ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

  • 27.01.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, анын алдындагы Мугалимдердин билимин жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте Бишкек шаарындагы мектептердин, мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин дене тарбия мугалимдери, педагогдору үчүн 10 — 22-январга чейин биринчи жолу билимдерин өркүндөтүү курсун өткөрүштү. Курстун жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаты тапшырылды.

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

КР Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жогорулатуу курсу дене тарбия мугалимдери үчүн арналган. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директорунун орун басары Ира Балтабаеванын маалыматына караганда, 72 сааттык курстан 30 мугалим өткөн.

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

— Курска ар кандай спорттун түрлөрү боюнча 30 мугалим келип, психология боюнча лекция угуп, шахмат, ушу, таэквондо, футбол боюнча практикалык сабактарга катышты. Мындай курс дене тарбиячылар үчүн биринчи жолу болуп жатканын баса белгилешти. Дене тарбиячылардын билимдерин жогорулатуу боюнча биз былтыртан бери эле сөз кылып келатабыз. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгына сунуш менен чыкканда, алар бизди жылуу кабыл алышты. Бул курска келген мугалимдердин билими дегеле жогорулатылбаптыр. Биз биринчилерден болуп бул сунушту алып чыктык. “Сейтек” борбору десе эле жалаң бий менен алектенген борбордой сезишет экен. Жок, бизде спорт ийримдери дагы бар экенин унутпасак. Былтыр хор боюнча, андан мурунку жылы комуз боюнча мастер-класстарды, ошол багыт боюнча иштеген педагогдордун билимдерин жогорулатуу боюнча семинар-курстарды өтүп келатабыз. Быйылкы планда театр топторунун педагогдорун курстан өткөрүшүбүз керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу эмдиги жылга жылдырылды, — дейт Ира Балтабаева.

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Курста мугалимдер дене тарбия сабагын өтүүдө кандай ыкмаларды колдонушу керек, тарбиясы татаал балдарга кандай мамиле кылуу керек, дени сак болуу үчүн кандай көндүмдөрдү жасатуу зарыл, сабакка эмне жаңылануу киргизүү керек ж.б.у.с. маселелерди карап, дарс окугандарга суроолорун берип, ошол эле кезде ар бир укканы боюнча практикалык иштерди жасап жатышты.

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

Мугалимдер үчүн “Кыргыз Республикасындагы мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн пайда болушу жана өнүгүшү” (“Сейтек” борборунун директорунун орун басары И.Балтабаева), “Социалдык тармак – окутуунун бир ыкмасы. «ZOOM» жана «Телеграмм»” ( С.у. Данияр, долбоордун координатору), “Кенже жана мектеп курагындагы балдарды ушу жана кунфу сабактарында тарбиялоо” (“Сейтек” БжӨУБ ушу боюнча жетекчиси, спортко эмгеги сиңген машыктыруучу Н.Ф.Нещерет), “Дене тарбия сабагында мектепке чейинки бөбөктөрдү  нравалык жактан өнүктүрүү” (Салттуу ушу федерациясынын башкы машыктыруучусу Л.О.Серякова), “Окуучулар жана алардын ата-энелери менен иштөөдөгү психологиялык өзгөчөлүктөр”, “Ата-энелер жана тарбиясы татаал өспүрүмдөр менен иштөөдөгү психологиялык өзгөчөлүктөр” (психолог Т.М.Калчаева) ж.б. кызыктуу лекциялар курстун угуучуларын кайдигер калтырган жок. Өзгөчө ушу, кунфу, таэквондо, шахмат, футбол, фитнес  ж.б.  спорттун түрлөрү боюнча өткөрүлгөн практикалык сабактар мугалимдердин кызыгуусун арттырды. Бул курстун өзгөчөлүгү — Казак Республикасынын кунфу жана ушу федерациясынын өкүлү Татьяна Жигалкинанын келип, лекция окуп, практикалык сабакта жаңыча ыкманы үйрөткөнү болду. Ошентип, он күндүк курста дене тарбиячылар куржундарын жаңы ыкмаларга толтуруп, мектепке барып өздөштүргөн тажрыйбаны сабакта пайдаланышарын айтып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.  Жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин сертификаты тапшырылды.

Ой-пикир:

Татьяна Жигалкина, Казак Республикасынын кунфу жана ушу федерациясынын өкүлү, спорт чебери:

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

— “Сейтек” борборунун ушучулары менен көп жылдан бери кызматташып келатабыз. Бул окуу курсунда Кыргызстандагы салттуу ушу федерациясынын машыктыруучулары ушунун стили, окутуу ыкмасы, ал аркылуу балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялоо аспектилерин карап жатышат. Мен башкача программа менен келдим, т.а. цыгун практикасын көрсөтүү. Цыгун бир топ аспектилерди өзүнө камтыйт.  Цыгун аркылуу адамдын ички эмоционалдык абал менен гармонияда болуу, тынч, тең салмакта турууну үйрөтөт. Эгерде адам психо-эмоционалдык тең салмактагы абалда турса, ал айлана-чөйрө менен гармонияда болоору  анык. Ириде айлана-чөйрөдө болуп жаткан нерселерди байкап туруп, анан гана аны менен байланыша баштайсың. Мени таң калтырганы курстун угуучулары менин методикамды абдан жеңил кабыл алды. Анткени материал абдан чоң, бул сабакты бир жума берем. Бул жолу эки сабакта эле бардык материалды үйрөндүк. Цыгун биринчи кезекте ден соолукка абдан пайдалуу жана керек.

Эши Кабылов, №51 мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими, Бишкек шаары:

— Биз негизи ар бир беш жылда Билим берүү академиясынан билимибизди жогорулатып турушубуз керек. Эки жумадан бери “Сейтек” борборунда биринчи жолу практикалык семинар-курстан билимибизди өркүндөтүп жатабыз. Көп нерселерди окудум, билдим, эми мектепке барып, үйрөнгөнүмдү пайдаланам. Адамдын ар бир мүчөсүнө кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек,  ал окуучуларга кандай пайдасын тийгизет деген суроолорго жооп алдым. Иш жүзүндө өз көзүм менен көрүп, үйрөндүм.

Элдияр Сооронбаев, Ж.Садыков атындагы №84 орто мектептин дене тарбия мугалими:

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

— Дене тарбия сабагына керектүү жаңы ыкмаларды үйрөндүм. Мисалы, ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасадык. Сабактарда колдонсо боло турган көнүгүүлөр бизди кайдигер калтырган жок. Психология боюнча окулган лекцияда мектеп жашындагы окуучулардын жаш курагына жараша дене тарбия сабагына кантип кызыктыруу керек боюнча көп деген жаңы нерселерди өзүмө жазып алдым. Буга чейин 2016-жылы билимимди жогорулаткам, эми экинчи жолу келип жатам. Ал жерде теорияга басым жасалса, бул жерде практика жүзүндө бардык ыкмаларды үйрөтүшөт экен. Мектепте жеңил атлетика, волейбол боюнча жетектейм. Окуучуларым азырынча райондун деңгээлинде ийгиликтерди жаратып келатышат.

Андрей Горшков, №63 гимназиянын баскетбол боюнча машыктыруучу:

— Бул курста туура дем алуунун көнүгүүсү өзгөчө жакты. Анткени бул ыкманы мелдештин алдында пайдаланса болот, балдарды тең салмакка келтирүү үчүн. Т.а. моралдык жактан балдар мелдешке даяр болушу керек. Менимче, психология боюнча дагы көбүрөөк саат бөлүнсө деп ойлойм.

Элес Көкүмбек кызы, машыктыруучу:

ДЕНЕ ТАРБИЯ МУГАЛИМДЕРИ БИЛИМДЕРИН ЖОГОРУЛАТЫШТЫ

— Кытай элинин салттуу ушу, кунфу искусствосу менен машыгам. Бул курста цыгун ыкмасын өттүк. Бул ички энергия менен иштөө деген түшүнүктү берет. Мен үчүн өтө кызыктуу сабак кыргыз элинин тогуз коргоол оюну болду. Абдан кызыктуу оюн экен. Кыргыз эли канча жылдан бери жашап келип, турмушу кандай болсо, оюн аркылуу кыргыздын турмушун көрсө болот турбайбы деп калдым. Кыргыз эли мыкты эл экенин өзүнүн интеллектуалдык оюну, адаты менен таанылганы мени кубандырып жатат. Семинар болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде өттү. Казакстандан келген спорттун чебери, машыктыруучу Т.Жигалкина цыгундун сегиз бөлүгүн эки сабакта эле үйрөтүп койду. Бул ыкма абдан татаал, акырындык менен үйрөнчү ыкма. Ошого карабай курстун угуучулары бат эле кабыл алдык. Эң башкысы уюштуруу жагы абдан жакты. Саат сааты менен лекциялар окулуп, практикалык иштер өткөрүлүп  турду.

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер