ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: “17 ЖЕҢҮҮЧҮГӨ ПРЕЗИДЕНТТИН СЫЙЛЫГЫ БАР”
- 22.09.2025
- 0
«Жылдын мыкты мугалими» конкурсунун республикалык туру 2025-жылдын 22-24-сентябрдын аралыгында үч тур менен өттү. Салтанаттуу аземде агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева конкурсанттарга ийгилик каалап, сынак адилеттүү өтүүсүнө калыстар тобун чакырды. Быйыл 17 предмет боюнча 112 мугалим сынакка катышты. 1-турдан кийин эле 25 конкурсант калды, 2-турдан кийин 21, 3-турдан кийин 17 мугалим мыктынын мыктысы экенин далилдешти. Бул жылы мугалимдердин өткөн, өтпөгөнүнө карабай Агартуу министрлиги 112 конкурсантты тең “Жылдын мыкты мугалими” төш белгиси, диплом менен сыйлады.

“Мугалим менен сыймыктанган мезгил келет” (Д.К.)
Конкурстун максаты — башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү жолу менен билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана ага үч жылдан кем эмес иштеген мугалимдер катышат. Сынак төрт этап менен өтүп келатат, 1-этап мектеп ичиндеги, жыл сайын 1-февралдан 1-мартка чейин жалпы билим берүү уюмунун бекитилген графигине ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт; экинчи этап — райондук/шаардык, жыл сайын 2-марттан 20-апрелге чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн иш планына ылайык окуу жылынын ичинде өткөрүлөт; үчүнчү этап — облустук/шаардык, жыл сайын 21-апрелден 25-майга чейин белгиленген графикке ылайык өткөрүлөт; төртүнчү этап — финалдык (республикалык), жыл сайын 1-октябрдан 5-октябрга чейин өтүп келсе, быйыл 22-24-сентябрга чейин Агартуу министрлиги тарабынан өтүүдө.
Өтө маанилүү сынакты ачып жатып, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева кезегинде өзү дагы ушул сынакка катышып, жеңүүчү болгонун айтып өттү.
— Учурунда мен “Жылдын мыкты мугалими” сынагына катышып, райондо 3-орун, облуста баш байгени жеңип, республикада жеңүүчү болгом. Мен мугалимдин түйшүгүн абдан жакшы түшүнөм. Ал кездеги мугалимдер менен азыркыларды салыштырууга болбойт. Асман менен жердей айырмасы бар. Ал учурда заманбап технологиялар жок болчу. Керек болсо, жазууга бор, окутууга китептер жок эле. Бирок жүрөгүбүз жалындап, балдарга билим берели деп дилгирленип турчубуз. Азыркы мугалимдер технологиялар жактан өтө күчтүү. Бирок кайсы мезгилде, кандай иштебесеңер да эң башкы кредоңор болуш керек. Мен учурунда айткам: “Менин кредом педагогикалык кызматташтык” деп. Жан дүйнө менен балдар үчүн мугалим жарыкты, жылуулукту арнабаса, албетте, бала алыстап кетет. Мейли кайсы мезгил болбосун: оор, өнүккөн, акчасы жок, акчасы бар мезгил болсун эки гана фигуранын ортосундагы мамиле ийгилик алып келет. Кайсы гана шартта болбосун мугалимдин балага болгон мамилеси өзгөрүлүшү керек. Караңыздар, дүйнөдө миллиондогон балдар билимге жете албай турат. Ар кандай конфликтте жашап жатат. Бүгүн биз доор өзгөргөн маалда бир кылымдан кийин билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртүп жатабыз. Мунун бардыгы бала үчүн. Сиздер отурган №67 мектепте 3000ден ашык бала окуйт. Бирок ушул мектеп дайыма жыйынтык берет. Ал эми классында 15-20 бала окуган айылдык мектептер негедир жыйынтык беришпейт. Анткени жандануу, көзөмөлдөө, кандайдыр бир факторлор жок. Ириде сынак адилеттүү өтүүсүн талап кылам. Эгерде укугуңар бузулса же араңардан бирөөлөргө жардам берген фактылар катталса айтыңыздар. Мыктылар гана жеңишке келиши керек. 17 предметтен мыктыларды чакырып, катыштырып жатабыз. 17 жеңүүчүгө Президенттин сыйлыгы бар, — деди министр.
Андан соң ириде мугалимдерди колдоо керек экенине токтолду. Анткени балдарга мугалимдин айтканы гана мыйзам экенин, ага министр дагы, башкалар дагы тең тайлаша албайт.
— Бала керемет. Неберемдин мугалими менен тең тайлаша албайм. Анткени неберем мени укпайт, ал үчүн эжейи гана айтканы туура. Баланы кектебегиле. Ата-энесине караганда баланын эсинде мугалим калат. Кыргызстандын агартуу катмарысыңар. Конкурска катышып отурганыңар эле керемет. Тынбагыла. Буюрса, мугалимди кол менен көрсөтпөй, сыймыктанган мезгил келет. Мугалимди басмырлаганга, инсандык аброюна шек келтиргенге эч кимдин акысы жок. Быйыл силер үчүн сабак берүүдө кыйынчылык болбой койбойт. Бирок чыдап коюу керек. Окуу китептер акырындык менен чыгып жатат. Биздин келечек тарбиялаган балдарга көз каранды, – деди Д.Кендирбаева.
Азыркы мугалимдердин иши өтө жеңил болуп калганын, анткени илгерки мугалимдердей көтөрүнүп жүрүшпөйт, бир гана флешкага баарын жаздырып алып, сабак өтүшөөрүн дагы министр белгиледи.
— Силердин чоң белегиңер – саламатсыңарбы, балдар! Силердин чоң касиетиңер –мектеп. Ачык сабакты комиссия же министр үчүн өтпөгүлө, силердин миссияңар – балага билим берүү. Агартуу министрлиги ноутбуктарды таратты, эми басмаканадан чыккан окуу китептерди ирети менен жөнөтүп жатабыз. Биз өстүргөн балдар өлкөнү өнүктүрүп кетет, — деп бир топ турмуштук мисалдарды да келтирди.



Сынак кандай өтөт?
Конкурс төмөнкү номинациялар боюнча өттү: гран-при «Жылдын мыкты мугалими»; башталгыч класстардын мыкты мугалими; кыргыз тили жана адабиятынын мыкты мугалими; орус тили жана адабиятынын мыкты мугалими; мыкты математика мугалими; мыкты тарых мугалими; «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим; мыкты чет тили мугалими; мыкты физика/астрономия мугалими; мыкты информатика мугалими; мыкты химия мугалими; мыкты география мугалими; мыкты биология мугалими; «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим; мыкты музыка мугалими; мыкты дене тарбия мугалими; көркөм-сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим; аскерге чейинки даярдык боюнча мыкты мугалим.
Быйылкы сынакка 118 талапкер катталып, анын ичинен ар кандай себептер менен алтоо келбей калып, 112 конкурсант тест сынагына катышып, анын ичинен 25 гана 2-турга өттү. 3-турга болсо 21 мугалим атаандаштыкка чыкты.
— Биринчи тур — «Педагогикалык кырдаалдар», өзүнө педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө жана ар кандай педагогикалык кырдаалдар менен маселелерди чечүүсүнө тесттик сыноолорду камтыйт. Педагогикалык иштин моделдерин билүүсүнө тест отуз суроодон турат. Тесттик тапшырмалардан өтүү үчүн максималдуу балл — 30. Биринчи турдан өтүү үчүн жалпы максималдуу балл — 60 балл. Конкурстук сыноонун максаты — конкурсант тарабынан өз алдынча түшүнүлгөн педагогикалык принциптерди жана билим берүүгө ыкмаларды көрсөтүү; ата мекендик педагогиканын тажрыйбасын өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен айкалыштыруу жөндүмдүүлүгү; мугалимдин педагогикалык кырдаалдарды чечүү жолун табуу көндүмү жана жөндөмдүүлүгү. Тест убагында техникалык каражаттарды колдонууга жол берилбейт. Кыскасы, биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 40тан 60ка чейинки балл алган катышуучулар экинчи турга өттү, — дейт министрликтин жетектөөчү адиси Динара Асекова.
Экинчи тур — «Мастер-класс»
Экинчи турдун максаты — конкурсант тарабынан мектеп окуучуларын тарбиялоодо жана социалдаштырууда кесиптик-инсандык компетенцияларын көрсөтүү. Конкурстук сыноонун форматы — борбор калаадагы №67 жана №69 мектептерде калыстардын катышуусунда окуучулардын саны 15тен 20га чейин болгон тааныш эмес аудиторияда мастер-класс өткөрүлдү. Мастер-класс үчүн темаларды конкурсант окуткан предметине жана окутуу тилине жараша өз алдынча тандашты. Конкурстук сыноонун регламенти боюнча окуучулар менен иштөө 20 мүнөткө чейин; калыстар тобунун суроолоруна жооптор -10 мүнөткө чейин каралган. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа — 40 балл. Эки турдун (биринчи жана экинчи тур) суммасы боюнча 70тен 100ге чейин балл алган конкурсанттар үчүнчү турга жолдомо алышты.
Үчүнчү тур — ачык сабак
Бул конкурстук сыноонун максаты — катышуучу сабакты даярдоодо, өткөрүүдө жана талдоодо окуу-тарбиялоо процессин жана окуучулардын окуу ишин уюштуруунун негизги формасы катары өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтөт.
Сабактын темасы календарлык-тематикалык пландоого жана тиешелүү предмет боюнча жумушчу программасына ылайык анын жалпы билим берүү уюмунун тиешелүү классында иш жүзүндө аткарылышын эске алуу менен аныкталат.
Берилген темага жана сабактын максаттуу багыттарына ылайык методикалык ыкмаларды, ыктарды жана технологияларды колдонууну негиздөө — 5 мүнөткө чейин; сабакты өтүү — 35 мүнөт; сабакты жеке талдоо жана калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү — 10 мүнөт. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баа — 60 балл.
Конкурстун финалдык (республикалык) этабынын үч турунун жыйынтыгы боюнча бирдей балл алган конкурсанттар кошумча сыноого жиберилет. «Мугалимге сөз» сыноосу конкурстун финалдык этабынын чоң калыстарынын жана катышуучулардын катышуусунда уюштуруу комитети тарабынан бекитилген аянтчада эл алдында чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берет.
«Мугалимге сөз» сыноосуна 3 мүнөт берилет. Калыстардын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүү — 5 мүнөт. Конкурстук сыноо үчүн максималдуу баалоо — 10 балл.


Кара кылды как жарган калыстар тобу
Бардык конкурстук сыноолорду баалоо үчүн төрт калыстар тобу түзүлгөн: чоң калыстар тобу жана үч калыстар тобу, алар финалдык конкурстун үч түрүн баалоо үчүн жооптуу болот.
— Башталгыч класстын мугалимдеринин арасында 1-турдан үч конкурсант жеңип чыккан экен. Ар биринин мастер-класс жана ачык сабагына катыштык. Абдан мазмундуу, терең, окуучуларга пайдалуу сабактар болду. Мастер-класста 20 мүнөттүн ичинде 5 жылдык, 15 жылдык стажысы бар мугалимдер өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө алышты. Үч конкурсанттын ичинен айырмаланып Сокулук районунан келген Акматова Бегим аттуу мугалим эки турда тең өтө жогорку деңгээлди көрсөтө алды. Окуучуларга берем деген билимин тийиштүү убакытта бергенге үлгүрдү. Ачык сабагында улуттук тамак-аштар тууралуу кенен түшүндүрдү. Бүгүнкү күнгө керектүү тема экен, биз балдарыбызга улуттук нарк-насилди, баалуулуктарды, мурасыбызды, улуттук тамак-ашты жасаганды үйрөтүп, баарыбызды үндөгөн жакшы сабак болду, — дейт башталгыч класстар боюнча калыстар тобунун төрайымы Жылдыз Абдракунова.
Ошентип, көптөн күткөн сынак да аяктады. Конкурстун финалынын бардык катышуучулары дипломдор жана «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланышты. Ал эми 3-турдан өткөн 17 предметтин жеңүүчүлөрү 3-октябрда Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө карата өтчү салатанаттуу аземде Президенттин сыйлыгы тапшырылат.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер