ДЕМДҮҮ ДЕМИЛГЕ – ЖАКШЫ КАМЫЛГА

  • 04.09.2025
  • 0

Кайсы доордо кандай заман болбосун, агартуу тармагы ар дайым жалпы коомдун башкы кыймылдаткыч күчү болуп келген. Ал азыр да өз маанисин жоготкон жок. Кимдин билим берүү жана илим тутуму бутуна бекем турса – утуш ошонуку: өлкөнүн коомдук-саясий абалы турукташат, социалдык-экономикалык пайдулабы бекемделет, маданий-руханий дөөлөтү өсөт, улуттук баалуулуктар өз ордун табат. Биз заман талабынан калбай, билим берүү тармагын нукура улуттук жаңы стандартка трансформациялоо менен, эл аралык билим берүү мейкиндигинде сандан сапатка карай дагы бир кадам таштадык. Демек, билим берүү тармагына тартылган инвестиция – өлкөбүз менен жарандарыбыздын бакубат келечегине кошулган өтө маанилүү салым. Алтургай, ал мамлекеттик саясатыбыздын өзөктүү багыттарынын бири болуп калды десек да жаңылбайбыз…

Ошентип, дагы бир жаңы окуу жылы башталды. Өзүңөр жакшы билесиздер, буга чейин Кыргызстандын билим берүү тармагын 12 жылдык заманбап билим берүү стандартына өткөрүү же эл аралык билим берүү мейкиндигине трансформациялоо жана билим берүү сапатын жакшыртуу максатында, “Алтын Казык” программасы иштелип чыккан. 2025-2026-окуу жылында мугалимдер алгач ирет мына ошол мамлекеттик программанын алкагында окутуп, окуучулар жаңы стандартта билим ала баштады.

Албетте, жаңы окуу жылына куру кол келген жокпуз, мындай жөндүү саамалык келечегинде салттуу жөрөлгөгө айланып кетсе деген тилекте биргелешкен аракеттер жасалып, алдынала бир топ иштиктүү камылгалар көрүлдү. Чын-чынына келгенде, билим тармагынын 30 жылдан ашуун тарых-таржымалында алгачкы ирет бирдиктүү, туташ жана туруктуу кайра курумдар жүргүзүлүүдө.

Ошентип, быйыл 1,5 млн бала, анын ичинде 200 миңге чукул 1-2-класстын окуучусу мектеп босогосун аттады. Агартуу тармагында 93 миң мугалим иштесе, 90 миңден ашуун мугалим кайра даярдоо курсунан өттү. Алар азыр формалдуу көрсөткүчтөр үчүн эмес, баланын билим сапатын көтөрүүгө багытталган жаңы усулдарды колдонууга даяр десек болот. Ырас, азыноолак сандагы ваканциялык орундар бар, мугалимдердин катары биротоло толукталгандан кийин алар дагы кайра даярдоо курстарынан өткөрүлмөкчү. Ал эми

Кайра курумдардын жүрүшүндө сабактардын стандарттары менен окуу программалары жаңыртылды. Ошондон улам окуу китептерин, усулдук колдонмолорду да жаңыртуу милдети тургандыктан, жаңы мазмундагы жана жалпы нускадагы китептерди басып чыгаруу багытында бюджеттен 744 сом бөлүнгөн. Китептердин негизги бөлүгү басылып бүттү, калганы четинен даярдала берет. Бардык китептердин электрондук версиялары менен кошо коштолуп чыгууда. Ошондой эле мугалимдер атамекендик өндүрүштө чыгарылган “Алтын Казык” компьютерлери, алардын заманбап предметтик программалары менен камсыз кылынды. Буюрса, окуучулардын окуу китептеринин жетишсиздиги келерки 3 жыл аралыгында толук жоюлууга тийиш.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, жаңы мектептер менен бала бакчаларды куруу, мурдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана кошумча имараттарды салуу, алардын материалдык-техникалык базасын жаңылоо жана окуу шарттарын жакшыртуу жаатында кыйла аракеттер жасалды. Жаңы окуу жылынын башталышына карата 63 жаңы мектеп, 19 бала бакча курулду. Дагы бир тобу курулуп жатат, алар жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Мурда мынчалык камылгалар болгон эмес. Мындай ыргак дагын да сакталат”, — дейт ал.

ДЕМДҮҮ ДЕМИЛГЕ – ЖАКШЫ КАМЫЛГА

 

Ал эми КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Билим күнүнө карата дагы 15 мектеп пайдаланууга берилерин кошумчалады.

Жогорку окуу жайларында жаштарды кесипке даярдоо жаатында да бир топ өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Маселен, жакында эле КР Президентинин “Медицина чөйрөсүндөгү адистерди дардоого мамлекеттик монополия киргизүү жөнүндө” жарлыгы чыкты. Мындан ары келечектеги кесип ээлеринин, анын ичинде чет өлкөлүк студенттердин билим деңгээли менен окутуу сапатын жакшыртуу, жеке менчик билим берүү мекемелериндеги коррупция жосундарын жоюу чараларына көзөмөл күчөтүлөт. Буга чейин медицина адистерин даярдаган мекемелердин басымдуу бөлүгүнүн клиникалык базасы болгон эмес. Алтургай, текшерүү жүрүшүндө сабакка катышпаган же сырттан эле жымсалдана катталган студенттерге формалдуу түрдө дипломдор тапшырылган учурлар белгилүү болду. Ошондон улам калк арасында көптөгөн нааразычылыктар жаралып келген.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына (КММА) жогорку билимдүү медицина кызматкерлерин жана илимий кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын адистигин жогорулатуу боюнча өзгөчө укук берилүүдө. Анын жоболоруна ылайык, 2026-жылдын 1-июнуна чейин медициналык жогорку окуу жайлары толугу менен мамлекеттик аккредиттөөдөн өткөрүлүп, андан ийгиликтүү өткөндөр КММАнын филиалына же түзүмдүк бөлүгүнө айланууга тийиш. Ал эми аккредиттөөдөн өтпөй калган мекемелер КММАнын башкаруусунда жогорку окуу жайларына даярдоо курстары же окутуу-клиникалык базасы форматында иштеши мүмкүн.

Ошондой эле, калкты медициналык тейлөө ишин жакшыртуу жана мурда шаардын ар кайсы жеринде чачкын эмгектенип келген адистерди бир жерге топтоо максатында, ордо калаада Медициналык өзалдынча шаарча курулмакчы. Анткени, башкалардан айырмаланып, медицина тармагы – адамдын өмүрү жана анын ден-соолугу менен түздөн-түз байланышкан кесип. Бизде бир багыттагы адистер даярдала турган жана өлкө аймагында чачкын жайгашкан окуу жайлары арбын. Алар дагы бир шаарчага жайгаша турган учур деле алыс эмес чыгар.

Мына, жакында эле РФ Президенти Владимир Путин жана КР Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин (ЕБББМ) түзүү идеясы көтөрүлдү. Ага улай Бишкек шаарында “Евразия бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү жана ишке ашыруу: алгачкы кадам – Кыргызстан жана Россия” аттуу билим берүү сессиясы өттү. Эл аралык жаңы демилгенин алкагында бирдиктүү стратегиялык билим берүү айдыңынын келечеги, анын курамына кире турган мамлекеттер менен алаканы арттыруу боюнча кеңири сөз жүрдү. Мындай ири, өзөктүү, арымдуу жана кыйла келечектүү демилге дал ушу Россия менен Кыргыстандан башталууда.

Ал эми РФ Мамдумасынын депутаты Алена Аршинованын айтымында, эки тараптын макулдашуусу менен жумушчу топко өзү баштаган «Евразия» уюму жетекчилик кылган. “Жумушчу топтун алгачкы жыйындары өткөрүлүп, эки өлкөнүн билим берүү тутумдарын жандандыруу, окутуу стандарттарын жакындаштыруу, мугалимдерди эки тараптуу алмашуу жөрөлгөсүн калыптандыруу сындуу бир катар кечиктирилгис чаралар каралды. Өзгөчө эки элдин тарыхый жана маданий дөөлөттөрүн, руханий баалуулуктарын иликтөө жана агартуу тутумунун программасына киргизүү маселеси жумушчу топ тарабынан жапырт колдоого ээ болду”, — дейт ал.

Депутат евразиялык жаӊы демилгеге биринчи кезекте ЕАЭБ курамындагы бир катар мамлекеттер, андан соң Евразия аймагында жайгашкан өлкөлөр тартыларын тастыктады. Жакын арада өлкө аймагында 9 мектеп жана Кыргыз-орус славян университетинин жаңы имараты куруларын кошумчалады. Ушу тапта уюмдун аракети менен Орок айылында бардык шарттары бар сейил бак курулду, пенсионерлер үчүн атайын дүкөндөр ачылды. Айрыкча бала бакчалар менен мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылуу аракеттери жасалып, ага 920 кыргыз мектеби (кенже класста окуган окуучулардын дээрлик 86 пайызы) камтылган. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда мугалимдерди алмашуу жана аларды кайра даярдоо чаралары көрүлүүдө.

Белгилей кетсек, «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюму 2025-жылдын апрель айында катталган. Уюмдун кеңеш төрайымы – Мамдуманын депутаты жана коомдук ишмер Алёна Аршинова. Орус парламентиндеги түрк тилдүү Чувашиянын эң жигердүү өкүлдөрүнүн бири. Билим берүү тармагына байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси. Депутаттын көтөргөн демилгелеринин басымдуу бөлүгү РФ Президентинин колдоосуна ээ болуп келет. Депутат болгонго чейин Россиянын мектепке чейинки билим берүү тармагын 10 жылдан ашуун тескеген.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысына жалпысынан 78 млрд 794 млн сом жумшалганы белгилүү болду. Каржаттын басымдуу бөлүгү – 32 млрд 700 млн сом билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерге төлөнгөн. Муну кыйла акыйкат төлөм катары карасак болот. Асмандын түндүк танабында “Жетиген” топ жылдызы бар. анын четинде казыктай бекем кагылып, ордунан такыр жылбаган жылдыз Атын казык аталат. Бүткүл галлактика мына ошону айланат. Аны түндө алыска алгандардын жолчырагы десек да болот. Анысы кандай, Кыргызстанда туташ жана туруктуу кайра курумдар жүргүзүлүп жаткан чакта “Алтын Казык” мамлекеттик программасы улуттук билим берүү тармагына жолчырак болуп берине ишеним артып турабыз. 

Кемел Белек, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер