ЭКРАН АРТЫНДАГЫ КОРКУНУЧ: ТЕЛЕФОН БАЛАНЫ ӨСТҮРҮП ЖАТАБЫ ЖЕ МАҢКУРТ КЫЛУУДАБЫ?

  • 22.10.2026

Бүгүнкү күндө кыргыз коомунун эң чоң, бирок көзгө дароо көрүнбөгөн трагедиясы — балдардын смартфондорго толугу менен кул болуп калышы. Заманбап технологиялар жашообузду жеңилдеткени менен, өсүп келе жаткан муундун мээсин, психологиясын жана адамдык табиятын талкалап жатат. Азыркы балдар бешиктен чыга электе эле экранга байланууда. Смартфон азыр жөн гана байланыш куралы эмес, баланы реалдуу дүйнөдөн бөлүп, виртуалдык кулчулукка, тагыраагы, маңкуртчулукка жетелеген куралга айланды. ЭКРАН АРТЫНДАГЫ КОРКУНУЧ: ТЕЛЕФОН БАЛАНЫ ӨСТҮРҮП ЖАТАБЫ ЖЕ МАҢКУРТ КЫЛУУДАБЫ?

Ден соолукка сокку: Нерв, көз жана кечиккен тил

Медицина адистери жана педиатрлар коңгуроо кагышууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун  сунушу боюнча, 2 жашка чейинки балдарга экран такыр көрсөтүлбөшү керек. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинкилерге күнүнө 1 сааттан ашык эмес убакыт уруксат берилет. Бирок бизде кандай? Оозунан эмчеги түшө элек 1–2 жашар наристелердин колунда телефон.

Мунун кесепети өтө оор:

Тилдин кеч чыгышы жана логиканын өспөй калышы: Бала айлана-чөйрөнү тийүү, сезүү, жандуу сүйлөшүү аркылуу таанышы керек. Телефондогу тез алмашкан, даяр сүрөттөр мээнин өнүгүүсүн токтотот. Натыйжада, азыр 3-4 жашка чыгып, дагы деле тили чыга элек же логикалык ой жүгүртүүсү нөлгө теңелген балдардын саны кескин өстү.

Нерв системасынын талкаланышы: Экрандан бөлүнүп жаткан көк жарык (blue light) уйку гормону болгон мелатонинди блоктоп, баланын мээсин дайыма стрессте кармайт. Смартфондон көзүн алганда эле бала агрессивдүү, чыдамсыз жана өтө ачуулуу (нервный) болуп чыга келет.

Радиация жана физикалык майыптык: Баланын баш сөөгү жука болгондуктан, телефондон бөлүнүүчү электромагниттик толкундарды (радиацияны) чоңдорго караганда эки эсе көп сиңирет. Мунун кесепети — жаш балдардын арасында көз оорулары (миопия), омуртканын кыйшайышы жана аз кыймылдуулуктан улам семирүү оорулары эпидемияга айланды. ЭКРАН АРТЫНДАГЫ КОРКУНУЧ: ТЕЛЕФОН БАЛАНЫ ӨСТҮРҮП ЖАТАБЫ ЖЕ МАҢКУРТ КЫЛУУДАБЫ?

Социалдык теңсиздик жана өлүмгө түрткөн атаандаштык

Бүгүн мектептерде билим жарышы эмес, «телефон жарышы» жүрүп жатат. Кымбат баалуу смартфондор окуучулар арасында социалдык теңсиздиктин эң башкы көрсөткүчүнө айланды. Колунда бардын баласы акыркы үлгүдөгү iPhone же кымбат гаджет менен мактанса, шарты начар үй-бүлөнүн баласында ич күйдүлүк, коомдон обочолонуу жана кемсинүү сезими пайда болот.

Эң өкүнүчтүүсү, бул виртуалдык атаандаштык реалдуу трагедияларга алып келүүдө. Акыркы жылдары телефон үчүн үйүнөн акча, алтын уурдаган өспүрүмдөр көбөйдү. Андан да жаманы — ата-энеси сураган кымбат телефонун алып бербей койгону үчүн же телефонду тартып алганы үчүн өз өмүрүн кыйган балдардын окуялары коомду силкинтүүдө. Биз материалдык буюмду адам өмүрүнөн, ата-эненин кадырынан өйдө койгон, сезими соолуган маңкурт муунду өз колубуз менен тарбиялап жаткан жокпузбу? ЭКРАН АРТЫНДАГЫ КОРКУНУЧ: ТЕЛЕФОН БАЛАНЫ ӨСТҮРҮП ЖАТАБЫ ЖЕ МАҢКУРТ КЫЛУУДАБЫ?

Дүйнөлүк тажрыйба: Батыш кантип күрөшүүдө?

Өнүккөн чет өлкөлөр бул коркунучту эбак түшүнүп, мамлекеттик деңгээлде чара көрө башташты. Мисалы, Франция, Улуу Британия жана Кытайдын мектептеринде окуу убагында смартфон колдонууга мыйзам түрүндө толук тыюу салынган. Кытайда өспүрүмдөрдүн түн ичинде онлайн оюндарды ойноосуна бөгөт коюу тутуму киргизилген.

Эң кызыгы, дүйнөгө ушул технологияларды тараткан Силикон өрөөнүнүн (АКШ) жетекчилери, IT-миллиардерлер өздөрүнүн балдарына 14 жашка чейин смартфон карматпайт, аларды кадимки жеке мектептерде китеп менен гана окутушат. Себеби алар бул «санариптик баңгизаттын» зыянын жакшы билишет. Чет элдик ата-энелер телефонду билим алуу, тил үйрөнүү же пайдалуу программалоону өздөштүрүү үчүн гана курал катары беришет. ЭКРАН АРТЫНДАГЫ КОРКУНУЧ: ТЕЛЕФОН БАЛАНЫ ӨСТҮРҮП ЖАТАБЫ ЖЕ МАҢКУРТ КЫЛУУДАБЫ?

Телефон эмне үчүн керек? Ал — билимдин гана булагы

Биз технология доорунда жашап жатабыз, аны толук тыйып салуу мүмкүн эмес. Бирок телефонду колдонуу максатын түп тамырынан бери өзгөртүүбүз зарыл. Смартфон — оюн ойноп, маанисиз кыска видеолорду (Tik-Tok, Reels) көрүп, убакыт өткөрө турган оюнчук эмес. Ал билим алуунун, дүйнө таанымын кеңейтүүнүн гана булагы болушу шарт. Бала телефондон тил үйрөнүп, логикалык тапшырмаларды аткарып, тарыхый, илимий даректүү тасмаларды көрүүнү адат кылышы керек.

Ата-энелерге коңгуроо!

Урматтуу ата-энелер! Баланы тынчытуу үчүн же өзүңүздүн жумушуңузга тоскоол кылбасын деп колуна телефон кармата салуу — бул баланын келечегине жасалган кылмыш. Сиз ошол мүнөттө убактылуу тынчтыкты сатып алып, бирок балаңыздын ден соолугун, акылын жана адамдык сапатын уурдап жатасыз.

Балаңыздын экран артындагы коркунучка жутулуп, кулга айлануусуна жол бербеңиз! Бүгүнтөн баштап чектөө киргизиңиз. Алар менен көбүрөөк сүйлөшүп, сейилдеңиз, китеп окутуңуз. Эсиңизде болсун: баланы телефон эмес, Ата-Эне тарбиялашы керек!

Эркинай Казыева,  

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

 Сүлүктү шаарындагы Педагогика жана коммуникациялар колледжинин 

биология боюнча  окутуучусу

Бөлүшүү