ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

  • 28.01.2022
  • 0

Окуучулардын түшүнүп окуу көндүмдөрүнүн өнүгүшүн жана китеп окууга болгон кызыгуусунун жогорулашын колдоо максатында окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана кызыгууларына туура келген балдар китептерин иштеп чыгуу, аларды электрондук жана басма түрлөрүндө жайылтуу USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп саналат.

Беш жыл иш мөөнөтүнүн ичинде долбоор кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде 1500 аталыштагы китептерди жаңыдан иштеп чыгууну, которууну жана адаптациялоону көздөйт. Бул китептердин баары электрондук форматта жеткиликтүү болот жана бир бөлүгү басылып чыгарылат. Басылып чыгарылган китептер долбоор 2020 — жылы Билим берүү жана илим министрлигине тапшырган китептерге кошумча 2022-2023 жылдары мектеп китепканаларына тапшырылат.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

Балдар китептерин экспертизалоо критерийлерине ылайык, алар төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

— 7-11 жаштагы (башталгыч класстарда окуган) балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет;

— инклюзия, көп түрдүүлүк жана гендердик теңчилик принциптерине жооп берет;

— дискриминациялоочу мазмунду камтыбайт;

— чыгармалар түрдүү жанрларда берилет;

— окурмандык компетенттүүлүк деңгээлдерине жараша классификацияланган.

Бул жана башка критерийлер USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» жана «Окуу керемет!» долбоорлорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борбору менен бирдикте иштелип чыккан.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

Бул китептерди көрүнүктүү жазуучулар жана үйрөнчүк авторлор жана сүрөтчүлөр жаратышат. Бардык китептер эксперттик комиссия тарабынан каралат жана окурмандык компетенттүүлүк деңгээлдери боюнча классификацияланат да, Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин арасында жайылтуу үчүн БИМ тарабынан бекитилет.

Бүгүнкү күнгө карата долбоордун алкагында 246 китеп англис тилинен кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдерине адаптацияланды. Жаңы 300дөн ашуун китептер иштелип чыкты. Бул жаңыдан иштелип чыккан китептер түп нуска тилинен бөлөк окутуу тилдерине да которулуп жатат. Ошондуктан бүгүнкү күндө сиз аталган төрт окутуу тилдеринде 700дөн ашуун балдар китептерин https://www.kitep.edu.gov.kg/ сайтында ачып окуй аласыз. Бул китептер BLOOM Library эл аралык электрондук китепканага да жайгаштырылган https://bloomlibrary.org/kyrgyzstan-OkuuKeremet

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

Бул китептерди кантип колдонсо болот?

Балдар:

— окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн, окурмандык компетенттүүлүк деңгээлине ылайык келген китептерди тандап, күн сайын окуу (мисалы, экинчи класстын окуучусу 2.1 же 2.2 деңгээлин, ал эми бат окуса жана окуганын түшүнсө — 3.1 деңгээлин тандаса болот);

— бош убагында өзүнүн кызыгууларына туура келген китептерди ырахат алуу үчүн окуу;

— окуу долбоорлорун даярдоодо, тапшырмаларды аткарууда маалымат алуу үчүн пайдалануу (мисалы, жаратылыш, техника же кесиптер жөнүндө илимий-популярдуу китептер);

— сахналаштырууларды, спектаклдерди же концерттерди коюу үчүн колдонуу.

Башталгыч класстардын мугалимдери:

— окуу компетенттүүлүгүнө ар кандай деңгээлде ээ болгон окуучулар үчүн тийиштүү татаалдык деңгээлиндеги китептерди тандоо;

— «Келгиле, окуйбуз» жана «Окуу керемет!» долбоорлорунун окуу модулдарында сунушталган окуучулардын тез окуу, окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган стратегияларды жана ыкмаларды колдонуу менен окуучулар менен сабакта китептерди окуу;

— «Мен жана дүйнө», «Тил жана окуу», «Музыка», «Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери» жана бөлөк предметтер боюнча тапшырмаларды аткаруу үчүн өз алдынча маалымат издөө үчүн китептерди окуучуларга сунуштоо;

— ата-энелерге электрондук китепканалар жана китептер жөнүндө маалымат берүү, аларга балдар менен бирге китеп окууну, балдарга окуганын түшүнүү боюнча суроолорду берүүнү сунуштоо.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

Мектеп китепканачылары:

— окуучуларга алардын окурмандык тажрыйбаны туура келген китептерди сунуштоо максатында башталгыч класстарда кошумча окуу үчүн балдар китептеринин классификация деңгээлдерин изилдеп түшүнүү;

— мугалимдерди, ата-энелерди жана окуучуларды электрондук китептердин жанрдык (көркөм, илимий-популярдуу) жана тематикалык көп түрдүүлүгү жөнүндө маалымдоо, тандалган тематика боюнча окуу сааттарын же китеп окуу клубдарын өткөрүү, кандайдыр бир темага арналган китептерди тандоо жана сунуштоо;

— башталгыч класстардын мугалимдери менен биргеликте китептерге жана китеп окууга арналган класстан тышкары иш-чараларды өткөрүү: окуу боюнча чемпионаттарды, үй-бүлөлүк окуу клубдарын, окуу жана математика лагерлерин, окуу марафондорун, «Китеп баштыкчасы» акциясын жана башка иш-чараларды балдар китептерин колдонуу менен өткөрүү;

— 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү, 2-апрель — Эл аралык балдар китеби күнү, 12-декабрь — Улуттук адабият күнү ж. б. сыяктуу маанилүү даталарга арналган иш-чараларды уюштуруу.

Эмнеге биз 1-4-класстар үчүн китептерди классификациялайбыз?

Башталгыч класстардын окуучуларынын окуу жана түшүнүү көндүмдөрү ар кандай темпте калыптанат. Бул төмөнкүдөй факторлордон көз каранды: сабакта колдонулган окуганды үйрөтүү методикасы, балдардын кызыгууларына жана жаш өзгөчөлүктөрүнө туура келген китептердин үйдө жана мектепте жеткиликтүү болушу, бала күн сайын китеп окуу үчүн бөлгөн убакыт өлчөмү; ата-энелер бала менен чогуу китеп окууга тартылгандыгы ж. б. Балдар өзүнүн окурмандык компетенттүүлүгүнө туура келген китептерди окуган учурда алардын окуу көндүмдөрү жакшыраак өнүгө тургандыгы далилденген. Ар балага туура келген китептерди тандоо үчүн мугалимге, китепканачыга же ата-энеге жардам катары китептер татаалдык деңгээлине жараша классификацияланат.

Китептерди классификациялоо – белгиленген критерийлердин негизинде көркөм адабият жана маалыматтык китептердин татаалдык деңгээли боюна жөнөкөйдөн татаалга карай категорияларын аныктоо. Классификациялоо ар бир балага өзүнүн темпинде зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен окууда “теңдемечиликке” жол бербейт.

Долбоордун алкагында кошумча окуу материалдары төмөнкүдөй классификацияланат:

  • Биринчи класс: 3 деңгээл (1.1, 1.2 жана 1.3)
  • Экинчи класс: 2 деңгээл (2.1, 2.2)
  • Үчүнчү класс: 2 деңгээл (3.1, 3.2)
  • Төртүнчү класс: 2 деңгээл (4.1, 4.2)

Мугалимдер жана окуучулар окуучунун окурмандык компетенттүүлүгүнө жараша ылайыктуу китептерди тандап алышына жардам берүү үчүн классификацияланган китептердин мукабасында тийиштүү маркировка—китептин татаалдык деңгээлин көрсөткөн мамыча берилет. Төмөндө окуучулардын окуу көндүмдөрү жана аларга жараша окуучуларга сунуштоого мүмкүн болгон китептердин тийиштүү татаалдык деңгээли шарттуу түрдө баяндалат. Класстар боюнча бөлүштүрүү шарттуу экенин эске алуу керек. Мисалы, 2-класстын окуучусу 3.1 деңгээлиндеги китептерди окуп түшүнө алган тажрыйбалуу окурман болушу мүмкүн, же тескерисинче, 2.1 же 2.2 деңгээлдериндеги гана китептери өздөштүрө алган башталгыч окурман болушу мүмкүн. Баланын китеп окууга болгон умтулуусун колдоо үчүн ал окуучунун окуп түшүнүүсү үчүн өтө оңой же өтө оор болбогон, анын жеке окурмандык компетенттүүлүгүнө туура келген китептерди тандоо маанилүү.

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПТЕР: БАЛДАР МЕНЕН МЕКТЕПТЕ ЖАНА ҮЙДӨ ОКУЙБУЗ!

Сауле Хамзина, «Окуу керемет!» долбоорунун директорунун орун басары,
Айкынай Юсупова, окуу боюнча адис
Назгуль Кабылбаева, окуу материалдары боюнча адис

 

Бөлүшүү

Комментарийлер