ЭКРАНГА КӨЗ КАРАНДЫЛЫКТЫ АНЫКТОО ҮЧҮН КОЛДОНУЛУУЧУ ЭКСПРЕСС ТЕСТ
- 22.03.2024
- 0
Учурдагы жаңы “оору” – күн сайын экранга көз карандылык жалпы пандемияга окшойт. Сиздин балдарыңыз же өзүңүз “Экранга көз каранды” болууга канчалык жакынсыз? Экранга көз карандылыкты аныктоо үчүн экспрес-тестирлөөдөн өтүү керек.
А. “Экранга көз карандылыкты аныктоого арналган чакан тест”
Жооп: “ооба” же “жок”.
Электрондук система – уйкуга чейин сиздин соңку жана ойгонгондогу биринчи шеригиңиз.
Электрондук системаны өчүргөндө, сиз өзүңүздү жалгыз калгандай сезип, тынчсызданган абалга келесиз.
Кайсы жерде болбосоңуз да, сиз интернетке кошулууну ар дайым уланта бересиз.
Сиз автоматтык түрдө сүйлөмдүн аягында “түрдүү быйтыкча белгилерди (смайликтерди)” тересиз.
Сиз күнүнө жок дегенде беш чатта активдүү болосуз (сүйлөйсүз, жазасыз, бөлүшөсүз).
Сиздин күнүмдүк жаңы маалыматтарды салып турган жеке блогуңуз бар.
Сиз түндө ойгонгон кезде социалдык желедеги ленталардагы жазууларды текшересиз.
Интернетте көп убакыт өткөрүүдөн жумушуңуз же машыгуу убактысы зыян тартабы?
Интернетсиз жашоо ичиңизди бышырып, бош же кызыксыз болорун сезүү сизде ар дайым болобу?
Тест натыйжалары:
“Ооба” жообу сегизден көп болсо – электрондук системаны чектен ашыкча пайдалануунун таасирлеринен сиз белгилүү бир проблемаларга туш болосуз. Электрондук сиситемаларды чектен тышкары пайдалануунун сиздин жашооңузга канчалык зыяндуу жана терс таасир этерин түшүнүүңүз керек. Аны бир аз убакытка таштоого тырышыңыз жана сиз желеде “жоголуп кетпей” маселелерди чечиңиз.
“Жок” жообу сегизден көп болсо – электрондук системага көз карандылык тууралуу кабатырланууга негиз жок. Бирок туш келген жагдайда, интернеттин сиздин жашооңузга таасирин күзөтүңүз жана ага көп убакыт жумшоого тырышпаңыз.
Окутуу менен тарбиялоонун салттуу жана инновациялык усулдары менен ыкмаларынын ыңгайлуу катышын камсыз кылуу кажет, балдардын ата-эне менен байланышын арттыруу, окуучунун активдүү, өзүн-өзү таануучулук жеке инсандыгын тарбиялоого багытталган билим алуучу менен окутуучу жеке маалыматтык коопсуздукту уюштура алат.
В. Экспресс тест
“Киберкоммуникативдүү көз карандылыкка арналган суроо-жооп”, Facebookдагы көз карандуулукка арналган тестти Доктор Сесил Шу Андреассен жасаган (Норвегия). Тест тапшырмасынын мааниси: Киберкоммуникативдүү көз карандылык деңгээлинин диагностикасы.
Баалануу сапаты: Киберкоммуникативдүү көз карандылык.
Жаш өзгөчөлүк категориясы: 10+
Нускама: Ар бир суроого эң ыңгайлуу деген жоопту тандаңыз. Ачык, ары так жооп берүүгө тырышыңыз.
Жооп түрлөрү: “ар дайым”; “өтө көп”, “көп”; “кээде”; “өтө сейрек”.
Суроолор:
- Сиз күнүнө эки сааттан ашык үзгүлтүксүз “онлайн” режимде жүрүүнү канча жолу кайталайсыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желени пайдалангыңыз келерин канчалык көп сезесиз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желе тууралуу ойлоого жана андагы кыймыл-аракет планын жасоого канча убакыт жумшайсыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Жеке маселелерден оолак болуу үчүн социалдык желени канчалык көп пайдаланасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Сиз баракчаны канчалык көп жаңыртып турасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Эгер сиз социалдык желедеги “баракчага” кире албай турган болсоңуз, сиз өзүңүздү канчалык ыңгайсыз сезесиз жана ачууланасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Баракчадагы окуяларга кайсы жерде орун алганына карабай байкоо жасоо муктаждыгын канчалык сезесиз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Сиз “достор” тизмесине бейтааныш адамдарды канчалык көп кошосуз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Бирөө сизди социалдык желеден алыстата турган болсо, канча жолу кыйкырып, каршылык билдиресиз же ачууланасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Компьютерде отурбасаңыз да сиз “спс” же “пжл” сыяктуу кыскартылган сөздөрдү көп колдоносузбу?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желелердин альбомуна фотосүрөттөрдү канчалык көп кошуу керек деп ойлойсуз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желедеги жаңыртууларды телефонуңуздан канчалык көп текшересиз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Сиз бардык социалдык желелерден жаңылыктарды канчалык көп аласыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желеде өткөрүлгөн түндөн кийин жумуштан (мектептен) канчалык көп каласыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желелерге көп кирүү сиздин маанайыңызды жакшыртат.
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Досторуңуз менен социалдык желедеги жаңылыктарды канчалык көп талкуулайсыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Социалдык желеде өткөргөн убактыңызды канчалык азайтууга тырышасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Желедеги социалдык макамды канчалык көп өзгөртөсүз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Сиздин сүйүктүү желеңиздин жумуш жасабоосуна байланыштуу сиз канчалык көп зыян тартасыз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
- Сиз “Ооба! Туура!” деп, кийинки кабарлама менен макул болуп отуруп, башыңызды ийесиз?
Ар дайым | Өтө көп | Көп | Кээде | Өтө сейрек |
5 | 4 | 3 | 2 | 1 |
Суроолордун ачкычы:
Жооптор беш баллдык шкала боюнча берилет: “ар дайым” – 5 упай; “өтө көп” – 4 упай; “көп” – 3 упай; “кээде” – 2 упай; “өтө сейрек” – 1 упай. Упайдын максималдуу жыйынтыгы 100.
Суроолордун жоопторунун интерпретациясы.
“0-49 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын төмөн деңгээли;
“50-79 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын орточо деңгээли, социалдык желелер сиздин жашооңузга таасир этет жана кээ бир проблемаларды жаратат.
“80-100 упай” – Киберкоммуникативдүү көз карандылыктын жогору деңгээли, социалдык желелерди пайдалануу сиздин жашооңузда маанилүү проблемаларды жаратат.
Даярдаган:
Кыялбек АКМАТОВ,
педагогика илимдерини доктору,
“Кыргызстан Маариф” коомдук фондунун
директорунун академиялык
маселелер боюнча орун басары
Комментарийлер