ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨТТҮ?

  • 18.04.2024
  • 0

Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурска катышууга документ тапшырган 490 талапкердин ичинен 287си сынакка катышууга уруксат алган. Сынакта тандоодон болгону 147 талапкер өттү. Катышуучулардын 52%ы белгиленген 60% босого упайды топтогон.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨТТҮ?

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун берген маалыматына таянсак, Бишкек шаары боюнча 17, Ош шаары – 3, Баткен облусу – 9, Жалал-Абад облусу – 25, Чүй облусу – 10, Нарын облусу – 16, Талас облусу – 11, Ош облусу – 32, Ысык-Көл облусу – 17, ал эми республикалык баш ийүүдөгү мектеп-интернаттар боюнча жетөө жеңүүчү деп аныкталды.

Белгилей кетчү жагдай, чу дегенде эле документтерди туура тапшыра албагандар четтен чыкты. 490 талапкердин ичинен 280инин документтери белгиленген талаптарга жооп бербегени үчүн сынактан четтетилди. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨТТҮ?

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоодо жобого ылайык талапкерлерге төрт багыттагы тесттик тапшырмалар берилгенине токтолду. Анда билим берүү уюмун башкаруу менеджментин, педагогика жана психологиянын негиздерин, билим берүү тармагына тиешеси бар нормативдик-укуктук актыларын, КР Баш мыйзамын, “Билим берүү жөнүндө”  мыйзамын, эмгек кодексин, балдардын укугун, билим берүү стандартын, окуу программаларын, маалыматтык компьютердик компетенцияларын билүү камтылган.

Бактыгүл Сабыржановнанын айтымында, талапкерлер төрт багыт боюнча  80 тесттик тапшырма аткарышкан. Жыйынтыгы ар бир багыт боюнча эмес, жалпы берилген 80 суроонун 60% жогору упай топтогон талапкерлер босого баллдан өттү деп чыгарылган.

Жаңы өзгөртүлүп, толукталган жобого ылайык, конкурска жети жылдан кем эмес педагогикалык үзгүлтүксүз эмгек стажысы бар, анын ичинде эки жылдан кем эмес директор же директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген талапкерлер конкурска катышты.

“Буга чейин бардык педагогдорго конкурска катышууга мүмкүнчүлүк берилген. Быйыл болсо жалпы билим берүү уюмунда директор же окуу-тарбия иштери боюнча эмгектенген кызматкерлердин катышуусу басымдуу болгондуктан, босого упайдан жогору алгандардын саны көп болгон. 2024-жылдагы көрсөткүчтүн жогору болушунун себеби да ушунда”, – деди Бактыгүл Сабыржановна.

Конкурска сунушталган тесттик тапшырмаларды И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун жана Кыргыз билим берүү академиясынын профессордук-окутуучулардан түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгып, бир нече экспертизадан өткөрүлгөн.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨТТҮ?

Бишкек шаарынын №79 орто мектебинин директорлугуна талапкерлигин көрсөткөн Сатыкулова Назгүл сынакта 71,3% балл алып, жеңүүчү болду. Конкурстун жүрүшү боюнча ал төмөнкүлөргө токтолду:

“Сынактын жаңы эрежеси,  менимче, туура, себеби мектептеги окуу-тарбия процессин директор жана анын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары алып барат. Бул жаатта тажрыйбасы бар адам гана директор болуп дайындалса, мектептин ишин эч үзгүлтүккө учуратпай алып кетет. Конкурс ачык-айкын өттү.  Фейсбуктан түз эфирден көрсөтүлүп турду. Жыйынтык дароо компьютерден чыгарылды.

Конкурстун суроолору окуу-тарбия процессиндеги жетекчинин функционалдык сабаттуулугу, педагогика, заманбап технологияларды колдоно алуусу, чыр-чатактан чыгуу жана аны чечүү жолдору боюнча кызыктуу суроолор келди. Ошондой эле талапкердин Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын билүүсү, акыркы заманбап технологияларда иштей алуусу да каралган”.

Жеңүүчүнүн пикиринде, директор ириде лидерлик сапатка ээ болушу кажет. Анан заманга жараша менеджмент болуусу да керек. Ошондой эле мектеп директору мугалимдерден сырткары  окуучулар жана алардын ата-энелери менен дагы тыгыз иш алып баруусу зарыл.

ДИРЕКТОРЛОР СЫНАГЫНДА КИМДЕР ӨТТҮ?

Жобого ылайык, жеңүүчүлөр конкурстун жыйынтыгы боюнча алты айлык сыноо мөөнөтү менен директорлук кызмат ордуна бекитилет. Бир эле адам бир эле мектепте жалпысынан он жылдан ашык иштөөгө уруксат берилбейт. Бирок башка мектепке өзүн көрсөтүп, кайра сынакка катышууга укугу бар.

Учурда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурс жарыялоо үчүн 2024-жылдын 20-апрелине чейин министрликке райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү/башкармалыктары билдирме жөнөтөт.

Жеңүүчүлөрдүн тизмесин бул материалдан көрсөңүз болот.

Эльвира КАКИЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер