ЭРТЕ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

  • 23.12.2020
  • 0

«Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Ага Хан Фонду менен биргеликте «

«Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Арстанбек Сагынтай уулу берген маалыматка таянсак, Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун өкүлү  Марк Антони Адам  жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси  Кендирбаева Догдургүл иш-чараны ачып жатып, долбоордун балдардын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандыгын жана  аны мындан ары улантылышы зарыл экендигин белгилешти.  Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейин билим берүү бөлүмүнүн башчысы Касымова Нурзида Кыргызстандагы бала бакчалардын абалы боюнча кыскача айтып өттү.

— Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Токтомамбетов Алмаз “Балдардын когнитивдик жана психосоциалдык (кем) өнүгүшү. Биздин балдарыбыз келечектүү эмгек рыногунда” темасында абдан кызыктуу, актуалдуу жана педагогдорго эң керек маалымат менен тааныштырды. Презентациясында балдардын когнитивдик жана психосоциалдык өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эми Эгембердиев Абдималик жайыт комитеттер Жайлоо өнүгүү борборлоруна жер-жерлерде кандай колдоо иштери жүрүп жаткандыгы жана келечектеги пландар боюнча маалымат берди, — дейт Арстанбек Сагынтай уулу.

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасынын өкүлү (MSDSP) Курманбекова Назгүл болсо уюмдун жасап жаткан иштери боюнча жана бул уюмдун Жайлоо бала бакчаларына кандай колдоо көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча маалымат берип, кыскача видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле «Жайлоо өнүгүү борборлору» долбоорунун координатору Сагынтай уулу Арстанбек долбоордун ийгиликтери, демилгелери, тажрыйбасы, жетишкендиктери жана келечектери жөнүндө айтып берди. Ошону менен бирге режиссер Айбек Дайырбеков тарткан “Асмандагы алтын уя”  (Жайлоо өнүгүү борборлору тууралуу) видеотасмасы тартууланды.

Андан соң республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси, педиатр  Молдокматова Жыргал “Балдардын жана үй-бүлөнүн ден соолугу. Коронавирустун балдардын өнүгүүсүнө тийгизген таасири” темасында кызыктуу презентация-маалымат берип, бул вирустан бала бакчаларда кандай сактануу керектигин айтып берсе, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун эки долбоорунун адистери Салтанат Адылбек кызы “Үчтөн кийин кеч” инстаграмм баракчасынын жетекчиси  жана Жээмбаева Нурзат “Экопроект “ жана “Билим Сандыгы” боюнча адис —  долбоорлор тууралуу маалымат беришти.

Ошентип, биринчи күндүн соңунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Д.Кендирбаева Жайлоо өнүгүү борборлорунда көп жылдан бери активдүү жана жигердүү иштешип келген жети Жайлоо өнүгүү борборлорунун өкүлдөрүнө “Билим сандыгын” белеке ыйгарды. Алар: Апышева Дильбара – Нарын району; Сыдыкова Дильбаркан – Базар-Коргон району; Исакова Үпөл — Чоң-Алай району; Абыкеева Гульнар –Ак-Суу району; Айдарова Айым — Нарын району; Досматова Жумагүл – Кара-Кулжа району жана Исаева Жанаргүл — Кара-Кулжа району.

Ушул эле күнү катышуучулар үч  секцияга бөлүнүп, секцияларга бирден фасилитатор бекитилип, тапшырмалар берилди. Ар бир секцияга “Жайлоо өнүгүү борборлорунун” ийгиликтери, кемчиликтери, тажрыйбалары, туруктуулугу, ресурстарды табуу деген суроолор талкууга берилди. Төрт күн бою секцияларда тренингдерден кийин иштеп, жыйындын акыркы күнүндө ар бир секция бул тапшырмалар боюнча өз презентацияларын конференциянын акыркы күнүнө даярдоого берилди.

Секциядагы иштер

Иш-чаранын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү күндөрү үч секцияда улантылды жана ушул секцияга бөлүнгөн катышуучулар, күн сайын үч теманы айланып өтүштү.

Биринчи секцияда Джороев Ташболот (ОшМУ) “Кенже курактагы балдардын өнүгүүсүндө балдар фольклорунун ролу” деген темада тренинг өттү. Бул секцияда фольклор деген эмне? Эмнеге фольклор — өнүгүү дегенди билгизет? Ушул сыяктуу кызыктуу маалыматтар жана презентациялар берилди. Ал эми экинчи секцияда Тойчуева Жылдыз (ОшМУ) “Стандарттан билим берүү натыйжаларына” темасындагы тренингде Кыргыз Республикасында кандай окуу стандарттары бар жана ал стандарттарды кандай колдоно билүү керектиги жөнүндө айтылып, кызыктуу презентациялар жана материалдар таратылып берилди. Ошондой эле үчүнчү секцияда Шерматова Ильмира (НМУ) “Жайлоо балдар бакчаларында активдүү окутуунун педагогикалык технологиялары” темасында балдарды окутууда кандай жаңы жана активдүү технологияларды колдонсо болот экендиги боюнча маалымат берди.

Санарип мугалим

Эки күн эки сааттан  Асылбек Мадалиев “Санарип мугалим” программасынын алкагында, санарип боюнча мугалимдерге видеоскрайб-видеосабактарды жасоо, телефондо сабак даярдоо, фрикам, компьютерди интернетке туташтыруу жана мугалимдер сураган темалар боюнча окутуулар өткөрүлдү.

Түркия тажрыйбасы

Конференциянын акыркы күнүндө Түркия сапарынан алынган тажрыйба жана анын Кыргызстандагы бала бакчаларында колдонулушу боюнча Абыкеева Гульнар жана Мурашова Курманжан кеңири маалымат берип өттү. Маалымат катары айта кетсек,  Түркия сапарына жети жыл ичинде  70 адам тажрыйба алмашуу сапарына барып келди. Бул сапар Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер Союзунун (TDBB), Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен жети жылдан бери уюшулууда.

Конференциянын акырында үч секция биринчи күнү берилген тапшырма боюнча, өздөрүнүн группаларындагы иштерин, жыйынтыктарын айтып, презентациялашты. Ошондой эле төрт күндүк конференцияга жана тренингдерге эң активдүү катышкан алты адамга дагы “Билим сандыгы” белекке берилди. Конференция жана тренингге активдүү катышкандар Таштанбекова Айгүл — Чоң-Алай району; Усупбаева Назира – Кочкор району; Сүйүнбекова Аида – Кара-Кулжа району; Мүсүралиева Гүланда – Нарын облусу; Арзыбаева Азада – Кадамжай району; Шералиева Бегайым – Ат-Башы району.

Баса, иш-чарага жогоруда аталгандардан тышкары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун адистери, облустук методикалык билим берүү борборлорунун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, республиканын бардык булуң-бурчтарынан жайлоодогу өнүгүү борборлорунун уюштуруучулары, балдар бакчаларынын башчылары, педагогдор, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Бардыгы болуп жолугушууга 100гө жакын адам катышты.

Маалымат үчүн: «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбооруна жети жылдын ичинде тоолуу райондордо жашаган малчылардын 15000ден ашуун балдары,  6000ден ашуун ата-энелери жана 1400 мугалим-педагогдор камтылды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер