мугалим болбой калабыз деп ойлойбуз го. Эч нерсеге «жок» дей албайбыз.

ГУМАНДУУ ПЕДАГОГИКАНЫН КЕЧЭЭКИСИ ЖАНА БҮГҮНКҮСҮ

Ала-Бука районундагы №2 мектептин окуучусу Рафикова Ханзода «Мен мугалим болгум келет» конкурсунун кызыктыруучу байгесин алды

Баары өсүүгө умтулган мектеп

Сөзүмдүн аягында “Кесипкөй үйрөнүүчү жамаат” жөнүндө айтайын. Бул темада Professional Learning Communities (Hord and Sommers, 2004) деген китепти сунуш кылам.

Салттуу мектепте деректир башкарат, мугалим окутат, окуучу үйрөнөт. Бирок чыныгы кесипкөй үйрөнүүчү жамаатта андай эмес. Баары үйрөнүүчү болот. Керек болсо, мектеп деректири дагы үйрөнөт. Өзүнүн бөлмөсүнө башкы деректир эмес, башкы үйрөнүүчү деп жазып койгон мисалын жазат авторлор. Кесипкөй үйрөнүүчү жамаат заманбап мектеп модели болуп эсептелет. Мектептин ар бир мүчөсү олуттуу чечимдерине катыша калат. Деректир жалгыз өзү чечпейт. Мектептин өнүгүшү үчүн бардык мүчөлөрдүн пикири эске алынат. Мисалы, деректир мектеп үчүн акчаны таап келгенде аны кантип иштетип жатканы тууралуу отчёт бербей коё алабы? Жок, өнүгүү пландарын мектепте баары чогуу иштеп чыгат жана аны аткарууга аракет кылат.

Мектептин эң негизги миссиясы – ар бир баланы өстүрүү. Бул негизги принцип болушу керек. Жалаң гана олимпиада жеңүүчүсү, ЖРТдан жакшы балл алган окуучуларга эле эмес, ар бир балага көңүл буруу керек. Кээ бир мектептерде жакшы окуган окуучулар менен эле иштеп, ал эми сабагынан кыйналган окуучуларга эч ким көңүл бурбай калат. Бул туура эмес. Мектептин рейтингин түшүрүп коёт деп, кээ бир окуучуларды ЖРТга катыштырбаган мектептер да жок эмес экен. Ар бир окуучу билим алуусу керек.

Ошентип, мектеп өнүккөн сайын алдыга жылуучу үч маселени карашыбыз керек.

  1. Ар бир окуучу эмнени үйрөнүшү керек?
  2. Анын үйрөнгөнүн биз кантип билебиз?
  3. Кээ бир окуучулар кыйналса, аларга кандай жардам беребиз?

Кээ бир окуучулар биз күткөн натыйжага жетпей калса, эмне кылабыз деген суроого эки жооп: салттуу мектептин жана кесипкөй үйрөнүүчү жамааттын сунушу бар экен. Салттуу мектепте, эгер кээ бир окуучулар сабакты өздөштүрө албай артта калса, мугалим өз мүмкүнчүлүгүнө жараша окутат. Ал жаңы темага өтсө, начар окуган балдар дагы артта кала берет. Мындай кырдаалда адатта эмне болот? Дээрлик ар дайым, мектеп маселени чечүүнү жеке мугалимдерге калтырат… Кээ бир мектептерде андай окуучулар анча оор эмес стандарттарды кабыл алышат. Кээ бирлеринде кыйналган окуучуларга эч ким жардам бербейт.

Ал эми кесипкөй үйрөнүүчү жамаатта кандай болот? Мугалимдер бардык окуучулар үчүн үйрөнүүнү камсыз кылат. Менин окуучум болобу, меники эмеспи, айырмасы жок. Кээ бир окуучулар артта калса, аларга бардык мугалимдер биргеликте, бир план менен көмөк көрсөтүшү керек. Кайсы класста экенине карабастан, мугалимдер кыйналган окуучуга кошумча убакыт таап, колдоо көрсөтүүчү стратегияларды иштеп чыгышат. Өз алдынча окуу үчүн убактысын туура пландай алган балдарга сабакка каалаган күнү келүү укугу берилет. Чыныгы гумандуу педагогика ушундай болушу керек.

Эң башкысы, гумандуу педагогиканын принциптерин ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек. Өзгөчө мугалимдерди даярдоо, билимин кайра өркүндөтүү, ошол эле жакшы тажрыйбаларды жайылтуу зарыл. Орозали агайдын тажрыйбасын Кыргызстандагы башка мектептерге жайылтышыбыз керек. Окуучуларды эркин ойлонууга, мыкты инсан болууга даярдайлы. Эң негизгиси, мектеп менен коомдун абалы бири-бирине тыгыз байланышкан. Биздин эркин ойлонгон балдарыбыз эркин жаран болуп чыгат. Бирөөдөн корккон же бирөөнүн укугун сыйлабаган окуучу кийин чоңойгондо өтө жалтак же эч кимди тоготпогон, мен гана мен деген, бирөөнүн кемчилигин издеп, меники гана туура деген киши болуп чыгат. Ошондуктан бала бакчадан, мектептен туура тарбиялайлы.

Бөлүшүү

Комментарийлер