ДИРЕКТОРЛОР РЕЗЕРВИ: ТАНДООНУН БИРИНЧИ АЙЛАМПАСЫ АЯКТАДЫ
- 05.08.2026
- 0
2026-жылдын 25–31-июль күндөрү билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү боюнча конкурстук тандоонун биринчи айлампасынын тестирлөө этабы болуп өттү. Бул айлампага республика боюнча 2147 талапкер “Мугалим” АМС аркылуу электрондук арыз берген болсо, анын ичинен 1730 талапкер эксперттик комиссиянын текшерүүсүнөн соң документтери бардык талаптарга жооп берет деп табылып, квалификациялык тестирлөөгө катышууга укук алган.
Ал эми конкурстук тестирлөөгө 1416 талапкер катышып, натыйжада талапкерлердин 77,8 пайызы, же болбосо 1102си белгиленген 60 пайыздык босого баллдан жогору жыйынтык көрсөтүп, кадрлар резервине алынды.
Эми ар бир айдын биринчи жумасында “Мугалим” автоматташтырылган маалыматтык системасында билим берүү уюмдарынын бош кызмат орундарына автоматтык түрдө конкурс жарыяланып турат. Кадрлар резервиндеги талапкерлер өздөрү каалаган билим берүү уюмун тандап, ошол орун үчүн башка талапкерлер менен атаандашат. Система аркылуу башка талапкерлердин алган упайларын да көрүүгө болот. Конкурстун жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон талапкер тиешелүү билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалат.
Мына ушул 1- айлампанын конкурстук тестине катышып, босого баллдан өткөн Панфилов районунун №2 Чалдыбар жалпы билим берүү мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, башталгыч класстын мугалими Гульжан Айтыканова менен маектештик. Ал билим берүү чөйрөсүндө 18 жылдан бери эмгектенип келет.
— Гульжан Муратбековна, директорлордун тандоо сынагына катышууга эмне түрткү болду?
— Мени бул сынакка катышууга мектептин өнүгүүсүнө өз салымды кошуу каалоосу түркү болду. Негизги максатым – мектептин деңгээлин көтөрүп, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу. Ошондой эле окуучулардын билим жетишкендиктерин жогорулатып, мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү жана заманбап, натыйжалуу билим берүү чөйрөсүн түзүүгө аракет кылуу.
— Сынакка даярданууда көп көңүл бурган багытыңыз кайсы болду?
— Эң көп көңүл бурганым бул – конституция жана эмгек кодекси болду. Ошондой эле сынактан бир аз кыйналганым мыйзамдарга байланыштуу суроолор болду. Мындан ары бул багыттагы билимимди өркүндөтүп, мыйзамды өздөштүрүүгө аракет кылам.
— Бул тандоо сизге кандай жаңы тажрыйба же сабак берди?
— Бул тандоо сынагы мен үчүн чоң тажрыйба болду. Тестирлөө аркылуу өзүмдүн кайсы багыттар боюнча билимим жетишсиз экенин аныктап алдым. Айрыкча мыйзамдарга байланыштуу билимимди дагы тереңдетүү керектигин түшүндүм. Бул сынак мага өзүмдү өнүктүрүрүүгө, көбүрөк изденип, билимимди үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө түрткү берди.
— Жетекчи болуу менен мыкты мугалим болуунун айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?
— Менин оюмча, мыкты мугалим биринчи кезекте окуучуларга сапаттуу билим берип, алардын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ал эми жетекчи бүтүндөй мектептин ишин уюштуруп, мугалимдерди колдоп, окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзөт. Жетекчи туура чечим кабыл алып, жамаатты бир максатка бириктире билиши керек.
— Заманбап мектеп директору кандай сапаттарга ээ болушу керек?
— Заманбап мектеп жетекчиси эң оболу жоопкерчиликтүү, адилеттүү жана чынчыл болушу керек. Ал күчтүү лидер катары жамаатты бир максатка бириктирип, туура чечим кабыл ала билиши зарыл. Ошондой эле жаңыча ойлонгон, өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашкан, жакшы уюштуруучу жана мыкты баарлаша билген инсан болушу керек. Мындан тышкары, жетекчи мугалимдерди колдоп, алардын кесиптик өсүшүнө шарт түзүп, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна жана коопсуз, жагымдуу мектеп чөйрөсүн түзүүгө умтулушу керек.
— Эгер мектеп жетекчиси болуп дайындалсаңыз, биринчи кезекте кандай өзгөрүүлөрдү ишке ашырууну көздөйсүз?
— Эгер мектеп директору болуп дайындалсам, биринчи кезекте мектептин ички эмгек тартибин жана эмгек келишимдерин тактап, бардык кызматкерлердин укук-милдеттерин так аныктап чыгам. Бул жамаатта жоопкерчиликти жана тартипти бекемдөөгө жардам берет. Андан соң жаңы окуу жылы үчүн мектептин өнүгүү стратегиясын жамаат менен биргеликте иштеп чыгып, так максаттарды жана милдеттерди белгилейм. Ошол стратегиянын аткарылышын үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, жыйынтыктарын талдап, зарыл болгон учурда тиешелүү оңдоолорду киргизип турам. Максатым – мугалимдердин ишинин сапатын жогорулатып, окуучулар үчүн сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү.
— Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн кандай жаңы ыкмаларды сунуштайсыз?
— Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу үчүн биринчи кезекте заманбап окутуу ыкмаларын кеңири колдонуу зарыл деп эсептейм. Сабактарда санариптик технологияларды, интерактивдүү методдорду жана практикага багытталган тапшырмаларды көбүрөөк пайдалануу керек. Ошондой эле ар бир окуучунун билим деңгээлин үзгүлтүксүз баалап, жетишпеген темалар боюнча кошумча колдоо көрсөтүү маанилүү. Мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүп, ата-энелер менен тыгыз кызматташуу да билим сапатын жогорулатууга чоң жардам берет. Негизги максатым – ар бир окуучунун мүмкүнчүлүгүн ачып, сапаттуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүү.
Ошондой эле мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Алар үчүн тажрыйба алмашуу семинарларын, ачык сабактарды жана усулдук жолугушууларды үзгүлтүксүз уюштурууну сунуштайм. Ошондой эле ар бир мугалимдин өзүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүп, заманбап окутуу технологияларын өздөштүрүүсүнө колдоо көрсөтөм. Мындан тышкары, жетишкендиктерди баалап, чыгармачыл жана демилгелүү мугалимдерди моралдык жактан колдоп, ийгиликтүү тажрыйбаларын жалпы жамаатка жайылтууга аракет кылам. Анткени кесипкөйлүгү жогору мугалим – сапаттуу билимдин негизги кепилдиги.
— Ата-энелер менен кызматташтыкты кантип күчөтүүгө болот деп эсептейсиз?
— Менин оюмча, ата-энелер менен кызматташтыкты күчөтүүнүн негизги жолу – ачык байланыш жана өз ара ишеним. Мектеп менен ата-энелердин ортосунда үзгүлтүксүз байланыш болуп, окуучунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу өз убагында маалымат алмашып туруу керек. Ошондой эле ата-энелерди мектептин иш-чараларына, чогулуштарына жана тарбиялык иштерине активдүү тартуу маанилүү. Алардын сунуш-пикирлерин угуп, биргеликте чечим кабыл алуу да кызматташтыкты бекемдейт. Анткени мектеп, мугалим жана ата-эне бир максатта иштегенде гана окуучунун билим сапаты жана тарбиясы жакшырат. Мени эң көп ойлондурган маселе – окуучулардын билим сапатын жогорулатуу жана алардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу. Ошондой эле айрым окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин айырмачылыгы, ата-энелер менен мектептин кызматташтыгынын жетиштүү деңгээлде болбой жатышы да көңүл бурууну талап кылат. Бул маселелерди чечүү үчүн мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүн колдоо, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жана ата-энелер менен тыгыз кызматташуу зарыл деп эсептейм. Биргелешкен аракет менен гана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга болот.
-12 жылдык билим берүү моделине болгон көз карашыңыз кандай?
-Мен 12 жылдык билим берүү моделин заман талабына ылайык жүргүзүлүп жаткан маанилүү реформа деп эсептейм. Бул модель окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша билимди терең өздөштүрүүгө, сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок бул реформа ийгиликтүү болушу үчүн мугалимдерди сапаттуу даярдоо, окуу-методикалык материалдарды жаңылоо жана мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо абдан маанилүү. Туура уюштурулуп, бардык шарттар түзүлгөндө 12 жылдык билим берүү окуучулардын билим сапатын жогорулатууга жакшы натыйжа берет деп ишенем.
-Бул сынакка катышууну каалаган башка мугалимдерге кандай кеңеш берет элеңиз?
-Өзүңүзгө ишениңиз жана бул сынактан коркпоңуз. Алдын ала жакшы даярданыңыз: Билим берүү мыйзамдарын, Эмгек кодексин, Конституция, педагогика, психология жана компьютердик сабаттуулук боюнча. Суроолор оор эмес. Ар бир этап сизге жаңы тажрыйба берет жана кайсы багытта дагы өсүү керек экенин көрсөтөт.
-Маегибиздин соңунда кесиптештериңизге жана жаш мугалимдерге кандай каалоо-тилек айткыңыз келет?
— Бардык кесиптештериме жана жаш мугалимдерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана кесиптик өсүүнү каалайм. Ар дайым өз кесибиңиздерди сүйүп, окуучуларга билим берүүдө жоопкерчилик жана дилгирлик менен эмгектениңиздер. Өзүңүздөрдү тынымсыз өнүктүрүп, жаңы билимдерди өздөштүрүүдөн эч качан чарчабаңыздар. Анткени, мугалимдин өнүгүүсү – окуучунун ийгилигинин негизи. Ар бириңиздерге күч-кубат, ийгилик жана өлкөбүздүн келечеги болгон жаштарды татыктуу тарбиялоодо чоң жетишкендиктерди каалайм.
Маектешкен Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»
Комментарийлер