Эмгегибиз — мамлекетибиздин өсүшү үчүн
- 25.08.2026
- 0
Маданият — элдин руханий байлыгы. Ал эми маданият үйү — ошол байлыкты сактап, кийинки муунга өткөрүп берүүчү очок. Ноокат районундагы Т. Кулатов айыл аймагындагы А. Самидинов атындагы маданият үйүндө бүгүн дал ушундай маанилүү иштер аткарылып, айыл элинин маданий жашоосун жандандырууга багытталган демилгелер ишке ашырылып келет.
Маданият үйүнүн жетекчиси Канзада Балтабаева бул иштин башында турган адамдардын бири.
Оор шарттан — жаңы мүмкүнчүлүктөргө
Канзада Балтабаева 2021-жылы Ынтымак айыл өкмөтүнө айылдык кеңештин депутаты болуп келген. Ал эми 2022-жылдын 25-ноябрынан тартып А. Самидинов атындагы маданият үйүнүн жетекчиси болуп дайындалган.
Алгачкы күндөрдөн эле мекеменин абалы жакшы эмес болчу. Союз мезгилинен калган эски имаратта отургучтар эскирип, полдору да оңдоого муктаж абалда турган. Бирок материалдык шарттын оордугу маданий иш-чараларды токтотууга тоскоол болгон эмес.
Мамлекеттик жана элдик майрамдар, салттуу иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, айыл элинин маданий жашоосу улантылып келген.
2023-жылы Ынтымак айыл өкмөтүнө К. Саланов жетекчи болуп келгенден кийин маданият үйүнүн шартын жакшыртуу боюнча биргелешкен аракеттер башталган. Юрист Р. Маманова, айылдык кеңештин төрагасы Р. Исамов жана депутаттардын колдоосу менен маданият үйүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү максаты коюлган.
Жергиликтүү бюджеттен, айыл өкмөтү дотацияда турганына карабастан, дем берүүчү фондго өздүк салым катары 800 миң сом бөлүнгөн. Ал эми капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин сметалык баасы 2 миллион 810 миң 79 сомду түзгөн. Натыйжада мурдагы эски имарат жаңыланып, айыл эли үчүн заманбап шарттары бар маданий жайга айланды.

Маданият үйү — маданий гана эмес, коомдук борбор
Жетекчи үчүн имаратты оңдоп коюу жетишсиз эле. Маданият үйүнүн айланасында жаштардын жана айыл тургундарынын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзүү максатында жаңы демилгелер көтөрүлдү.
Ошол демилгелердин бири — фитнес залын куруу. Долбоору жана сметалык баасы даярдалып, жергиликтүү бюджеттен 1 миллион 500 миң сом каражат каралып, көлөмү 10х20 метр болгон фитнес залдын курулушу башталган. Кийин Ынтымак айыл өкмөтү Т. Кулатов айыл өкмөтү менен биригип, Т. Кулатов айыл аймагы болуп түзүлгөндөн кийин бул иш дагы улантылды.
Айыл аймагынын жетекчиси Каров Батырбек Дыйканбаевич, аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин төрагасы Эшимбаев Абсатар Көчкөнбаевич жана жергиликтүү кеңештин жамаатынын колдоосу менен дем берүүчү фонд аркылуу 1 миллион 982 миң 685 сомдук курулуш иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө фитнес залдын ачылыш аземи алдында турат. Бул — айыл элинин маданий эс алуусу менен бирге сергек жашоо образын колдоого багытталган маанилүү кадам.
Өнөргө жол ачкан ийримдер
Жаңыланган маданият үйүндө мамлекеттик жана элдик майрамдар, салттуу иш-чаралар, тарбиялык жана коомдук маанидеги программалар өткөрүлүп келет.
Маданият үйү мектептер, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, оорукана жана айыл тургундары менен тыгыз кызматташат.
Мекеменин алдында бир катар чыгармачылык ийримдер иш алып барат. Алардын катарында:
- «Ынтымак шайыр апалары» кружогу;
- «Манасым менен мактанам» манасчылар кружогу;
- «Камбаркан» комузчулар ийрими;
- музыкалык аспаптарды үйрөнүү ийримдери;
- көркөм окуу боюнча чыгармачылык топтор бар.
Бул ийримдердин негизги максаты — балдардын бош убактысын пайдалуу уюштуруу менен бирге алардын чыгармачылык жөндөмүн ачуу, өз оюн эркин айтууга үйрөтүү, сахна маданиятын калыптандыруу жана мекенчилдик сезимин бекемдөө.
Айрыкча манасчылык өнөргө кызыккан жаштардын жетишкендиктери кубандырат. Маданият үйүнүн тарбиялануучулары областтык деңгээлдеги сынактарда байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Китеп окууга кызыккан жаштар
Маданият үйүнүн ишинде китеп окууга өзгөчө көңүл бурулат. Жыл сайын 23-апрель — Китеп окуу күнүнө карата айыл тургундарынын жана мектеп окуучуларынын арасында тарбиялык мааниси чоң чыгарма тандалып, китеп окуу конкурсу уюштурулат.
Катышуучулар тандалган китепти окуп, алдын ала даярдалган тесттер аркылуу билимдерин сынашат. Жеңүүчүлөргө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Эң кубандырганы — жылдан жылга бул сынакка катышуучулардын саны өсүп жатат. Айрым окуучулар бир китепти бир нече жолу окуп, кайрадан талкууга келип жатышат.
Бул көрүнүштү маданият үйүнүн жетекчиси жөн гана сынактын ийгилиги эмес, жаштардын билимине жана келечегине салынган инвестиция катары баалайт. Анткени китеп окуган бала ой жүгүртөт, изденет, өз оюн эркин айтууга үйрөнөт. Ал эми мындай сапаттар коомдун келечеги үчүн маанилүү.

Эмгекке берилгендик — өзгөрүүнүн башаты
Бүгүн А. Самидинов атындагы маданият үйү мурдагыдай жөн гана майрамдык иш-чаралар өтүүчү жай эмес. Ал — балдар үчүн чыгармачылык өнүгүү аянтчасы, жаштар үчүн пайдалуу чөйрө, айыл тургундары үчүн маданий борбор болуп бара жатат. Бул жетишкендиктердин артында жергиликтүү бийлик менен маданият кызматкерлеринин биргелешкен эмгеги турат.
Имаратты оңдоо, жаңы фитнес зал куруу, чыгармачылык ийримдерди иштетүү, китеп окууну жайылтуу — мунун баары бир максатка багытталган: айыл элинин жашоо сапатын жакшыртуу, балдарга жана жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү, улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды сактоо.
Макаланын соңунда маданият үйүнүн жетекчиси Канзада Абдималиковна Балтабаева мамлекет жетекчилигине, райондук администрацияга, райондук маданият жетекчилигине, айыл аймагынын жетекчилигине жана аппаратына, айылдык кеңештин жамаатына, билим берүү мекемелерине жана айыл элине колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.
«Эмгегибиз — мамлекетибиздин өсүшү үчүн» деген ураан менен иш алып барган маданият үйүнүн жамааты үчүн эң чоң жетишкендик — жаңыланган имарат же жаңы курулуш гана эмес. Алар үчүн эң башкы натыйжа — маданиятка, өнөргө, китепке жана билимге кызыккан жаш муундун өсүп келе жатышы.
Анткени айылдын маданияты өнүксө — элдин руху бекемделет. Ал эми руху бекем элдин келечеги кең.
Даярдаган Э.Какиева
Комментарийлер