ЭНЕ ТИЛГЕ КАРШЫ ЧЫГУУ — ӨЗ ТАМЫРЫҢА КАРШЫ ЧЫГУУ
- 01.07.2026
- 0
Кыргыздарга кайрылуу!
ЭНЕ ТИЛГЕ КАРШЫ ЧЫГУУ — ӨЗ ТАМЫРЫҢА КАРШЫ ЧЫГУУ
Акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркул Кендирбаеванын мамлекеттик тилдин коомдогу ордун бекемдөө жана билим берүү системасында кыргыз тилинин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүү, айрым окуу предметтерин Кыргыз тилинде окутуу демилгеси коомчулукта кызуу талкууларды жаратууда. Бул көрүнүш жөн гана билим берүү тармагындагы кезектеги талкуу эмес. Бул кыргыз элинин өзүнүн эне тилине, өзүнүн мамлекетине, өзүнүн тарыхына болгон мамилесинин көрсөткүчү. Анткени бүгүн талкууланып жаткан маселе бир министрдин көз карашы же бир мекеменин саясаты эмес.
Бул улут катары келечекте ким болуп калаарыбыз жөнүндөгү маселе. Андыктан биз, билим берүү жана тил илими тармагындагы окумуштуулар жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, Агартуу министри көтөргөн демилгени мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарына толук жооп берген, илимий жактан негизделген жана келечекке багытталган кадам катары баалайбыз. Себеби дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик тилдин билим берүү системасында толук кандуу колдонулушу улуттук аң-сезимди бекемдөөнүн, интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүнүн жана мамлекеттин көз карандысыздыгын чыңдоонун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Ошондуктан бул демилгенин айланасындагы талкуулар жөн гана окутуунун тили жөнүндө эмес, улуттук өнүгүүнүн стратегиялык багыты тууралуу талкуу катары каралышы керек.
Кээде сырттан келген душман тилге зыян келтирбейт. Тилди эң биринчи ошол тилде сүйлөгөн элдин кайдыгерлиги алсыратат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө каршы чыккан айрым мекендештерибизди көрүп туруп, улуу ойчулдардын: «Улутту сырттан эмес, өз ичинен чыккан кайдыгерлик кыйратат» деген сөзү эске түшөт. Эң өкүнүчтүүсү, Кыргыз тилин өнүктүрүү аракетине каршы чыгып жаткан адамдардын арасында кыргыздар өздөрү да бар. Мындай учурда ар бирибиз өзүбүзгө суроо берип көрүшүбүз керек: дүйнө жүзүндө өзүнүн мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө каршы чыккан дагы кайсы эл бар? Француздар француз тили үчүн күрөшөт. Немистер немис тили үчүн күрөшөт. Түрктөр түрк тилин мамлекеттин пайдубалы катары көрүшөт. Жапондор менен корейлер улуттук тилин улуттук коопсуздуктун бир бөлүгү деп эсептешет. Орустар орус тилин дүйнөгө таңуулап таратып жатат. Ал эми кыргыз өз мамлекетинде Кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүүгө каршы чыгып жатса, бул эмнени билдирет? Бул айрым бир жексурлардын улуттук аң-сезимибизде дагы эле чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөтөт. Мындай көрүнүш көп учурда тилди жөн гана күнүмдүк баарлашуунун каражаты катары кабыл алуудан келип чыгат.
Чындыгында, тил – муундарды бири-бирине байланыштырып турган руханий көпүрө, элдин миң жылдык эс тутуму. Ал жети атаң сүйлөгөн тил, ал аталардын акыл-насааты, энелердин бешик ыры, Манастын урааны, Курманжан датканын кайраты, Токтогулдун күүсү, Чыңгыз Айтматов дүйнөгө тааныткан руханий дүйнө.
Демек, тил муундан муунга өтүп келген сөздөрдүн жыйындысы гана эмес, улуттун тарыхый эс тутумун, маданий мурасын жана руханий баалуулуктарын сактап турган улуу казына. Ар бир сөздүн артында бүтүндөй бир тарых жатат. Ар бир сөздүн түпкүрүндө ата-бабаларыбыздын дүйнө таанымы, жашоо философиясы, кубанычы менен кайгысы, жеңиши менен жеңилүүсү жашайт. Тил бул жөн гана сүйлөшүүнүн каражаты эмес. Ал элдин жан дүйнөсү, улуттун эс тутуму, кылымдарды карыткан руханий байлыгы. Ошондуктан тил жоголсо, жөн гана сөздөр жоголбойт. Тил менен кошо элдин тарыхы өчөт, эс тутуму көмүскөгө кетет, улуттук жүзү жоголот. Дүйнө тарыхында мындай трагедиялуу мисалдар аз эмес. Бир кезде өз тилинде сүйлөп, өз маданияты менен жашаган канчалаган элдер бүгүн тарых барактарында гана калды. Маселен, 1929-жылдагы эл каттоодо СССР аймагында 194 тил катталган болсо, 1979-жылга келгенде алардын 93ү колдонулбай калган. Бул болгону 50 жылдын ичинде дээрлик жүзгө жакын тилдин тарых аренасынан сүрүлүп чыгышын билдирет, тил менен кошо элдин жоголгонун билдирет. Биз да ушинтип жоголуп кетелиби, жумуру баш, айры буттар.
Белгилүү лингвист, Америкадагы Жандуу тилдер институтунун директору Дэвид Харрисонддун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү жети миңге жакын тилдин ичинен болгону 83 тилде адамзаттын 80 пайызы сүйлөйт. Ал эми миңдеген тилдерде жер жүзүндөгү калктын өтө аз бөлүгү гана пикир алышат. Анын айтымында, дүйнөдө ар эки жума сайын бир тил жоголуп турат. Жүздөгөн тилдер азыр жок болуу алдында турат. Демек, тилдер Кызыл китепке кирген сейрек жаныбарлардан да ылдамыраак темп менен жер бетинен өчүп жатат.
Ар бир тилдин өлүмү – бул жөн гана лингвистикалык жоготуу эмес. Бул бүтүндөй бир дүйнөнүн кыйрашы. Бул миңдеген жылдар бою топтолгон тарыхый эс тутумдун үзүлүшү. Бул ата-бабалардын үнүнүн түбөлүккө басылышы. Бул бир элдин руханий ааламынын караңгылыкка сиңиши.
Тил жоголсо, улут жоголот. Тил өксүсө, улут өксүйт, эл мөгдүрөп чөгөт, өз жолунан адашып, туш тарапка урунуп, көрүнгөндү ээрчийт, өз мекенинде жетим болот. Мына ошондуктан тилдин тагдыры – улуттун тагдыры.
Бүгүн дүйнөдө болуп жаткан тилдик жоготуулар биз үчүн да олуттуу сабак болууга тийиш. Бизди да ушул коркунуч айланып өтпөйт. Эгер мамлекеттик тилдин кадырын көтөрбөсөк, анын илимдин, билимдин жана технологиянын тили катары өнүгүшүнө шарт түзбөсөк, анда келечек муундардын алдында чоң жоопкерчиликке дуушар болобуз. Ошондуктан кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү жөн гана маданий милдет эмес, бул улут катары өз тагдырыбызды сактап калуунун эң негизги шарты болуп саналат.
Өз тилин сактап калган элдер бүгүн дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттерин куруп жатышат. Кээ бир адамдар мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү аракеттерин башка тилдерге каршы саясат катары түшүнүшөт. Бул чоң жаңылыштык. Кыргыз тилинин өнүгүшү орус тилине каршы эмес. Кыргыз тилинин өнүгүшү англис тилине каршы эмес. Кыргыз тилинин өнүгүшү башка улуттарга каршы эмес. Тескерисинче, мамлекеттик тилдин күчтүү болушу мамлекеттин өзүнүн күчтүү болушун билдирет. Ар бир өлкө өз тилин өнүктүрүүгө милдеттүү. Бул дүйнөлүк тажрыйбада мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. Эгер Францияда бардык негизги предметтер француз тилинде окутулса, эч ким таң калбайт. Эгер Түркияда окуу түрк тилинде жүргүзүлсө, эч ким каршы чыкпайт. Эгер Японияда билим берүү жапон тилинде болсо, эч ким аны улутчулдук катары баалабайт. Россияда орус тилин бил деп закон кабыл алды. Анда эмне үчүн Кыргызстанда кыргыз тилинин колдонулушун кеңейтүү айрым адамдар тарабынан терс кабыл алынууда? Тескерисинче, эне тилин билбеген муун – келечекке коркунуч жаратат.
Бүгүнкү күндө жасалма интеллект, санариптик технологиялар жана глобалдык коммуникациялар тездик менен өнүгүп жатат. Бирок кандай гана технологиялык өнүгүү болбосун, ал улуттук өзөктүн ордун баса албайт. Өз тилин билбеген адам өз тарыхын толук түшүнө албайт. Өз тарыхын билбеген адам өзүнүн ким экенин түшүнө албайт. Өзүнүн ким экенин түшүнбөгөн адамдын мекенчилдиги дагы алсыз болот. Ошондуктан билим берүү системасы биринчи кезекте улуттук аң-сезимди калыптандырууга кызмат кылышы керек. Бала мектептен жөн гана формулаларды үйрөнүп чыкпашы керек. Бала мектептен кыргыз болуп чыгышы керек. Ал өз элин сүйгөн, өз мамлекетин урматтаган, өз тили менен сыймыктанган инсан болуп калыптанышы керек. Мына ушул жерде мамлекеттик тилдин ролу өзгөчө чоң.
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү демилгеси башка тилдерге каршы багытталган саясат эмес. Кыргыз тилинин өнүгүшү орус тилине да, англис тилине да, башка тилдерге да каршы келбейт. Тескерисинче, мамлекеттик тилди терең өздөштүргөн жана бир нече чет тилдерди билген жаңы муунду тарбиялоо заманбап билим берүүнүн негизги талаптарынын бири болуп саналат. Глобалдашуу шартында атаандаштыкка жөндөмдүү инсан өзүнүн улуттук баалуулуктарын сактоо менен дүйнөлүк илим-билимдин жетишкендиктерин өздөштүрө алган адам болушу керек.
Илимий көз караштан алганда, мамлекеттик тилдин билим берүү системасындагы функционалдык чөйрөсүнүн кеңейиши Кыргыз тилинин терминологиялык базасынын өнүгүшүнө, илимий стилдин байышына жана жаңы окуу-усулдук ресурстардын жаралышына алып келет. Бул өз кезегинде Кыргыз тилинин илимдин, технологиянын жана инновациянын тили катары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Тил өнүксүн десек, ал, сөзсүз түрдө, билимдин, илимдин жана өндүрүштүн тилине айланышы керек.
Тилге болгон мамиле – бул мамлекетке болгон мамиле. Көпчүлүк мамлекеттин символдору катары желекти, гербди жана гимнди түшүнүшөт. Бирок мамлекеттүүлүктүн эң туруктуу белгиси – тил. Тил аркылуу мамлекет өзүнүн маданий көз карандысыздыгын сактап, улуттук иденттүүлүгүн бекемдейт. Ошондуктан мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси жөн гана гуманитардык маселе эмес, стратегиялык маанидеги мамлекеттик саясат болуп эсептелет. Бүгүн Кыргыз тилине каршы айтылган ар бир сөз эртең Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалына урулган сокку болуп калышы мүмкүн. Муну ар бир жараныбыз түшүнүүгө тийиш.
Тарых бизден эмне сурайт? Жүз жылдан кийин биздин урпактар бүгүнкү муун жөнүндө эмне дешет? «Ата-бабаларыбыз кыргыз тилин дүйнөлүк деңгээлге чыгарган» деп айтышабы? Же болбосо: «Ата-бабаларыбыз өз тилин өнүктүрүүгө өздөрү каршы чыгып, өздөрү алсыраткан» деп айтышабы? Бул суроонун жообу бүгүнкү аракеттерибизге байланыштуу. Тарых ар бир муунга өзүнүн жоопкерчилигин жүктөйт.
Биздин муундун жоопкерчилиги – эгемендүү мамлекеттин мамлекеттик тилинин толук кандуу өнүгүшүн камсыз кылуу. Бул милдетти мамлекет же министр жалгыз аткара албайт. Бул милдетти мектеп дагы жалгыз аткара албайт. Муну бүтүндөй эл аткарышы керек, үй-бүлөдөн башташ керек. Эне тилине кайдыгер караган эл эч качан улуу эл боло албайт. Эне тилин урматтаган эл гана дүйнөгө өз жүзү менен таанылат.
Ошондуктан бүгүн ар бир кыргыз жараны өзүнө төмөнкү суроону берүүгө милдеттүү: «Мен кыргыз тилинин өнүгүшүнө эмне салым кошо алдым?» Салым кошо албасаң да бут тосуп, каршы болбой тилиңди тишиңе катып, шүк туралычы…
Эгер бул суроого жооп бере алсак, анда Кыргыз тилинин дагы, Кыргыз мамлекетинин дагы келечеги кең болот.
Эне тил – ата-бабадан калган аманат. Аманатка кыянаттык кылууга эч кимдин акысы жок!
Кыргыз тилинин жалпы күйөрмандарынын
атынан кайрылуу иреетинде кагазга түшүргөн Сыртбай МУСАЕВ
Комментарийлер