ДОСТУККА ДАНАКЕР ЫРЧЫЛАР — ГҮЛМИРА МЕНЕН НУРЧОЛПОН

  • 06.07.2021
  • 0

Интернет  жылдызы Нурчолпон менен коңшулаш элдин таланттуу кызы Гүлмира Избасханованы кимдер билбейт! Учурда алар кайталангыс ырлары менен кыргыз-казак достугун бекемдеп келишет.

ДОСТУККА ДАНАКЕР ЫРЧЫЛАР - ГҮЛМИРА МЕНЕН НУРЧОЛПОН

2005-жылы болсо керек, Алма-Атадан Бишкекти көздөй жолго чыгарда,  айдоочудан бир аз мурдараак «эң белгилүү казак ырлары» дегенинен сатып алган дискти коюп берүүнү өтүндүм.

Угуп баратабыз. Теңинен көбү кыргыз ырлары!..

Ошондон бир топ жылдар кийин, 2018-жылы, Астананын темир жол вокзалында  жаңырган ырлардын тең жарымы кыргыз ырлары болчу! Ушул эки окуядан соң мен «казак-кыргыз  — бир тууган» дегенге биротоло ишендим. Үлкөн жазуучу Мухтар Ауэзов жаш Чыңгызга биринчилерден болуп кол сунганын эстедим. Ошондо ага-ини эки залкар эзелтен бери келаткан кыргыз менен казакта гана жолукчу феноменалдык көрүнүш — төкмө акындардын бири-бирине колдоо көрсөткөн,  бири-биринин жолун ачкан улуу салтты улаган эле.

Учурда бул жөрөлгө жазуучу, акындардын, төкмө акындардын, сүрөтчүлөрдүн, илимпоздордун,  агартуучулардын, маданият ишмерлеринин эриш-аркак байланышы аркылуу татыктуу уланып келатат.

Айрыкча эстрада жанрында, аткаруучулук өнөрдө маданий таасирленүү күчтүү десек болот. Кыргыздын уккулуктуу ырын эртеси казак ырдап, казактын эни (ыры) бизде хитке айланганы көнүмүш адат.

Ал эми биз бүгүн сөз кылчу  Гүлмира менен Нурчолпон мына ошол кылымдын тээ түпкүрүнөн   өсүп-өнгөн кыргыз-казак маданий байланышын жаңы  баскычка чыгарышты.

Кеп башында эки таланттын чыгармачылык жүзүндө окшош жактары көп экенин айта кетейин. Биринчи окшоштугу — экөө тең телеге караганда Интернетте көбүрөөк белгилүү. Кийинкиси — экөөнө тең башкаларга окшобогон өзгөчө стил, жандуу аткаруу мүнөздүү.  Дагы бир бөтөнчөлүгү, экөөсү тең аткаруучу ырын жүрөгү менен сүйүп ырдайт!

Достукка данакер ырчылардын бири Гүлмира Избасканова жакында эле Кыргызстанга келип, эки элдин достугун даңазалаган чыгарманы кыргыз ырчысы Баян Сыдыкова менен чогуу аткарды. Чыгарманы угарман баалайт эмеспи, жаңы ырга берилген комменттерге орун берсек.

ДОСТУККА ДАНАКЕР ЫРЧЫЛАР - ГҮЛМИРА МЕНЕН НУРЧОЛПОН

«Бул ырды мындан ары казак-кыргыз гимни деп кабыл алышыбыз керек. Куттуу болсун, бауырлар!» (Атын атабаган казак угарманы)

«Ушундай ырларды көбүрөөк чыгаруу керек!» (Серик)

«Казакка кыргыздай жакын ким бар? Казак-кыргыз — бир тууган!» (Атын көрсөтпөгөн казак угарманы)

«Кыргыз, казак элдерин бириктире турган достук гимни болуптур!» (Эльвина Маралбаева)

«Керемет! Кыргыз-казак —  бир куштун эки канаты!» (Аско Такенов)

«Эки элге элчилердин кереги жок. Тынчтыктын, достуктун чыныгы көгүчкөндөрүн көрүп алгыла!» (Сайкал Уметова)

Гүлмиранын бул чыгармасы анын кыргыз тилиндеги алгачкы ыры эмес. Үч жылдай мурун Чубак Сатаевдин казак-кыргызга бирдей тараган «Арман ай» аттуу ырын аткарып, ал кыргыз угармандарына тегиз  таанылган. Андан кийинкиси кыргыздын унутулгус обон, кайрыгы коштолгон «Жылкычынын ыры» болду. Бул ырга берилген пикирлерди карасам, казак туугандар басымдуу экен. Бир-эки угармандын пикирин кошо кетсек.

«Мен казак кызымын. Бирок кыргыздын ушул ырын бала күндөн угуп өстүм. Сүйүктүү ырларымдын бири! Гүлмира, өркүнүң өссүн!» (Акбиби Сельбаева)

«Жашым алтымыштан ашып барат. Бул ырды бала кезден билем. Балалыгыма кайтып бардым!» (Казак угарман)

Казакстандык угармандарга Бек Борбиевдин ысмы жакшы тааныш.
Гүлмиранын аткаруусунда Бек Борбиевдин «Жаным», (дагы бир аталышы «Жабыгам») ыры жаңы өң, жаңы түскө ээ болду.

«Браво, кыргыз ырын сонун аткарыпсын! Үнүңө береке!» деп жазат өз комменттинде кыргызстандык угарман Гүлмира Төрөбекова.

Башка пикирлер да ушундай маанайда!

«Сонун! Уккулуктуу! Кайталангыс! Казак ырчыларынын алды!» (Калампир Юсупова)

«Укмуштай кооз ырдайсың!
Жүрөгүңдү арнап харизма менен аткарыпсың. Азаматсың!» (Марал Джусанбаева)

«Биздин Бек агабыздын ыры го! Азаматсың, Гүлмира!»
(Самара Жоробаева)

«Ар бир ырын жүрөгү менен берилип ырдайт» (Варвара Яковлева)

«Чын дилден берилип, жүрөгү менен ырдайт. Таланттыңызга таазим!»
(Баха Амира)

Түгөлбай Казаковго таандык «Жамгыр төктү» ырын кимдер гана ырдабады! Ошолордун катарын  Гүлмира да толуктай алды. Угармандардын жалпы баасында, мурда-кийин бул ырды өзүндөй кылып, оригиналдан четтебей аткарган жалгыз Гүлмира болуптур!

ДОСТУККА ДАНАКЕР ЫРЧЫЛАР - ГҮЛМИРА МЕНЕН НУРЧОЛПОН

Эми өзүбүздүн Интернет жылдыз, нукура талант, булбулдай таза үндүн ээси Нурчолпондун эки боордош элдин ынтымагына кошкон салымына токтоло кетели.

Баардык эле ырчылар аткарууга батына бербеген чыгармалар болот. «Чү!» дегенде эле, Нурчолпон кезинде казак эстрадасынын  тирүү легендасы Роза Рымбаева ырдап, далай сыйлыктарга ээ болгон айтылуу «Куэ бол» ырын ийинине жеткире аткарып, кыргызга тили, дили жакын элдин ак батасын, алкышын алды.

«Мен бир кезде кыргыз кызын сүйүп калгам. Анан ал менин келинчегим болду. Мага чолпондой үч баланы төрөп берди. Бул элге ар убак таазим  этем. Аткаруучуга таазим!
(Байжан Саевич)

«Куэ бол, Жылдыз
Куэ бол, Кыргыз
Куэ бол, Алатоом!» (Буска Ахметов)

«Оу , кыргыз бир туугандарым!
Казактан жакын кимиң бар айтчы!
Оу, казактарым! Кыргыздан жакын кимиң бар жер бетинде, болсо айтчы!
Айта алмайсың! Бир бололук, кыргыз менен казак!»
(Базарбек Ормонов)

«Айланайын кыргызым, ким айтат кыргыз менен казакты бир тууган эмес деп ушул ырдан кийин! (Ермек Батырханов)

«Казакстанга келчи, алтыным!
Мына ушул улуу ырды сен гана ырдашың керек!»
(Адилет Карадалин)

Арийне Нурчолпондун аткаруусундагы бул керемет ырга берилген сан миң бааны, угармандардын жылуу пикирин болгонун болгондой  кылып жайгаштыруу мүмкүн эмес. Казак туугандардын колдоосу Ала-Тоого тете  десем туура болчудай.

Кези келгенде Нурчолпон «Анашым» аттуу казак ырын да мыкты аткарды.

«Мен бул клипти Канададан көрүп отурам. Жарайсың, кыргыз бауырлар!»
(Азамат Куатбек)

«Тоолордо кыргыз баласы ыйласа, талаадагы казак апанын эмчеги сыздайт!»
(Давлет Калыбеков)

«Ай карындашым, Нурчолпон!
Көзгө жаш алдырып, апамды эске салып жибердиң!
Кыргыз бауырлар, аман болгула!»
(Сакура)

«Жарайсың, кыргыз сиңдим!
Димаш агаңдай таанымал бол!» (Айко Сулейханова)

Димаш демекчи, учурда дүйнөнү таланты менен багындырган казак ырчысына  атаң-даңк алып келген «Опера-2» ырынан Нурчолпон да кыя өтпөдү.
Азыркы тапта ааламдагы «мен» деген музыка талдоочулар бул аткарууга өз баасын берүүдө.
Бизге угармандын пикири баалуу!

«Таза, тунук, назик, ошол эле убакта күчтүү үн! Азаматсың, Нурчолпон!’
(Мария Миңбаева)

«Браво! Укмуштай үн! Өзгөчө аткаруу! Сиздер менен сыймыктанам, кыргыздар!»
(Арыстан, Алма-Ата шаары)

«Сиздин үн Димаштыкындай экен!» (Лара)

Ооба, эки боордош элдин эрке кыздары Нурчолпон менен Гүлмиранын келечеги алдыда!
Дагы нечен ырлар ырдалып, дарактын тамыры жерге жайылгандай, кыргыз менен казакка бирдей сиңип, кылымдар түпкүрүнөн келаткан улуу биримдикти, достукту даңазалай берет деген ишеничтемин.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер