ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫША АЛАБЫ?

  • 11.06.2024
  • 0

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫША АЛАБЫ?Бүгүн, 11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Оман курама командасы менен беттешет. 2026-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына Азия зонасы боюнча тандоо этабынын 2-раундунун акыркы 6-турунун беттеши Маскат шаарындагы (Оман)  Sultan Qaboos Sports Complex стадионунда өтөт. Беттешүү Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. “Д” тобундагы бул тайпадагы башка беттеште Малайзия менен Кытайдын Тайбэйи беттешет.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына мыктыларды тандоонун кийинки баскычына эрте өтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарса дагы үмүт өчпөй турат.

6-июнда Бишкекте Азия зонасындагы тандоо баскычынын 2-раунддун 5-турунун алкагында Стефан Тарковичтин таптаган Кыргызстандын командасы Малайзиянын командасы менен беттешкенине күбө болдук.  Эгер биздин өлкөнүн тандалган футболчулары жеңишке жетишсе, кыргызстандыктар 12 упайга ээ болуп, тандоонун кийинки турунда орунду камсыз кыла алышмак.

Тилекке каршы бул беттешүү 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, малайзиялыктар артыкчылыктарын бекемдеп койду.  Иорданиялык башкы калыс 7 мүнөт кошумча убакыт берсе дагы кыргызстандык футболчулар эсепти өзгөртө алышкан жок. Биринчи таймдын  24-мүнөтүндө чабуулчу Гүлжигит Алыкулов эсепти ачса, 39-мүнөттө малайзиялык чабуулчу тепкен топту Кыргыз курама командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен сыртка сүзөм деп Эржан Токотаевдин дарбазасына киргизип алды.

Беш турдун жыйынтыгында учурда Кыргызстандын курама командасынын эсебинде 10 упай бар жана азыр тайпада 2-орунду ээлеп турат. Малайзиянын эсебинде учурда 7 упай жана алар 3-орун келүүдө. Оман өлкөсүнүн курама командасы конокто Кытай Тайбэйи менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишке жетип, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун кийинки баскычына чыкты.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫША АЛАБЫ?Тандоонун 2-турунун жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда кийинки баскычка өтөт. Оман командасы буга чейин биздин тайпада бир орунду ээлеген. Эми экинчи орун үчүн Кыргызстан менен Малайзиянын командалары ат салышат.

Эми кантип Кыргызстандын курама командасы мындан ары алдыга жылып, кийинки беттешүүлөргө жолун ача алат?!

Быйыл күзүндө жана келерки жайында Бишкекте Мьянма, Макао, Непал, Пакистанды эмес, Япония, Сауд Арабия, Иран жана Түштүк Корея менен болчу беттешүүлөрдү күтүп турабыз.

Ошондуктан биринчи вариант, Оман командасына өз үйүндө жеңилүү ызасын тарттыруу зарыл. Бул оңой олтоң боло калчу жеңиш эмес, ал үчүн мыкты чеберчилигин көрсөтүү менен ири эсепте утуу керек.  Эгерде оңдой берди болуп, жеңишке жетсе, Кыргызстандын командасы өз тобунда биринчи орунду ээлейт. Ооба, тайпадагы 1-орун кыргызстандык футболчуларга  эч кандай деле артыкчылык  бербейт, бирок бул жакшы шыктандыруучу гана жагдай. Бул вариант менен Малайзия менен Кытайдын Тайбэйинин курама командаларынын беттеши кандай аяктаары маанилүү болбой калмак…

Экинчи вариант Оман командасы менен тең чыгуу керек. Бул  өлкө Президенти Садыр Жапаровдун Малайзия менен болгон беттештен кийин футболчулар менен жолугушуусунда тапшырма берген экинчи вариант. Мындай жыйынтык да Куала-Лумпурдагы параллелдүү беттешүүнүн жыйынтыгына карабастан кыргыз командасын алдыга кийинки турда ойноого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстандын курама командасы үчүн үчүнчү жана эң жагымсыз вариант – Омандан жеңилүү болуп саналат. Ооба, финалдык оюнда утулуп калса дагы кыргызстандыктар үчүн алдыга жылууга  дагы мүмкүнчүлүктөрү болушу ыктымал. Бирок бул үчүн параметр менен башка суб-параметрлер болушу мүмкүн.

— Эгерде биздин футболчулар Оманга кандайдыр бир эсеп менен утуп алса, ал эми Малайзия Кытайдын Тайбэйин жеңбесе, анда биздин команда алдыга чыгат. Бирок бул оюнда Малайзия жеңишке жетпей калса, алар четке чыгып калмакчы. Ошондуктан алар дагы жеңиш үчүн бардык аракеттерин жумшамакчы.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫША АЛАБЫ?Ошондой эле, эгерде Оманга утулуп калса, Малайзия Кытайдын Тайбэйин жеңген вариантты алсак, анда кызыктуу жагдай жаралышы мүмкүн. Анда Кыргызстанда да, Малайзияда да 10 упай болот. Анан ФИФАнын эрежелери боюнча (жана бул Дүйнөлүк Чемпионат үчүн тандоо болгондуктан, ФИФАнын эрежелери колдонулат, Азия футбол конфедерациясынын эмес), киргизген голдорунун жана өткөрүп жиберген голдорунун айырмасы эсептелип, эң жакшы болгон команданын артыкчылыгы жогору болот.

Финалдык турга чейин Кыргызстан курамасы үчүн бул көрсөткүч +6, Малайзия үчүн — минус 2. Минималдуу эсеп менен утулабыз деп эсептесек, анда +5 болуп калат. Бул учурда Малайзия Кытайдын Тайбэйин 7 же андан көп гол айырмасы менен жеңиши керек болот. Анда Малайзияда да кыргыз курамасындай +5 гол айырмасы болот. Бул учурда киргизилген голдордун саны эсепке алынат. Азыр Кыргызстандын эсебинде 12 гол бар, Малайзияда 6 топ. Биз 0:1 эсебинде утулуп, Малайзия 7:0 эсебинде утуп алса, алар алдыга чыгат.

Адаттагыдай эле Кыргызстандын курама командасынын күйөрмандары бардык мүмкүн болгон варианттарды аныктоо үчүн математикалык жөндөмүн колдонууга аргасыз.

Бирок буга жол бербей, мыкты оюн көрсөтүү керек. Малайзиядан айырмаланып баары биздин футболчулардын аракетине жараша чечим болмокчу. Биздин команда Оманды кантип жеңүүнү же андан утулбоого гана аракет кылуу зарыл.  Оман командасын күзүндө Бишкекте 1:0 эсебинде утуп, Катарда өткөн Азия кубогунда тең чыгууга жетишкен. Оман алдыга жылып баратат, Азия Кубогундагы начар оюну үчүн бизден өч алуу үчүн катуу аракет кылышабы?! Аны күтө жана бара көрөлү.

11-июнда Малайзия менен Кытайдын Тайбэйинин беттеши эрте башталып, Оманда оюн башталганга чейин бүтүп калмакчы. Демек, Кыргызстандын командасы алар үчүн кандай жыйынтык ылайык келерин эмитен эле билип, ошого жараша аракет кылса болчудай.  Бул да жакшы позиция.

Ошентип, Кыргызстандын командасынын дагы алдыга жылууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Бишкекте жаңы стадиондун курулушу башталган жылы ушундай жыйынтык менен күйөрмандарды кубандырса деген тилектемин.

Анан күзүндө күчтүү атаандаштар менен абдан кызыктуу беттештерге күбө болот элек. Алдыда далай кызыктуу таймашуулар турат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Бил

Бөлүшүү

Комментарийлер