ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “МЕКТЕП ТЫНЫМСЫЗ ИЗДЕНИП, АЛДЫГА УМТУЛУШ КЕРЕК”
- 30.09.2024
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган “Кыргыз Республикасынын мыкты мектеби” тандоосунун жыйынтыгы чыгарылып, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аталып, 300 000 сомдук сертификат менен сыйланды. Салтанаттуу азем Бишкек шаарындагы айтылуу №69 ОТКнын базасында өттү. Тандоого катышкан жалпы мектептер ыраазычылык кат менен сыйланышты.
“Ар бир катышкан мектеп жеңүүчү”
Иш-чарада министр Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, катышуучуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
— Сынактын максаты – республикадагы мыкты мектептердин алдыңкы иш тажрыйбасынын үлгүлөрүн, мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрүн аймактарда жайгашкан мектептерге жеткирүү жана жайылтуу, массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоого багытталган. Тандоого республиканын аймактарынан 122 мектеп катышты. Сиздерди бүткүл Кыргызстан тандады. Алардын ичинде силердин окуучулар, ата-энелер, мугалимдер, силердин команда бар. Мен үчүн ар бир мектеп жеңүүчү. Бүгүнкү күнү ата-энеси бере турган өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө караганда, мугалим ата-энеден артык иштеп жаткан мезгил. Көп учурда баланы өнүктүрүүдөн, тарбиялоодон качкан ата-энелер дагы жок эмес. Сиздерди бизден башка дагы структуралар чакырып турушат. Ошого карабастан, ушул тандоого катышып, ар бириңер мыктылыгыңарды далилдедиңер. Баардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем! Мен ар дайым айтам, ишенем, мектепти мектеп кылган – лидер директор. Жетекчи команданы иштете билүүсү, мектептин муктаждыгын билүүсү, өзүн инсан, адис, кесипкөй катары көрсөтө билүүсү анын лидерлик сапаты. Башка жылдарга, доорлорго салыштырмалуу жаңы мүмкүнчүлүктөр, жаңы колдоолор келип жаткандыгын жон териңиздер менен сезип турасыздар. Жаман директор, жаман мугалим болбойт, жаман кырдаал, кыялдар, маданияттар болот, — деди министр.
Сөзүн улап, ал билим берүү системасы толугу менен өзгөрүп жатканына токтолуп, “Алтын казык” программасында белгиленгендей, балага билим алганга багыт берген чөйрөнү түзө билүү, билимдин жана баланын тегерегинде бардык баалуулуктар туруш керек экенин айтты.
— Өзөктүк баалуулуктар – билим жана бала, баланын тарбиясы. Республика боюнча 2500 билим берүү мекемесинин ичинен 120дан ашык мектеп катышты. Өзүн сынап көрүү – чоң эрдик. Катышкандын өзү эле эрдик болуп саналат. Айылды агартып, өнүгүүнүн инсандык сапатынын үлгүсү – мугалимдер. Андыктан мектеп тынымсыз изденип, алдыга умтулуш керек, — деди Д.Кендирбаева.
Андан соң ал шаар менен айыл жериндеги мектептерге бирдей шарт түзүлөрүн, 10-11-12-класстарга билим тереңдетилип берилээрине, ата-энелер маселесине, билим берүүнүн деңгээлине токтолду. Ошондой эле директорлор корпусуна кайрылып, иштеген кызматын сүйүүгө чакырды.
— Кызматыңарды жакшы көрбөсөңөр, кыйналбагыла. Балага багытталган билим берүү системасын түзөлү деп жатабыз. Учурда бардык талаптарды, мамилени өзгөртүүбүз керек. Жаңы билим берүү стандартын жазып жатабыз. Бала кандай болуш керек деген моделди стандартка киргизүүнү иштеп чыгабыз. КРнын Президенти мектептерди өнүктүрүү үчүн өзгөчө салым кошуп жатат. Бүгүн эле 100 микроавтобустарды алдык. Бала окуган, бала жүргөн жер — өтө ыйык. Бала менен иштеген адамдын дагы жашоосу жаман болбошу керек. Мен баарыңыздарды ишенимге, изденүүгө, жаңы билим алууга чакырам. Балдардын тагдыры силердин колдо. Ата-эне балдарын аманат кылып берди, биз кыянат кылбай, Кыргызстан үчүн иштешибиз керек. Себеби Кыргызстандын келечеги — балдардын билимине байланыштуу, — деди Догдуркүл Шаршеевна.
Ошентип, калыстар тобунун сунушу менен эң мыкты деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологияларды колдонулуп, жасалгаланат экен. Катышкан мектептер мектеп системасына кандай жаңылык киргизген, окуучулардын ийгиликтери, долбоорлор аркылуу мектепке кошумча каражат тартуу, өзүн презентациялоо, окуучулардын олимпиадаларга жана ЖРТга катышуусу, жаш адистердин саны, ийримдердин иштери, коомчулук жана ата-энелер менен иштөө, семинарларды уюштуруу, мугалимдердин билимин жогорулатуу, ачык эшиктер, койгон максаттары билим берүү программасына шайкеш келеби деген критерийлердин баарына жооп бериши керек болчу. Алардын жасаган иш-аракеттерин калыстар тобу карап чыгып, балл коюп, жыйынтыгында жалпы балл чыгарылганын министрликтин жетектөөчү адиси С.Омурканова билдирди.
— Ар бир мектептин өзөгүн мугалим түзөт. Мугалимдик кесип – дүйнөдөгү эң жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу кесип. Андыктан, билим берүүгө салымын кошуп, мамлекеттин социалдык маданий жана билим берүүнүн өнүгүүсүнө түрткү болгон күч катары караса да болот. Мектеп, андагы мугалим – бүтүндөй бир муунду, келечекти калыпка салган кеменгер. Мыкты мугалим кайсы бир мезгилди оңдосо, кемчили бар мугалим, кайсы бир мезгилди талкалагандай болот. Ар бир баланын келечеги, жашоого карай кадамы, көз карашы, турмушка болгон даярдыгы мектептин жалпы эмгек жамаатына көз каранды. Ошондуктан ар бир мектепте, мамлекеттин келечегине салым кошом деген мугалимдер эмгектенерин каалайт элем, — дейт С.Омурканова.
Мыкты көрсөткүч – мектептин сыймыгы, сыйлыгы
Тандоого катышкан мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдары новатордук ыкмаларын, жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү ресурстарын колдонууда ийгиликтүү тажрыйбасы бар, профилдик жана автордук программаларды ишке ашырган, инсанга багытталган окутууну өздөштүргөндүктөрү тууралуу маалымат алмашууга багытталган.
Taндоонун негизги принциптери жол-жоболордун айкындуулугу, ачыктыгы, ага катышкан бардык мектептердин бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу болуп саналат.
Тандоо беш этаптан турду. Биринчи этапта — райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, башкармалыктар мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон бештен ашпаган жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин камдап, уюштуруучу тарапка 1-мартка чейин жөнөтүлгөн. Экинчи этапта уюштуруучу тарабынан мыкты мектептердин тизмеси жана темасы буйрук менен бекитилип, кайрадан райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө, башкармалыктарына 10-мартка чейин түшүрүлдү. Үчүнчү этап – ар бир катышуучу тарап тандоонун форматына ылайык видеопрезентацияларын социалдык тармактарга 10-апрелге чейин жүктөштү. Төртүнчү этапта социалдык тармактарга жүктөлгөн видеопрезентациялардын мыкты комментарийлерге жана эң жогорку сүймөнчүлүккө ээ болгон он мыкты мектептердин тимзмеси уюштуруучу тарабынан калыстар тобуна 15-майга чейин өткөрүлүп берилип, бешинчи финалдык этапта калыстар тобу баалоо критерийлерине ылайык, Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин 25-майга аныктады.
Бул тандоого катышкан бир топ мектептер иргелип отуруп, бардык жактан күчтүү, креативдүү жактарын көрсөтө алган, мыкты экенин далилдеп, алдыга бир нече мектеп суурулуп чыкты. Албетте, ар бир мектептин көркүн мугалим жана окуучу ачат. Ал эми мыкты мугалим жана мыкты окуучу билим уясын алдыга чыгарат эмеспи. Негизинен 15 мүнөттүк роликтин ичинде мектептин бардык ийгиликтери, жетишкендиктери толук камтылган. Бул деген мектептин көп жылдык үзүрлүү эмгеги.
Ошентип, тандоонун Жобосундагы бардык талаптарга жооп берген, эң көп баллга татыктуу болгон Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Т.Мойдунов атындагы жалпы орто билим берүү уюму “Жылдын мыкты мектеби – 2024” деп аныкталды.
— Республика боюнча 1-орунду камсыз кылып “Жылдын мыкты мектеби — 2024” наамына ээ болдук. Министрлик тарабынан бериле турган 300 миң сомдук сыйлыгыбызга, буюрса төрт класска эмеректерди алганы турабыз, — дейт №1 Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектеби директору Н.Атамкулова.
Тандоого татыктуу болгон мектептин 38 жылдык тарыхы бар, район ичинде да алдыңкы орунда турат. Анда иштеген педагогикалык жамаат өз күчүн, билимин сыноо максатында сынакка катышкан эле.
— 10-класстын мыкты окуучусу Эдилбекова Айтунук видеомонтаж жасады. Конкурска катышуу максатыбыз – мектептин ийгиликтерин, заманбап технологияларды колдонуу менен билим берүүдөгү жетишкендиктерин тааныштыруу болчу. Азыркы мезгилде биздин мектеп жамааты кубанып, сүйүнүп турган чагыбыз. Буга чейин дагы мектеп райондук, облустук “Жылдын мектеби -2023” сынактарына катышып, 1-орунду ээлеп, диплом менен сыйланганбыз, — дейт жетекчи.
Үмүт байлаган мектептер
Жеңишке жетпей калган мектеп жетекчилери мындан ары дагы билим берүүгө өз салымын кошуп, буга чейин кандай иштеп келишсе, мындан кийин андан дагы жакшы иштегенге умтулуп, аракет кылып, жылдан-жылга жакшы жыйынтыктарды беребиз деген үмүттөрүн билдиришти. Анткени, бул сыйлык — мектепке, мектеп администрациясына, эмгек жамаатына абдан чоң стимул берет.
— Конкурстун негизги критерийлери мектептин жалпы ишмердүүлүгүн чагылдырган видеопрезентация жасоо болчу, ошол тапшырмада биз мектептин ишмердүүлүгүн, материалдык абалын, мугалимдердин иштерин чагылдырдык. Мектеп жамааты менен биргеликте болгон күч-аракетибизди жумшап, видеопрезентацияны жөнөткөнбүз. Бул сынакка жалпы 122 мектеп катышкан. Бизге бул конкурс аябай чоң ийгилик алып келди. Бүгүнкү күнгө чейин иш жүрүп жатат. Актовый зал түп отунан оңдолуп жатат.
Мен ойлойм, ар бир жасалып жаткан жумуштан жаңы идея ойлоп таап, мектепти ар тараптан оңдосо болот. Орун албасак да, мектепте чоң жумуш бүтүрдүк! Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясында учурда 130 бүтүрүүчү болду, кийинки жылга 150гө толуктайбыз. Комиссиянын ар биринин койгон баасын карап, кемчиликтерибизди үч жылдык стратегиялык планга коштук. Биздеги кемчиликти так көрсөтүшүптүр, — дейт Кара-Кулжа районундагы Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин директору Жылдыз Маметова.
“Өз мектебиңди колдо!”
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын өнүгүүсүнө кайдыгер болбогон жана салым кошууга умтулган чыгаан уулдарды жана жарандарды “Өз мектебиңди колдо!”/”Поддержи свою школу!” хештеги менен челленджге катышууга чакырган эле.
Билим берүүнүн 100 жылдыгынын алдында Кыргызстандагы эң мыкты мектепти таңдоонун жыйынтыгын чыгаруу менен бирге өнүктүрүү жана билим берүү тармагында кызыкдар тараптардын тажрыйба алмашуусуна аянтча болгон билим берүү марафонуна катышкан демөөрчүлөр да кур кол келишбептир. Алсак, аттарын атагылары келбеген демөөрчүлөр Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Сары-Челек аймагына караштуу №5 Асанбек Капаев атындагы мектепке бирөө 600 000 сом, экинчи демөөрчү 200 000 сомдук сертификат сыйлыктарын беришсе, эстрада ырчылары да өздөрү окуган мектептерге чакан белектерин тапшырышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Балдардын жаа өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары чакан концерттиик программа тартуулашты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын аймактарында жалпы билим берүү уюмдарынын саны — окуу жылында 2377 бирдигин түзсө, алардын ичинен 2173 мамлекеттик жана муниципалдык мектептер.
Башталгыч мектептердин саны – 90;
Негизги мектептерлин саны-171;
Орто мектептердин саны – 1895.
Тандоого 2022-2023-окуу жылында жалпы 26 мектеп катышса, 2023-2024-окуу жылында 96 мектепке көп катышкан.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө” 2024-жылдын 1-февралындагы № 156/1 буйругуна ылайык тандалып алынган жана массалык маалымат каражаттарында мыкты иш тажрыйбаларынын видеопрезентациялары менен бөлүшкөн жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо багытында уюштурулган иш-чара коомчулуктун кызыгын арттырган. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн сунушу менен Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоосуна катышкан Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин бүрүүчүлөрү аталган мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого салым кошуу үчүн интернат-лицейинин бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын түзүп, 2024-2025-окуу жылына карата балдардын кошумча билим алуусуна багытталган чоң көрүүчү залын заманбап жасалгалоодон өткөргөн.
Төмөндө Кыргыз Республикасынын мыкты мектебин тандоосуна катышкан жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин жарыяладык. Өздөрү окуган мектептерге жардам бергиси келген демөөрчүлөр мектеп директорлору менен байланышса болот.
№ | ЖББУнун аталышы | Облусу/району/шаары | Директорунун ААА | Байланыш номери | баллы |
1 | Хашимжон Самиев атындагы ОМ | Ош облусу, Ноокат району | Топвалдиева Гулнара | 0773 52 7352 | 15000 |
2 | Абдыманап Мамыров атындагы ОМ | Ош облусу, Ноокат району | Айтматова Санахат | 0223584957 | 11000 |
3 | Кеңеш ОМ (окутуу кыргыз тилинде) | Ош облусу, Ноокат району | Мамазаитова Айнура | 0772292818 | 3400 |
4 | Б.Осмонов атындагы № 5 мектеп-гимназиясы | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Тургунбаева Алтынай | 0554070752 | 2400 |
5 | Р.Санатбаев атындагы № 9 инновациялык мектеп-гимназиясы | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Рустамова Бактыкан | 0771517719 | 9100 |
6 | Т.Кошматов атындагы № 10 мектеп-гимназиясы | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Жумабаева Айсада | 0773967955 | 3100 |
7 | Р.Азимов атындагы № 13 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Абилова Зарипа | 0558400780 | 1500 |
8 | И.Сатыбаев атындагы № 19 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары | Ибрагимова Гулнара | 0779227676 | 1700 |
9 | Эргеш Мейманов атындагы ОМ | Нарын облусу, Ак-Талаа району | Мамытканова Кыял | 0705754575 | 1300 |
10 | Орозбай Маканов атындагы № 20 ОМ | Баткен облусу, Кадамжай району | Колдошова Нурила | 0779679228 | 2000 |
11 | А.Пушкин атындагы ОМ | Баткен облусу, Кадамжай району | Турсуналиева Ранохон | 0556300603 | 1600 |
12 | Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясы | Баткен облусу, Кадамжай району | Саттаров Асылбек | 0772692329 | 717 |
13 | Б. Айтматов атындагы мектеп-гимназиясы | Баткен облусу, Кадамжай району | Назарова Зияда | 0779633083 | 1200 |
14 | О.Абдрахманов атындагы № 28 ОМ | Баткен облусу, Кадамжай району | Исакова Гулмира | 0773673633 | 1600 |
15 | М.Юсупов атындагы ОМ | Баткен облусу, Кадамжай району | Рахманжанова Чынара | 0779140783 | 568 |
16 | О.Турсуматов атындагы Бер-Булак ЖОББМ | Чүй облусу, Аламүдүн району | Мамбетиманова Гулнара | 0555670400 | 4200 |
17 | М.Тилекеев атындагы Панфилов ЖББОМ | Чүй облусу, Панфилов району | Беликова Елена | 0558041070 | 1000 |
18 | К.Сулайманова атындагы Кайынды ЖББОМ | Чүй облусу, Панфилов району | Гончарова Ирина | 0554463948 | 469 |
19 | К.Жумагулов атындагы ЖББОМ | Чүй облусу, Панфилов району | Уралиев Бакыт | 0708982860 | 537 |
20 | В.Захарченко атындагы Чалдыбар № 1 ЖББОМ | Чүй облусу, Панфилов району | Шүкүралиева Рита | 0553605406 | 839 |
21 | А.Пушкин атындагы № 1 орто гимназия-мектеби | Чүй облусу, Токмок шаары | Джумагулов Алмаз | 0550073779 | 1300 |
22 | В.Марков атындагы № 1 ОМ | Чүй облусу, Чүй району | Тукубалиева Роза | 0555789617 | 385 |
23 | Э. Керимгазиев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району | Тулекеева Назира | 0700242128 | 9100 |
24 | И. Абдуразаков атындагы ОМ | Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району | Джангабылов Арстан | 0709081279 | 2500 |
25 | О.Джумаев атындагы ОМ | Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району | Дегембаева Гулзада | 0700148479 | 7600 |
26 | Тамчы айылындагы ОМ | Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району | Эшимканов Нурдан | 0700128676 | 9000 |
27 | Кожояр Казыев атындагы ОМ | Баткен облусу, Лейлек району | Абдиева Гулзат | 0770158065 | 1200 |
28 | Ж.Алтымышбаев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Тон району | Ордобаев Туйгунбек | 0702473987 | 1400 |
29 | Б.Мамбетов атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Тон району | Молдаканова Чынара | 0509 111075 | |
30 | Ж.Айтикеев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Тон району | Муктарбек уулу Аваз | 0709535536 | 422 |
31 | С.Эркинбаев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Тон району | Искенова Айсулуу | 0709019370 | 1000 |
32 | М.Мамбетов атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Тон району | Кабаева Токтокүл | 0705478403 | 1900 |
33 | С.Абдракманов атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району | Жетимишбаева Сапаркүл | 0500460088 | 3500 |
34 | М.Тынаев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району | Умарова Бактыгүл | 0705637906 | 3200 |
35 | Б.Укуев атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району | Түгөлбаева Венера | 0704546406 | 1300 |
36 | Жунуш уулу Жапар атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району | Курманалиева Айдана | 0500077525 | 2100 |
37 | С.Сыдыков атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району | Муканбетова Чолпон | 0708910982 | 2400 |
38 | С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак-мектеби | Баткен облусу, Баткен району | Маматов Камалдин | 0776611108 | |
39 | Газ орто мектеби | Баткен облусу, Баткен району | Зикиров Асан | 0501835083 | 1600 |
40 | Э.Эркебаев атындагы ОМ | Баткен облусу, Баткен району | Айбашова Айымсаат | 0779309025 | 1600 |
41 | Т.Садыков атындагы ОМ | Баткен облусу, Баткен району | Мамжунусова Мухуда | 0779557121 | 359 |
42 | Шарап Токсонов атындагы ОМ | Баткен облусу, Баткен району | Дуйшоева Канзада | 0778045978 | 3000 |
43 | Н.Гянджеви атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси | Бишкек шаары, Октябрь району | Алымкулова Каныкей | 0555544452 | 2500 |
44 | Т.Молдо атындагы № 71 ЖОББ мектеп-интернаты | Бишкек шаары, Октябрь району | Абдыкадыров Эркинбек | 0709640443 | 2100 |
45 | № 9 окуу-тарбия комплекс мектеп-гимназиясы | Бишкек шаары, Ленин району | Арстанбекова Зейнеп | 0777645623 | |
46 | № 72 А.Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясы | Бишкек шаары, Ленин району | Назаркулова Дамира | 0554770127 | 2800 |
47 | № 95 кытай тилин окутуучу мектеп-гимназиясы | Бишкек шаары, Ленин району | Сардарбекова Айнура | 0550345575 | 3500 |
48 | № 97 жалпы орто билим берүү мектеби | Бишкек шаары, Ленин району | Жээнетаева Зейнегуль | 0707304366 | 1700 |
49 | Л.В. Толстунов атындагы № 12 мектеп-гимназиясы | Бишкек шаары, Свердлов району | Уметалиева Гульбарчын | 0700960550 | 2300 |
50 | А.Токомбаев атындагы № 24 гимназия-мектеби | Бишкек шаары, Биринчи май району | Абдураимова Анара | 0550591000 | 5200 |
51 | № 29 гимназия-мектеби окуу-тарбия комплекси | Бишкек шаары, Биринчи май району | Кадыров Бахтияр | 0550111277 | |
52 | Т.Сатылганов атындагы № 42 ОМ | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Рыскулова Нуржамал | 0779455860 | 1500 |
53 | А.Кабаев атындагы № 5 ОМ | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Исабаева Тынара | 0706016083 | 1500 |
54 | Ж.Мамытбеков атындагы № 10 ОМ | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Кубатбеков Ашым | 0771772300 | 1000 |
55 | К. Чекиров атындагы № 23 ОМ | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Кожояров Аркытбек | 0778189636 | 331 |
56 | Ж.Мавлянов атындагы № 14 ОМ | Жалал-Абад облусу, Аксы району | Чилетова Айжан | 0703424443 | 1500 |
57 | Эсенкелди уулу Максатбек атындагы ОМ | Ош облусу, Чоң-Алай району | Жалилов Нурбек | 0707449059 | 607 |
58 | Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык ОМ | Ош облусу, Чоң-Алай району | Акимов Алтымыш | 0779709970 | 2600 |
59 | Ленин атындагы ОМ | Ош облусу, Чоң-Алай району | Кожобеков Алишер | 0778942310 | 590 |
60 | Ч.Айтматов атындагы № 28 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Камалова Арзыгул | 0773533736 | 2600 |
61 | Губкин атындагы № 14 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Орозова Арзыкан | 0554080969 | 2400 |
62 | Э. Алиев атындагы № 11 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Эрмеков Расул | 0773829516 | 2900 |
63 | Беки уулу Семетей атындагы № 15 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Токтосунов Мирулан | 0773060709 | 7100 |
64 | Токтогул атындагы № 40 ЖОББМ | Жалал-Абад облусу, Ноокен району | Абдулаев Жунусали | 0554160176 | 1200 |
65 | Т.Бабанов жатак-лицейи | Талас облусу, Айтматов району | Тайдинова Дамира | 0554315515 | 270 |
66 | Ч.Айтматов атындагы ОМ | Талас облусу, Айтматов району | Нуралиева Динара | 0704717124 | |
67 | Токтогожоев атындагы Көк-Сай ОМ | Талас облусу, Айтматов району | Чодорова Аида | 0551012077 | 2600 |
68 | Р. Рысакова атындагы № 2 ОМ | Талас облусу, Талас шаары | Козубекова Нуржамал | 0999502020 | 5100 |
69 | Байсейит уулу Эшмамбет атындагы ОМ | Талас облусу, Талас району | Анарбекова Сергил (м.у.а) | 0705206796 | |
70 | Тапык Отунчиев атындагны № 2 мектеп-гимназиясы | Ош облусу, Алай району | Олокова Эркгүл | 0779596762 | 19000 |
71 | Жумакадыр Мойдунов атындагы № 11 орто ЖББМ | Ош облусу, Өзгөн району | Жакыпова Айнура | 0559271114 | 7200 |
72 | Рысбай Коңкошев атындагы номер № 12 ОМ | Ош облусу, Өзгөн району | Маматалиев Маматсали | 0703359861 | 6600 |
73 | Жээнбек Маматжанов атындагы № 58 орто мектеби. | Ош облусу, Өзгөн району | Тойкулова Мерикан | 0770404039 | 19000 |
74 | Камилжан Раимбеков атындагы мектеп- гимназиясы . | Ош облусу, Өзгөн району | Апарханов Медер | 0773650087 | 5200 |
75 | Абдылда Таңгатаров атындагы номер 24 интернат- гимназиясы . | Ош облусу, Өзгөн району | Кеңешбаева Элмира | 0772838098 | 2600 |
76 | Жылкыайдар уулу Тилекмат Аке атындагы № 3 мектеп-гимназиясы | Ысык-Көл облусу, Каракол шаары | Табалды кызы Эльнура | 0700873118 | 1900 |
77 | №11 мектеп-гимназиясы | Ысык-Көл облусу, Каракол шаары | Сойкоева Гулзат | 0703620017 | 1600 |
78 | Карга Мендегул атындагы № 15 ЖОББ | Ысык-Көл облусу, Каракол шаары | Темирбеков Табылды | 0772401701 | |
79 | Т.Мойдунов атындагы № 1 ЖОББ | Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району | Атамкулова Назгүл | 0707402855 | 15000 |
80 | Н.Кушматов атындагы № 9 мектеп-гимназиясы | Баткен облусу, Сүлүктү шаары | Айдарова Кымызай | 0777425649 | 679 |
81 | Баткен облустук гимназия жатак-мектеби | Баткен облусу, Баткен шаары | Алдашова Айгүл | 0779016377 | 2300 |
82 | Ж.Бөкөнбаев атындагы ОМ | Баткен облусу, Баткен шаары | Ысманова Гүлжамал | 0770303330 | 5500 |
83 | А.Имаров-Кызыл-Топу атындагы ОМ | Баткен облусу, Баткен шаары | Сатыбалдиева Ильва | 0779165566 | 1100 |
84 | Кызыл-Жол ОМ | Баткен облусу, Баткен шаары | Салимбай уулу Адилет | 0222011092 | 2000 |
85 | № 4 мектеп-гимназиясы | Баткен облусу, Баткен шаары | Мурзаев Сүйүналы | 0507771346 | 958 |
86 | Ш.Кочкорбаев атындагы ОМ | Талас облусу, Манас району | Эдиева Самара | 0500621424 | 680 |
87 | У.Акынбеков атындагы ОМ | Талас облусу, Бакай-Ата району | Шабданова Ратгүл | 0779141324 | 1500 |
88 | Д.Дуйшебаев атындагы ОМ | Талас облусу, Бакай-Ата району | Сатымкулова Гулнара | 0709870152 | 506 |
89 | Тойчубек уулу Жанадил атындагы ОМ | Талас облусу, Бакай-Ата району | Алишерова Барахат | 0550501982 | 733 |
90 | Ч.Айтматов атындагы № 1 Ивановка мектеп-гимназиясы | Чүй облусу, Ысык-Ата району | Сартбаева Дарика | 0708840010 | 3700 |
91 | Н.Баранов атындагы №2 ЖББУ | Чүй облусу, Ысык-Ата району | Турганалиева Динара | 0705579920 | 1300 |
92 | Карыбек уулу Акматаалы атындагы ОМ | Нарын облусу, Ат-Башы району | Төлөгөн кызы Мээрим | 0701545497 | 1500 |
93 | Курманжан Датка атындагы № 8 ОМ | Ош облусу, Өзгөн шаары | Мойдунова Махабат | 0559906470 | 5500 |
94 | У.Калиев атындагы Чолпон ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району | Термечиков Марат | 0500075865 | |
95 | М.Рахимова атындагы ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району | Турдукулова Гульнур | 0551383465 | 7 |
96 | С.Киров атындагы гимназия-мектеби | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району | Соколов Михаил | 0555191061 | |
97 | С.Кульматов атындагы Жаңы-Арык ЖОББМ | Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району | Суйундукова Чынара | 0702095484 | 236 |
98 | Сосновка орто мектеби | Чүй облусу, Жайыл району | Рысалиева Бегайым | 0554170171 | 2600 |
99 | Н.Жундубаева атындагы МГ | Нарын облусу, Кочкор району | Осмонова Кундуз | 0702222117 | 1400 |
100 | К.Мамбеталиев атындагы ОМ | Нарын облусу, Кочкор району | Шарапидинов Нурбек | 0707118688 | |
101 | Б.Иманалиев атындагы ОМ | Нарын облусу, Кочкор району | Акматова Насип | 0700865087 | 622 |
102 | Осмон Айбашов атындагы ОМ | Нарын облусу, Кочкор району | Кубандык уулу Данияр | 0703097636 | 364 |
103 | Шапак Рысмендиев атындагы ОМ | Нарын облусу, Кочкор району | Бообек уулу Болот | 0707687292 | 265 |
104 | Керимбай уулу Сарыбай атындагы ОМ | Нарын облусу, Нарын району | Исагакунова Сайкал | 0504962196 | 666 |
105 | Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейи | Ош облусу, Кара-Кулжа району | Маметова Жылдыз | 0777708529 | 6300 |
106 | О.Сайдилканов атындагы автордук гимназия мектеби | Ош облусу, Кара-Кулжа району | Жуманазрова Мээркан | 0557224292 | 2200 |
107 | Э.Осмонов атындагы ОМ | Ош облусу, Кара-Кулжа району | Кармышакова Токтайым | 0770142130 | 3800 |
108 | Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектеби | Нарын облусу, Жумгал району | Сапарбекова Айзат | 0709253062 | 190 |
109 | Рысалы Солтонбеков атындагы орто мектеби | Нарын облусу, Жумгал району | Асанов Эржан | 0704411888 | 618 |
110 | Асылбек Молдокеев атындагы орто мектеби | Нарын облусу, Жумгал району | Жолдубаева Жаркын | 0705558183 | 1100 |
11ё | Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы | Нарын облусу, Жумгал району | Айдаралиев Мирлан | 0703750080 | 2000 |
112 | Калык Акыев атындагы орто мектеби | Нарын облусу, Жумгал району | Исаева Айзада | 0708783357 | 754 |
113 | Шопоков шаарындагы № 1 мектеп-гимназиясы | Чүй облусу, Сокулук району | Козубекова Чынара | 0704159408 | 687 |
114 | Шопоков шаарындагы Экология-Экономикалык мектеп-лицеи | Чүй облусу, Сокулук району | Буртная Татьяна | 0555738637 | 591 |
115 | К.Шопокова атындагы № 3 мектеп-лицейи | Чүй облусу, Сокулук району | Бусурманкулова Надежда | 0550749553 | 840 |
116 | Военно-Антоновка мектеп-гимназиясы | Чүй облусу, Сокулук району | Чукурова Тамара | 0555999485 | 1200 |
117 | А.Жакшылыков атындагы Сокулук №1 МГ | Чүй облусу, Сокулук району | Жуманазрова Ырыс | 0707616129 | 2400 |
118 | Токмок шаарынын № 11 ЖББО мект еп-лицейи | Чүй облусу, Токмок шаары | Балбакова Жамал | 0554058744
| |
119 | Спартак жалпы орто билим берүүчү мектеби | Чүй облусу, Москва району | Арсарбекова Аида | 0703142419 0997001630 | 584 |
120 | С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы | Ош шаары | Жусубалиева Бактыгуль | 0777897514 | |
121 | Т.Бердибеков атындагы ОМ | Ош облусу, Кара-Суу району | 1500 | ||
122 | В.П. Чкалова мектеп-гимназиясы | Нарын облусу, Нарын шаары | Рахат Мукашович | 1000 |
Комментарийлер