ЭМИРАТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • 11.04.2025
  • 0

Бириккен Араб Эмираттары чыгыштын экзотикасы, асман тиреген кооз имараттары жана жогорку технологиялары менен гана эмес, билим деңгээли менен да таң калтырды. Бул федералдык мамлекетте орто билим берүү 1971-жылдан бери гана милдеттүү болуп саналат.  Бирок соңку жылдары негизги артыкчылыгы катары дүйнөдөгү эң мыкты билим берүү ыкмаларын жана тажрыйбасын бириктирип колдонуу менен таанылып келүүдө. Муну билим берүү системасындагы тез жылыш фактылар менен далилдейт. Себеби 12 жылдык билим берүүгө өткөндөн бери өлкөнүн тургундарынын сабаттуулугу учурда 95 пайызга жакынды түзөт жана бардык мектептерде бир нече чет тилдери окутулат. Буга мен жакында эле Дубай жана Абу Даби шаарларында болуп, адистер менен таанышканда ынандым.

ЭМИРАТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) билим берүү – өкмөт өзгөчө көңүл бурган негизги багыттардын бири. Өлкөдөгү билим берүү системасы ар кандай билим берүү программаларын сунуш кылган мамлекеттик жана жеке окуу жайларды камтыйт. Акыркы жылдары өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууда олуттуу кадамдар жасалгандыктан, бул чет элдик студенттерди көбүрөөк тартууда. БАЭ эл аралык атаандаштыкка туруштук бере ала турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн бардык зманбап шарттарды түзүүгө умтулуп, билим берүү инфраструктурасына активдүү инвестиция салууда.

БАЭде  мектептерде 12 жылдык билим берүү системасы тез темп менен өнүгүп, ага алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны жигердүү киргизүү менен жетүүдө.  Бул өлкөнүн мектептерине, коллежддерине жана ЖОЖдоруна заманбап талаптарга жана критерийлерге жооп берүүгө мүмкүндүк берип жатканын адистер айтышууда.

Бул мамлекетте билим берүү ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттарынын бири эле эмес, ал тиешелүү тармакка олуттуу каражаттарды жана ресурстарды жумшаган өкмөттүн негизги милдети болуп саналат. Учурда жыл сайын Эмираттарга башка өлкөлөрдөн көбүрөөк үй-бүлөлөр көчүп келип жаткандыктан, билим алууга байланышкан маселелер болуп көрбөгөндөй маанилүү жана актуалдуу болуп баратат.

ЭМИРАТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Мектеп системасы

БАЭде билим берүү процесси, көптөгөн батыш өлкөлөрүндөгүдөй эле мектепке чейинки билим берүүдөн баштап жогорку билимге чейин бир нече этаптарды камтыйт. Билим берүү мекемелери мамлекеттик жана жеке менчик болуп саналат. Биринчиси, эреже катары жергиликтүү калк үчүн арналса, ал эми экинчиси чет элдиктерге багытталган. Чет өлкөдөн келгендер балдарын мамлекеттик мектептерде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону менен, алар көпчүлүк учурда окуу акысын төлөөгө милдеттүү.

Коммерциялык эмес мекемелер Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген программаны сунуштап, көбүнчө араб тилинде сабактарды өтөт. Бирок окуучулардын көп улуттуу курамына байланыштуу англис тили кеңири колдонулат. Кошумчалай кетсек, Дубайда окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектеп бар. Окутуу бир сменада гана жүргүзүлөт. Балдар мектептерде дүйшөмбүдөн жумага чейин билим алат.

Эмират бийликтери балдардын физикалык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат, андыктан окуучулар ар кандай спорттук ийримдерге катышуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Мектептердин өзүнүн бассейндери, спорт жайлары же футбол аянтчалары бар.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелери

Эмираттарда мектепке чейинки билим берүү милдеттүү эмес, бирок ал мектепке кирүү алдында балдардын социалдаштыруусунда маанилүү ролду ойнойт деп эсептелет. Адатта, жеткинчектер мектепке чейинки билим берүүнү үч же төрт жашында баштайт. Бирок кээ бир мекемелер жаш наристелерди да  кабыл алат.

БАЭдеги мектепке чейинки мекемелер мамлекеттик жана жеке менчик болуп саналат. Алардын айрымдары орто мектептердин базасында иштейт. Программалары баланын инсандыгынын бардык аспектилерин – физикалык, интеллектуалдык, социалдык жана эмоционалдык өнүктүрүүгө багытталган. Балдар оюн-зоок жана билим берүү иш-чараларына аралашып, кызыктуу сабактарга катышып, дене тарбиясы менен алектенип, окуунун, жазуунун жана математиканын негиздерин үйрөнөт. БАЭдеги мектепке чейинки билим берүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири балдарды кийинки окууга сапаттуу даярдоо. Балдарда топ болуп жамаат менен иштөө жөндөмүн, өз алдынчалыкты жана жоопкерчиликти өстүрүп, таалим-тарбияга басым жасашат.

ЭМИРАТТАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Билим алуунун артыкчылыктары 

Бириккен Араб Эмираттарында окуу – бул алдыңкы билим берүү технологияларын, көп улуттуу чөйрөдө коммуникативдик компетенцияларды түзүү жана бай маданий мурастарды үйрөнүү дегенди билдирет. Эл аралык студенттер үчүн бул мамлекетте билим алуунун негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: Ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жана маданияты менен таанышуу, көз карашты кеңейтүү, баарлашуу жөндөмдү жана жалпы инсандык баалуулуктарды өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Ошондой эле билим берүү стандарттарынын жогорку деңгээли жана заманбап илимий инфраструктуранын болушу. Окуу жайларынын ар түрдүүлүгү заманбап окуу программаларына жана технологияларына, академиялык ийгиликке жетүү жана келечекте пайдалуу мансапка жакшы даярданууга жардам берет.

БАЭде эл аралык мектептер, ар кандай адистиктерге даярдаган кесиптик -техникалык колледждер жана аккредитацияларга ээ университеттер бар.

Башталгыч мектеп

Бул билим берүү этабы милдеттүү болуп саналат. Адатта, БАЭде бала алты жашында мектепке барат. Мектепке кабыл алуу процессинде мугалим менен маектешүү, ошондой эле араб тилинен  сырткары англис тили жана арифметика боюнча тестирлөө кирет. Көбүнчө мектепте бала бакчага баргандар үчүн билим берүүнүн жаңы деңгээлине өтүү оңой, анткени алар айлана-чөйрөнү жана тигил же бул мектептин мугалимдери койгон талаптарды жакшы билишет. Башталгыч мектепте билим алуу алты жылга созулуп, 1-класстан баштап 5-класс менен аяктайт.Бул убакыттын ичинде окуучулар ар кандай предметтерди өздөштүрүшөт. Алардын тизмеси тандалган программанын өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Жергиликтүү мектептер  дүйнөлүк билим берүү системаларына, анын ичинде британдык, француздук, америкалык жана башка усулдарга таянышат. Бул чет өлкөлүк ата-энелерге балдары үчүн эң ылайыктуу вариантты тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Толук эмес орто мектеп

Көпчүлүк балдар билим берүүнүн бул этабын 12 жашында баштайт.  Окуу үч жылга созулат. Бул мезгилде окуучулар орто мектепке  өтүү үчүн катуу даярдыктан өтүшөт. Алар математика, табият таануу, тарых, география боюнча билимдерин тереңдетип, чет тилдерин активдүү өздөштүрөт. БАЭнин көпчүлүк мекемелеринде мектеп окуучуларына бул мезгилде ислам маданияты үйрөтүлө баштайт. Бул предмет өспүрүмдөрдү мусулман каада-салттары жана баалуулуктары менен тааныштырат. Бул жагдай  ислам мамлекеттик дин болуп саналган Бириккен Араб Эмирликтериндеги алардын келечектеги жашоосу үчүн өзгөчө маанилүү. Бул курс өсүп келе жаткан муундун коомго социалдык маданий интеграциясына көмөктөшөт.

12 жаштан жогорку окуучулар класстарга жынысы боюнча бөлүнүп, балдар жана кыздар өзүнчө  окуй турганын баса белгилей кетүү маанилүү. Кээ бир эксперттер бул сабактарды натыйжалуу окутууга жана өзүнө болгон ишенимди арттырууга өбөлгө түзөт деп эсептешет. Алар мындай ыкма өспүрүмдөр өздөрүн эркин сезип, ачык баарлашкан ыңгайлуу атмосфераны түзүүгө мүмкүндүк берет деп эсептешет. Ошондой эле бул жагдай окуу процессин окуучулардын белгилүү бир тобунун муктаждыктарына, алардын жекече өзгөчөлүктөрүн жана материалды өздөштүрүү темптерин эске алуу менен ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.

Орто мектеп

Бириккен Араб Эмираттарында милдеттүү билим берүүнүн акыркы этабы орто мектеп болуп саналат. Ал жерде окуу үч жылга созулат. Эреже катары, окуучулар мектепти 18 жашында бүтөт. Мектеп турмушунун бул мезгили ар түрдүү  илимий жана маданий тажрыйбалары менен айырмаланат, анткени мугалимдердин арасында көбүнчө ар кайсы өлкөлөрдөн келген  кесипкөй адистер бар. Программа аяктагандан кийин, окуучулар милдеттүү сынак тесттерин тапшырышат. Аттестат алган бүтүрүүчүлөр кийинки баскычтарга окуу жайларына тапшыруу үчүн күч-аракетин жумшай алат.

Техникалык окуу жайлар

Көптөгөн жаштар орто мектепти аяктагандан кийин кесиптик-техникалык окуу жайларында же колледждерде билим алууну улантууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул жерде алар өз жөндөмүнө жараша көптөгөн адистиктерди өздөштүрүп, технология, айыл чарба, өнөр жай, коммерция, туризм жана мугалимдик кесиптерге ээ боло алышат. Колледжде окуунун мөөнөтү алты жыл. Бул мезгил студенттерге тандап алган тармагын изилдеп, терең сүңгүп кирүүгө мүмкүндүк берет. Окууну аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да таанылган техникалык билими жөнүндө диплом алат.

Жогорку билим

Бириккен Араб Эмираттары акыркы он жылдыкта жогорку билим берүү системасын олуттуу модернизациялады. Өлкөдө 130дан ашык жаңы  жогорку окуу жай ачылган. Алардын көбү жеке менчик университеттер, аларда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген студенттер билим алат. Мамлекеттик университеттер учурда өлкөнүн жарандары үчүн гана ачык.

Популярдуу адистиктердин тизмесине экономика, өнөр жай, менеджмент, туризм жана маалымат технологиялары кирет. БАЭдеги мектептерде жана ЖОЖдордо коопсуздук меселесине өзгөчө көңүл бурулат.

Кабыл МАКЕШОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер