ГИМНАЗИЯНЫН ДАТКАСЫ

  • 08.06.2021
  • 0

Зуура Исаева Балыкчы шаарында мектептерде мугалим, директордун орун басары жана директор болуп көп жылдар бою үзүрлүү иштеди. Анын ичинде Ленин атындагы орто мектепте жыйырма жылдан ашык убакыт директор болгон учурундагы жетишкен ийгиликтери өзгөчө оозго аларлык.

ГИМНАЗИЯНЫН ДАТКАСЫ

Зуура Исаевна бул мектепке директор болуп 1979-жылы келди. Жетекчилик ишинде мектепте окуу-тарбия иштери үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө биринчи кезекте көңүл бурду. Агартуу реформасынын алкагында замандын чакырыгына жараша аракеттенген жетекчи катары айырмаланды. Уюштуруучулук жөндөм, иш алып баруудагы компетентүүлүк, кыраакылык олуттуу маселе эмеспи. Ар бир окуучунун, мугалимдин, ата-эненин жан дүйнөсү, турмушу менен эсептешип, жакын адамы катарында кеңешчи болуп, адамкерчиликтүү мамиле жасап келгендиктен, мектепте “Мыкты класс”, “Мыкты акыл кошчу”, “Мыкты окуучу”, “Мыкты ата-эне” сынактары өткөрүлүп, бул жакшы салтка айланып азыркыга күнгө чейин уланууда.

Ленин мектеби 1991-жылы 13-майда Ысык-Көл областтык кеңешининин чечими менен гимназия мектеби болуп түзүлгөн. Гимназияны өнүктүрүү программасы түзүлүп, профилдерге бөлүп окутууга шарттар каралган. Профилдерге ылайык сабактарды университеттен, институттардан атайын тандалган мугалимдер келип сабак өтүүсүн уюштурган. Таланттуу окуучулардын жөндөм-шыгын өстүрүү максатында, белгилүү режиссерлорду, манасчыларды, ырчыларды ж.б. адистерди ишке тарткан.

Тынчтык корпусу аркылуу волонтерлордун келиши чет тилдерин тереңдетип окууга өбөлгө түзгөн. “АКСЕЛС” программасынын алкагында гимназиянын көптөгөн окуучулары АКШда билим алып келишип, учурда чет өлкөлөрдө жана өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, маданий, саламаттыкты сактоо, билим берүү, башкаруу жана башка тармактарында үзүрлүү эмгектенип жатышат. Мисалга алсак, “Манас” университетинде эмгектенген Сейил Нажимудинова, Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Татына Токторбаева, Арабаев атындагы КМУнун мугалими Мирбек Сатаров, юрист Айнура Токтошева, медицина илиминин кандидаттары жана таланттуу врачтар Эрлан Максүт уулу, Элиза Малдыбаева, Элиза Буларкиева, Бакай Туратбеков, Жыргал Жоошбаев, Улук Кулукеев, маданият кызматкерлери Каныкей Эралиева, Аскат Сулайманов, Назира Айтбекова, Алмаз Жангазиев, Эрнис Жоошев, Азамат Жаналиев, Мирлан Саткынбаев, спорт чеберлери Азамат жана Самат Догочиевдер, Айдай Казакова, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Эсенгулов, мамлекеттик кызматкерлер Рахат Табалдиев, Руслан Сыдыков, Улан Нажимудунов ж.б. Ошондой эле Балыкчы шаарында ар тармакта эмгектенип жүргөндөр Саламат Мукамбетов, Баястан Абдыразаков, Света Эшперова, Айгүл Аблаканова, Динара Көчкөнбаева, Марат Мураталиев, Алишер Табалдиев, Адилет Калыков, Марал Дегенбаева, Айбек Апышев, Тумаев Кубаныч ж.б.

ГИМНАЗИЯНЫН ДАТКАСЫ

1996-жылы Ленин атындагы мектеп-гимназия “Кыргызстан-Сорос” фондусунун базалык мектеби болуп, “Ачык коомдун” билим берүү программасы боюнча иштеген. Техникалык каражаттар, канцелярдык буюмдар менен жабдылган. Фонд тарабынан ошол учурдагы кол жеткис баалуу китептер окуучулардын билимин, жөндөм шыгын көтөрүүгө зор өбөлгө түзгөн. Ошондой эле мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү максатында семинар, тренингдер, курстар өз жемишин берип, областта, республикада болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишкен. Гимназияда “Дебат” клубу, фольклордук, хор-бий топтору, “Калемгер” дубал газеталары чыгармачыл окуучуларды бириктирип, көптөгөн сынактарда ийгиликтерге жетишкен. Окуучулар жыл сайын алтын, күмүш медал менен аяктап, облустук, республикалык олимпиадаларда байгелүү орундарды жеңип келишкен.

Өкмөттүн “Аракет” программасына ылайык, Исаеванын долбоорунун жардамы менен мектептин дыйкан чарбачылыгы уюштурулган. Натыйжада беш гектар жер арендага алынып, эгин эгилип, бодо мал багылып, жетим жана социалдык абалы начар үй- бүлөөлөрдүн балдары эт-ундан каралашып турган.

Ата-энелер университети уюштурулуп, тарбия иштери жакшы жолго коюлган. Ата-энелердин жоопкерчилиги жогорулап, мектептин көйгөйлөрүн чечүүдө чоң роль ойношкон.

Ушундай талыкпаган изденүүчүлүк эмгектин натыйжасында 1997-жылы областтык “Мыкты мектеп”, 1998- жылы областтык “Алдыңкы мектеп”, 2000- жылы областтык “Мыкты мектеп” аталган. Гимназиянын деңгээлин көтөрүүдө директордун орун басары Батырканов Аманидин агайдын эмгеги зор болгон. Ар бир багыттар боюнча илимий топтор түзүлүп, окуучулар мектеп партасынан эле изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий эмгектерди жаратышкан. Ошондой эле чыгармачыл жамааттын талыкпаган үзүрлүү эмгеги, окуу-тарбия иштеринин мыкты жолго коюлушу гимназияны республикалык деңгээлдеги бийиктикке көтөрдү. Окуу бөлүмүнүн башчысы Калыбекова Күлүш, башталгыч класстар боюнча бөлүм башчы Оморова Алтынай, кесиптик кошуун төрайымы Карачева Өмүркүл эжелер, башталгыч класстардын мугалимдери Токочбаева Турумкан, Абасова Алтын, Абдылдаева Күлсүн эжелер, Исманова Сабыркүл, республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүн даярдаган Султанов Дүйшөн агай, Карачева Өмүркүл, Исраилова Гүлүмжан, Итибаева Жибек, Токочбаева Айгүл, Чоробек кызы Бактыгүл, Молдоибраева Мая, Жортушева Сонун, Жакебаев Асанбек, Думанаева Оңолкан, Айылчинова Гүлсара, Сейдакматова Жеңишкул, Темирбекова Аида ж.б кесипкөй мугалимдердин эмгегин өзгөчө белгилеп коюу керек.

Агартуу иштериндеги ийгиликтери үчүн Исаева 1979-жылы Кыргыз ССРинин “Эл агартуу отличниги”, 1985-жылы СССРдин “Эл агартуу отличниги” төш белгиси, 1987-жылы “Эмгектин ардагери” төш белгиси менен сыйланды. 1997-1998-окуу жылдын бүтүрүүчүлөрү “Гимназиянын Даткасы” наамын ыйгарып, эстелик лентасын тагышкан. 1993-жылы эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына ээ болду. 2001-жылы Балыкчы шаардык кеңешинин чечими менен “Шаардын ардактуу атуулу” наамы берилген. 2005-жылы “Даңк” медалы менен сыйланды, 2008-жылы Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынан “Мыкты мугалим-ардагер”, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

ГИМНАЗИЯНЫН ДАТКАСЫ

Азыркы мезгилде мамлекеттик маанидеги пенсионер. Күйүмдүү жар, ардактуу эне, мээримдүү чоң эне жана таене. Өмүрлүк жолдошу Абакиров Жолочу Балыкчы шаарындагы «Автовнештранс» ишканасында чейрек кылым механик, башкы инженер болуп иштеди. Ынтымак, ырашкерлүү бул үй-бүлө эки уул, эки кызды тарбиялап, тууруна кондурду. Намыстуу, мекенчил, адамгерчиликтүү инсан кылып тарбиялашты. Уул-келин, кыз-күйөөлөрү бардыгы жогорку билимдүү, ар бири ар тармакта эли үчүн ак кызматын кылышууда. Тун уулу Талантбек Ленинграддагы метеорология институтун бүтүргөн. Келинчеги Аида менен үч баланы тарбиялап, Бишкек шаарында жашайт. Экинчи уулу Алмаз Фрунзедеги Политехникалык институтун бүтүрүп, учурда Сары-Камыш айылында фермер. Колуктусу Динара – финансист, уул-келини, кыз-күйөөсү чет өлкөлөрдө авторитеттүү компанияларда эмгектенишет. Кыздары Анара финансист, Чынара-мугалим.

Зуура Исаевна менен Жолочу аба уюткулуу үйүнүн коломто отун өчүрбөй, элибиздин руханий нарк дөөлөттөрүн, санжыргалуу салттарын улап, үй-бүлөдөгү бейпилдиктин, ынтымактын данакери болуп, учурда ардактуу эс алууда.

Бейшеева Махабат, Балыкчы шаарындагы Балдар билим борборунун директору

Бөлүшүү

Комментарийлер