ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА 2-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ КҮМҮШ ЖАНА КОЛО МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ
- 30.07.2024
- 0
X Малайзия Шенмо Эл аралык менталдык арифметика боюнча өткөн сынакта “Креатив-Таалим” Билим Берүү Комплексинин 2-класстын окуучулары Абдыкадыров Амир күмүш жана Шерипбеков Эмир коло медалдарын жеңип алышты.
Акталган мээнет
Сынакка окуучуларды даярдап барган мугалим Темирлан Саматбек уулунун маалыматына таянсак, олимпиадага Малайзия, Кытай, Гонконг (Кытай), Сингапур, Индонезия, Ливия, Кыргызстан, Мали, Бенин жана башка аймактардан келген 718 Шенмо окуучулары катышып, абакустун маданий мурасын даңазалашты.
— Бул олимпиадага мен окуучуларымды жумасына эки жолу чогултуп, абакус менен убакытка эсеп чыгартып, ошондой эле өз алдынча үйдөн күнүгө абакус менен, жана абакусту элестетип эсеп чыгарып даярданышты. Олимпиадага катышуу взносу 60 $ түзөт. Балдардын жол расходу эки тарапка 68000 сом болду. Андан сырткары тамак-ашы жана калган чыгымдарын ата-эне өздөрү төлөдү. Бул жолкуда Кыргызстандан эки окуучу, т.а. “Креатив-Таалим” Билим Берүү Комплексинен барып катышты, — дейт Темирлан агай.
Негизи эле “Креатив-Таалим” ББКнын окуучулары 1-класстан баштап менталдык арифметиканы окуй баштайт. Аны өздөштүрүп, кызыгып кеткендер арбын.
Мугалим тууралуу
Саматбек уулу Темирлан 1994-жылы Бишкек шаарында туулган. 2000-2009-жылдары борбор калаадагы айтылуу №6 Автордук окуу-тарбия комлексинде 9-класска чейин окуган, андан соң 2009-2011-жылдары А.Токтоналиев атындагы финансы-экономикалык техникумун ийгиликтүү аяктаган.
Эсеп-кысапка чукул, идиректүү Темирлан 2012-2017-жылдары Кытайдагы (Shenyang Normal University) Шеньян Педагогикалык университетинин маркетинг программасы боюнча билим алган. Окууну бүткөндөн кийин ал Кыргызстанга кайтып келип, Шенмо боюнча балдарга билим бере баштаган.
— Шенмо Кыргызстанда 2016-жылдан бери иштеп келе жатат. Негизи ал билимди Жаманкулова Нурмира алып келген. Чогуу иштеп баштап, аны мен жетектеп кеттим, – дейт Темирлан агай.
Шенмо олимпиадасынын тарыхы
Shenmo Education 1998-жылы түзүлгөн жана баш кеңсеси Пекинде (Кытай) жайгашкан. Дүйнө жүзү боюнча Shenmo балдар үчүн сапаттуу билим берүү курстарын камсыз кылууга умтулат.
— Shenmo Education — балдардын табиятын агартуу жана алардын рухий акылмандыгын өнүктүрүүгө арналган. Ар кайсы өлкөлөрдө жана ар кандай курактагы балдардын физикалык жана психикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык, адеп-ахлактык тарбиялоого, жакшы окууга жана үйрөнүү жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүүгө маани берүү менен өз алдынча жети курс иштелип чыккан. Алар: Abacus Менталдык арифметика, Ораторлук искусство, Сүрөт тартуу, Каллиграфия, 6F Бүткүл мээ өнүктүрүү, көңүл бурууну өнүктүрүү (Attention Training) жана англис тили. Бул курстар толук окуу системасына ылайыкталып түзүлүп чыккан, — дейт Т.Саматбек уулу.
Жалпы Шенмо Билим берүү мекемесинин президенти Ли Миен Джун менен Темирлан Саматбек уулу
2024-жылга карата карап көрсөк, дүйнө жүзү боюнча Шенмо курстары жана мектептери 110дон ашык өлкөлөрдө жайгашкан экен.
— Абакус беш континентти байланыштырды. Ал эми Шенмо абакус менталдык математика курсу дүйнө жүзү боюнча жогору бааланат. Дүйнөнүн материалдык эмес, маданий мурасы катары Кытайдын байыркы абакус даанышмандыгы ааламдашуу контекстинде жаңыланууну көрсөтөт. Абакус менталдык математиканы үйрөнүү аркылуу көп балдар эсептөө жана топтоо жөндөмдөрүн жакшыртып, интеллект жана ар тараптуу жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүп жатат, — дейт мугалим.
Шенмодо жыл сайын балдар үчүн ар кандай дүйнөлүк сынактар, мугалимдер үчүн окуу жана илимий иш-чаралар жана билим берүү долбоорлору үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Кытайга дүйнөнүн бардык бурчунан барган студенттер Shenmo курстарына өтө кызыгышат. Алардын ичинен кийин өз өлкөлөрүнө кайтып келишкенде Шенмо мектептерин түзүү кыялдарын ишке ашыргандар жок эмес. Билим чек араны билбейт демекчи, менталдык арифметиканы окууга кызыккандар да Кыргызстанда аз эмес.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер