ЭГЕР МУГАЛИМ САБАККА ҮЧ КҮН МААНАЙЫ ЖОК КЕЛСЕ, БИЗГЕ СИГНАЛ ТҮШӨТ
- 20.08.2026
- 0
Жеке мектепке баласын берген ата-эне эмнени сатып алат: кымбат билимдиби, коопсуздуктуубу же баласынын келечегине болгон ишенимдиби? Бул суроонун жообу мектептин имараты, заманбап жабдуулары же чет тилдерди окутуу менен эле бүтпөйт. Анткени мектеп — бала күнүнүн көп бөлүгүн өткөргөн чөйрө. Ал жерде анын билими гана эмес, мүнөзү, мамилеси, жоопкерчилиги да калыптанат.
«Intellect School» мектебинин директору Алтынбек ЖИЯНАЛИЕВ менен маегибизде ушул маселелердин тегерегинде сөз болду. Мектепте англис тили менен IT багытын тереңдетип окутуудан тартып, олимпиадалык резервди даярдоого, мугалимдерди жасалма интеллектке үйрөтүүгө, антибуллинг системасын киргизүүгө жана ата-энени окуу процессине активдүү тартууга чейинки иштер тууралуу кеп козголду.
— «Intellect School» заманбап талаптарга жооп берген мектеп катары таанылып келет. Мектепте IT, программалоо жана англис тилин тереңдетип окутууга басым жасалат. Бул багыттар окуучулардын дүйнө таанымына жана билим алуудагы жыйынтыгына кандай таасир берип жатат?
— Мектеп 2021-жылдан тарта иштеп келе жатат. Беш жыл директор болуп, мектептин негиздөөчүсү Жакшылык Матанов өзү иштеди. Ошол убакыттан бери анын өнүгүү жолун ичинен көрүп келдим. Бүгүнкү күндө баланын эне тилин билүүсү — табигый зарылдык. Бирок дүйнө өзгөрүп жатат. Глобалдашуу шартында англис тилин, андан кийин кытай же француз сыяктуу башка тилдерди билүү да керек болуп калды.
Азыр дүйнө мурдагыдай чоң эмес, бир чоң айыл сыяктуу болуп калды. Адамдар бири-бири менен эркин баарлашышы үчүн тил билүүсү зарыл. Англис тилинин биз үчүн дагы бир артыкчылыгы — дүйнөдөгү илимий, билим берүүчү жана кесиптик булактардын басымдуу бөлүгү ушул тилде.
Кыргызстан өнүгүү жолунда бара жатат. Башка мамлекеттер менен атаандашуу үчүн англис тилин жакшы билген жаштар керек.
Экинчи багыт — IT. Мындан 15–20 жыл мурун азыркыдай смартфондорду, роботторду элестетүү кыйын болчу. Бүгүн болсо технология күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланды. Робот жасоо үчүн программалоону, IT багытын билүү керек.
Ошондуктан биз балдарды биринчи класстан тартып программалоого акырындык менен үйрөтүүгө аракет кылып жатабыз. Башында бул оюн сыяктуу өтөт, кийин тапшырмалар татаалдашат. Максатыбыз — бала 11-класска жеткенде өзүнүн жөндөмүнө жана кызыгуусуна жараша IT багытында белгилүү бир деңгээлге жетиши.
— Мектеп ачылганына бир нече жыл болуп калды. Окуучуларыңыздардын республикалык жана эл аралык олимпиадалардагы, сынактардагы жетишкендиктери кандай?
— Бул боюнча биз атайын тизме бере алабыз. Мектеп ачылгандан бери менталдык арифметика багытына да көңүл буруп келебиз. Аны математика же кадимки арифметика менен аралаштырбоо керек. Менталдык арифметика баланын эс тутумун, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган.
Башталгыч класстарда ушул багытта иштеп, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өткөн мелдештерге катышып келебиз. Биздин окуучулар байгелүү орундарды алып жүрүшөт.
Менин мектепке келгениме бир айдай гана болду. IT жана компьютердик багыт боюнча дүйнөлүк олимпиададан күмүш медаль алып келген окуучуларыбыз бар.
Биз жыл сайын Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү олимпиадаларга катышабыз. Мындан тышкары, мектепте олимпиадалык резерв түзүлгөн. Алар жай бою да даярданышат.
Учурда 14 окуучу математика жана IT багыттары боюнча “Sun City Кегети” эс алуу базасында интенсивдүү программада окуп жатат. Күнүнө 6–7 сааттан күчтүү профессорлор жана тренерлер менен иштешүүдө.
2026–2027-окуу жылында бул балдардын эмгеги дагы жакшы жыйынтык берет деп күтүп жатабыз. Мен жүргүзгөн мониторингге таянсам, алардын ичинен 7–8 окуучу жакшы орундарга жетиши мүмкүн деген үмүт бар.
— Башталгыч жана орто класстарда чет тилдерин жана STEM предметтерин окутууда эне тилинде сүйлөгөн адистерди тартуу практикасы канчалык натыйжалуу болду?
— Мен өзүм англис тили мугалими болгондуктан, муну практикадан билем. Тил үйрөнүү оңой процесс эмес. Күнүнө бир-эки саат сабак окуу менен эле тилди толук өздөштүрүп кетүү кыйын. Көпчүлүк балага практика керек.
Ошондуктан биз Филиппинден сертификацияланган, дипломдуу педагогдорду алып келип, 1-класстан 5-класска чейин co-teacher, башкача айтканда жардамчы мугалим катары иштетип жатабыз.
Элестетиңиз, бала беш күн бою англис тилинде сүйлөгөн мугалим менен байланышта болот. Эки-үч айдын ичинде эле натыйжасы байкала баштайт.
Азыр ишенимдүү айта алам: биздин 3–4-класстын окуучулары менен англис тилинде сүйлөшсөңүз, алар жооп берип, кеңири сүйлөшө алышат.
— Кыргызстанда билим берүү системасын реформалоо, 12 жылдык окууга өтүү жана жаңы мамлекеттик стандарттарды киргизүү жүрүп жатат. «Intellect School» бул өзгөрүүлөргө канчалык даяр?
— Мен англис тили мугалими катары 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү жакшы кабыл алдым. Дүйнөдө мындай система кеңири колдонулат. Бул жөн жерден киргизилип жаткан жок. Кембридж, Сингапур сыяктуу билим берүү системаларында 12 жылдык модель бар.
Албетте, бул оңой иш эмес. Бирок мамлекет бул багытта иш алып барып жатат. Биз да Агартуу министрлиги менен тыгыз байланыштабыз. Коюлган талаптарга даярбыз жана мамлекеттик талаптарды аткарып келе жатабыз.
— Жаңы мамлекеттик стандарттар сиздердин окуу программаңыздарга шайкеш келеби?
— Ооба. Бизде Кембридж класстары да бар. Ошондуктан жаңы талаптар менен биздин багыттардын ортосунда чоң карама-каршылык жок.
— Бишкекте жеке мектептер көбөйүп, атаандаштык күчөп жатат. Агартуу министрлигинин лицензия жана билим сапатына койгон талаптары да жогорулап баратат. «Intellect School» мындай шартта өзүнүн айырмачылыгын кантип сактап жатат?
— Мен буга биринчи кезекте педагог катары жооп берейин. Биз жумушка жөн гана мугалим албайбыз. Бизге педагог керек.
Билим берүү процесси бор, доска, китеп, дептер жана калем менен эле бүтпөйт. Балага мээрим бермейинче, алдыбызга койгон максатка жетүү кыйын.
Мен өзүм 17–18 жыл сабак бердим. Муну практикадан көрдүм. Мугалим күн сайын билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөрдү окуп, изденип турушу керек.
Бизде мугалимдер менен жума сайын чогулуштар өтөт. Билим берүүдө кандай жаңы тенденциялар пайда болду, балдарды сабакка кантип кызыктырабыз, кандай ыкмалар натыйжалуу — ушуларды талкуулайбыз.
Биздин негизги максат — Кыргызстанга билимдүү, тарбиялуу, жоопкерчиликтүү жана жакшы жарандарды даярдоо.
Мугалимдердин тажрыйбасын өркүндөтүүдө топтук ишке, анын ичинде Lesson Study ыкмасына да көңүл бурабыз. Мугалимдер бири-биринин сабагын талдап, окутуунун натыйжалуу жолдорун издөөгө үйрөнүп жатышат.
— Демек, мугалимдердин өздөрү да тынымсыз окуп турушат экен?
— Албетте. Мен өзүм мугалим катары жооп берейин. Университетти англис тили адистиги боюнча бүткөндөн кийин мектепке барганда кайрадан көп нерсени үйрөнүүгө туура келди.
Сабак өтүү — өзүнчө искусство, өзүнчө шык. Кээде 45 мүнөттүк сабакка бир-эки саат даярданчумун. Тажрыйбалуу мугалимдерден: «Муну кандай өтсөм болот?» деп кеңеш сурачумун.
Университетте теорияны үйрөтүшөт. Практикага келгенде айрым нерселер таптакыр башкача экенин түшүнөсүң.
— IT жана санариптик доордо мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча дагы кандай иштер жүргүзүлөт?
— Бул багытта бизде жасалма интеллект боюнча атайын адис бар. Анын негизги милдети — мугалимдерге жана окуучуларга жасалма интеллект тармагындагы өзгөрүүлөрдү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түшүндүрүү.
Биз бул ишти жөн гана «AI колдонгула» деген деңгээлде калтыргыбыз келген жок. Ошондуктан атайын адис жалдадык. Ал мугалимдерди окутат.
— Окуучулар да жасалма интеллектти үйрөнүп жатышабы?
— Ооба. Мектепте бул боюнча атайын курс бар.
— Ош шаарындагы «Жаңы билим» окуу комплексиндеги жагымсыз окуя жеке менчик мектептердеги коопсуздук жана жоопкерчилик маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Бул окуя «Intellect School» үчүн кандай сабак болду?
— Ата-эне баласын жеке мектепке эки негизги себеп менен берет: билим жана коопсуздук.
Жеке мектепте бала эртең менен келет, сабак окуйт, тамактанат, кошумча сабактарга жана ийримдерге катышат, продлёнкада калат. Демек, бала күндүн көп бөлүгүн мектепте өткөрөт. Ошондуктан коопсуз чөйрө түзүү — чоң жоопкерчилик.
Биздин ар бир кабинетте камералар орнотулган.
Быйыл антибуллинг системасын да киргизип жатабыз. Ал балдардын ортосундагы чыр-чатактарды көзөмөлдөөгө жардам берет. Мисалы, эки бала түртүшүп же урушуп кетсе, система бул чыныгы мушташпы же жөн гана оюнбу — аныктоого жардам берет жана зарыл учурда сигнал берет.
Система адамдын жүзүн жана жүрүм-турумун талдоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Мисалы, мугалим үч күн катары менен маанайсыз жүрсө, система сигнал берип, ал психологго жөнөтүлөт.
Бул окуучуларга да, мугалимдерге да тиешелүү. Азыр системаны апробациядан өткөрүп жатабыз. Натыйжасы жакшы болсо, башка мектептерге да сунуштайбыз.
— Жеке мектепти тандоодо ата-эне коопсуздук менен катар баланын тарбиясына да көңүл бурат. Ата-энелердин ишенимин сактоо жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу үчүн кандай иштер жасалууда?
— Мен дайыма айтам: билим менен тарбия бир куштун эки канатындай. Экөө тең болушу керек.
Биз мектепке кызматкер кабыл алууда өтө кылдат мамиле кылабыз. Мугалим болобу, кароолчу болобу — ар бири менен маектешебиз. «Бул адам биздин мектептин концепциясына туура келеби?» деген суроого жооп издегенге аракет кылабыз.
Мектептин эшигинен кирген ар бир адам — директордон баштап тазалык кызматкерине чейин — окуучу үчүн жоопкер экенин түшүнүшү керек.
НАСА тууралуу бир мисал айтылат эмеспи. Бир кызматкерден «Бул жерде эмне иш кыласың?» деп сураганда, ал «Мен космоско адам учура турган жерде иштейм» деген мааниде жооп берет. Өзүнүн милдетин жалпы иштин бир бөлүгү катары көрөт.
Бизде да ушундай мамиле болушун каалайбыз. Ар бир кызматкер өз жумушун аткаруу менен бирге окуучунун коопсуздугуна, тарбиясына жана мектептеги маанайына жооптуу.
Ошондуктан мугалимдерге, администрацияга, ашкана кызматкерлерине жана башка кызматкерлерге атайын семинарларды өткөрөбүз.
— «Intellect School» жакынкы жылдары окуу программасын, кампусун же багыттарын кеңейтүү боюнча кандай пландарды коюп жатат?
— Ар бир окуу жайдын кеңейүү же жаңы мектеп ачуу тууралуу кыялы болсо керек. Бизде да мындай пландар бар.
Азыр бир-эки долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Долбоорлор даяр болгондо социалдык тармактар аркылуу жарыялайбыз.
— Учурда мектепте канча окуучу жана канча мугалим бар?
— 170ке жакын мугалим иштейт. Эки корпусубуз бар. Эки корпуста 850гө жакын окуучу билим алат.
— Билимдүү, IT технологияларын өздөштүргөн заманбап муунду тарбиялоодо мектеп менен ата-эненин өнөктөштүгү кандай болушу керек?
— Ата-энелердин кетирген негизги жаңылыштыктарынын бири — «Баламды жеке мектепке бердим, эми көйгөй бүттү» деп ойлошу.
Баланы тарбиялоо үч буттуу отургуч сыяктуу: мектеп, окуучу жана ата-эне. Үчөө тең бири-бирин кармап турушу керек.
Биз ар ишемби сайын ата-энелер үчүн бала тарбиялоо жана психология боюнча семинарларды өткөрөбүз. Ар чейректе жолугушуулар болуп, актуалдуу маселелер талкууланат.
Азыркы балдарды, мисалы, Альфа муунун жакшы түшүнүү керек. Алардын өзгөчөлүгү башка. Ошого жараша тарбия берүү ыкмаларын да өзгөртүү зарыл.
Жыл ичинде өткөн семинарлардын мазмуну боюнча ата-энелерге экзамен өткөрүп, анын жеңүүчүлөрүн аныктаган учурларыбыз да бар.
Биздин максат — ата-энени баланын мектептеги жашоосунан четте калтырбоо. Тескерисинче, аны окуу процессинин активдүү катышуучусуна айлантуу.
— Окуу жылы 15-сентябрда башталат. Мунун ордун толтуруу маселесин ата-энелер менен кантип чечип жатасыздар?
— Бул үчүн ишемби күндөрү окуйбуз. Башкача айтканда, жетишпей калган окуу күндөрүн компенсациялайбыз.
— Контракттын баасы инфляцияга жараша өзгөрөбү? Окуучу мектепке киргенде түзүлгөн келишимдеги баа анын мектепти бүткөнүнө чейин сакталабы?
— Эгер инфляция өтө чоң болсо, келишимде көрсөтүлгөндөй, ата-эне менен өзүнчө сүйлөшүп, келишимди кайра карап чыгышыбыз мүмкүн. Ал эми инфляция туруктуу болуп, өзгөчө өзгөрүү болбосо, окуучу мектепке кандай контракт менен кирсе, ошол шарт менен окуусун бүтүрөт.
— Маегиңизге рахмат.
(Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Социалдык заказ» долбоорунун алкагында даярдалды)
Маектешкен Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер