ЭНЕ ӨНӨРҮН УЛАНТКАН ИШКЕР АЙЫМ

  • 11.03.2021
  • 0

Бүгүнкү күндө аялдар дүйнө жүзү боюнча эскирген стереотиптерди бузуп, айымдар дагы ишкерликте ийгиликтүү боло алаарын далилдеп келишет. Албетте, ишкер айым болуу оңой  эмес, ал үчүн көпкө өзүңдү тарбиялоо, өстүрүү жана ишиңди профессионалдуу жасоону үйрөнүү кажет. Бизнес чөйрөсүндөгү баардык  кыйынчылыктардан өтүп, өз ордун тапкан ишкер айым Перизат Тойчубекова. Ал кыздарга сеп даярдаган “Пери этно” ишканасынын негиздөөчүсү.

Перизат айым кыздарга сеп даярдоо бизнесин мындан жети жыл мурун баштаган. Бизнеске чейин банк тармагында эмгектенип жүрүп, өзүнө иштөө чечимин кабыл алган.

-Кыргыз Улуттук университетинин финансы тармагы боюнча билим алгам. Кесибим менен иштеп жүрүп, төрт балалуу болдум. Балдарга көбүрөөк убакыт бөлүү  жана максатында жеке ишкерлигимди баштоону туура көрдүм. Уузчулук өнөр менен кичинемден таанышмын, анткени апам ууз чебер эле. Көпкө ойлонбой апамдын жолун жолдоону туура көрдүм.

ЭНЕ ӨНӨРҮН УЛАНТКАН ИШКЕР АЙЫМ

Мурда кийин бизнесте жүрбөгөн адамга башында кыйла эле кыйын болгон. Тигүү машиналарын сатып алууга, ижара акысын төлөөгө каражат таппай бир топ кыйналган. Көздөгөнүнө жетүү үчүн эч нерсеге моюн сунбай, иштөөнү уланта бергенин айтат.

-Каражаттан заарыгып турган маалда кредит алууну ойлондум, бирок анын үстөк пайызы кымбат болгондуктан ала албадым. Ошол учурда алгачкы кардарларым чыга баштады. Эсимде эң биринчи кардарым жеңем болгон. Ал өзү чет жерде жашагандыктан, үйүнө жаңы төшөктөрдү тигип берчи деп суранып калды. Башында туугандарым буйрутма берип жүрүп, бара-бара кардарларым көбөйүп кетти.

Жасаган ишиң сапаттуу болсо, бир келген кардар экинчи ирет сөзсүз келет. Анткени кардарда сенин өндүрүшүңө карата ишеним пайда болот. Бул бизнесте абдан маанилүү дейт ишкер айым.

Мага бир ийгиликтүү айым “Жасаган ишиң сапаттуу болсо, кардар сага өзү келет” деп кеңеш берген. Кудайга шүгүр бүгүнкү күндө туруктуу кардарларымдын саны көп. Бир келген кардарым, кайра буйрутма бергени келген учурлар көп болот. Бир жолу бир үй-бүлөнүн үч кызына сеп даярдап бергем. Бул мага кардардын алдында чоң жоопкерчиликти сездиртип, талыкпай изденүүмө дем берет.

Ишкерликтин жолун тапкан айым кардарлар үчүн ыңгайлуу шарт дагы түзүп койгон. Анда ар бир келген кардар кездемени кармап көрүүдөн баштап, кантип кабылып, кандай кебез салынып жатканына чейин көрө алат. Баары бир жерде жайгашкандыктан, башка атаандаштарыман бир артыкчылыгым ушул деп эсептейт.

-Ишке киришип жатканда эле баары бир жерде жасалуусун каалагам. Азыр ар бир адамдын убактысы баалуу. Кардар бир жерден экинчи жерге барып, убактысын короткусу келбейт. Менин ишканама келген кардар баарын бир жерден көрүп, буйрутма бере алат. Сеп даярдоодо кездемелердин эң жакшыларын колдонгонго аракет кылам. Бир төшөктүн баасы колдонулган кездемесине жана тигүү кыйынчылыгына жараша 1500 сомдон 4500 сомго чейин бааланат. Мисалы, бир төшөктү тигүүгө кээде үч күн кетсе, кээде он күнгө жакын убакытты талап кылат. 

ЭНЕ ӨНӨРҮН УЛАНТКАН ИШКЕР АЙЫМ

Акыркы жылдары кызга сеп даярдаган айымдар көбөйүп жатат. Атаандаштык, тоскоолдук болгон жерде өсүп-өнүгүү болот. Ага туруштук берүү үчүн дайыма изденүү, жаңылануунун үстүнөн иштөө керек. Мындан сырткары бизнестин алдыга жылуусу күчтүү командалык топтон дагы көз каранды. Мыкты команда сенин ишиңдин кыймылдаткыч күчү, андыктан ишенимдүү команда топтоо өтө зарыл.Учурда менин ишканамда 7 айым эмгектенип келет. Мындан сырткары үйдө отурган кыз-келиндер менен дагы иштешип келем. Кээ бир ишкерлер үч түр төшөктү эле кайталап тиге беришет, мен дайыма жаңылык киргизүүнү жактырам. Азыр кездеме, кебездин баары кымбаттап жатат, бирок ага карабай төшөктөрдүн баасын көтөрбөй бир калыпта кармап келем.

Илгерки заман менен азыркы мезгилди салыштырып болбойт. Мурдагыдай бала менен үйдө отура берген учурлар артта калды. Азыр эч болбогондо үйдө отуруп эле интернет аркылуу иш кылууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Аялзатынын колунан баары келет, бираз аракеттенсе эле. Үй-бүлөнү, карьераны, ишкерликти бирдей алып кетүүгө болот дейт ишкер айым.

Бизнес баштайм деген айымды үй-бүлөсү колдоп турганы абдан жакшы. Ишкерликке киришип жатканда үй-бүлө, балдарыма бөлгөнгө убактым көп болот деп ойлогом. Мурда эрте мененки 8ден кечки 6га чейин иштеп, жетиштүү көңүл бура албай калат элем. Бизнесте баары мен ойлогондой эмес экен, тескерисинче өзүңдү 24 саат ага арнап коёт экенсиң. Себеби, базарда эмне өзгөрүүлөр, кандай жаңылыктар болуп жатат баарынан кабардар болуп турууга тийишсиң. Болбосо сага керектүү кездемелер базарда жок болуп, таппай калышың толук мүмкүн. Андыктан баарына көз салып туруу кажет.

Бир жагынан жеке өзүнүн ишин ачып, экинчи жагынан үйдө олтурган кыз-келиндерди жумуш орун менен камсыздап жаткан Перизат айымдын ишине ийгиликтерди каалайбыз!

Нурзат Казыбекова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер