ДИН МАДАНИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ ЖАҢЫЧА ОКУТУЛАТ
- 28.01.2022
- 0
Адеп-ахлак тарбиясынын тегерегинде жүрүп жаткан талаштарга чекит коюлду. Кечээ күнү Министрлер Кабинетинин атайын чечими менен диний маданиятты жогорулатуу максатында руханий жана дин таануучулук билим берүү системасын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы бекитилди. Жумушчу топту Министрлер Кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов жетектейт. Төраганын орун басарлыгына Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев көрсөтүлдү. Аталган комиссияда бир топ илимпоздор, дин аалымдары, билим берүү ишин уюштуруучулар бар. «Кут Билим» гезити бул топтогу бардык тараптардын пикирлерин, сунуштарын угууга даяр. Биздин алгачкы коногубуз жумушчу топтун мүчөсү, Кыргыз билим берүү академиясынын экспертиза жана апробация бөлүмүнүн башчысы Сейитбек Жаанбаев жана Бишкектеги №89 орто мектептин «Адеп» ийриминин жетекчиси Сонунбүбү Калматова болмокчу.
Сейитбек ЖААНБАЕВ:
«ЖАҢЫ ПРЕДМЕТ ӨСПҮРҮМДӨРДҮ ЭКСТРЕМИСТТИК ТОПТОРГО АРАЛАШЫП КЕТҮҮДӨН САКТАЙТ»
– Эгемендүүлүк алгандан кийин балдарга адеп-ахлактык тарбия берүү маселеси жаралып, ал кездеги Билим берүү министрлигинин атайын чечими менен мектептерге «Ыйман» сабагы кирген. Ал жумасына бир жолу окутулуп, «Ыйман» сабагын окууга мектептеги 1-11-класстарга чейинки бардык класстар тартылды. Бул предмет жер-жерлерде эмгектенген мыкты мугалимдердин табылгасы болчу. Министрликтин аталган чечимине чейин эле Ошто Эл мугалими Мамади Байымбетов, Нарында Асан Заркунов, Таласта Бектур Исаков демилге көтөрүп, өз алдынча изденип сабак өтүп жүрүшкөн. Министрлик бул демилгени колго алып, тез арада программасы түзүлүп, окуу китеби жазылды.
Бул предметте балдардын адеп-ахлактык, руханий тарбиясы кыргыздын салттарына негизделген. Муну бардык мектеп мугалимдери; адабиятчы, тарыхчылар, кээ бир жерде кимдин сааты азыраак болсо, ошолор өтүп жүрдү. Ортодо Өзбек ажы, Дүйшөн Абдылдаевге окшогон дин өкүлдөрү, өз алдынча аракеттенген коомдук уюмдар бул сабакты биз өтүшүбүз керек, «Ыйман — бул исламдын чоңбир түркүгү» деп сабакты динге тарта баштады. Ал арада Өзбек ажы да өз китебин жарыкка чыгарып, ыйман сабагын Ислам институтунун жана медресенин бүтүрүүчүлөрү окутсун деген талаптарын Өкмөткө, министрликке койду.
Алар «Ыйман сабагын» динге алып барууга аракет кылышты.
Ушундай шартта КББАда этнопедагог Сабыр Иптаров башында турган топ «Адеп» сабагынын программасын иштеп чыгып, окуу китеби жазылып, мектептерге колдонууга берилди. КББА адистеринин аракетин мектептерде практик мугалимдер Т.Насырымбекова, Ж.Ысманова, Т.Сооронбаева жана башкалар колдоого алып, республика мектептеринде окутулуп баштады. 2015-жылы окуу жүктөмдөрүн оптималдаштыруу максатында Адеп сабагы Коом таануу сабагына бириктирилип, интеграцияланды.
«Адеп» сабагын окутууда чечүүнү талап кылган бир топ маселелер пайда болду. Бул сабакты өтүү үчүн Адепчи мугалимдин жоктугу байкалды. Адеп мугалимдерин бир да ЖОЖ даярдабайт экен. Дагы бир көйгөй — окуучулардын катышуу-жетишүү ведомстволорун текшергенде кээ бири Адеп сабагынан «үч», жүрүш-турушунан «беш» чыккан учурлары учурады. Ошентип, тарбияда парадокс пайда болду.
2015-жылдан баштап өлкөдө исламдын радикалдуу багыттарынын жанданышы, ислам фундаментализминин, террористтик уюмдардын жаштар арасында жайылтылышы байкалып, мектептерде диний түшүнүктөрдү калыптандыруу маселеси жаралды. Өкмөттүн атайын токтому менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Билим берүү министрлиги, КББА менен биргеликте «Дин маданиятынын тарыхы» деген окуу китебин түзүүгө киришти. Алгач окуу стандарты, окуу программасы иштелип чыгып, 2019-2020-окуу жылында республиканын жети облусунда жана эки шаарында 56 мектеп тандалып алынып, бул мектептерде аталган окуу китеби апробациядан өттү.
Сынак иштеринин натыйжасында мугалимдер берген сунуш-пикирлер эске алынып, китеп толукталып, иштелип чыгып, азыр басмада даяр турат.
Апробациядан өткөн китептин өзгөчөлүгү ал жалпы диндердин тарыхын, алар тутунган эреже, каадалары, окуулары тууралуу кеңири маалымат берип, ислам динин кеңири контекстте тааныштырып, окуучуларды толеранттуулукка тарбиялап, алардын адеп, ыйман боюнча түшүнүктөрүн кеңейтет. Окуу китебин апробациядан өткөрүүгө катышкан мугалимдер жаңы предмет аркылуу берилген билим окуучуларды тигил же бул экстремисттик топторго аралашып кетүүдөн сактоого мыкты өбөлгө болот деген пикирин айтышат.
2021-жылдагы өлкө Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу» Жарлыгына ылайык «Дин маданиятынын тарыхы» окуу китеби кайра оңдолуп, келерки окуу жылында 9-10-класстарга киргизилет. Бул окуу китеби келечекте 5-класстан баштап киргизүү маселеси каралып, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов башында турган жумушчу топ түзүлдү. Анткени бүгүнкү күндө өлкөбүздө тарбия маселеси өтө оор абалда турат. Балдарга карата зордук-зомбулук, өзүн-өзү өлтүрүү жана социалдык жетимдердин көбөйүп баратканы мамлекеттүүлүккө түздөн-түз коркунуч келтирет.
Мындан сырткары, бүгүнкү күндө дагы бир орчундуу маселе кыргыз адабияты жана маданияты боюнча орчундуу иш-чаралардын жүрбөй жатканы, мектепте окуучуларды адабий каармандар аркылуу шыктандырып тарбиялоонун жоктугу, табияттын көркөм кооздугуна суктантып тарбиялоонун унутулуп баратканы байкалууда.
Адеп сабагы жоюлуп калса дагы Бишкектеги №89 орто мектепте адеп ийримин түзүп, атайын кабинет жабдып, адеп менен катар балдарга «Мурас» ийримин өтүп жүргөн Сонунбүбү Калматова мектепте адеп-ахлак тарбиясын өз деңгээлинде жүргүзүү үчүн атайын даярдыгы бар кесипкөй адис керек деп эсептейт.
Сонунбүбү КАЛМАТОВА:
«АДЕП САБАГЫНЫН ТАМЫРЫН ТААП БЕРСЕ, ТАБЫЛГЫС САБАК»
— Окуу программасы бар, китеби жок адепти берүү үчүн мугалимдин өз куржуну салт-санаа, үрп-адат, санжыра-тарыхтан кур эмес болуш керек эле. Кепти кеп, сөздү сөз деп баалай, барктай билген гана адам бул сабакты бере алаарын түшүндүм. Изденүүгө туура келди. Адеп сабагынын тамырын таап берсе, табылгыс сабак. Окуучулардын кабыл алуусу да эңсонун, тим эле суу жетпей калган дарактай кабыл алышат. Изденишет, оюн айтышат, талашат, табышат. Көп дөөлөттөрдүн барк-баасын, кептин кунун жоготуп баратканыбызды сезишет. Айтканга сабак 45 мүнөттүк болгон менен ага даярдануу алда канча көп убакытты талап кылат. Мен ар бир класска, ар бир саатым үчүн изденип эмгектендим, эмгегимди окуучулардын табылгалары, ойлору менен толуктадым. Сабактарымдын айрымдарын Бишкек шаардык адеп секциясынын семинарларында ачык саат катары өттүм. Алар жылуу пикир жаратты. Сабактарымдын айрым иштелмелери “Кутбилим-сабак” тиркемесине берип, жарыяланган. “Ата мурасы – урпактарга”, “Адеп – адам көркү”, “Ааламга адам келди”, “Үй-бүлө — тарбия башаты”, “Атаңбарда эл тааны, атыңбарда жер тааны”, “Маданият – элдин жүзү” аттуу стенддерди жасадым. Чейректер боюнча иштеп чыккан иштелмелерим эки шкафка толду.
Адеп сабагы боюнча шаардык семинарларда ачык сабактарды байма-бай өтүп турдум. Анан адеп мугалимдеринин сунушу менен “Адептик дил баян” аттуу китепти жазып чыгардым. Ал китепте мугалимдин дил баяны камтылган.
«Мурас» ийримин жетектеп жүрүп, «Кыз ала качуу – салт эмес – трагедия» деген сахна-сабак өттүм. Ошондо сабакка катышып отурган мугалим эжейлердин бирөөсү: «Менин тагдырымды чагылдырыпсыз!» — деди көзүнө жаш алып.
«Бул сенин гана эмес, көпчүлүк зомбулукка кабылган кыздардын тагдыры», — дедим.
Муну эмнеге айтып жатам, адеп-ахлакка тиешелүү нерселерди адамдар өздөрү ошол окуяны сахналаштырууга катышса же түздөн-түз көрүүчү болсо, бат түшүнүшөт.
Ошон үчүн кайра айтам, адеп сабагынын тамырын таап берсе, табылгыс сабак.
Баса…
Өткөн жылы 26-октябрда Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өлкөнүн 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын негизги постулаттары тууралуу сөз козгоп, Президент Садыр Жапаров мектептерге дин таануу сабагын киргизүү зарылдыгын айтканын билдирген.
Ал өлкө башчынын 2021-жылы 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында Кыргызстан демократиялык жолдон тайбайт деген сөзүн эске салып, дин тутуу эркиндиги өлкөнүн Конституциясында кепилденгенин кошумчалаган болчу.
«Концепцияны ишке ашыруунун натыйжалуулугу бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүү менен аныкталат. Эч бир динге шек келтирилбейт – бул Конституцияда так жазылган», — деп баса белгилеген өз сөзүндө мамлекеттик катчы.
Белгилүү болгондой, өлкө башчысы 2021-жылы 2-октябрда «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматы бул Жарлык элдин биримдигин, маданияттар жана диндер аралык ынтымакты камсыз кылуу, ошондой эле мамлекеттин светтик негиздерин бекемдөө үчүн зарыл деп ишендирүүдө.
Президент буга чейин Билим берүү жана илим министрлигине мектептерге дин таануу сабагын киргизүүнү тапшырган. Анын айтымында, «диний билимдин аздыгынан 11-классты аяктаган балдар Сирияга оңой эле тартылууда».
Мамлекеттик катчынын пикиринде мындай шартта эл агартуу системасынын ролу зор. Анын эңбашкы милдети — жаш муундарга улуттун өзүн-өзү таануусун, өздүк иденттүүлүгүн калыптай турган гуманитардык билимдерди толук кандуу сиңирүү. Б.а. ар бир кыргызстандык, ал этникалык улуту ким экендигине карабастан, Кыргыз жараны болгондугу үчүн чын жүрөгүнөн сыймык күтүшү керек.
«Бул процессти күчөтүүдө кыргыз тили, кыргыз адабияты, кыргыз тарыхы сабактары милдеттүү түрдө бардык мектептерде жана ЖОЖдордо кеңири окутулушу зарыл. Ошондо да улуттук маданияттын жана салттарыбыздын бай палитрасын камтый албайбыз. Андыктан, окуу жайларына кыргыз таануу сабагын киргизүүгө муктажбыз», — дейт Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер