ЭЛ ЭСИНДЕ КАЛГАН “ГЕНСЕК”
- 05.11.2026
- 0
Адамдын бул дүйнөдөгү чыныгы баркы анын ээлеген кызматы же алган сыйлыктары менен гана өлчөнбөйт. Анын адамдык сапаты, элге жасаган мамилеси, артында калтырган жакшы изи менен бааланат. Кээ бир адамдардын өмүр жолу өзүнчө бир доордун тарыхын чагылдырып, ошол доордун адамдарынын мүнөзүн, дүйнө таанымын, жашоо философиясын өзүнө камтып турат. Мен үчүн ошондой адамдардын бири — кайнатам Жаналиев Рахман.
1981-жылы күзүндө Зыйнат экөөбүз баш кошо турган болуп калдык. Бул кабарды тайатама айтсам, ал абдан кубанды. Мен тай атам менен тай энемдин колунда чоңоюп, аларды «ата», «апа» деп өскөм. Тай атам буга чейин эле бир нече жолу:
— Балам, биз картайып калдык, үйлөнсөңчү. Алыска кудалыкка бара албайм. Жакын жерден эле кыз изде. Алыстагы кыздардай сулуу кыздар ушул Аксыда деле бар, — деп айткан болчу.
Чын эле, тайатамдын жашы 80ге келип, энемдин жашы да 75тердин тегерегинде эле. Өзүмдүн таенем мен он жашка чыкканда эле дүйнөдөн өтүп кеткендиктен, тайатам кийин Айымкан деген кемпирге үйлөнгөн.
Экөөбүз сүйлөшкөндөн көп өтпөй эле тай атам бир тууган иниси Мамыттын уулу Жаныш аке экөө кайнатамдын алдынан өтүп келиш үчүн Пача-Атага жөнөп кетишти.
Кайтып келгенде тай атам: “Балам, жакшы жерден кыз алыпсың. Кайнатаң көп жыл колхоздун жетекчилик кызматтарында иштеген адам экен. Кулдук уруп барганыбызда эле: “Келгиле, үйгө киргиле, кудалар!” деп жылуу тосуп алды. Таанышып, жай сурашып отургандан кийин: “Куда, эми балдар сүйлөшкөндөн кийин заманга жараша ошолордун айтканы менен болгонубуз жөндүү. Улуу башыңызды кичүү кылып, таанышканы алдыма келгениңизге чоң рахмат! Биз жактан балдардын бактысына каршы айтылган эч кандай сөз болбойт. Бизден эч кам санабаңыз. Шартыңызга карап, балдарга бата той кылып бериңиз. Куда катары сизге айтар ачык сөзүм ушул. Менин сыртым кара болгону менен, ичим алюминийдей аппак кишимин. “Ичимдегини билип ал” деп тымпыйып отурганды жаман көрөм” дептир.
Кайнатам өңү кара тору, арыкчырай келген, келбеттүү, сымбаттуу киши болчу. Ошондо тайатам 81 жашта, кайнатам 55 жашта экен. Тайатам да адамдын сүйлөгөн сөзүнө жана ички дүйнөсүнө өзгөчө баа берген адам эле. Ошондуктан кайнатам менен болгон биринчи жолугушуудан абдан ыраазы болуп келди: “Абдан жакшы киши экен, балам. Кандай жерден кыз алат, кайын журтуң кандай болот деп жүрчүмүн. Кайнатаңды көрүп, таанышып, сүйлөшүп, көңүлүм көтөрүлүп, ичим толуп келди” деди.
Кийинчерээк мен да кайнатамдын ошол сөздөрүнүн маанисин турмуштук мамилелеринен улам тереңирээк түшүндүм. Чынында эле, ал өз оюн, пикирин ачык айткан, адам менен түз мамиле түзгөн киши болчу. Анын “сыртым кара болгону менен, ичим алюминийдей аппак” деген сөзү жөн гана тамаша эмес, өзүнүн адамдык принциптерин билдирген өзгөчө мүнөздөмөсү эле.
Кайнатамдын эл арасында кадыр-баркы жогору экенин мен ар кандай жагдайларда өз көзүм менен көрүп жүрдүм. Бир жолу райондук “Жаңы турмуш” гезитинде иштеп жүргөн кезимде кызматтык тапшырма менен Ак-Суу айылына барып калдым. Колхоздун башкармасы Добулбек аке менен сүйлөшүп отурганда бир нерсеге байланыштуу (азыр эсимде жок) кайнатам жана анын бир тууган агасы Назар абам тууралуу сөз болуп кетти. Добулбек аке: “Мен райондогу төбөсү көрүнгөн адамдардын ичинен бир туугандар Жаналиев Рахман менен агасы Жаналиев Назардай чынчыл, таза адамдарды көргөн жокмун” деди.
Мен толкундана түштүм. Сөз кезеги келгенде: “Сиз айтып жаткан Жаналиев Рахман менин кайнатам болот” дедим. Ошондо ал киши: “Жакшы жердин кызын алган экенсиң, балам, бактылуу болгула! Сенин кайнатаның чынында таза, мыкты адам. Андай адамдар элдин арасында сейрек болот” деди. Бул сөздөр мен үчүн жөн гана жакшы пикир эмес эле. Ал бир үй-бүлөнүн тарбиясына, бир туугандардын адамдык сапатына коомчулуктун берген баасы болчу.
Кайнатамдын өзгөчө сапаттарынын бири — чечендиги, билимдүүлүгү жана уюштуруучулук жөндөмү болгон. Ал коммунисттик идеяларга катуу берилген, партиялык ишке жоопкерчилик менен мамиле жасаган жетекчи эле. Райондогу жетекчилердин жана теңтуштарынын арасында аны “Генсек” деп аташчу. Бул аталыш анын кызматтык даражасынан эмес, сүйлөгөн сөзүнүн өтүмдүүлүгүнөн, уюштуруучулук жөндөмүнөн жана эл арасындагы таасиринен улам жаралгандай сезилет. Көзү өткөндөн кийинки коштошуу аземинде аны менен көп жыл бирге иштешкен теңтуштарынын бири Байназаров ага ушул сөздү эл алдында сыймыктануу менен айтканы кайнатамдын жоро-жолдошторунун арасындагы өзгөчө ордун дагы бир ирет далилдеп турду.
Биз шаарда тургандыктан айылга жылына бир жолу барчубуз. Адегенде менин айылыма — Аплатунга барабыз. Урук-тууган менен көрүшүп, бата кылчу жерлерге бата кылып, анан айылдан 30 км аралыкта жайланышкан райондун борбору Кербенге келебиз. Кербенге келгенде сөзсүз жатып-конуп, конок болуп кете турган эки үй-бүлө бар эле. Алар — Акмат жездем менен чоң кайнежем Дилбардын, анан Түрсүнбек жездем менен Атыр кайнежемдин үй-бүлөлөрү.
Эки үйдө эки күн конок болобуз. Анан эки күндөн кийин үч үй-бүлө Түрсүнбек жездемдин машинасы менен Пача-Атаны көздөй жөнөйбүз. Кайната менен кайненем биздин чогулуп келгенибизге абдан кубанышар эле. Сөзсүз кой союлуп, үй шаңга бөлөнүп, майрам болуп кетчү. Кайнатам менен кайненемдин бизге жасаган мамилелери өз балдары менен кыздарынан кем эмес, кээде алардан да жакын мамиле жасагандай сезилчү.
Кайнатам бажалардын тамашасын угуп, күлүп, өзү да сөзгө аралашып отурганды жакшы көрчү. Ошол эле учурда майрам же үй-бүлөлүк ийгиликтерге байланыштуу ичкилик көбүрөөк ичилип калган күндөрдө да өзүн кармай билген, сөзүнөн адашпаган адам эле.
Биз шаардан баргандыктан, кайнатам мени дайыма өзүнүн жанына, төргө отургузуп алчу. “Силер коноксуңар, бир жылда бир жолу келесиңер. Жезделериң таарынбайт сага, бул жерде биз өзүбүзбүз” дечү.
Жаңы күйөө бала болуп баргандагы кайнатамдын мага арак ичиргени эч эсимден кетпейт. Мен ичпейм дегенден кийин, кайнатам мага карап: “Балам, мына ушул үй эми мындан ары сенин да келип-кете турган үйүң болот. Силердин келгениңер биз үчүн майрам. Ушул үйдө мына бул жезделериң менен канча кааласаңар ичкиле, бирок талаада же башка адамдар менен ичип, бир жерге жатып калбагыла. Менин силерден суранарым ушул. Орду менен ичкен адамга арак дагы жакшы тамак. Ибн Синанын: “Аракты аз ичсең дары, көп ичсең – уу” деген сөзү бар. Аз ичкиле, аны да жакшы адамдар менен отуруп ичкиле. Азыр эми, сен алдыңдагы стаканга куюлган аракты алып кой, балам. Ушуну ич, сага башка куйбайбыз” деди.
Акыры аргасыздан колума алып, жүз грамм аракты (же 150 грамм беле, так эсимде жок) дем албай жутуп ийип, стаканды акырын дасторкондун четине койдум. Кийин Түрсүнбек жездем ушул окуяны эстеп, мени көпкө чейин тамашалап жүрдү: “Мен жаңы күйөө бала болуп жүргөндө, барган сайын босогодо отурчумун. Эки жылга чейин кайнатам менен аралашып, арак ичкен эмесмин. Сен болсо биринчи күнү эле төргө өт десе — өтүп кетип, анан кайната эки-үч жолу “ич” деп койсо эле, 150 грамм арак куюлган стаканды бир тартып жибердиң. Жок дегенде, адегенде жарымын албайсыңбы!” деп күлчү.
Бул окуянын өзөгүндө арак ичүү эмес, кайнатамдын үй-бүлөгө жаңы кошулган адамга өз баласындай камкордук кылган мамилеси жатат. Көрсө, ал мени биринчи күндөн тартып эле бөтөн көрбөй, өз үйүнүн бир мүчөсү катары кабыл алган экен.
Кайнатам тубаса педагог болчу. Анын бизге айтып жүргөн бир насааты баарыбыздын эсибизде. Ал эркек адам үч өнөрдү сөзсүз билиши керек деп эсептечү: “Сууда жакшы сүзгөндү, вальсты кооз, ийкем бийлегенди, анан орус тилинде так, таза сүйлөгөндү үйрөнгүлө” дечү. Биз анын бул сөзүн угуп алып: “Атам ушуну көп айтат, сыягы, армияда жүргөндө орус кыздар менен бийлеп жатып, буттарын көп тебелеген окшойт” деп тамашалап күлчүбүз.
Жогоруда айтылган сөздүн артында да кайнатамдын турмушка болгон өзгөчө көз карашы жаткан. Ал адам ар тараптуу өнүккөн, өзүн коомдо эркин алып жүрө билген, билимдүү жана маданияттуу болушу керек деп эсептечү.
Кайната өзү да билим алууга, коомдук турмуштан кабардар болууга өзгөчө маани берчү. Жумуштан келгенден кийин эшикке чыгып, жаңактын түбүндө гезит окуп отурганды жакшы көрчү. Дүйнөдө, өлкөдө, коомдо болуп жаткан окуялардан дайыма кабардар эле. Бул адат анын колхоздо партиялык комитеттин катчысы болуп иштеген жылдарынан калыптанса керек.
Анын эмгекчилдиги өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Кайненемдин айтымында, ал иштеп жүргөндө күн менен түндүн айырмасын да билчү эмес. Ошондон улам, балдары-кыздары кээде: “Байкуш атабыз, кызматымды бирөө алып койбосун деп эле күнү-түнү тынбай иштей берсе керек” деп тамашалашчу. Албетте, бул тамашанын артында атасынын кызматка берилгендигин жана ишине болгон жоопкерчилигин терең түшүнүү бар эле.
Кайната өзү колхоздо жетекчилик кызматтарда иштеп жүрсө да, кайненемди үйгө отургузган эмес. Ал киши да чарбанын бардык жумуштарына аралашып жүрчү. Кайнатамдын: “Чоңдордун үй-бүлөлөрү биринчи өздөрү үлгү болуш керек” деген сөзү анын жетекчилик философиясын айкын көрсөтүп турат.
Ал кошоматчылыкты билчү эмес, жалкоолукту жана жалган сүйлөгөндү жаман көрчү. Бир жолу кимдир-бирөөнүн жакшы сүйлөгөнү тууралуу сөз болуп калды. Ичкилик ичип, кызуу отуруп сүйлөшүп жатканбыз. Бир маалда маанайы көтөрүлүп турган кайнатамдын өзүнө өзү ыраазы болуп, мактанып сүйлөгөнүн биринчи жолу уктум: “Мен сүйлөп жатканда да чымындын учкан үнү угулчу эмес. Туура айтамбы, датка? Балдарыңа айтып койчу өзүң” деп кайненемди карады. Ал киши: “Туура, Киши сүйлөп баштаганда эле зал тынч болуп, күбүр-шыбыр токтолуп, эл атанардын оозун карап калчу” деди.
Кайненем кайнатамды атынан айтпай, “Киши” деп тергечү. Ал эми кайната болсо кайненеме “Датка” деп кайрылчу. Эрди-зайыптын ортосундагы мамилеге келгенде да кайнатам менен кайненемдин жүргөн-турганы үлгү болчу.
Негизи, кайната мактанганды анча жактыра берчү эмес. Бирөөлөр мактап калганда: “Кудайга шүгүр, он балалуу болдук, элден кем жашаган жокпуз” деп койчу. Мындай сөздөр анын жашоодогу негизги түшүнүгүн билдирип тургандай эле. Ал байлыкты же кызматты эмес, эмгек менен жеткен турмушту, бала-чакасынын амандыгын, адамдын эл ичиндеги аброюн жогору баалаган.
Кайнатам — Жаналиев Рахман 1926-жылы 15-октябрда Аксы районундагы Пача-Ата айылында туулган. Атасы Жаналы, апасы Сурмагүл деген аял болгон. Жети жылдык билим алып, 1944-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. Аскер кызматынан 1949-жылы кайтып келгенден кийин эмгек жолун Ленин атындагы колхоздун мал чарбасында эсепчи, ферма башчысы болуп иштөөдөн баштаган. Кийин Наманган шаарындагы айыл чарба техникумун жана Алматыдагы Жогорку партиялык окуу жайын бүтүргөн.
Ал 1971–1979-жылдары Ленин атындагы колхоздун партиялык комитетинин катчысы, 1979–1981-жылдары Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы, 1981–1988-жылдары аталган колхоздун профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеген. Эмгеги бир нече орден, медалдар жана райондук, облустук, республикалык Ардак грамоталар менен бааланган.
***
1984-жылы үй-бүлөбүз менен айылга көчүп барганыбызда, мен районого жумуш издеп кайрылдым. Ал кезде жаш элем, мени райондук жетекчилер таанычу эмес. Бирок кайнатамдын атын укканда эле мамиле өзгөрдү. Райондук билим берүү бөлүмүндөгү кызматкер: “Рахман акенин күйөө баласы болсоңуз, жакшы экен, райондо ал кишини жакшы билишет, баарыбыз сыйлайбыз. Эртең келиңиз, кайсы жерде орун бар экенин сураштырып көрөйүн” деди.
Эртеси, мени азыркы учурда Кыргыз эл жазуучусу Жунай Мавляновдун ысымын алып турган лицейге (ал убакта “мектеп-интернат” болчу) тарых сабагы боюнча мугалимдик жумушка кабыл алышты. Ошондо мен бир нерсени терең түшүндүм: кайнатамдын эл алдындагы кадыр-баркы өзүнүн үй-бүлөсүнө да урмат-сый алып келген экен. Жакшы адамдын аты балдарына гана эмес, жакын туугандарына да дем-күч берип, колдоо көрсөтүп, кызмат кыла берет тура.
Жунай Мавлянов демекчи, бир күнү кайнатам телефон чалып, эмки жумада Жунай Мавляновду чайга чакырып койгонун айтты. Субанкул аке көп жыл Кош-Төбө колхозунда башкарма болуп иштеген, Жунай Мавляновдун бир тууган агасы эле. Кайната дагы үч-төрт адам аялдары менен келерин айтып, Зыйнат экөөбүздү да “ошол күнү үйгө келип калгыла” деп чакырды.
Бир жумадан кийин меймандарды Пача-Ата жайлоосундагы арчалардын арасына алып барып коноктодук. Жунай аке жубайы Алпейим жеңе экөө, калган коноктор да (Субанкул аке, Сапар аке, Султанкул жезде, Назар аба) баары аялдары менен келишти. Кыскасы, Келген коноктордун, Жунай акеден башкасынын баары бир убакта Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунда жетекчилик кызматтарда иштеген адамдар болчу.
Мен Жунай аке менен 1981-жылдан бери эле тааныш элем. Жылуу учураштык. Ошол жерде ал киши эмне иш кылып жатканымды сурады. Анан бир аздан кийин элдин көзүнчө: “Кайра качан шаарга барайлы деп жатасыңар?” деп сурады. Мен: “Айылда дагы бир-эки жыл болобуз го” дедим. Кайната: “Эмне, кайра шаарга кетесиңерби?” дегендей мени таң кала карап, бирок унчуккан жок. Кыраакы киши биздин айылга убактылуу келгенибизди ошондо түшүнгөндөй болду. Бирок бул тууралуу эч нерсе деп айтпады.
Коноктор кечке чейин жайлоонун салкын абасында, арчалардын арасында, күрпүлдөп аккан тоонун суусунан бир аз жогору, шибер чөп көйкөлүп өскөн тектирчеде отурушту. Ал-жай сурашып, өткөн-кеткендерди кеп кылышты, көзү өткөндөрдү эскеришти. Кыскасы, абдан жакшы эс алышты. Аягында баары кайнатама чоң ыраазычылык билдирип, коштошор убак келгенде, кайнатам күтүлбөгөн жерден Жунай акеге кайрылып: “Жунай аке, сиз улуу адамсыз. Сиз менен биз — аксылыктар эле эмес, бүт Кыргыз эли сыймыктанат. Абдрахман сизди оозунан түшүрбөйт. Бул чай Абдрахмандын үй-бүлөсүнүн атынан берилген чай. Сиздей атактуу жазуучу болсун, ушул күйөө балама өзүңүз бата берип коюңуз” деди. Мен таң калып кайнатамды карадым. Анткени ал бизге мындай деп алдын ала айткан эмес болчу. Анын үстүнө, ал жерде жашы Жунай акеден бир топ улуу адамдар да бар эле. Кайнатамдын бул сөзүн уккандан кийин алар да: “Андай болсо, кел, Жунай, биздин жашыбыз улуу болгону менен, сенин жолуң улук. Анан да, бул чай Абдрахмандын атынан берилген турбайбы, сен бата бер” дешти. Жунай аке алакан жайып, мага жана үй-бүлөмө узун өмүр, чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалап, жакшы бата берди.
Бул күн менин эсимде сакталып калды. Кайнатамдын ошол күнкү сыйына, адамгерчилигине, жөнөкөйлүгүнө жана улуулугуна ушул күнгө чейин таң калып, ыраазы болом. Ал өзүнүн күйөө баласына эч кандай атайын сөз айтпай туруп эле, аны улуу адамдардын алдында урматка бөлөп, батасын алууга шарт түзүп берди. Мында анын адамды сыйлай алгандыгы, улууну урматтап, кичүүнү ызаттай билгендиги, ошол эле учурда жакындарынын кадырын көтөрүүгө умтулган кең пейилдиги көрүнүп турду.
Жайкы күн уясына кирип баратканда, коноктор жыйырма чакырымдай алыста калган райондун борборун көздөй машиналары менен үйлөрүнө жөнөп кетишти.
Кайнатам менен кайненем алты кыз, төрт уулду тарбиялап өстүрүштү. Балдарынын баары билим алып, алардын арасынан Жаналиев Болот кайнимдей болгон медицина илиминин доктору, профессор даражасына жеткен окумуштуу-педагогдор чыкты. Бул да ата-эненин эмгегинин, үй-бүлөдөгү туура тарбиянын жемиши деп ойлойм.
Ал өзүн: “биз — сталиндик кадрларбыз” деп сыймыктануу менен айтчу. Бул сөз анын кайсы тарыхый доордо калыптанганын, кандай саясий түшүнүктөр менен жашаганын даана көрсөтүп турат. Кайнатам өз доорунун ишенимдерине берилген, ошол мезгилдин талаптары менен жашаган жана эмгектенген адам эле. Бирок доорлор өзгөрөт, саясий түшүнүктөр алмашат, ал эми адамдын чынчылдыгы, эмгекчилдиги, жоопкерчилиги жана адамгерчилиги өз баасын жоготпойт.
1988-жылы ардактуу эс алууга чыккандан кийин да кайната колхоздун иштеринен, коомдук турмуштан кол үзгөн эмес. 2017-жылы 91 жаш курагында өзү туулуп-өскөн айылында дүйнөдөн кайтты. Анын эл үчүн кылган эмгеги жана айылдын коомдук турмушундагы орду эске алынып, 2017-жылдын 6-апрелинде Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясынын № 4 токтому менен өзү жашаган айылдагы чоң көчөгө ысымы ыйгарылды. Бул — анын эл алдындагы эмгегине берилген татыктуу баа.
Мен үчүн кайнатам жөн гана адам эмес, адамдык мамилеси, ачык мүнөзү, эмгекчилдиги, чечендиги жана түз сүйлөгөнү менен эсте калган инсан. Анын “сыртым кара болгону менен, ичим алюминийдей аппак” деген сөзү бүгүн да кулагымда жаңырып турат. Бул сөздү ал жөн гана таанышууда айткан жок. Ал өзүнүн кандай адам экенин, адамдар менен кандай мамиледе болгусу келерин билдиргендей сезилет.
Адамдын өмүрү өтөт, кызматы калат, доор алмашат. Бирок анын элге кылган жакшылыгы, артында калган жакшы аты, үй-бүлөсүнө жана урпактарына берген тарбиясы жашай берет.
Кайнатам — Жаналиев Рахман дал ушундай адамдардын бири эле.
Байас Турал,
акын, публицист, тарыхчы;
философия илимдеринин доктору,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер