ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛЧҮНҮН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕДЕ?

  • 17.11.2021
  • 0

Адатта, журналисттин арызды иликтешине бир кат түрткү берет, биз бул ирет үч жыл ичинде жазылган жүздөн ашык каттын изине түшүүгө аракеттенип көрөлү. Эскерте кете турган жагдай, ал каттардагы фактылардын  дээрлик баары ушул мезгил аралыгында тиешелүү орган тарабынан изилденип чыккан. Арийне, арыз ээси Кемин шаарынын тургуну Алмаз Канкулиевди ал текшерүүлөрдүн жыйынтыктары канааттандырбагандыктан, кагылышуу ушул убакка чейин уланып келет.

ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛЧҮНҮН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕДЕ?

Канкулиев кимге капа?

Арыз ээси “Коррупцияга каршы элдик кыймыл” коомдук бирикмесинин төрагасы Алмаз Канкулиев бизге жиберген катында баяндалган окуянын башы 2019-жылга туура келгендиктен, биз да кептин учугун ошол учурдан баштайлы. Ошол жылы Алмаз мырзанын арыздарынын “каарманы” Айнагүл Тулебаева Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Айнагүл айым бул тармакта, тагыраак айтканда, райондук билим берүү бөлүмүнө сырттан келген жок, ал мурда Кемин шаарындагы №1 мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп жүрүп, 2007-жылы райБББга башкы адис (кадрлар бөлүмүнө) болуп кабыл алынган. Катта андан ары А.Тулебаева профсоюз комитетинин төрайымы болуп иштеген курбусу А.Чылабаева экөө ошол мезгилде райБББ жетекчиси болуп иштеп жүргөн К.Токтоналиевди иштен алууга “кызуу” киришкенин, аны иштен алган соң, 2010-жылы биринчи жолу, 2012-жылы экинчи жолу, 2014-жылы үчүнчү жолу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болууга далалат жасагандыгын, акыры 2018-жылы ЖК депутаты К.Иманалиевдин жардамы менен башчылыкка жеткенин жазган.

Кыздарды бузган кылмышкерлер жоопко тартылбаганына ким күнөөлүү?

Беш пункттан турган А.Канкулиевдин арызында А.Тулебаева райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп иштеп жүргөндө эле директорлорду, окуу бөлүмүнүн башчыларын жана мугалимдерди каалагандай “калчап”, алардын укуктарын бузуп жүргөнү тууралуу жазылат. Алсак, Кеминдеги №3 орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы А.Бейшеналиеваны иштен алып салгандыгы үчүн соттошуп жүрүп, акыры аны кайра ордуна койгондугу, Кызыл-Октябрь орто мектебинин директору А.Койчуманованын укугун тебелеп, иштен алып оорукчан кылгандыгы жана Кеминдеги №3 орто мектебинин мугалими А.Чочкееваны жана №1 орто мектебинин мугалими А.Орозалиеванын ден соолугуна залака тийгизгендиги жөнүндө жазгандары бар.

Каттын төртүнчү пунктунан цитата келтирели: “А.Тулебаева райБББда башкы адис жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген мезгилден баштап жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук көбөйүп, 9-класстын төрт окуучусу көз жаргандыгы” тууралуу жазылган (бул окуялар болгондон бери бир топ убакыт өткөндүгүнө жана кыздардын кийинки турмушуна залака тийгизбөө максатында алардын аты-жөндөрүн атайын жазган жокпуз). Ал катта: “…14,5 жаштагы кыз эне болгон. Ал боюнча КР КК 359-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгондугуна карабай, сотко чейинки териштирүү өндүрүш иши бир жыл бою токтоп турат… Бул кылмыштарды А.Тулебаева жаап-жашырып, ал кыздар окуган мектеп директорлорун, секелек кыздар менен болгон кылмышкерлерди жоопко тартуу боюнча укук коргоо органдарына кайрылган жок. Анын кесепетинен 2021-жылы дагы бир бойго жете элек кыз — 11-класстын окуучусу көз жарды… РайБББ башчысы А.Тулебаеванын кайдигерлигинен 9-класстын окуучулары күйөөгө чыгып жатышат” — деп жазат А.Канкулиев.

Ошол эле каттын 5-пунктунда Чүй облустук “Для Вас” газетасында А.Тулебаева жөнүндө макала жарык көргөндөн кийин ал Орловка №1, №2 орто мектебинин жана Кичи-Кемин орто мектебинин директорлору баш болгон баш-аягы 60 кишинин колу коюлган кат жаздырып, өзүн актоо боюнча акция жүргүзүп, аталган газетага чыккан макалага жооп иретинде “Хотели как лучше…” (автору көрсөтүлгөн эмес) деп аталган маалымат жарыяланганы айтылат.

Арызда азыркы учурда Кемин райондук ички иштер бөлүмүндө А.Тулебаеванын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалангандыгы (ал райондогу 27 мектепти азык-түлүк менен камсыздоо бонча тендер өткөрүү учурунда 260 миң сом “жеп” алгандыгы), бойго жете элек кыздардын боюнда болуп калгандыгы, 2018-жылы Жаңы-Алыш орто мектебин аяктап жаткан окуучунун документин “мыйзамсыз жыртып” салгандыгы үчүн сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, бирок эки жылдан бери аяктабай, бир ордунда токтоп тургандыгына тынчсызданганын да айта кетпесек болбос.

Арыз ээси А.Канкулиев “…А.Тулебаева райондук билим берүү бөлүмүн жетектегенден бери мектептерде коррупция гүлдөп, окуучулар арасында кылмыштуулук жылдан-жылга өсүп, билим берүү бөлүмү сазга батып, мугалимдердин укуктары одоно бузулуп келатат” деп билдирет.

Канкулиевдин кийинки кадамы кандай болот?

Катынын соңунда автор үстүбүздөгү жылдын 28-майында КР билим берүү жана илим министри Б.Купешев Кемин районуна барып, райондогу мектептердин абалы менен таанышып, активисттердин ой-пикирлерин угуп кеткендиги жөнүндө жазуу менен бирге, активисттер (активисттердин аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес) министрдин райБББ башчысына байланышкан маселени чечип, аны ээлеген кызмат ордунан кетирет деген ишенимин билдирет.

Алмаз Канкулиев өткөн жумада, т.а.12-ноябрда Кемин районуна иш сапары менен барган КР билим берүү жана илим министри Б.Купешев менен жолугушканда да, максаты А.Тулебаеваны жумуштан алуу экендигин жашырган жок (үнү үнжазгычта жазылуу).

ЭЛДИК КӨЗӨМӨЛЧҮНҮН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕДЕ?

А.Канкулиев буга чейинки эки министрге да арыз жазганын, бирок ал өзү күткөндөй жыйынтык бербегендигин айтып, министрден бул маселени адилеттүү карап берүүсүн суранды. Ага жооп иретинде арызда көрсөтүлгөн фактыларды чогуу талкуулап, бир жыйынтыкка келели деген пикирин билдирген Б.Купешев, кандай маселе болбосун тартип менен чечүүгө, бири-биринин беделине көө жабуудан алыс болууга чакырды.

— Ушул жерде айтылган маселелердин баарын калыс талдап, акты ак, көктү көк деп ажыратканга аракеттенебиз. Эгерде А.Тулебаеванын иши ак болсо мен аны колдоп, коргогонго даяр экендигимди ачык эле билдиремин, эгерде туура эмес болсо, аны да иликтеп чыгабыз, эң негизгиси, бир жактуу болбой, акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсун” — деди Б.Купешев эки тарапты уккан соң.

Экинчи тарап демекчи, биз жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү боюнча КР ББИМдин ички аудит секторунун башчысы Жениш кызы Н. төрайымдык кылган, курамына министрликтин башкы адиси Г.Абдылдаева, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Узденова кирген атайын комиссиянын (№340/1 от 30.03.2021) чечиминин көчүрмөсүн да карап чыктык. Комиссия арызда жазылгандай, А.Тулебаева менен Ж.Чылабаеванын райБББнын мурунку башчысы К.Токтоналиевдин жана башкалардын кызматтан кетишине эч кандай тиешеси жок, алар өз арызынын негизинде кызмат ордун бошотушкан деген тыянак чыгарган.

Биз ар бир пункту боюнча кеңири жазылган текшерүүнүн жыйынтыгын карап чыгып, комиссия Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Тулебаеванын үстүнөн жазылган арыздагы фактылардын бири да тастыктабагандыгын окудук. 16 беттен турган комиссиянын маалым катын толугу менен жарыялоого бизде мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу, ар бирине токтолгон жокпуз.

Редакциядан:  Редакцияда эки тараптан алынган маалыматтар жана үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында министр Б.Купешев менен жолугушууда сүйлөнгөн сөздөрдүн электрондук варианты толугу менен сакталуу. Эгерде бул маселенин айланасында талаш-тартыштар же тактай турган жагдайлар пайда болсо, эки жактын тең пикирлерин жарыялоого даярбыз.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер