КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

  • 07.12.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси  жана  БААУнун Инновациялык колледжи “Илимдеги кыздар” долбоорун эки жылдан бери бирге ишке ашырып келатышат.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Долбоорго кайсы мектептер тартылды?

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын айтуусу боюнча,  “Илимдеги кыздар” долбооруна жарыяланган сынакты жеңип алган соң,  фонд долбоордун төрт компонентин алган, т.а. билим берүү саясаты менен эмгек рыногун анализдеп,  иликтеп чыгууну, насаатчылар менен иштөөнү  жана 11-класстын кыздарын Жалпы республикалык сынакка даярдоону.

ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Меморандумдун негизинде Бишкек шаарынан 51 мектеп, Чүй облусунан 10 мектеп жана Ош шаарынан 20 мектеп, жалпы 81 пилоттук мектеп долбоорго бекитилген. Ушул мектепте окуган социалдык жактан начар үй-бүлөлөрдүн кыздары долбоорго тартылып, дүйнө жүзү багыт алып жаткан STEM-билим берүүнү теориялык жана практикалык жактан өздөштүргөнгө жетишти.

Билим берүүнүн өнүктүрүү стратегиясы – долбоордун эң ири компоненти

“Илимдеги кыздар” долбоорунун техникалык тапшырмасы менен билим берүү саясатындагы STEM проблемалары кандай чагылдырылды, кандай ишке ашты деген маселенин тегерегинде эксперт Абакир Мамытов аналитикалык иликтөө ишин жүргүздү. Ал Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын (2012-2020-жж.), Өкмөттүн ушул стратегияны ишке ашыруу программасын анализдеп чыккан. Ал программа үч этапка бөлүнгөн (2012-2014, 2015-2017, 2018-2020) болчу. Андан кийинки маселе билим берүүнү 2020-2030-жылдарга өнүктүрүүнүн стратегиясын анализдеп, сунуш даярдады. Негизги жыйынтыгы боюнча 2012-2020-жылдардагы стратегияда STEM-багытына таптакыр көңүл бөлүнбөгөнүн ал белгилеген. Дүйнөдөгү бул тренд биздин өлкөдө эске алынбай калган деген жыйынтыкка келген. Ошол эле учурда таптакыр Кыргызстанда эч нерсе болгон жок деп айтуудан алыспыз, анткени 2014-жылы мектеп билим берүүнүн программасы, стандарттары, бардыгы кайрадан иштелип чыгып, табигый илимдерге болгон мамиле, аны компеттентүүлүк өңүттө өнүктүрүү деген жагдайлар бизде чечилип калган. STEMди анализдегенде бир эле табигый илимди эмес, өнөр менен дагы байланыштуу экени эске алынды. Искусство, арт деген түшүнүк бар, ушул өңүттөн келгенде мектеп билиминде дени сак маданияты, технологиянын искусствосу деген билим берүү аймактары бар. Ошол багыттардагы предметтердин мазмундарында дагы бир топ өзгөртүү болду. Бирок негизги маселе STEMге көңүл бөлүү жетишерлик деңгээлде болгон эмес деп эксперт  жыйынтык чыгарган. Ошол себептен билим берүүдөгү жаңы стратегияны 2020-2030-жж. анализдеп, STEMге болгон көңүлдүн жоктугун белгилеп, министрликке  сунуш  киргизген. Ошол учурдагы Билим берүү жана илим министри жакшы реакция кылып, кабыл алган эле. Ошондой эле эксперт 2021-2040-жылга чейин Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясы тууралуу долбоорду да толук анализдеп, иликтеп чыгып, бир топ прогрессивдүү сунуштарды министрликке берген. Биргеликтүү аракеттердин негизинде Билим берүүнүн өнүгүү стратегиясында STEM тууралуу түшүнүк орун алып, жайыла баштады.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Билим берүүнүн стратегиясы кийинчерээк  өкмөт тарабынан да билим берүүнү өнүктүрүү программасы иретинде кабыл алынды. Ал жерде STEMди өнүктүрүү маселелери белгиленди. Бул негизги билим берүүдөгү саясий жыйынтык деп айтсак болот. Муну эксперт  оң бааларын жана анын келечеги чоң деп терең ишенээрин билдирди.

Эмгек рыногу

«Илим достору» долбоорунун эмгек рыногун талдоо боюнча эксперти, «Курак»Аялдар форумунун башкармалыгынын төрагасы Айнура Сагынбаева долбоордун алкагында эмгек рыногуна, рыноктун керектөөлөрүнө, бизнес чөйрөсүнө жана аялдардын ишкердүүлүгүнүн негизги катышуучуларына талдоо жүргүзүп, жумушка алууда гендердик тең салмактуулукту аныктоо үчүн өнөктөштүк мамилелерди түздү десек болот.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде гендердик компонентти милдеттүү түрдө эске алган STEMди өнүктүрүү боюнча программаны даярдоо керек экени жана анын негизги милдеттери төмөнкүлөр болушу мүмкүн экенине басым жасалды. Алсак, мектепке чейинки курактагы балдардын, мектеп окуучуларынын кызыгуусун арттыруу; эмгек рыногу менен билим берүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунун ортосундагы интеграциялык байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү;  ЖОЖдордо адистерди даярдоону жана өлкөнүн эмгек ресурстарына болгон керектөөлөрүн шайкеш келтирүү, кадрларды даярдоо боюнча мамлекеттик заказдарды иштеп чыгуу; STEM жаатында иштөөгө умтулган кыздарды колдоо; аялдардын кесиптик ассоциацияларын же кесиптик ассоциациялардын алдындагы атайын секцияларды колдоо, аялдарды лидерлик, башкаруу позицияларына көтөрүү, аялдардын илимде каржылоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, илимий изилдөөлөргө грант алуучу аялдардын үлүшүн жогорулатуу, аял-инноваторлорду колдоо боюнча конкурстарды өткөрүү ж.б. сунуштар берилди.

Ментордук программа

Долбоордун дагы бир негизги компоненти  – насаатчылык программасы. Анын өзгөчөлүгү – жогорку профессионалдык сапаттарга ээ STEM-тармагындагы айымдардын устат катары тандалып алынганында. Долбоор ириде өзүнүн жеке мисалында багыт бере алган 217 насаатчыны тандап алып, аларды окуудан өткөрдү. ЮНИСЕФтин колдоосу менен устаттарга жана STEM-педагогдорго колдонмо иштелип чыкты. Ал колдонмодо устат шакирт менен кандай байланыш түзүү керек экенин, байланыш түзүүнүн шарттары, өнүгүүчү кайтарым байланыш, анын принциптери, устаттын ишмердүүлүгүндө өспүрүмдөрдүн гендердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу ж.б.у.с. каралган.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Долбоор башталгандан  жыйынтыкталганга чейин 217 айым ишмердүүлүктү уюштурганга жетишти. Бишкек, Ош шаарларынын, Чүй облусундагы Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун пилоттук мектептеринен  2772 кыз насаатчылык программадан өттү.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Насаатчы айымдар өздөрүнүн бардык билимдерин, жөндөмдөрүн, өздөрүнүн кесиптик жана жашоодогу тажрыйбасын кыздар менен бөлүшүп, «айымдарга тиешеси болбогон» кесиптер жөнүндө стереотиптерди жоюуга жардам беришти. Ошондой эле STEM-билим берүүсү жөнүндө айтып берип, өз тагдырын аныктоо жана келечекте кесипти тандоо жагынан да жардам берилди.

STEM-түшүнүгүн биринчи жолу Кыргызстанга алып келген экс-президент Роза Отунбаева долбоор бүткөн күнү дагы насаатчылыкты токтотпой,  Кыргызстанга жайылтсак деген ниети бар. Долбоорго тартылган ар кандай үй-бүлөдөн келген кыздардын кыялдары, ойлору өзгөрүлдү. Аларга акыл  айтып, жол көрсөткөнгө ар бирибиз милдеттүүбүз.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин башчысы Кристин Жольмдин айтымында, насаатчы — мугалим гана эмес,  өспүрүм кыздарга дос, ишенимдүү  адам. Ал кыздардын жашоосуна менторлор чоң өзгөрүү алып келгенин белгилейт. Анын пикиринде, кыздардын STEMге кызыгуусу жана ошол багытта билим алуусу мамлекет үчүн жаңы таланттарды алып чыкканга жардам берет.

ЖРТга даярдоо               

Долбоордун дагы бир компоненти — 2020/2021, 2021/2022-окуу жылында 444 кызды SECOM окуу борборунда Жалпы республикалык тестирлөөгө акысыз даярдап, техникалык багыттагы адистиктерге барууга үндөп, бир топ профориентациялык иштер ишке ашты.  Алсак, 2020-2021-окуу жылында 215, 2021-2022-жылы – 229 кыз ЖРТга бекер даярдоо курсунан өткөн. Жалпысынан ушул жылдары 409 кыз Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайларга өтүштү. Т.а. 2020/2021-жылы – 197, ал эми  2021/2022-жылы — 212 кыз жождорго өтүп, билим алып жатышат. Анын ичинен 2020/2021-жылы – 141, 2021/2022-жылы 129 кыз STEM-багытындагы кесиптерди тандашкан. Ошондой эле 139 кыз, анын ичинен  2020/2021-жылы — 56 , 2021/2022-жылы — 83 кыз гуманитардык багытты тандаган. Ар кандай себептер менен жогорку окуу жайга өтпөйм деген кыздардын саны 35 түзөт. 2020/2021-жылы – 18, 2021/2022-жылы — 17 кыз жогорку окуу жайга үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу тапшыра алышкан жок. Он эки  кыз чет мамлекеттеги ЖОЖдордо окуп жатканы кубандырбай койбойт.

“Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” команда

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮКЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮКЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Долбоордун ишке ашырылышына “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева башында турган креативдүү команданын салымы өтө зор. Фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын, “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкованын, ассистенти Альбина Осмоналиеванын, пиар-менеджер  Салтанат Адылбек кызынын, STEM-багыты боюнча эксперттер Анипа Усупкожоеванын, Жылдыз Артыкованын  долбоорду ишке ашырууда күн-түн дебей, бир кишидей иштеши жогорку ийгиликтерди жаратты. Алардын ар бир уюштурган иш-чаралары өзгөчө форматта өткөндүктөн мейли устаттар болсун, мейли ментилер болсун, мейли эксперттер болсун, баары бир ооздон дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы STEM-багытындагы  эмгек рыногунда аялзаттын катышуусун жогорулатуу, лидерлигин калыптандыруу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгы жогору болгонун белгилешти.  Команданын өжөрлүгү менен бул долбоор мөмөсүн берди. Эң башкысы  кыздардын табигый илимдерге көз караштарын өзгөртө алышты. Бул деген команданын бирдей нукта иштегенинин натыйжасы. Долбоордун ишмердүүлүгү боюнча төрт  видеоролик тартылып, эки колдонмо басылып чыкты.

КЫЗДАРДЫН ОЮ, КЫЯЛДАРЫ ӨЗГӨРДҮ

Долбоордун ишин мөмөлөткөн жалпы командага фонддун жетекчилиги, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү дайыма ыраазычылыктарын билдирип келишти. Анткени ар бир жасалган иш алаканга салгандай элге көрүнүп турду.

Корутунду

Дүйнө өтө тездик менен өнүгүп жатат. Кыргызстанда дагы STEM боюнча билим берүү саясаты башталды. Табигый  предметтерди окуткан мугалимдердин эмгек акысы коэффициент менен  30% көтөрүлдү. Анткени өлкөнүн өсүшү, өнүгүшү,  индустрия, өндүрүш ушул тармактарга байланыштуу эмеспи. Ал эми STEM-түшүнүгүн биринчи жолу Кыргызстанга экс-президент Роза Отунбаева алып келип, “Илимдеги кыздар” долбоору аркылуу болуп көрбөгөндөй чоң иштерди ишке ашырды десек ашыкча болбостур. Кыргызстандын кыздары табигый илимден алыс болгондуктан, эмгек акысы аз гана кесиптерде иштеп келишет. Долбоордон кийин бир эле кыздар эмес, жалпы аялзатынын да ой жүгүртүүлөрү өзгөргөнүн айтып кетүү парз. Кыздарды мотивациялоо, дем берүү, алардын кыялдары, мүмкүнчүлүктөрү чексиз экенине  долбоордун программалары 100% ишендирди.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер