ЭЛЗАТ АСАНОВА: “МУГАЛИМ БИР АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ, БИР АДАМ ААЛАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”

  • 25.09.2025
  • 0

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө арналган  салтанаттуу аземде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасы Адылбек Касымалиев “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун ГРАН-ПРИ сыйлыгынын ээси Ысык-Көл облусунун Түп районундагы   К. Уметалиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат АСАНОВА  батир менен сыйлады. 

 ЭЛЗАТ АСАНОВА: “МУГАЛИМ БИР АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ, БИР АДАМ ААЛАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”

Мыкты мугалимдин сабагы кандай болду?

Жеңүүчү  акыркы турда №67 мектептин 9-класстын окуучуларына  “Кептин түрлөрүнүн кептин стилдери менен карым-катышы” темасында ачык сабагын берди. Бул сабакта мугалим окуучулар ар бир кеп түрүн туура стилде колдонуп, ар кандай коммуникативдик кырдаалда өз оюн так жеткирүү компетенттүүлүгүн калыптандырууну көздөдү. Тажрыйбалуу мугалим интерактивдүү  усул, 5 Е методунун айрым ыкмаларын колдонуу менен проектор, ноутбук, презентация,  таблицалар, таркатмалар, тексттер, аудио, улуттук буюмдарды пайдаланганга жетишти. Сабакты кызыктуу өткөрүү үчүн Элзат эжей кыргыз   адабияты, тарых, география предметтери менен байланыштырды. Окуучулар алган   маалыматтарын   кабылдап,  негизги  ойду   аныктоо   менен  алынган    маалыматтарын   так баяндап беришти. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолун эске алуу менен улуттук наркты жасалма интелекттин ыкмалары менен айкалыштырып, мыкты сабак өттү. Эң негизгиси билимди жашоодо пайдалана алышы, функционалдык сабаттуулуктун зарылчылыгын ачып берүүчү турмуштук кырдаалдар менен коштолгон сабак болгондугу көркүн ачты.

Окуучунун  төмөнкү компетенцияларын өнүктүрүүгө мугалим салым кошту: Социалдык-коммуникативдик компетенция: Окуучулардын өз оюн ачык, маданияттуу айтуусуна шарт түзгөн тапшырмалар болду; Жарандык компетенция: Мекенчилдик, жоопкерчилик сезимин ойготууга маалыматтар айтылды, окуучу өзү да салым кошту; Өзүн-өзү өнүктүрүү компетенциясы: Кол кыймылы менен моторикасы, суроолорго жооп берүүсү менен ой жүгүртүүсү өстү. Маданий компетенция: Салт-санаа, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктарды таанытуу; Эмоционалдык-интеллектуалдык компетенция: достук, боорукердик, сабырдуулукту сактап топто иштеди. Мугалимдик этикасы балдарды өзүнө мурдатан тааныш эжекесиндей тартып алуусу менен сабагы мыкты сабактардын бири катары бааланды.

 ЭЛЗАТ АСАНОВА: “МУГАЛИМ БИР АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ, БИР АДАМ ААЛАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”

 ЭЛЗАТ АСАНОВА: “МУГАЛИМ БИР АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ, БИР АДАМ ААЛАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”

— Мен сабакка бир нече предметтик компетенттүүлүктү белгилегем. Алсак, тилдик компетенттүүлүк – тилдин  системасын, тактап  айтканда, тилдин  түзүлүшү,  анын  категориялары тууралуу  билимге  ээ  болуу, орфографиялык  жана  пунктуациялык  сабаттуулукка  жетишүү  болчу. Жетиштим деп ойлойм. Ал эми  социалдык- коммуникативдик — оозеки   жана   жазуу   жүзүндө    берилген   маалыматтарды  кабылдоо   менен,  өз   ара  аракеттенүүнү   калыптандыруу керек эле. Ал максатыма дагы жеттим. Ошондой эле кептик  компетенттүүлүк – кырдаалдарга   жана  тилдик  нормаларга   ылайык  жазуу   жана  оозеки  формада  карым-катнашты  ишке  ашыруу,  өзүнүн  кептик  мүмкүнчүлүктөрүн  өркүндөтүү жана  сөздүк   корун  байытуу,  байланыштуу  кебин, сүйлөө  жазуу  маданиятын   өркүндөтөт.   Мындан сырткары өз  ишин  уюштуруу  жана   көйгөйлөрдү  аныктоо — маалыматтан   карама-каршылыктарды  табат,  маселени   чечүүнүн   жолдорун  айтуу  менен   окуучулар өз   пикирин   далилдешти.  Жана да маданий   компетенттүүлүк  – тилдин   улуттук-маданий  өзгөчөлүгүн  үйрөнүп, тил   аркылуу  элдин   улуттук   баалуулуктарын  таанып билип,  элдик  этномаданий   лексиканы  өздөштүрө алышты деп ойлойм, — дейт мыкты мугалим.

Биздин каарман

Элзат Асанова 2011-жылы Жусуп Баласагын атындагы  Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.  2011-2016-ж. И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинде улук усулчу жана окутуучу кызматтарында эмгектенди.  Кийин 2018-2019-окуу жылынан тарта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон жалпы орто билим берүү мектебинде 8 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келатат.

 ЭЛЗАТ АСАНОВА: “МУГАЛИМ БИР АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ, БИР АДАМ ААЛАМДЫ ӨЗГӨРТӨТ”

— Мен мугалим болуп иштегенди жакшы көрөм, анткени ар бир күндө жүздөгөн көздөрдөн үмүттү, кубанычты, кызыгууну көрөм; балдардын ийгилигине күбө болгон сайын, өзүмдүн жашоом да маанилүү экенин сезем; менин сөзүмдөн, сабагымдан, демимден жаңы дүйнөлөр ачылып, жаңы кыялдар жаралат; ар бир окуучу мен үчүн ааламдын өзгөчө бир жылдызы, мен ошол жылдыздардын жаркырашына жардам берем; бул кесип жөн гана жумуш эмес, бул – жашоонун маңызы, муундан муунга өткөн чоң жоопкерчилик, кесибимди жанымдай жакшы көрөм, ишимден чексиз эргүү, жашоомо азык алам! Ар бир окуучу мен үчүн жаңы дүйнө, жаңы ой, жаңы табылга. Мен алардан жөн гана билимге умтулуучулукту эмес, жашоону жөнөкөйлүк менен сүйүүнү үйрөндүм. Окуучулар мага ар бир күндү кубаныч менен баштоону, майда нерселерден да чоң маанини табууну үйрөтүштү. Эң башкысы — окуучулардан мен адамдын чыныгы баалуулугу дипломунда эмес, жүрөгүндө экенин, ар бир адамды өзүнчө аалам катары баалоо керектигин үйрөндүм. Ошондуктан мен үчүн ар бир сабак — бул жөн гана окутуу эмес, бири-бирибизден үйрөнүү, бирге өсүү, бирге чоңоюу, — дейт мыкты мугалим.

Элзаттын хоббиси — китеп жазуу, блог жүргүзүү, курс окутуу, жөө басуу экен. Ал кыялында өнүккөн өлкөдө жашаш үчүн ой жүгүртүүсү кенен, улутчул, билимдүү муунду тарбиялоо зарыл экенин баса белгиледи. Кесиптик амбициялары жөнүндө кеп баштаганда ал замандын талабына жараша жаңы ыкмаларды колдонгон мугалим болуу; жаңы идеяларды жаратып, кесиптештерге дем берүү; өз иши менен коомго үлгү болуп, “мугалим болуу – эң бийик сыймык” экенин далилдөө жана илимий-методикалык иштерди жазып, адистигин тереңдетүү керек экенине токтолду.

Акыркы үч жылдагы кошумча кесиптик билими

Ал дайыма өңүгүүнүн үстүндө иштейт, билимин жогорулатууда эринбей алыскы, жакынкы мамлекеттерге чейин барып окуп келет.  Акыркы үч жылына көз чаптырып көрөлү. Алсак,  Казакстан Республикасы Ustazteam  “Заманауи технологиялар”; КРнын ББжИМнин алдындагы РПККЖ жана КДИ “Билимдүү мугалим — билимдүү коом”; “Нур-Сабат” билим берүү  борборунун  “Окутуудагы инновациялык, педагогикалык технологиялар” программасы, “Нур-Сабат” билим берүү борбору “Инклюзивдик билим берүү: Сүйлөө жана коммуникацияда бузулуусу бар балдар менен иш алып баруу жолдору” программасы боюнча 72 сааттык курсу,  “Alippe Pro” мугалимдерди өнүктүрүүчү аянтчасы  “Ишкер мугалим”; Г.Мадаминовдун окутуу-тарбиялоо усулдары “Акыл эмгегинин маданияты” 45 сааттык курсу;  “Нур-Сабат” билим  берүү борбору “Заманбап окутуу технологиялары” онлайн курсу; “Alippe Pro” мугалимдерди өнүктүрүүчү аянтчасы  “Шар окуу” методикасы;  “Alippe Pro” мугалимдерди өнүктүрүүчү аянтчасы  “Логопедиянын негиздери”; “Калем-лидерлер”  академиясы “Педагогика-психология” багытындагы квалификацияны жогорулатуу боюнча “Лидер мугалим”; Российская Федерация повышение квалификации в Институте непрерывного профессионального образования “Вектор развития” по дополнительной профессиональной программе “Педагогическая мастерская единого евразийского образовательного пространства”  аталышындагы курстарга катышып, дайыма окуйт, изденет, анан сабактарда колдонот.

Ардак наамдар жана сыйлыктар

Э.Асанова “Ишкер мугалим — 2023” сынагына катышып, 1-орунду жеңип алып, Дубайга жолдомо алган. Өткөн жылы “Лидер мугалим — 2024” сынагында  2-орунду камсыздап, дагы бир жолу  Дубайга жолдомо алды.

Элзат эжей КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы жана Улуттук телерадиоберүү корпорациясы уюштурган “Акыл таймаш — 2025” интеллектуалдык долбоорунан 1-орун алган “Элдин балдары” командасын даярдаган.  Мугалимдерге жана окуучуларга арналган китеп, канал, сайт, баракчалардын ээси. Анын эмгектери бааланып Карасаев айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы,  Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу институтунан, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун  Ыраазычылык каттары, Түп райондук ички иштер бөлүмүнүн, Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн  Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал “Калем-лидерлер академиясынан” 2-орунга татыктуу болуп, диплом менен сыйланып,  Дубайга жолдомо алган. Ошондой эле ал Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун 1-даражадагы дипломунун ээси.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын жана эгиздердин энеси.

Куттуктайбыз!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер