ЭЛЕТТИК МУГАЛИМ ЭМНЕГЕ КЫЖААЛАТ ЖЕ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН БИЛИМ АЛУУДАГЫ ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ
- 21.11.2025
- 0
Лейлектик чыгармачыл мугалим Тайир Аширбай жасалма интеллекттин билим берүү ишине сүңгүп киришинен чочулап турганын айтат. Чындыгында эле ошондойбу? Жасалма интеллекттин билим берүүдө канчалык пайдасы жана зыяны бар? Бүгүнкү макалада ушуга кайрылып көрсөк.

«Өткөндө бир окуучум ЖИге таянып дилбаян даярдап, Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестин «Жамиля» деп жазыптыр. «Мейкиндик» деген сөздүн ордуна «кеңистик» деген сөздү таап алыптыр. Буга окшогон мисалдар арбын. Жасалма интеллектти жүз пайыз жаман деп айтуудан алысмын. А бирок, ал чыныгы чыгармачыл мугалимдердин, алдыңкы окуучулардын ой өрүшүн, кыял чабытын, кеп маданиятын, фантазиясын тушап, чектеп койгонсуйт», – дейт ал.
Чындыгында эле акыркы жылдары жасалма интеллект (ЖИ) билим берүү тармагына активдүү кирип, окуучулардын тапшырмаларды аткаруу ыкмасын түп-тамырынан өзгөрттү. ChatGPT, Google Gemini, Copilot сыяктуу инструменттер текст жазып берүү, эссе түзүү, мисал чыгаруу, долбоорлорду пландоо, код жазуу сыяктуу иштерди бир нече секундда аткарат. Бул көрүнүш бир жагынан — чоң мүмкүнчүлүк, экинчи жагынан — олуттуу педагогикалык көйгөйлөрдү жаратууда. «Деги анын пайдасы барбы?» дегенге жоопторду издеп көрөлү.
Пайдасы:
Билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтет
ЖИ окуучуларга түшүнүксүз темаларды жөнөкөй тилде түшүндүрүп, мисалдар менен жардам берет. айрым темаларды мугалим жок учурда да түшүнө алышат. Мисалы окуучу “функция” темасын түшүнбөсө, ChatGPT ага кадам-кадам менен, график менен түшүндүрүп берет.
Жеке темпте окуганга шарт түзөт
Ар бир окуучу өз деңгээлине жараша суроо берип, каалаган ылдамдыкта үйрөнө алат. Бул өзгөчө жай кабылдаган окуучулар үчүн пайдалуу.
Креативдүүлүккө түрткү берет
ЖИ текст, сүрөт, идея, план түзүүдө жардам берет. Долбоордук иштерде окуучу чыгармачыл ой жүгүртүүгө көнөт, себеби ЖИ анын сунуштарын өзгөртүп, кеңейтип бере алат.
Мугалимдер үчүн жардамчы инструмент
Мугалимдер да ЖИ аркылуу тест түзөт, тапшырма пландайт, окуу материалдарын тез даярдайт. Бул убакытты үнөмдөп, мугалимдин чыгармачылыкка көңүл буруусуна шарт түзөт.
Зыяны жана коркунучтары:
Окуучулар өз алдынча ойлонбой калышат
Тапшырманы ЖИ толугу менен аткарып бергенден кийин окуучу анализ кылбайт,
мурдагыдай текстти өзү түзбөйт, андай болгон соң өзүндөгү логикалык ой жүгүртүү көндүмүн өнүктүрбөйт. Бул болсо билимдин сапатын төмөндөтөт.
Академиялык чынчылдык маселеси алдыңкы планга чыгат
ЖИ аркылуу даяр текстти тапшыруу — плагиаттын жаңы формасы. Азыр бул көйгөй дүйнө жүзүндө талкууга алынууда. Изилдөөлөрдө 2023–2024-жылдары АКШ жана Европа өлкөлөрүндө студенттердин 30–40%ы тапшырмаларды “аяктоо” үчүн ЖИ колдонгону аныкталган.
Маалыматтын так эместиги байкалат
ЖИ ар дайым 100% туура жооп бербейт. Айрым учурда ал фактыларды бурмалайт,
ойдон чыгарылган шилтемелерди берет,
логикалык каталарды кетирет. Окуучу сынчыл ой жүгүртпөсө, туура эмес маалыматты чындык деп кабыл алып калат.
Технологияга көз карандылык жаралат
Окуучулар ЖИге бат эле көнүп, жөнөкөй тапшырмаларды да өз алдынча жасоону токтотуп коёт. Бул билимдин фундаментин алсыратат.
Маселени чечүү жолдору:
Тыюу эмес, туура колдонууга үйрөтүү маанилүү
Мугалимдер ЖИни көмөкчү инструмент катары окутуусу керек: текстти толугу менен жаздырбастан, түшүндүрмө, идея, план түзүүдө гана колдонуу зарыл, ошондой эле ЖИ берген маалыматты текшерүүнү үйрөтүү кажет.
Академиялык чынчылдык саясатын күчөтүү керек
Мектептер жана ЖОЖдор ЖИ колдонуу боюнча эрежелерди, ЖИ менен жасалган иштерди аныктоочу системаларды (OpenAI Classifier, GPTZero), проекттик жана оозеки баалоо ыкмаларын киргизсе натыйжалуу болот.
Практикалык, чыгармачыл тапшырмаларды көбөйтүү зарыл
ЖИ менен “которуу” мүмкүн болбогон тапшырмаларды аткаруу максатка ылайык келет. Мисалы интервью алууда, байкоо жүргүзүүдө, жеке мисалдарды колдонгон эсседе, ролдук оюндарда, презентацияда суроолорго жооп берүүдө ж.б.у.с. Мындай жумуштар окуучунун реалдуу билимин көрсөтөт.
Мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатуу керек
Мугалимдер ЖИнин мүмкүнчүлүгүн, чектөөлөрүн, этикалык жактарын билгенде гана аны туура колдонушат.
Жыйынтык ордуна
Жасалма интеллект билим берүү тармагына чоң мүмкүнчүлүктөрдү алып келгени менен, туура башкарылбаса, билим сапатын төмөндөтүү коркунучу бар. Ошондуктан биздин максат ЖИни тыюу эмес, тескерисинче, аны окуучунун ойлонуусун, чыгармачылыгын, анализ кылуу жөндөмүн күчөтүүчү инструментке айлантууда турат.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер