ФОРУМ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТУУНУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

  • 19.08.2025
  • 0

Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу – педагогикалык кызматкерлердин жана жетекчилердин кесиптик деңгээлин заманбап талаптарга ылайык өркүндөтүү процесси. Азыркы заманда жаңы технологиялар жана окутуу ыкмалары тез өнүгүп жаткандыктан, ар бир адис үзгүлтүксүз окуп, билимин жаңылап турушу – заман талабы. РИПКиППР директорунун орун басары Жаркын УКЕЕВА август кеңешмесинин секциялык ишинде ушул багытта мугалимдерге маалымат берди.

ФОРУМ: КЕСИПТИК ЧЕБЕРЧИЛИКТИ ЖОГОРУЛАТУУНУН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ

Негизги максаттар

Кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун максаты — эл аралык билим берүү  стандарттарына шайкеш келүү; жаңы билимдерди жана технологияларды өздөштүрүү; билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; кесиптик чеберчиликти өркүндөтүүнү көздөйт.

— Кесиптик чеберчиликти жогорулатуунун негизги багыттары — жаңы компетенцияларды өнүктүрүү; иш тажрыйбасын кеңейтүү; кесиптик билимди тереңдетүү; санарип сабаттуулукту жогорулатуу. Курстар бетме-бет (офлайн), аралыктан (онлайн), аралаш өтүп келатат. Ушул аралыкка чейин 12 жылдыкка мугалимдерди даярдоодо мастер-тренерлер тандалып, алар окуудан өтүштү. Ошондой эле мугалимдер дагы окушту. Ментордук кызмат менен жыл бою  иш жүрөт. Быйыл  51 мастер-тренер 1-2-класстар үчүн, 131 мастер-тренер 5-,7-класстар үчүн жана 59 мастер-тренер англис тил үчүн даярдалды., — дейт Ж.Укеева.

12 жылдыкка өтүүдө кайсы мугалимдер окушту?

12 жылдыкка өтүүдө жалпы  30 030 мугалим даярдалса, анын ичинен 1-2-класстар (математика, табият таануу) 9 555 мугалим, англис тил 6 615 жана 5-, 7-класстар (математика — 5 950, табият таануу — 7 910). 30-июлдан 15-августка чейин жалпы   17 898 мугалим 12 жылдык окууга өтүүдө жаңы окуу китептерин окутуу боюнча окуудан өттү. 12 жылдыкка карата  окутуу 3 этап менен ишке ашат. 135 бүтүрүүчүгө диплом тапшырылды.

Жаңы окуу китептерин колдонууда кандай ыкмалар сунушталат?

— 3С+1Е, 5Е, КСА, МОЖ, ВВО, REM, Статистикалык цикл, Спираль методу, TOWE, Баалоонун ыкмаларын сунуштайбыз, — дейт Жаркын Укеева.

Мугалимдердин эсине сала кетели педагогдор үчүн билим берүү порталы иштейт. https:ustat.edu.gov.kg — бул мугалимдер үчүн кесиптик өнүгүү платформасы.  Максаты — билим берүү кызматкерлерин заманбап билимдер менен камсыз кылуу жана улуттук билим берүү сапатын жогорулатууга салым кошуу

Электрондук курс деген эмне?

— Бизде электрондук курстардын саны – 91 жетти. Интернет аркылуу жеткиликтүү, структурага салынган окуу программасы менен иштейт. Ал жерде видеосабактар, интерактивдүү тапшырмалар, онлайн тесттер, вебинарлар, форумдар бар. Электрондук курстардын артыкчылыктары: Жөнөкөй интерфейс, мобилдик шайкештик, эки тилде иштейт, сертификатты  автоматтык  түрдө алуу, — дейт директордун орун басары.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер