ЭЗЕЛКИ КЫРГЫЗ ЭЛЕСИН ЭЛЕСТЕТКЕН ИЛИМДИН ДЫЙКАНЫ

  • 26.06.2025
  • 0

Кезегинде академик Болот Юнусалиев педагог Шералы Жапаровго “Бул кара тору жигиттен ичкилик кыргыздардын эзелки элеси, эмгекчилдиги байкалат” деп таасын баа берген. Чаалыкпас илимпоз, дасыккан педагог Шералы Жапаровдун басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу учурлар, улуу окумуштуулардын, замандаштарынын мына ушундай баасы чындыгында эле анын портретин ар тараптан ачып берет.

ЭЗЕЛКИ КЫРГЫЗ ЭЛЕСИН ЭЛЕСТЕТКЕН ИЛИМДИН ДЫЙКАНЫ

Шералы Жапаров 1936-жылы Баткен облусунун Лейлек районундагы Шор-Булак кыштагында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы согуш жана кыйраган чарбаны кайра калыбына келтирүү мезгилине туш келгендиктен, Лейлектин тоолорунда кой багып, Кадамжайда кара алтын казып, Лейлектин сары өрүгүн как кылып, кара жумушка бышып чоңойгон. Болочок окумуштуу Сүлүктү шаарындагы жумушчу жаштардын орто мектебин аяктагандан кийин, 1960-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуп калат. 1969-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы академик Б.Юнусалиевдин жетекчилиги астында “Кыргыз тилинин Лейлек говорунун лексикалык өзгөчөлүктөрү” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогонго жетишет. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш окумуштуу ошондон тартып өзү билим алган жогорку окуу жайында дээрлик 1977-жылга чейин окутуучу болуп эмгектенди. 1977-1979-жылдары Кыргыз совет энциклопедиясында улуу илимий редактор жана Контролдоо редакциясынын башчысы, андан кийинки он жыл КР Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабияты институтунун Лексикология жана лексикография секторунда улуу илимий кызматкерлик милдетти аткарган.

Шералы Жапарович кайсы окуу жайда, кандай орунда жана кайсы кызматты аркалабасын, өзү эс тартканы түнү уйкусун, күндүзү тынчын алган илимге – кыргыздын энчилүү адам аттарын, тагыраак айтканда, элдик асыл мурасты жыйноого башын сайып, өмүрүн арнап өттү. Энчилүү адам аттарына тиешелүү маалыматтарды үтүр, чекитине чейин чогулткан чыгаан окумуштуунун бул темада бир нече баалуу эмгектери мурас болуп калды. Алсак, “Кыргыз антропонимдери боюнча материал жыйноонун кыскача программасы жана инструкциясы” (1975), “Кыргыз адам аттарынын сөздүгү” (1979), “Кыргыз адам аттары (1989), “Сенин ысымың ким?” (1990), “Кыргыз ономастикасы (1990), “Кыргыз антропонимикасы” (1992), “Адам аттары – эл байлыгы” (2001, 2002-2004, 2009, 2011, 2017) эмгектери не деген кенч, не деген байлык өзү?! Профессор бул эмгектеринде адам аттарынын маанисин түшүндүрүү менен, жарык дүйнөгө жаңы келген наристеге ат коюу – тарбия иши менен өтө тыгыз байланыштыгын изилдеген. Ал өзү Кыргызстанды кыдырып жүрүп 50 миңден ашык энчилүү кыргыз адам аттарынын өздүк картотекасын түзгөн. Бул илимдин күжүрмөн дыйканынын баалуу эмгектеринин бир бөлүгү гана болгон.

“Ийне менен кудук казган” ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, ары ардактуу агартуучулук жолунда адамдын кеңешчиси, жардамчысы анын өмүрлөшү болот эмеспи. Профессордун өмүрлүк жубайы, ф..и.д., доцент, И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Толгонай Сыдыкова бир чети кесиптеши, бир чети агайы катары илим жолунда андан көп кеп-кеңештерди укканын айтып эскерди.

ЭЗЕЛКИ КЫРГЫЗ ЭЛЕСИН ЭЛЕСТЕТКЕН ИЛИМДИН ДЫЙКАНЫ

– Өз ишине өтө берилген фанат адамдын жубайы болуу мен үчүн өтө сыймык жана өтө жоопкерчиликтүү экенин тана албайм. Шералы Жапарович – илимге жана агартуу тармагына бүтүндөй өмүрүн арнаган окумуштуулардын сап башында турган. Илимдеги адамдар өтө жумшак, сыйчыл жана ошол эле убакта адамды терең түшүнгөн жапакеч келишет. Айрыкча окумуштуунун күнүмдүк план түзүп, ошого карап иш алып баруусу, анын аткарылышын көзөмөлдөгөнү мени алгач таң калтырганы эсимде. Бирок акырындык менен мен да мындай тартипке көнүп, убакытты туура пайдалануу керектигин түшүндүм. Ал мага: “Үй-бүлөдө энесиң, бирок ошол эле учурда алдыга койгон максатыңды да унутпа. Ал үчүн “эки тизгин, бир чылбырды бирге кармап” иш алып бар” — деп көп айтар эле. Профессордун мындай колдоосу менен мен да филология илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болдум. Шералы Жапарович илимде кандай жоопкерчиликтүү болсо, үй-бүлөдө да ошондой жоопкерчиликтүү, камкор жар, балдарына мээримдүү ата болду. Ал айрыкча кыргыз тилине абдан басым жасачу. Балдарды кыргыз тилиндеги бала бакчага, мектепте окутканга терең маани берди, ошол эле мезгилде башка тилдерди билүү милдетин да койду. Учурда балдары кыргыз тили менен бирге түрк, орус, англис, немец тилдерин эркин билишет, — дейт сыймыктануу менен.

Окумуштуу-педагог Шерали Жапаров 1989-жылдан өмүрүнүн аягына (2019-жыл) чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунда доцент, профессор жана кафедра башчысы кызматын аркалап келди. Анын ысымы институттун түзүлүшүнө, түптөлүшүнө, өнүгүп-өсүүсүнө, өркүндөөсүнө зор салымын кошкон улуу окумуштуу катары тарых барактарында түбөлүк жазылып калды. Ал окутуучулук менен бирге эле кыргыз тил илиминин антропонимиясына негиз салган окумуштуу, бир нече окуу куралдарынын, окуу китептеринин автору болгон.

ЭЗЕЛКИ КЫРГЫЗ ЭЛЕСИН ЭЛЕСТЕТКЕН ИЛИМДИН ДЫЙКАНЫ

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Б.М.Юнусалиев атындагы сыйлыктын ээси, “Тумар” сыйлыгынын лауреаты, филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаровдун жогоруда белгиленген эмгектери өз убагында өз баасын алганы ырас. А бирок анын ичинен эң  татыктуусу жана сыймыктуусу жакында эле КМУнун 80 жылдыгына карата профессор Ш.Жапаров атындагы инновациялык мамлекеттик тил борбору уюштурулганы талашсыз чындык.

Агайдын дагы бир кесиптеши И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Күлүмкан Садыкова ал илимпоз эле эмес, адам катары да терең адамгерчиликтүү, жаш-карыга бирдей сый мамиле жасаган бийик адам болгондугун баса белгилеп өттү.

– Агай менен чейрек кылым катарлаш иштеп келген кесиптеши катары байкаганым, ушул мезгил аралыгында ал тууралуу кимдир бирөөлөрдүн өйдө-төмөн сөздөрүн уккан жокмун. Кесиптештери болобу же окуткан студенттери болобу, айтор улуу-кичүү дебей, баары астейдил сый-урмат менен мамиле жасашар эле. Агайыбыз өзүнүн эмгек жолунда талыкпай, тынымсыз изденип эмгектенген адам гана ийгиликке жетерин өзүнүн жеке тажрыйбасында тастыктады жана бул жагынан баарыбызга үлгү болуп кала берет. Мына ушундай иштермандыгын академик Б.Орузбаева адилеттүүлүк менен: “Шералы суткасына 24 саат иштейт” деп айтканын укканым бар. Бул – билгенге өтө жогору баа. Профессор окуу жайдын китепканасына 300 томдон турган окуу-усулдук, илимий-теориялык багыттагы эмгектерин жана өзүнүн жеке китепканасындагы 3000 даана китебин белекке тартуулаган, кийин Ш.Жапаров атындагы окуу залы ачылган, — деп эскерет.

ЭЗЕЛКИ КЫРГЫЗ ЭЛЕСИН ЭЛЕСТЕТКЕН ИЛИМДИН ДЫЙКАНЫ

Уникалдуу эмгектин ээси, илимий ишмердүүлүгүндө Германия, Кытай, Түркия сыяктуу мамлекеттерде өткөн Эл аралык ономастикалык конгресстерге катышып, “Кыргыз адам аттарындагы уйкаштык” темасына арналган баяндамаларды жасап, бул багыттагы эмгектери жарык көргөн Ш.Жапаровго кесиптештери “Илимдин дыйканы” деген жогорку баасын берип, анын чогултуп кеткен эбегейсиз эмгегинен куралган илимий мурасын четинен каймактай калпып алып студенттерди билимге сугарып, агайдын жолун улантып келишет.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер