“ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИНИН” ПИОНЕРИ ЭЛЕ
- 18.08.2026
- 0
Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы А. Акаев атындагы мектепте “Эне мектебинин” пионери, педагог Сагынбүбү Ботбаева атындагы кабинет ачылды.
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”, — деп айтылуу Аалы Токомбаев жазгандай, Сагынбүбү Саметовнанын уул-кыздары жана неберелери тарабынан заманбап жасалгаланып ачылган кабинетинин чакан салтанатында жердештери тажрыйбалуу педагогдун басып өткөн жолун жылуу эскерип өтүштү.
Салтанатты ачкан Кызыл-Байрак айылындагы Асанкул Акаев атындагы мектептин директору Зейне Сариева каармандын өмүр баянына кыскача токтолуп, ал талыкпас мээнети, кесибине берилгендиги жана окуучуларга төккөн мээрими менен көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк тапканын белгилеп өттү. Мектеп жетекчиси бул жакшы саамалык уланып, айылдын байрагын бийик көтөргөн атактуу инсандардын ысымын алып жүргөн кабинеттер көбөйө берсин деген изги тилегин билдирди.

Сагынбүбү Ботбаева 1942-жылы 26-августта Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин ар башка эки тармак боюнча билим алган. 1957-жылы борбор калаабыздагы медициналык окуу жайына тапшырып, фельдшерлик кесипке ээ болгон. 1961-1964-жылдары Сталин (Чүй облусунун азыркы Москва району) районундагы Калинин айылында фельдшер, Кызыл-Туу айылында фельдшер-акушердик пунктунун башчысы, андан соң Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Эпидемиологиялык бөлүмдүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
Тээ алтымышынчы жылдардын аягына чейин алгачкы ээ болгон кесибинде эмгектенип жүрүп, педагогикалык кесипке ыктап, 1964-1968-жылдары Талас облусунун Киров районундагы (азыркы Айтматов) Россия колхозунун бала бакчасында, №7 бала бакчасында медицина кызматкери болуп иштеген. Ошондон улам педагогикалык билим алууну көздөп, 1968-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндердин педагогикалык институтуна кирип, 1973-жылы мектепке чейинки тарбия берүү боюнча методисти, педагогикалык окуу жайлардын педагогика жана психология боюнча окутуучусу адистигине ээ болуп чыгат. Андан соң Талас облусундагы Грозный орто мектебинин башталгыч класстарында мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, 1975-1986-жылдары борбор калаага көчүп келип, шаардагы № 111, № 15, № 14 бала бакчаларында тарбиячы, бала бакча башчысы болуп эмгектенген. Сагынбүбү Саметовнанын педагогикалык шык-жөндөмү, балдарды окутуп-тарбиялоодогу өзгөчө ыкмасы алгач ошентип бала бакчаларда иштөөдө байкалган. Буга ал бала бакчаларды жетектеп турганда жетишкен мыкты көрсөткүчтөрү үчүн шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланганы айкын күбө.

Бала бакчалардан топтогон тажрыйбалары 1986-2000-жылдары Бишкек шаарындагы дудук балдардын мектеп-интернатында тарбиячы болуп иштеген кезде өзгөчө балдардын ишенимине ээ болууга, алардын тилин, сүйлөө мимикасын өздөштүрүп, педагогиканын сырын терең өздөштүрүүгө чоң салым кошкон. Бул тууралуу анын келини, тарыхчы, т.и.к., КР УИАнын илимий кызматкери Аида Кубатова мындай эскерет:
— Апабыз мен келин болуп келгенде шаардагы бала бакчанын башчысы болуп иштечү. Таң заардан тартып кечке чейин бала бакчада жүрчү. Өзү иштеген бала бакчага барган кичүү баласы аны “апа” дебей, башкалар сыяктуу эле “Зоя Семетовна” деп кайрыларын күлүп айтып калышчу. Ошондон улам өзүнүн баласын башкалардан бөлбөй, баарына бирдей, калыс караган жетекчи болгонун баамдоого болот. Бала бакчадан кийин дудук балдардын интернатында тарбиячы болуп иштеди. Ал жакта да жанын сабап бир тыным албай иштеп жүрдү. Эсимде, 6-микрорайондо үч бөлмөлүү квартирада жашачубуз, эс алуу күндөрү болобу, каникул мезгили болобу, үйүнө барбай интернатта калган балдарды үйгө алып келип, балдарына кошуп койчу. Бул анын айкөл, боорукердигинин айкын далили деп билем.
Андан кийин апамдар Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылына көчүп барып, айылдагы мектепте орус тили мугалими болуп иштеп калды. Апабыз орусча да, кыргызча да бирдей сүйлөгөн аябай сабаттуу адам эле. Ал жакта иштеп жүргөндө да демилгелүү, жигердүү мүнөзүнөн жазбай, “Эне мектебин” уюштуруп чуркап жүргөнү эсимде. Айыл жергесинде 1-класска барган балдар эч кандай даярдыгы жок келип, жадагалса колуна калем сап кармаганды билбей, өзү да, мугалими да кыйналган, ал турсун балдар энесинин этегинен бөлүнбөй ээрчип ыйлаган учурларды көрүп, балдарды мектепке даярдоо зарылдыгына көзү жеткен экен. Баарыбыздын эле эсибизде чыгар, 2000-жылдары бала бакчалардын имараттары таланып-тонолуп, балдар бакчага барбай калбады беле. Ошол учурда балдарды мектепке даярдоо максатын көздөп “Эне мектебин” уюштуруу үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын доценти Лилия Усенко, Дилнара Майгулакова, Гүлмира Турапова сыяктуу кесиптештери менен бирге анын уставын, программасын иштеп чыгышканы белгилүү. Жыйынтыгы көпкө күттүрбөй, ошол даярдоо мектебинен окуган балдардын окуудагы жетишкендиктери бат эле көрүнүп калды, — дейт кайненесиндей мугалимдик кесипти аркалаган Аида Эсенгуловна.
Жолугушууда жердештери, бирге окуган классташ курбулары, бирге иштеген кесиптештери жана жакын туугандары Сагынбүбү Мамбет кызынын умтулгуч, ачык, шар жүргөн мүнөзүн, өзүнүн кесибин ардактаган кесипкөйлүгүн, бийик адамгерчилигин ызааттап эскеришти. Тээ алыскы тоо койнундагы мектепте иштеп жүрсө да, балдарга өзүнүн көргөн-билгендерин үйрөткөнгө, кичинекейлердин шык-жөндөмдөрүн булак көзүн ачкандай ачып, айланадагы жаратылыштын кооздуктарын көргөзүүгө жасаган аракеттери текке кетпесе керек деп ойлойм. Ошол айылдагы эле мектепте сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, балдарды сүрөт тартууга, кооз-кооз буюмдарды жасоого шыктандырып, кичинекей жүрөктөрүнө чоң дүйнөнүн сырын ачып берүүгө умтулган мугалим болгон тура…

“Эне мектебинде” Сагынбүбү эже менен бирге иштеген ардагер мугалим Гүлмира Турапова кесиптеши тууралуу бизге мына буларды айтып берди.
— «Эне мектебин» Сагын эже 1999-жылы Кызыл-Байрак айылында ачкан. Бир тайпага мектеп жашына жетип калган балдарды чогултуп, мектепке даярдачубуз. Андан кийин Төрт-Күлдө, Шабданда, Кемин шаарчасына ачылган. Мен ошол кезде “Эне мектебинин” жетекчиси болуп иштедим. Мен да жаңы көчүп келгенде кичүү баламды таштай турган жер жок аябай кыйналгам. Андыктан ал мектеп көп энелерге жакшы жардам болгон. Ал жакта энелердин колдоосу менен бир маал ысык чай уюштурулчу. Күнүнө үч-төрт саат деген менен, балдарды кечке чейин эле алып жүрчүбүз. Эми ойлосом, ал мектеп балдар үчүн эле эмес, балдарын ээрчитип келген ата-энелер үчүн да баарлашуу аянтчасы болгон экен. Балдарынын жетишкендиктерин, деги эле үй-бүлө тууралуу маселелерди талкуулашып, кеңешип турушар эле. Өкмөттөн бир тыйын албай, ата-энелер өздөрү бала башына 50 сомдон төлөп берчү. Сагынбүбү эже бала менен кошо бала болуп ойноп, алар менен бир толкунда жүргөндү билген, энергиясы ашып-ташкан абдан күчтүү-демдүү, ачык-айрым адам эле. Кандай маселе болбосун ага айтып, кеп-кеңешин укканды жакшы көрчүбүз. Балдар ал жерден сабак эле эмес, идиш-аяк кармаганды да үйрөнүп, тартипке, ирээттүүлүккө көнүгүшкөн, — дейт Гүлмира Турапова.

Эне кесибин улантып мугалимдик кесипке ээ болгон Сагынбүбү Ботбаеванын кызы Айгүл Ниязалиеванын айтымында Кемин районунда азыркы учурда үч “Эне мектеби” жигердүү иш жүргүзүп келет. Шабдан, Кызыл-Байрак, Лесхоз айылдарында иштеп жаткан “Эне мектеби” мектепке чейин билим берүү уюму деп расмий аталып, уставы бекитилген.
— 2014-жылы Кемин районунун борборундагы Балдар жана өспүрүмдөр борборунун базасында Ресурстук борбор ачылып, апабыз ошол жакта иштеп калды. Өзү уюштуруучулардын сап башында тургандыктан, ал “Эне мектебин” жайылтууга, балдарга эле эмес, энелерге жардам бергенге көп аракеттерди жасады. Мугалимдер жыл бою 25-30 мүнөттөн Кыргыз билим берүү академиясынын адистери түзгөн программалардын негизинде сабак өтүшөт. Учурда Түштүктө жигердүү иш жүргүзүп келаткан Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” менен үндөшүп, эки долбоор бири-бирин толуктап, бири энелерге балдарды кантип тарбиялоо керектиги тууралуу олуттуу ой-сунуштарын ортого салса, бири балдарды мектепке даярдоо боюнча атан төөдөй эмгек өтөшүүдө. Биздин апабыз ачкан мектеп — СССР тарап, бала бакчалардын имараттары башка максатка пайдаланып кеткен баш аламан кезде ортодогу боштукту толуктаган, жоктон бар жараткан жаратман адамдардын эмгеги деп билем.
Апабыз төрт уул, бир кызды тарбиялап өстүрдү. Апабыздын кесибин уланткан — улуу баласы, эки келини, кызы мен жана менин кызым болду. Ал келиндерине да түшүнүү менен мамиле жасап, жардамдашып, ар тараптан колдоп турчу эле. Көзү өтүп кеткенден кийин анын атында кабинет жасоону неберелери демилгеледи. Неберелерине да аябай жакшы карачу. Келиндери “апабыздын балдарды окутканда өзгөчө методикасы бар, балдарыбыз бир-эки жумада эле тамга таанып калышат” — деп таң калышчу. Ал неберелерин тоого ээрчитип чыгып, жаратылыш менен тааныштырып, таштардан ар кандай нерселерди жасатып, кызыктуу оюндарды ойлоп таап аябай көңүл бурчу. Апамды жакындан билгендер тубаса педагогдук шыгы болсо керек деп айтып калышар эле, — деп эскерет кызы Айгүл.

Замандашы жана кесиптеши Атыркүл Акматовна Урмамбетова Сагынбүбү эженин билим берүүдөгү өрнөктүү жолуна суктанып, аны менен бирге иштешүү бактысына туш болгонуна сыймыктанарын жашырган жок.
— Ошол мезгилде бала бакчага бара албай калган балдар үчүн кыска мөөнөттүү «Энелер мектебин» жаңы программа менен ачуу — ошол кездеги билим берүү тармагындагы чоң жаңылык жана маанилүү демилге болгон. Ал мектептин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө Сагынбүбү эжебиз эбегейсиз зор эмгек сиңирди. Ал бала бакчага барбай калган балдарды мектепке даярдап, алардын тамга таануусуна, сүйлөө речинин өсүүсүнө, ой жүгүртүүсүнүн кеңейишине, бири-бири менен туура мамиле түзүүсүнө жана мектеп босогосун тартынбай атташына чоң салым кошту.
Азыр ойлоп көрсөм, Сагынбүбү Саметовна ошол кезде эле балага жөн гана тамга үйрөтүп койбостон, анын ар тараптуу, эркин инсан катары калыптанышына шарт түзгөнгө умтулчу экен. Эженин эмгеги балдарга билим берүү менен гана чектелбей, бала бакчага бара албай калган көптөгөн бөбөктөрдүн келечектеги жашоосуна бекем пайдубал түптөп кетти. Мындай асыл эмгек убакыт өткөн сайын бааланып, эч качан унутулбайт.
Мен Сагынбүбү Ботбаева менен жетекчи катары да, кесиптеш катары да бирге иштешип, үзөңгүлөш болгонума чексиз сыймыктанам, — дейт Атыркүл Урмамбетова.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды.
Комментарийлер