ЭНЕ ТИЛДИ ДАҢКТАЙБЫЗ

  • 04.01.2021
  • 0

Чаткал районунун Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектебинде эне тилди даңазалоо менен балдарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында бир жылдык план түзүлүп, планга киргизилген иштердин көпчүлүк бөлүгү  пандемия шартына карабастан, онлайн-режимде  жүзөгө ашырылды. Аралыктан окутууда ата-энелердин ролу чоң экендигин эске алып, ата-энелерди да билим берүүгө жигердүү аралаштыруу максатында, башталгыч класстар арасында “Бөбөк сенин жомогуң” аттуу бир айлык акция уюштурулуп, чоң энелер жана балдар арасында жомоктор видеороликтери даярдалып, мыктылары аныкталды. Бул акциянын жүрүшүндө ата-энелер дагы перзенттеринин татыктуу билим алышына кызыкдар экендигин жана бала тарбиялоодо жомоктордун орду зор экендигин сезе билген, элдик оозеки чыгармаларды баалай билген чоң энелер көп экендигине күбө болдук.

ЭНЕ ТИЛДИ ДАҢКТАЙБЫЗ

Өз учурунда ушул билим уясынан билим алып, жакшы окуп учуп кеткен, бүгүнкү күнү студенттик доорду баштан кечирип жаткан студенттер менен мектеп окуучуларды байланыштыруу максатында “Көп тилдүү билим берүү тажрыйбалары жана натыйжалары” деген темадагы онлайн- конференция англис тили мугалими Ж.Н.Момунова, орус тили мугалими А.Ч.Халитова жана кыргыз тили мугалими Ж.Ч.Алымовалар тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар көп тилдүүлүктүн натыйжалары жөнүндө кенен маалымат алганга мүмкүнчүлүк алышты. Айрыкча, Жалал-Абад шарындагы Курманбек баатыр атындагы мектеп-лицейинин англис тили мугалими волонтер Mike Nyarko менен онлайн байланышта болуу, ошондой эле бүгүнкү күндө түрк тилин өздөштүрүп жаткан студент Бактыбек кызы Айнагүл жана көп тилди өздөштүрүп, азыркы учурда компьютер тилин үйрөнүп жаткан Турсуналиева Гузел  тарабынан даярдалган кыскача видеолор окуучулардын купулуна толуп,  тил үйрөнүүсүнө  мотивация бере алды.

Октябрь айында Өмүрбекова Т.Ч. тарабынан 10-класстар арасында ”Тилим – менин жан дүйнөм” деген темада онлайн-кече уюштурулса, Ж.Момунованын жетекчилигинде 9-класстар арасында ”Урпагына улуу кыргыз элимдин, Улуу тил жок кыргыз тилден артыкча” деген темадагы класстан тышкаркы иш видео түрүндө даярдалса, С.Н.Ташпулатова тарабынан 8-класстар арасында “Кыргыз тили – кылымдарды баскан тил” деген темадагы адабий-музыкалык кече, ал эми С.А.Курманкулова тарабынан 11-класстар арасында “Улуттун эң башкы байлыгы — анын тили” деген темадагы класстан тышкаркы ишти онлайн даярдашты.  Жогоруда аталган иш-чаралардан улам таланттуу окуучулар мектеп сахнасын сагынгандыгы, үй шартында болсо да алдында көптөгөн көрүүчүлөр олтургандай, чын дилинен эне тилди даңазалаган ырларды  айтып, көркөм айтуулары, бийлери, манас, монолог айтуулары онлайн көрүүчүлөрдүн купулуна толду десем да жаңылышпаймын.

Мамлекеттик тилди даңазалоодо мектеп китепканачысы М.Т.Батырханова дагы кичинекей  китеп сүйүүчүлөрү менен менен биргеликте дубал-газеталарды, Эне тил  тууралуу ырларды көркөм айтуу  жана манас айтуу кечелерин үзгүлтүксүз уюштуруп турду.

Кыргыз деген элди, кыргыз деген тилди дүйнө элине тааныткан, улутубуздун сыймыгы, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата кыргыз тили жана адабияты мугалими Алымова Ж.Ч. тарабынан 7-класстар үчүн “Эрте келген турналар” чыгармасы боюнча жыйынтыктоочу бышыктоо сабагы өтүлсө, Якшибаева Г.М. тарабынан “Айтматов ааламы” деген темада жазуучуга арналган ырларды көркөм айтуу кечеси уюштурулса. Бадалова Д.С. тарабынан улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган сурөт көргөзмөсү уюштурулуп, жаш сурөтчүлөрдүн эмгектери бааланды. Залкар жазуучу Ч.Айтматов: “Кыргыз тили жана орус тили мен үчүн куштун эки канатындай” дегендей, орус тили жана адабияты мугалими Халитова А.Ч. тарабынан “Айтматовдун алгачкы сыйлыгы” жана Толгонайдын монологу орус тилдүү класстар арасында даярдалып көрсөтүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө, эне тилибиздин сакталышына салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндөгү видеосабактар тарых мугалимдери Мараимбекова Э.Р., Өмүрбекова Т.Ч.  жана Шарипова Н.А. тарабынан даярдалып, мектеп жааматына жана окуучуларга жөнөтүлүп турду.

Бул эне тилге негизделген  иш-чаралар окуу жылынын жарым жылдыгында гана аткарылгандыгын баса белгилеп кетким келет.

Жанылай Момунова, Сумсар мектебинин “Тилдик жана Искусство” усулдук бирикмесинин жетекчиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер